Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №72
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |
|
|
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 3-марты № 15) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2. 1-берененин 2-бөлүгүндө:
- "мамлекеттик башкаруунун органдары," деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары," деген сөздөр менен толукталсын;
- "илимий-билим берүү" деген сөздөрдөн кийин ", коммерциялык" деген сөз менен толукталсын;
- "мамлекеттик ишканалар," деген сөздөр алып салынсын.
3. 2-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо системасы - узак мөөнөттүү (10 жана андан көп жылга), орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана кыска мөөнөттүү (1 жылга чейин) мезгилге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы.
Мамлекеттик болжолдоо процесси иштеп чыгуу жана бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, оңдоп-түзөтүү, кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын контролдоо боюнча чаралар комплексин колдонуу аркылуу ишке ашырылат.
Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга, жарандардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана өлкөнү өнүктүрүү процессинин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин камтыйт.
Мамлекеттик болжолдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- он жана андан көп жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү болжолу, беш жылда бир жолу оңдоп түзөтүлөт;
- үч жылдан беш жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолу, жыл сайын оңдоп - түзөтүлөт;
- келерки жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү болжолу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү мезгилге болжолдоолорун (мындан ары - социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү болжолдоо) иштеп чыгуу тартибин аныктайт.";
- 3-бөлүктөгү "түзүмүн" деген сөз "саясатын" деген сөзгө алмашылсын;
- 4-бөлүктүн 2-сүйлөмү алып салынсын;
- 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-бөлүктүн экинчи абзацындагы "түзүмдөрдүн" жана "түзүмдүн" деген сөздөр "саясаттын" деген сөзгө алмашылсын;
- 7-бөлүктүн биринчи-үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 8-бөлүктөгү "бекитилет" деген сөздөн кийин "жана бюджеттин кирешесин үч жылдык мезгилге эсептөө үчүн негиз болуп саналат." деген сөздөр менен толукталсын.
4. 3-берененин 2-бөлүгүндө:
"илимий-билим берүүчү" деген сөздөрдөн кийин ", коммерциялык" деген сөз менен толукталсын;
"мамлекеттик ишканалар," деген сөздөр алып салынсын.
5. 4-берененин 2-бөлүгүндөгү "параметрлерин, максаттуу багыттарын жана" деген сөздөр алып салынсын.
6. 5-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"5-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык
өнүгүүсүн болжолдоону сунуштоо, караштыруу жана бекитүү тартиби
1. Болжолдогу үч жылдык мезгилден мурунку жылдын биринчи кварталында, бюджеттик каржылоо боюнча алдын ала контролдук цифраларды жана Кыргыз Республикасын республикалык жана жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк параметрлерин эске алуу менен тармактык министрликтер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош мэриялары тарабынан өнүгүүнүн орто мөөнөттүк стратегиялары/программалары, андан ары колдонуудагы бюджеттик мыйзамдардын алкагында бюджеттик каржылоо боюнча контролдук цифраларды тактоо жол-жоболору менен иштелип чыгат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы республикалык, тармактык жана региондук болжолдордун негизинде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк болжолунун алкагында келерки жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыкталган болжолун түзөт.
3. Жыйынтыкталган болжол белгиленген тартипте болжолдогу жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого жана бекитүүгө берилет.
4. Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын максаттарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ИДПга карата салыктык кирешелердин жалпы деңгээлин орто мөөнөттүк болжолдоону кошо алганда социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу келерки жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат.
5. Болжолдогу жылдан мурунку жылдын 1-сентябрына чейин белгиленген тартипте бекитилген жыйынтыкталган болжол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлөт.
6. Берилген материалдарды кароонун тартиби келерки жылга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалына ай сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылышат жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтык-статистикалык маалыматтарды жарыялашат."
7. 6-берене "органдарынын жетекчилери" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик катышуусу бар юридикалык жактар, коомдук, илимий жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жеке жактар" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында болжолдоо процессин өркүндөтүү жана натыйжалуу камсыз кылуу максатында даярдалган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону иштеп чыгуу процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 432 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартиби кирет, мында алар түзүлгөн кырдаалдарда мамлекеттин керектөөлөрүн толук көлөмдө канааттандыра албайт жана оперативдүү түрдө чече турган көйгөйлөр пайда болууда.
Бир кыйла даражада жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдүн себептери төмөнкүлөрдөн улам пайда болот:
- болжолдоолорду иштеп чыгууда мамлекеттик органдардын макулдашылбаган аракеттери;
- региондук деңгээлде иштелип чыккан болжолдор менен тармактык министрликтер жана ведомстволордун болжолдорунун макулдашылбагандыгы;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун берүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн мөөнөттөрүнүн тартипке келтирилбегендиги;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорунун мамлекеттик системасы жөнүндө терминологиянын жыйнакталып аныкталбагандыгы ж.б.
Болжолдоонун улуттук системасын түзүү боюнча пайда болгон көйгөйлөрдүн актуалдуулугуна байланыштуу Министрлик тарабынан "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 61 Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылган мамлекеттик болжолдорду иштеп чыгуунун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрү үчүн мөөнөттөрү, форматтары жана жол-жоболору боюнча мамлекеттик болжолдоонун процесстерин жөнгө салуучу документтердин пакети иштелип чыкты.
Жогоруда көрсөтүлгөн "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууда Кыргыз Республикасында болжолдоонун процесси системалаштырылат.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кароого киргизилет.
Министр |
Т.Сариев |
┌─┬─────────┬────────────────────────────┬────────────────────────────┐
│№│Пункттар-│ │ │
│ │га │ │ │
│ │берене- │ Колдонуудагы редакциясы │ Сунушталган редакция │
│ │лерге │ │ │
│ │шилтеме- │ │ │
│ │лер │ │ │
├─┼─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│1│Преамбу- │"Кыргыз Республикасынын │Преамбуланын 2-бөлүгү күчүн │
│ │ланын 2- │социалдык-экономикалык │жоготту деп табылсын │
│ │бөлүгү │өнүгүүсүнүн болжолдоолорун │ │
│ │ │жана социалдык-экономикалык │ │
│ │ │өнүгүүсүнүн программаларын │ │
│ │ │иштеп чыгуунун негизги │ │
│ │ │максаты туруктуу │ │
│ │ │экономикалык өсүүгө жетишүү,│ │
│ │ │экономикалык коопсуздукту │ │
│ │ │камсыз кылуу, Кыргыз │ │
│ │ │Республикасынын жарандарынын│ │
│ │ │жашоо деңгээлин жогорулатуу │ │
│ │ │болуп эсептелет." │ │
├─┼─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│2│1-берене-│"Кыргыз Республикасынын │"Кыргыз Республикасынын │
│ │нин │социалдык-экономикалык │социалдык-экономикалык │
│ │2-бөлүгү │өнүгүүсүнүн мамлекеттик │өнүгүүсүнүн мамлекеттик │
│ │ │болжолдоо - бул кыска │болжолдоо - бул кыска │
│ │ │мөөнөткө, орто мөөнөткө жана│мөөнөткө, орто мөөнөткө жана│
│ │ │узак мөөнөткө өлкөнү │узак мөөнөткө өлкөнү │
│ │ │социалдык-экономикалык │социалдык-экономикалык │
│ │ │өнүгүүсүнүн болжолдоолорун │өнүгүүсүнүн болжолдоолорун │
│ │ │уставдык капиталында │уставдык капиталында │
│ │ │мамлекеттин үлүшү 30 │мамлекеттин үлүшү 30 │
│ │ │пайыздан ашыгын түзгөн, │пайыздан ашыгын түзгөн, │
│ │ │мамлекеттик башкаруунун │мамлекеттик башкаруунун │
│ │ │органдары, илимий-билим │органдары, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ │
│ │ │берүү уюмдар менен │АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, │
│ │ │мекемелер, мамлекеттик │илимий-билим берүү, │
│ │ │ишканалар, чарбакер │КОММЕРЦИЯЛЫК уюмдар менен │
│ │ │субъекттер тарабынан иштеп │мекемелер, чарбакер │
│ │ │чыккан процесс" │субъекттер тарабынан иштеп │
│ │ │ │чыккан процесс." │
├─┼─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│3│2-берене-│"1. Кыргыз Республикасынын │"1. Кыргыз Республикасында │
│ │нин │социалдык-экономикалык │мамлекеттик болжолдоо │
│ │1-бөлүгү │өнүгүүсүнүн мамлекеттик │системасы - узак мөөнөттүү │
│ │ │болжолдоолорунун тутуму │(10 жана андан көп жылга), │
│ │ │төмөндөгүлөрдү камтыйт: │орто мөөнөттүү (3 жылдан │
│ │ │- Кыргыз Республикасынын │5 жылга чейин) жана кыска │
│ │ │социалдык-экономикалык │мөөнөттүү (1 жылга чейин) │
│ │ │өнүгүүсүнүн он жана андан │мезгилге өлкөнүн өнүгүүсүн │
│ │ │көп жылга узак мөөнөттүү │камсыз кылуучу │
│ │ │болжолдоосу; │принциптерден, │
│ │ │- Кыргыз Республикасынын │документтерден, │
│ │ │социалдык-экономикалык │процесстерден жана │
│ │ │өнүгүүсүнүн үч жылдан беш │мамлекеттик болжолдоонун │
│ │ │жылга чейин орто мөөнөттүү │катышуучуларынан турган өз │
│ │ │болжолдоосу; │ара байланышкан │
│ │ │- Кыргыз Республикасынын │элементтердин жыйындысы. │
│ │ │социалдык-экономикалык │Мамлекеттик болжолдоо │
│ │ │өнүгүүсүнүн келерки жылга │процесси иштеп чыгуу жана │
│ │ │кыска мөөнөттүү болжолдоосу.│бекитүү, ишке ашыруу, │
│ │ │Кыргыз Республикасынын │мониторинг жүргүзүү, баалоо,│
│ │ │Өкмөтү Кыргыз │оңдоп-түзөтүү, кабыл алынган│
│ │ │Республикасынын │ченемдик укуктук актылардын │
│ │ │социалдык-экономикалык │ишке ашырылышын контролдоо │
│ │ │өнүгүүсүнүн мамлекеттик узак│боюнча чаралар комплексин │
│ │ │мөөнөттүү, орто мөөнөттүү │колдонуу аркылуу ишке │
│ │ │жана кыска мөөнөттүү │ашырылат. │
│ │ │мезгилге болжолдоолорун │Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз│
│ │ │(мындан ары - │Республикасынын │
│ │ │социалдык-экономикалык │социалдык-экономикалык │
│ │ │өнүгүүнү болжолдоо) иштеп │өнүгүүсүнүн деңгээлин │
│ │ │чыгуу тартибин аныктайт." │жогорулатууга, жарандардын │
│ │ │ │жашоо турмушунун сапатын │
│ │ │ │жакшыртууга жана өлкөнүн │
│ │ │ │экономикалык коопсуздугун │
│ │ │ │камсыз кылууга багытталган │
│ │ │ │мамлекеттик бийлик │
│ │ │ │органдарынын жана өлкөнү │
│ │ │ │өнүктүрүү процессинин башка │
│ │ │ │катышуучуларынын │
│ │ │ │иш-аракеттерин камтыйт. │
│ │ │ │Мамлекеттик болжолдоо │
│ │ │ │төмөнкүлөрдү камтыйт: │
│ │ │ │- он жана андан көп жылга │
│ │ │ │Кыргыз Республикасынын │
│ │ │ │социалдык-экономикалык │
│ │ │ │өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү │
│ │ │ │болжолу, беш жылда бир жолу │
│ │ │ │оңдоп - түзөтүлөт; │
│ │ │ │- үч жылдан беш жылга Кыргыз│
│ │ │ │Республикасынын │
│ │ │ │социалдык-экономикалык │
│ │ │ │өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү │
│ │ │ │болжолу, жыл сайын оңдоп - │
│ │ │ │түзөтүлөт; │
│ │ │ │- келерки жылга Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын │
│ │ │ │социалдык-экономикалык │
│ │ │ │өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү │
│ │ │ │болжолу. │
│ │ │ │Кыргыз Республикасынын │
│ │ │ │Өкмөтү Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын │
│ │ │ │социалдык-экономикалык │
│ │ │ │өнүгүүсүнүн мамлекеттик узак│
│ │ │ │мөөнөттүү, орто мөөнөттүү │
│ │ │ │жана кыска мөөнөттүү │
│ │ │ │мезгилге болжолдоолорун │
│ │ │ │(мындан ары - │
│ │ │ │социалдык-экономикалык │
│ │ │ │өнүктүрүүнү болжолдоо) иштеп│
│ │ │ │чыгуу тартибин аныктайт." │
│ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│ │2-берене-│"3. Социалдык-экономикалык │"3. Социалдык-экономикалык │
│ │нин │өнүгүүнүн болжолдоолору │өнүгүүнүн болжолдоолору │
│ │3-бөлүгү │Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│ │ │демографиялык, │демографиялык, │
│ │ │интеллектуалдык абалын, │интеллектуалдык абалын, │
│ │ │илимий-техникалык │илимий-техникалык │
│ │ │күч-кубатын, топтолгон │күч-кубатын, топтолгон │
│ │ │улуттук байлыгын, социалдык │улуттук байлыгын, социалдык │
│ │ │түзүмүн, тышкы абалык, │САЯСАТЫН, тышкы абалык, │
│ │ │жаратылыш ресурстарынын │жаратылыш ресурстарынын │
│ │ │абалын жана көрсөтүлгөн │абалын жана көрсөтүлгөн │
│ │ │факторлордун өзгөрүүсүнүн │факторлордун өзгөрүүсүнүн │
│ │ │келечегин комплекстүү талдоо│келечегин комплекстүү талдоо│
│ │ │менен иштеп чыгарылат." │менен иштеп чыгарылат." │
│ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│ │2-берене-│"Экономиканын стратегиялык │4-бөлүктүн 2-сүйлөмү алып │
│ │нин │маанилүү секторлорунун │салынсын │
│ │4-бөлүк- │өнүгүү болжолдоолору өзүнчө │ │
│ │түн │иштелип чыгарылышы мүмкүн." │ │
│ │2-сүйлөмү│ │ │
│ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│ │2-берене-│"5. Социалдык-экономикалык │5-бөлүк күчүн жоготту деп │
│ │нин │өнүгүүнүн болжолдоолору │табылсын; │
│ │5-бөлүгү │демографиялык, экологиялык, │ │
│ │ │илимий-техникалык, тышкы │ │
│ │ │экономикалык, социалдык, │ │
│ │ │ошондой эле тармактык, │ │
│ │ │региондук жана иштин башка │ │
│ │ │айрым коомдук маанилүү │ │
│ │ │чөйрөлөрүн болжолдоолорго │ │
│ │ │негизделет." │ │
│ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│ │2-берене-│"Социалдык-экономикалык │"Социалдык-экономикалык │
│ │нин │өнүгүүнү болжолдоолор өзүнө │өнүгүүнү болжолдоолор өзүнө │
│ │6-бөлүк- │макроэкономикалык │макроэкономикалык │
│ │түн │кырдаалдын, экономикалык │кырдаалдын, экономикалык │
│ │экинчи │түзүмдөрдүн, │САЯСАТТЫН, │
│ │абзацы │илимий-техникалык өнүгүүнүн,│илимий-техникалык өнүгүүнүн,│
│ │ │тышкы экономикалык иштин, │тышкы экономикалык иштин, │
│ │ │ИДПнын өсүү жана керектөө │ИДПнын өсүү жана керектөө │
│ │ │динамикасынын, жашоо │динамикасынын, жашоо │
│ │ │деңгээлинин жана анын │деңгээлинин жана анын │
│ │ │сапатынын, экологиялык │сапатынын, экологиялык │
│ │ │кырдаалдын, социалдык │кырдаалдын, социалдык │
│ │ │түзүмдүн, ошондой эле билим │САЯСАТТЫН, ошондой эле билим│
│ │ │берүү, саламаттык сактоо │берүү, саламаттык сактоо │
│ │ │жана калкты социалдык жактан│жана калкты социалдык жактан│
│ │ │коргоону камсыз кылуу │коргоону камсыз кылуу │
│ │ │тутумдардын сандык │тутумдардын сандык │
│ │ │көрсөткүчтөрүн жана сапаттык│көрсөткүчтөрүн жана сапаттык│
│ │ │мүнөздөмөлөрүн камтыйт." │мүнөздөмөлөрүн камтыйт." │
│ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│ │2-берене-│"Кыргыз Республикасынын │7-бөлүктүн биринчи-үчүнчү │
│ │нин │социалдык-экономикалык │абзацтары күчүн жоготту │
│ │7-бөлүк- │өнүгүүсүнүн мамлекеттик │деп табылсын │
│ │түн │болжолдоолору кыска │ │
│ │биринчи │мөөнөттүү, орто мөөнөттүү │ │
│ │үчүнчү │жана узак мөөнөттүү │ │
│ │абзацта- │мезгилдерде жүзөгө ашырылышы│ │
│ │ры │мүмкүн. │ │
│ │ │Социалдык-экономикалык │ │
│ │ │өнүгүүнүн узак мөөнөткө │ │
│ │ │болжолдоолору он жана андан │ │
│ │ │көп жылга иштеп чыгарылат. │ │
│ │ │Беш жылда бир жолу оңдолот. │ │
│ │ │Социалдык-экономикалык │ │
│ │ │өнүгүүнүн орто мөөнөткө │ │
│ │ │болжолдоолору үч жылдан беш │ │
│ │ │жылга чейинки мезгилге иштеп│ │
│ │ │чыгарылат жана жыл сайын │ │
│ │ │оңдолот." │ │
│ ├─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│ │2-берене-│"8. Социалдык-экономикалык │"8. Социалдык-экономикалык │
│ │нин │өнүгүүнүн болжолдонгон │өнүгүүнүн болжолдонгон │
│ │7-бөлүгү │параметрлери Кыргыз │параметрлери Кыргыз │
│ │ │Республикасынын │Республикасынын │
│ │ │социалдык-экономикалык │социалдык-экономикалык │
│ │ │өнүгүүсүнүн жалпы │өнүгүүсүнүн жалпы │
│ │ │мамлекеттик болжолдуу │мамлекеттик болжолдуу │
│ │ │багыттары болуп эсептелет, │багыттары болуп эсептелет, │
│ │ │ал Кыргыз Республикасынын │ал Кыргыз Республикасынын │
│ │ │Өкмөтү тарабынан │Өкмөтү тарабынан │
│ │ │болжолдонуучу мезгилге │болжолдонуучу мезгилге │
│ │ │келерки жылдын 15-мартына │келерки жылдын 15-мартына │
│ │ │чейин бекитилет." │чейин бекитилет │
│ │ │ │ЖАНА БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕСИН ҮЧ │
│ │ │ │ЖЫЛДЫК МЕЗГИЛГЕ ЭСЕПТӨӨ ҮЧҮН│
│ │ │ │НЕГИЗ БОЛУП САНАЛАТ." │
├─┼─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│4│3-берене-│"2. Мамлекеттик │"2. Мамлекеттик │
│ │нин │болжолдоолордун │болжолдоолордун │
│ │2-бөлүгү │катышуучулары болуп аткаруу │катышуучулары болуп аткаруу │
│ │ │бийлигинин органдары, │бийлигинин органдары, │
│ │ │жергиликтүү өз алдынча │жергиликтүү өз алдынча │
│ │ │башкаруу органдары, │башкаруу органдары, │
│ │ │илимий-билим берүүчү уюмдар │илимий-билим берүүчү, │
│ │ │жана мекемелер, мамлекеттик │КОММЕРЦИЯЛЫК уюмдар │
│ │ │ишканалар, уставдык │жана мекемелер, мамлекеттик │
│ │ │капиталында мамлекеттин │ишканалар, уставдык │
│ │ │үлүшү 30% дан ашыгын түзгөн │капиталында мамлекеттин │
│ │ │чарбакер субъекттер │үлүшү 30% дан ашыгын түзгөн │
│ │ │эсептелет." │чарбакер субъекттер │
│ │ │ │эсептелет." │
├─┼─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│5│4-берене-│"Социалдык-экономикалык │"Социалдык-экономикалык │
│ │нин │өнүгүүнүн болжолдоолору │өнүгүүнүн болжолдоолору │
│ │2-бөлүгү │болжолдонуучу негизги │болжолдонуучу негизги │
│ │ │социалдык-экономикалык │социалдык-экономикалык │
│ │ │көрсөткүчтөрдү жана аларга │көрсөткүчтөрдү жана аларга │
│ │ │жетишүүнү камсыз кылуунун │жетишүүнү камсыз кылуунун │
│ │ │параметрлерин, максаттуу │чараларын камтышы керек." │
│ │ │багыттарын жана чараларын │ │
│ │ │камтышы керек." │ │
├─┼─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│6│5-берене │"5-берене. Кыргыз │"5-берене. Кыргыз │
│ │ │ Республикасынын │ Республикасынын │
│ │ │ социалдык- │ социалдык- │
│ │ │ экономикалык │ экономикалык │
│ │ │ өнүгүүсүн │ өнүгүүсүн │
│ │ │ болжолдоолорду │ болжолдоолорду │
│ │ │ берүүнүн, │ берүүнүн, │
│ │ │ кароонун жана │ кароонун жана │
│ │ │ бекитүүнүн │ бекитүүнүн │
│ │ │ тартиби │ тартиби │
│ │ │ │ │
│ │ │1. Ыйгарым укуктуу │1. Болжолдогу үч жылдык │
│ │ │мамлекеттик орган жалпы │мезгилден мурунку жылдын │
│ │ │республикалык, тармактык │биринчи кварталында, │
│ │ │жана региондук │бюджеттик каржылоо боюнча │
│ │ │болжолдоолордун негизинде │алдын ала контролдук │
│ │ │Кыргыз Республикасынын │цифраларды жана Кыргыз │
│ │ │социалдык-экономикалык │Республикасынын │
│ │ │өнүгүүсүнүн бириктирилген │республикалык жана │
│ │ │болжолдоо топтомун түзөт. │жергиликтүү деңгээлде │
│ │ │2. Болжолдоо топтому │социалдык-экономикалык │
│ │ │белгиленген тартипте Кыргыз │өнүктүрүүнүн бекитилген орто│
│ │ │Республикасынын Өкмөтүнүн │мөөнөттүк параметрлерин эске│
│ │ │бекитүүсүнө жиберилет. │алуу менен тармактык │
│ │ │Белгиленген тартипте │министрликтер, жергиликтүү │
│ │ │бекитилген болжолдоо топтому│мамлекеттик │
│ │ │болжолдонуучу мезгилге │администрациялар, Бишкек, Ош│
│ │ │келерки жылдын 1-апрелине │мэриялары тарабынан │
│ │ │чейин Өкмөт тарабынан │өнүгүүнүн орто мөөнөттүк │
│ │ │Жогорку Кеңешке жиберилет." │стратегиялары/программалары,│
│ │ │ │андан ары колдонуудагы │
│ │ │ │бюджеттик мыйзамдардын │
│ │ │ │алкагында бюджеттик каржылоо│
│ │ │ │боюнча контролдук цифраларды│
│ │ │ │тактоо жол-жоболору менен │
│ │ │ │иштелип чыгат. │
│ │ │ │2. Ыйгарым укуктуу │
│ │ │ │мамлекеттик орган жалпы │
│ │ │ │республикалык, тармактык │
│ │ │ │жана региондук болжолдордун │
│ │ │ │негизинде Кыргыз │
│ │ │ │Республикасын │
│ │ │ │социалдык-экономикалык │
│ │ │ │өнүктүрүүнүн бекитилген орто│
│ │ │ │мөөнөттүк болжолунун │
│ │ │ │алкагында келерки жылга │
│ │ │ │социалдык-экономикалык │
│ │ │ │өнүгүүнүн жыйынтыкталган │
│ │ │ │болжолун түзөт. │
│ │ │ │3. Жыйынтыкталган болжол │
│ │ │ │белгиленген тартипте │
│ │ │ │болжолдогу жылдан мурунку │
│ │ │ │жылдын 1-июнунан │
│ │ │ │кечиктирилбей Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын Өкмөтүнө │
│ │ │ │кароого жана бекитүүгө │
│ │ │ │берилет. │
│ │ │ │4. Кыргыз Республикасынын │
│ │ │ │фискалдык саясатынын │
│ │ │ │максаттарын жана Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын Өкмөтү │
│ │ │ │тарабынан бекитилген ИДПга │
│ │ │ │карата салыктык кирешелердин│
│ │ │ │жалпы деңгээлин орто │
│ │ │ │мөөнөттүк болжолдоону кошо │
│ │ │ │алганда │
│ │ │ │социалдык-экономикалык │
│ │ │ │өнүктүрүүнүн болжолу │
│ │ │ │келерки жылга Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын мамлекеттик │
│ │ │ │жана республикалык │
│ │ │ │бюджеттеринин кирешелери │
│ │ │ │боюнча болжолду даярдоо үчүн│
│ │ │ │негиз болуп саналат. │
│ │ │ │5. Болжолдогу жылдан мурунку│
│ │ │ │жылдын 1-сентябрына чейин │
│ │ │ │белгиленген тартипте │
│ │ │ │бекитилген жыйынтыкталган │
│ │ │ │болжол Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын Өкмөтү │
│ │ │ │тарабынан Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын Жогорку │
│ │ │ │Кеңешине жөнөтүлөт. │
│ │ │ │6. Берилген материалдарды │
│ │ │ │кароонун тартиби келерки │
│ │ │ │жылга республикалык │
│ │ │ │бюджеттин долбоорун │
│ │ │ │талкуулоо учурунда Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын Жогорку │
│ │ │ │Кеңеши тарабынан аныкталат. │
│ │ │ │7. Кыргыз Республикасынын │
│ │ │ │Өкмөтү, Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын Улуттук │
│ │ │ │банкы, Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын Улуттук │
│ │ │ │статистикалык комитети │
│ │ │ │Кыргыз Республикасынын │
│ │ │ │экономикасынын абалына ай │
│ │ │ │сайын мониторинг жүргүзүүнү │
│ │ │ │камсыз кылышат жана Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын │
│ │ │ │социалдык-экономикалык абалы│
│ │ │ │жөнүндө │
│ │ │ │маалыматтык-статистикалык │
│ │ │ │маалыматтарды жарыялашат." │
├─┼─────────┼────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│7│6-берене │"6-берене. Кыргыз │"6-берене. Кыргыз │
│ │ │ Республикасынын │ Республикасынын │
│ │ │ социалдык- │ социалдык- │
│ │ │ экономикалык │ экономикалык │
│ │ │ өнүгүүсүнүн │ өнүгүүсүнүн │
│ │ │ мамлекеттик │ мамлекеттик │
│ │ │ болжолдоолору │ болжолдоолору │
│ │ │ үчүн │ үчүн │
│ │ │ маалыматтарды так│ маалыматтарды так│
│ │ │ жана өз убагында │ жана өз убагында │
│ │ │ берүү үчүн │ берүү үчүн │
│ │ │ жоопкерчилик │ жоопкерчилик │
│ │ │ │ │
│ │ │Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│ │ │социалдык-экономикалык │социалдык-экономикалык │
│ │ │өнүгүүсүнүн мамлекеттик │өнүгүүсүнүн мамлекеттик │
│ │ │болжолдоолору үчүн маалымат │болжолдоолору үчүн маалымат │
│ │ │берген аткаруу бийлик │берген аткаруу бийлик │
│ │ │органдарынын жана │органдарынын жана │
│ │ │жергиликтүү өз алдынча │жергиликтүү өз алдынча │
│ │ │башкаруу органдарынын │башкаруу органдарынын │
│ │ │жетекчилери Кыргыз │жетекчилери МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ │Республикасынын мыйзамдарына│КАТЫШУУСУ БАР ЮРИДИКАЛЫК │
│ │ │ылайык маалыматты так жана │ЖАКТАР, КООМДУК, ИЛИМИЙ │
│ │ │аны өз убагында берүү үчүн │ЖАНА КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС │
│ │ │жоопкерчилик тартылышат." │УЮМДАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ, ЖЕКЕ │
│ │ │ │ЖАКТАР Кыргыз │
│ │ │ │Республикасынын мыйзамдарына│
│ │ │ │ылайык маалыматты так жана │
│ │ │ │аны өз убагында берүү үчүн │
│ │ │ │жоопкерчилик тартылышат." │
└─┴─────────┴────────────────────────────┴────────────────────────────┘