Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 28 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобо "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик кепилдиктер Программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында аныкталган жеңилдетилген категориядагы оорулууларды дары-дармек менен камсыздоого багытталган.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо калктын камсыздандырылган категориясын жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоого багытталган.
3. Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча (мындан ары - жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программалары) жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо төмөнкү принциптерге негизделген:
1) дары каражаттарын рецепт менен кое берүү;
2) рецепт боюнча бейтаптын дарыкана мекемелеринен алган дары каражатынын наркынын жарымын төлөөсү;
3) Кошумча программаны каржылоо милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилеген өлчөмдө баштапкы деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарын киши башына каржылоо ченеминин негизинде ишке ашырылат;
4) жеңилдетилген категориядагы оорулууларды каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жылына 1 оорулууга дары каражаттарынын бекитилген ченемине карата жүргүзүлөт.
4. Бул документ менен амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоочу субъекттердин ортосундагы өз ара карым-катнаш жөнгө салынат.
5. Амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларын ишке ашыруунун субъекттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган менен келишим түзүшүнө жараша рецепт берүүнү иш жүзүнө ашыруучу үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, анын ичинде облустук үй-бүлөлүк медициналык борборлору, жалпы дарыгерлер тажрыйбалык борборлору, Бишкек, Ош шаарларынын фельдшердик-акушердик пункттары жана психикалык ден-соолук борборлору (мындан ары - саламаттыкты сактоо уюмдары);
3) менчиктин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен фармацевтикалык тейлөө боюнча келишим түзүшкөн дарыкана мекемелери (мындан ары - дарыкана);
4) Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары;
5) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы тарабынан бекитилген оорулар менен ооруган учурда жеңилдетилген дары-дармек камсыздалууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программасын ишке ашырууга катышкан субъекттердин эриш-аркак иши келишим менен жөнгө салынат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы тарабынан бекитилген ооруусу боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарында диспансердик каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандары Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздалууга укуктуу.
7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Базасында турган жана саламаттыкты сактоо уюмдарында катталган калктын камсыздандырылган категориясы Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздалууга укуктуу.
8. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо дарыкана тармагы аркылуу рецепт боюнча кое берүү жолу менен ишке ашырылат.
9. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларынын алкагында сатылган дары каражаттарынын, жазып берилген рецепттердин эсебин алуу атайын иштелип чыккан маалымат-техникалык камсыздоо программасында жүргүзүлөт. Программалык камсыздоо саламаттыкты сактоо уюмдарында жана дарыканаларда коюлат, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан колдоого алынат.
2. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларын каржылоо
10. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларынын бюджети республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Каржылоо милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу ишке ашырылат.
12. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларын жүзөгө ашырууга пландаштырылган жана отчеттук жыл ичинде колдонулбаган республикалык бюджетти каражаттары кийинки отчеттук жылга өтпөйт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттары жөнүндө жобого ылайык кийинки жылга өтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларында каралган, үнөмдөлгөн каражатты облустар жана/же райондор арасында кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.
3. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программалары боюнча төлөнгөн дары каражаттары. Төлөнгөн баанын эсеби
14. Дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен (мындан ары - дары каражаттары) камсыздоо Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Амбулатордук деңгээлде мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча төлөнүүчү дары каражаттарынын маалымдамасында (мындан ары - ДК маалымдамасы) келтирилген дары каражаттарынын тизмесине ылайык ишке ашырылат. ДК маалымдамасы милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
15. ДК маалымдамасын түзүү үчүн дары каражаттарын тандап алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) дары каражаттарын колдонуудагы далилдүүлүккө негизделген саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетектөөчү жана тажрыйбадан өткөн адистеринин сунуштары;
2) артыкчылыкка ээ болгон, анын ичинде мониторинг жүргүзүлүүчү ооруларды аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин стратегиясы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын, вакциналардын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесинин негизинде түзүлөт;
4) дары каражаттарынын дарылоонун стандарттык схемасында болушу;
5) Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн дары каражаттары;
6) баа фактору;
7) соодалык/генерикалык дары каражаттарынын ата-мекендик рынокто болуусу.
Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирбеген жана амбулатордук деңгээлде потогенетикалык жана этиотроптук терапияда кеңири колдонулуучу генерикалык аталыштагы дары каражаттары бул тизмедеги дары каражаттарынын жалпы санынын 10% чейин ДК маалымдамасына кошумча киргизилиши мүмкүн.
16. Базистик баанын негизинде төлөмдүн баасы жана түзөтүүчү коэффициенттер Дары каражаттарынын базистик баасын эсептөөнүн методикасына ылайык эсептелет, ал методиканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
17. Эсептелген төлөө баасынын негизинде ДК маалымдамасы түзүлөт анда төмөнкүлөр жазылат:
1) эл аралык патенттелбеген аталыштагы (ЭПА) же генерикалык аталыштагы дары каражаттары;
2) дарылар формасы дозировкасы менен;
3) дары каражаттарынын коду;
4) дары каражаттарынын 1 бирдиги үчүн улуттук валютада төлөө баасы. Ошол эле учурда регионалдык коэффициенттин маанисине жараша төлөө баасы топтор боюнча топтолушу мүмкүн;
5) айрым категориядагы оорулуулар үчүн дары каражаттарынын айрым топторун максаттуу белгилөө.
4. Рецептуралык бланк
18. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программалары боюнча дары каражаттарын берүү дарыгердин рецепти боюнча катуу талаптын негизинде жүргүзүлөт. Рецептуралык бланктар формасы ММК - N 109 жана МКП N 109 отчеттуулугуна катуу талап коюлган, өзүн-өзү көчүрмөлөөчү 3 нускадан турган, сериясы жана 6 белгидеги номери бар документтер болуп эсептелет (ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемеси). Региондор боюнча рецепттердин сериясы милдетүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
19. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин буйругу менен рецептуралык бланктарды сактоо, берүү жана эсепке алуу үчүн атайын жоопкерчиликтүү адам дайындалат.
20. Рецептуралык бланктар, башкы бухгалтер жана жетекчинин колу бар, саламаттык сактоо уюмдарынын тегерек мөөрү басылган жана боолонгон, номерленген Рецептуралык бланктарды эсепке алуу журналында өзүнчө барактарда эске алынат.
21. Рецептуралык бланктар баштапкы деңгээлдеги медицина мекемелерин киши башына каржылоо ченеми боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарын каржылоого каралган каражаттардын эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан борборлоштурган тартипте тиражга чыгарылат.
22. Рецептуралык бланктарды тиражга чыгарууга сарпталган чыгымдар жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо каражаттарынын көлөмүнө кирбейт.
23. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлери милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу рецептуралык бланктар менен камсыздалат.
24. Рецепттерди бөлүштүрүүдө жоопкерчиликтүү адамдар катталган калктын санын жетекчиликке алууга тийиш жана рецептуралык бланктардын текши эмес бөлүштүрүлүшүнө жол бербеши керек.
5. Рецепттерди жазуу эрежелери
25. Дары каражаттарына МКП - N 109 (мындан ары - МКП рецепти) рецептинин формасы үй-бүлөлүк дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери тарабынан Мамлекеттик кепилдиктер программасында көрсөтүлгөн айрым оорулар менен ооруганда, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздалууга укугу бар жарандарга жазып берилет.
26. ММК - N 109 (мындан ары - ММК рецепти) рецептинин формасы саламаттыкты сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк дарыгерлери тарабынан камсыздандырылган жарандарга гана, алардын камсыздандыруу статусу текшерилгенден кийин жазып берилет.
29. МКП жана ММК рецепттери бланкта каралган бардык графаларды милдетүү түрдө ачык-айкын толтуруу менен берилет. Рецептте оңдоолорго, сүртүүгө жол берилбейт.
Рецепти жазууда ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы N 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Рецепт жазуу жана фармацевтикалык уюмдардан дары каражаттарын берүү тартибин жетекчиликке алуу керек.
28. Бир рецептте ДК маалымдамасынан бир дары каражатынын аталышы генерикалык аталышы менен латын тилинде, курстук дозасын көрсөтүү менен жазылат. Курстук доза - бул бир дарылоо курсуна керектүү болгон жана милиграммга (мг) же миллион Бирдиктин Таасирине (млн. БТ) которулган сан.
Дары каражатын соода аталышы менен белгилөөгө көрсөтмө болгондо, бул жөнүндө амбулатордук оорулуунун медициналык картасында негизделген жазуу жүргүзүлөт.
29. Берилген рецептин биринчи нускасы штамп менен жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын "Рецепттер үчүн" мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бардык үч нускасына дарыгердин колу коюлуп, анын жеке мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
30. Рецепттер одоно жазылып, дарыгер кемчиликтерди тапканда, медикаменттердин туура берилишине таасирин тийгизбеген учурда, саламаттыкты сактоо уюмунун операторуна берүү үчүн Берилген рецепттер боюнча каталарды оңдоо протоколу таризделет. Берилген рецепттер боюнча каталарды оңдоо протоколунун стандарттуу формасы ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн программалык камсыздоодо берилет.
Жараксыз рецепттер аларды берген, жоопкерчиликтүү адамдарга кайтарылып берилет. Рецептуралык бланктарды эсепке алуу журналында тиешелүү белги коюлат. Жараксыз рецепттер акт түзүү менен комиссиялык түрдө жок кылынат. Комиссия саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен дайындалат. Актты сактоо мөөнөтү 6 жыл.
31. Наркотикалык дары каражаттары атайын рецептуралык бланктарда Рецепт жазуу жана фармацевтикалык уюмдардан дары каражаттарын берүү эрежесине ылайык атайын рецептуралык бланктарда жазып берилет.
Бул рецептке кошумча МКП рецеби берилет.
32. Берилген рецепттерди эсепке алуу жана аларды кийин компьютерде иштеп чыгуу үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарында рецепттердин үчүнчү нускасы калтырылат. Рецепттин биринчи эки нускасы оорулуунун колуна берилет.
Рецепттин 3-нускасындагы маалыматтар отчеттук айдын аягына чейин саламаттыкты сактоо уюмдарында программалык камсыздоонун Маалымат базасына киргизилет.
Маалыматтарды компьютерде иштеп чыккандан кийин, үчүнчү нускасы саламаттыкты сактоо уюмдарынын бухгалтериясында сакталат. Рецепти сактоо мөөнөтү 3 жыл.
Рецептуралык бланктарды эсепке алуу жана сактоо үчүн жооптуу адам берилген рецепттерди контролдоо үчүн, компьютерде иштеп чыгууга берилген рецепттердин 3 нускасынын саны менен дарыгерлер тарабынан берилген рецепттердин санына ай сайын салыштыруу жүргүзөт.
33. Үчүнчү нускасы жоголгон учурда, оорулуунун амбулатордук картасын экспертизалагандан кийин, биринчи даанасынан саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн рецепттин дубликаты калыбына келтирилет.
34. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программалары боюнча дары каражаттарын белгилөө учурунда амбулатордук оорулуунун медициналык картасына, колдонулган рецептуралык бланктардын номери, дары каражаттарын белгилөө жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
35. Дарыгерлер рецептти берүүдө төмөнкү принциптерди жетекчиликке алышы керек:
1) рецепттерди берүү ай, квартал, жылга пландаштырылган каражаттын көлөмүнүн чегинде жүргүзүлөт;
2) рецепттерди берүү жана дары каражаттарын белгилөө медициналык көрсөткүчтөрү боюнча гана жүргүзүлөт;
3) накта төлөө суммасы бир жылга 1 оорулууга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча киши башына колдонулуп жаткан ченемдин 100 эсе өлчөмүнөн жогору болбошу керек. Мониторинг жасалуучу оор даражадагы жана оор формадагы оорулар менен ооруган өнөкөт оорулуулар үчүн төлөнүүчү сумма киши башына колдонулуп жаткан ченем боюнча 200 эсе өлчөмдөн жогору болбошу керек;
4) Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жазылып берилген дары каражаттарынын саны Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында 1 оорулууга бекитилген ченемдин чегинде болушу керек;
5) жазылып берилүүчү жаңы дары-дармектерди жазуу мурда жазылып берилген рецепттер боюнча дары-дармектердин санын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш;
6) мониторинг жүргүзүлүүчү оорулар менен ооругандар үчүн рецепт жазып берүү артыкчылыгы;
7) калктын камсыздандырылган категориясына рецепт берүү сөзсүз түрдө текшерилгенден кийин жана бейтаптын камсыздандырылган статусу такталгандан кийин ишке ашырылат.
36. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси, дарыгер дары каражаттарын белгилөөнүн негиздүүлүгүнө, рецепти жазуу эрежелерин бузгандыгы, оорулуулардын камсыздандырылбаган категориясына жана каттоодо турбаган калктын жеңилдик алууга укугу бар категориясына рецепт жазып бергендиги үчүн, ошондой эле программалык камсыздоонун маалымат базасына рецепттер боюнча маалыматты өз убагында киргизбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.
6. Дарыканаларга коюлуучу талаптар
37. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууну каалаган дарыканалар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзүшөт.
38. Дарыканалар менен келишим төмөнкү шарттарды сактаган учурда түзүлөт:
1) дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензиянын болушу;
2) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын аймагында контролго алынган наркотикалык жана психотроптук дары каражаттары менен иштөөгө уруксаттын болушу. Бул талап наркотикалык жана психотроптук дары каражаттарын сатууга укугу бар дарыканалар үчүн белгиленген;
4) бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү салык төлөмү боюнча карыздарынын жок болушу;
5) төмөнкү мүнөздөмөгө ээ болгон компьютердин болушу (ижарага алынышы мүмкүн):
- процессор - Pentium 166 Mhz жана андан жогору;
- ОЗУ-32 Mb жана андан жогору;
- HDDда 20 Mb бош жер;
- компьютер 16 bit түстө 800x600 кармап туруу керек;
- компьютерде Access 97 коюлган болушу керек;
6) азыркы иштеп жаткан фармацевтикалык тартипти сактоо;
7) ДК маалымдамасындагы дары каражаттарынын түрлөрүнүн бар болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Келишим түзүү үчүн дарыканалар арызга 38-пункттун 1), 2), 3) пунктчаларында саналган документтердин көчүрмөсүн тиркеп, бюджетке жана милдеттүү салык төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугун аныктаган маалымкат көрсөтүшү керек.
40. Келишим бир жылга түзүлөт. Тараптардын кандайдыр-бир билдирүүлөрү жок болгон учурда, бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна милдеттүү салык төлөмү боюнча карыздардын жоктугун тастыктоочу жаңыртылган маалымкатты көрсөтүү менен кийинки жылга узартылышы мүмкүн.
Милдеттүү медициналык камсыздоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан келишим түзүүдөн баш тартуу, дарыканалар арыз берген күндөн тартып 15 күндүн ичинде негизделиши жана жиберилиши керек.
7. Дары каражаттарын берүү эрежелери
41. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программалары боюнча дары каражаттарын берүүнү калкты дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча типтүү келишим түзүшкөн дарыканалар жүргүзөт.
42. Дары каражаттарын берүү кайсыл аймакка таандык экендигине ылайык үй-бүлөлүк дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери тарабынан жазып берилген ММК жана МКП рецепттери боюнча жүргүзүлөт.
Башка облустун рецепттери боюнча дары каражаттарын берүү милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы тиешелүү ыйгарым укуктуу орган менен дарыкананын келишими болгондо гана мүмкүн болот.
43. Дарыкананын фармацевти дары каражаттарын берүүдө Дарыкана мекемелеринен дары каражаттарын берүү эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
44. Дары каражаттарын берүүдө фармацевт дарыгер толтурган рецепттин реквизиттерин текшерет жана фармацевт толтура турган калган милдеттүү реквизиттерди толтурат.
45. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программалары боюнча ДК маалымдамасында келтирилген гана дары каражаттары кое берилет.
46. Эгерде дарыгер дары каражаттарынын генерикалык аталышын жазып берсе жана алардын генерикалык коду көрсөтүлсө, фармацевт дарыканадагы болгон генерикалык алмаштырууга боло турган варианттары жөнүндө бааларын көрсөтүп маалымат берүүгө милдеттүү. Мындай учурда бейтаптын каалоосун эске алып, генерикалык аталышынын кодунун чегинде ар кыл дары каражаттары кое берилиши мүмкүн.
47. Эгерде дары каражаттарынын соодалык аталышы жазып берилсе, ошол жазып берилген дары каражаттары гана кое берилет жана генерикалык алмаштырууга тыюу салынат.
48. Рецептте көрсөтүлгөн дары каражатынын курстук дозасын эске алып жана дарыканада болгон дары каражаттарына жараша фармацевт дары каражатын берүү үчүн дары каражатынын бирдигинин санын жана бейтап төлөй турган сумманы эсептейт.
Бейтап төлөй турган сумма - бул дарыканадагы дары каражатынын чекене баасы менен ДК Маалымдамасында келтирилген кайтарып берүү суммасынын ортосундагы айырмачылык.
49. Дары каражатын бергенде фармацевт рецептте дары каражаттарынын аталышын, дозаны, берилген бирдиктер санын, дары каражатынын чекене баасын, кайтарып бериле турган сумманы жана бейтап төлөгөн сумманы көрсөтөт. Дары каражаттарын бергенде жана рецепттин милдеттүү жерлерин толтурганда, фармацевт бейтаптан рецептке кол коюшун талап кылат.
Кайтарып берүү суммасы чекене наркынан ашып кетсе да, рецептте дары каражатынын накта наркы көрсөтүлөт.
Дары каражатынын коюлган наркы витринада коюлган препараттын бааларына шайкеш келиши керек. Рецептте жана витринада коюлган баада дары каражатынын наркы ар кандай болгону аныкталса, дарыкананын жетекчиси келишимде белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
50. Рецепттин биринчи наркынын тышкы жагында дары каражаты кое берилген дарыкананын номери, аталышы, ошондой эле бейтаптын айтуусу боюнча анын телефону көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
51. ММК жана МКП рецепттери боюнча бейтапка эмес, рецепт жазган медицина кызматкерлерине дары каражатын берүүгө тыюу салынат.
52. Дары каражаттары кое берилгенден кийин рецепттер дарыканада калат. Бейтапка дары менен кошо сигнатура берилиши мүмкүн, анда дары каражатынын аталышы жана дарыны кабыл алуу эрежелери көрсөтүлөт.
53. Рецепттин иштөө мөөнөтү жазып бергенден тартып 30 календардык күн, буга психотроптук жана наркотикалык дары каражаты кирбейт, булардын иштөө мөөнөтү Дарыкана мекемелеринен дары каражаттарды кое берүү эрежелери менен белгиленет.
54. Рецепттерди сактоо мөөнөтү - 3 жыл. Рецепттерди сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин алар жетекчинин буйругу менен дайындалган атайын комиссия тарабынан жок кылынат жана жок кылуу акты түзүлөт. Жок кылуу актын сактоо мөөнөтү 6 жыл.
55. Дары каражаттарын бергенде рецепттердеги маалыматтар отчеттук ай аяктаганга чейин, бирок отчеттук жылдын аягынан кечиктирилбестен дарыканадагы программалык камсыздоонун маалымат базасына киргизилиши керек. Отчеттук жыл аяктагандан кийин киргизилген рецепттерге төлөнбөйт, буга отчеттук жылдын акыркы айында жазып берилген жана берилген рецепттер кирбейт, алар төлөнүүгө кийинки жылдын биринчи айында кабыл алынат.
8. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программалары боюнча берилген дары каражаттары үчүн дарыканаларга акчасын кайтарып берүү
56. Берилген дары каражаттары үчүн дарыканага каражаттарды накта кайтарып берүү ай сайын көрсөтүлгөн отчетторго жана жүргүзүлгөн өз ара эсептешүү актыларына ылайык жүргүзүлөт.
57. Рецепттин маалыматтарын иштеп чыгуу жана отчетторду чыгаруу ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн программалык камсыздоодо жүргүзүлөт.
58. Дары каражаттарынын наркын кайтарып берүү ДК маалымдамасындагы дары каражатынын бирдигинин саны үчүн кайтарып берүү баасынын аныкталган өлчөмүнө ылайык, жазып берилген курстук дозага шайкеш жүргүзүлөт. Мында төлөп берилген сумма дары каражатынын чекене наркы менен бейтап төлөгөн сумманын айырмасынан ашпоого тийиш.
59. Курстук дозадан ашык берилген дары каражаттары кайтарылып берилбейт. Жазып берилген курстук дозадан азыраак берилген дары каражаттары кайтарып берүү баасы боюнча берилген бирдиктердин накта санына төлөнөт.
60. Төмөнкүдөй учурларда рецепттер төлөөгө алынбайт жана кайтарып берилбейт:
1) оңдоолор, сүртүүлөр болсо;
2) колдонуу мөөнөтү аяктаган болсо;
3) берилген дары-дармек дарыгер жазган дары каражатына шайкеш келбесе;
4) программалык камсыздоонун маалымат базасына отчеттук жыл аяктагандан кийин киргизилсе;
5) бейтаптардын камсыздандырылбаган категориясына жазып берилген болсо.
61. Мыйзам бузулуулар менен толтурулган рецепттер, анын ичинде рецепттерди пландуу жана максаттуу текшерүүнүн жүрүшүндө дары каражаты берилгенден кийин аныкталган дары каражаттарын берүүдөгү фальсификациялар дарыканага көрсөтүлөт. Мындай рецепттер боюнча кайтарым суммасы өз ара эсептешүү жолу менен алынат.
62. Рецепттер боюнча чыр-чатактуу жагдайлар жазуу жүзүндө түшкөн арыздардын негизинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралат.
Комиссиянын негизги милдети болуп, сатылган дары каражаттары үчүн төлөмдөр менен байланышкан суроолорду тез арада чечүү болуп саналат. Мындан тышкары комиссия рецепттер боюнча төлөмдөр менен байланышкан чыр-чатактарды, доолорду карайт, ошондой эле сериялык номерлери кайталанган рецепттер пайда болгондо, рецепттерге ички ведомстволук сериялык номерлерди ыйгарат жана бул тууралуу дарыканаларга жана саламаттыкты сактоо уюмдарына билдирет.
63. Комиссия 3 адамдан кем эмес курамда түзүлөт. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
Комиссиянын протоколу программалык камсыздоонун маалымат базасына өзгөртүү киргизүү үчүн жана кошумча түзүлгөн отчеттор боюнча сатылган дары каражаттарын төлөп берүү үчүн негиз болуп эсептелет. Отчетто рецепт комиссиянын чечими боюнча төлөнгөн деп чагылдырылат.
64. Комиссияда рецепттер төмөнкү учурларда каралбайт:
1) "ДК наркынын суммасы", "кайтарып берүү суммасы", "бейтап төлөгөн сумма", "ДК коду", "рецепт жазып берген күнү", "курстук доза" деген рецепттин реквизиттеринде оңдоолор болгондо;
2) рецепттин колдонуу мөөнөтү аяктаган болсо;
3) рецептте оңдоолор, сүртүүлөр болсо.
65. Рецепттерди карап чыгуу боюнча арыздар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан отчеттор түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде кабыл алынат.
66. Рецепттер боюнча сатылган дары каражаттары үчүн кайтарып берүү суммасы ушул Жобонун 60-пунктунун 4), 5) пунктчаларында көрсөтүлгөн себептер боюнча төлөмдөргө кабыл алынбаса, комиссиянын чечими боюнча саламаттыкты сактоо уюмунун каражатынын эсебинен дарыканага кайтарып берилиши мүмкүн.
9. Отчеттуулук
67. Отчеттук мезгил аяктагандан кийин дарыканалар жана саламаттыкты сактоо уюмдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга программалык камсыздоодо түзүлгөн отчетторду көрсөтүшөт.
Отчет көрсөтүү мөөнөтү түзүлгөн келишимде көрсөтүлөт.
68. Саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан ай сайын көрсөтүлө турган отчеттор төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлери жазып берген, кагазга басып чыгарылган жана электрондук форматтагы рецепттердин реестри. Реестрге уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коет;
2) жазып берилген рецепттер боюнча оңдолгон каталардын протоколун;
3) отчеттук мезгилдин аягына рецептуралык бланктардын калдыктары жөнүндө маалыматтарды.
69. Дарыкана тарабынан ай сайын көрсөтүлүүчү отчет: жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программалары боюнча дарыкана тарабынан берилген жана дарыкананын жетекчиси жана башкы бухгалтери кол койгон рецепттердин реестри. Отчет менен бирге рецепттердин биринчи нускалары жана отчеттун электрондук түрлөрү берилет.
70. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда рецепттер, отчеттор, отчеттордун электрондук түрлөрүнүн жыйындысы текшерилгенден кийин ай сайын жыйынтыктоочу отчеттор түзүлөт, алар саламаттыкты сактоо уюмдарын жана дарыканаларды каржылоо үчүн негиз болуп берет.
Иштелип чыккан отчеттук формалар программалык камсыздоого салынат жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Түзүлгөн жыйынтыктоочу отчеттор маалыматтарды иштеп чыккандан кийин электрондук форматта бардык киргизилген рецепттерге түшүндүрмө берүү менен, төлөмгө кабыл алынган жана төлөмгө кабыл алынбагандары себептери көрсөтүлүп, дарыканага жана саламаттыкты сактоо уюмдарына берилет.
10. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программаларын ишке ашырууну контролдоо
71. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программаларын ишке ашырууну контролдоону милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
72. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери рецепт жазып берүүнүн негиздүүлүгү, рецепттер боюнча дары каражаттарын берүү жана рецепттерди тариздөө эрежелери, фармацевттик тартипти сактоо жана рецепттерди жазып берүү жана дары каражаттарын берүү тартибине байланыштуу башка суроолор боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарын жана дарыканаларды дайыма контролго алууну камсыз кылат.
1-тиркеме
N ММК-109 формасындагы рецептуралык бланк
ММК Рецепти. АА N 000000 сериясы Мекеменин аталышы (штамп)
__________________________________
Дарыгердин аты-жїнў ______________ М.О.________________________ Дарыгердин колу, мїїрў
ССУ коду Жазуу кўнў "__" ________ 20__-ж. └─┴─┴─┴─┘ Жеке номуру, паспортундагы, ЎДТ коду пенсиялык жана туулгандыгы └─┴─┴─┴─┘ тууралуу кўбїлўктїрўндїгў Дарыгердин коду маалыматтар └─┴─┴─┴─┘ (керектўўсўнўн алды чийилет) ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘
Бейтаптын категориясы МКБ-Х коду ──── └─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘, └─┘ __________________________________________________________________ Аты-жїнў _________________________ ________________ ____________________ Туулган кўнў Жынысы __________________________________________________________________ Ўй дареги Rp: __________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Курс дозасы Лекформа Дары └─┴─┴─┴─┴─┘ коду └─┘ каражатынын └─┴─┴─┘, └─┴─┘ (мг, млн.БТ) коду └─┴─┴─┘
Берилген ДК аталышы, Берилген ДК коду - дозасы └─┴─┴─┘, └─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ Бирдик саны ____________________ └─┴─┴─┘
┌──────────────────────┬────────────────────────┬─────────────────────┐ │ Наркы (сом, тн) │ Тїлїп берўў суммасы │ Бейтаптын тїлїмў │ │ │ (сом, тн) │ (сом. тн) │ ├──────────────────────┼────────────────────────┼─────────────────────┤ │ │ │ │ └──────────────────────┴────────────────────────┴─────────────────────┘ Рецепт 5, 10, 30 кўнгї чейин жарактуу.
Фармацевттин колу ____________ Берўў кўнў "__" _________ 20__-ж. Алды: ____________________________________________________________ (аты-жїнў, колу) |
Рецептуралык бланк өзүн-өзү көчүргөн 3 нускадан, 3 түстөн турат: биринчиси - ак түстө, экинчиси - көк жана үчүнчүсү - жашыл түстө. Ар бир регион боюнча өзүнчө сериясы жана 6 маанидеги номери бар.
Рецептуралык бланктын өлчөмү 105 мм х 145 мм.
Рецептуралык бланктын 3-нускасынын тышкы жагында рецептти тариздөөгө дарыгер үчүн эстеткич келтирилет. Эстеткичтин кыскача тексти бланкты ар бир тиражына чыгарганда алмаштырылып турушу мүмкүн жана теманын актуалдуулугуна жараша жана бланкта жайгаштыруу үчүн жетиштүү көлөмдө болот.
2-тиркеме
N МКП-109 формасындагы рецептуралык бланк
ММК Рецепти. АА N 000000 сериясы Мекеменин аталышы (штамп)
__________________________________
Дарыгердин аты-жїнў _________________ М.О. ______________________ Дарыгердин колу, мїїрў
ССУ коду Жазуу кўнў "__" ________ 20__-ж. └─┴─┴─┴─┘ Жеке номуру, паспортундагы, ЎДТ коду пенсиялык жана туулгандыгы └─┴─┴─┴─┘ тууралуу кўбїлўктїрўндїгў Дарыгердин маалыматтар коду └─┴─┴─┴─┘ (керектўўсўнўн алды чийилет) ┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘
Бейтаптын Жеєилдик МКБ-Х категориясы ───── └─┴─┴─┘ алуу коду └─┴─┴─┘ коду └─┴─┴─┘, └─┘
__________________________________________________________________ Аты-жїнў ______________________________ _____________ _________________ Туулган кўнў Жынысы __________________________________________________________________ Ўй дареги Rp: __________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Курс дозасы Лекформа Дары └─┴─┴─┴─┴─┘ коду └─┘ каражатынын └─┴─┴─┘, └─┴─┘ (мг, млн.БТ) коду └─┴─┴─┘
Берилген ДК аталышы, Берилген ДК коду - дозасы └─┴─┴─┘, └─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┘ Бирдик саны ____________________ └─┴─┴─┘
┌─────────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────┐ │ Наркы (сом, тн) │ Тїлїп берўў суммасы │ Бейтаптын тїлїмў │ │ │ (сом, тн) │ (сом, тн) │ ├─────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────────────┤ │ │ │ │ └─────────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────┘ Рецепт 5, 10, 30 кўнгї чейин жарактуу.
Фармацевттин колу ___________ Берўў кўнў "__" _________ 20___-ж. Алды: ____________________________________________________________ (аты-жїнў, колу) |
Рецептуралык бланк өзүн-өзү көчүрмөлөгөн 3 нускада, сары түстөн турат. Ар бир регион боюнча өзүнчө сериясы жана 6 маанидеги номери бар болот.
Рецептуралык бланктын өлчөмү 105 мм(*) х 145 мм.
Рецептуралык бланктын 3-нускасынын тышкы жагында дарыгер үчүн эстеткич келтирилет. Эстеткичтин тексти бланкты ар бир тиражын чыгарганда алмаштырылып турушу мүмкүн жана теманын актуалдуулугуна жараша, бланкта жайгаштыруу үчүн жетиштүү көлөмдө болот.