Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-апрели № 263
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдарынын өзгөртүп түзүлгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо:
8-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
Жобонун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| "Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн региондук мониторинг жана өнүктүрүү секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тармактык экономиканы каржылоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо имститутунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын геодезиялык көзөмөлдөө жана техникалык контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгына караштуу оперативдүү башкармалыктын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология жана маалыматтык ресурстар башкармалыгынын начальниги.".