Загрузка документа…
4-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 токтому менен бекитилген
|
Эксперттик кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлу № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) эксперттик кеңештеринин түзүлүү жана ишин уюштуруу тартибин белгилейт, милдеттерин жана функцияларын аныктайт.
2. Эксперттик кеңеш - жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоого байланыштуу маселелерди кароо үчүн түзүлүүчү илимий-коомдук эксперттик орган. Эксперттик кеңеш диссертациялык кеңештерде корголгон диссертацияларды экспертизалайт, Комиссиянын президиумуна окумуштуулук даражаларды берүү маселеси боюнча корутундуларды жана сунуштарды даярдайт, окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн аттестациядык делолорун, ошондой эле диссертациялык кеңештерди түзүүнүн жана алардын ишин, мамлекеттик аттестациялоо системасынын иш аракеттеринин дагы башка маселелерин карайт.
3. Эксперттик кеңештер илимдин, техниканын, билим берүүнүн жана маданияттын тийиштүү жаатындагы жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди аттестациялоо системасынын иштеринин негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү адистерден - жетектөөчү окумуштуулардын ичинен илимдин тармактары боюнча түзүлөт.
4. Эксперттик кеңештер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобону, Окумуштуулук даражаларды берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону, Окумуштуулук наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону, Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобону, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жооп берет.
5. Эксперттик кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- корголгон диссертациялардын илимий экспертизасы жана профессордун, доценттин, улук илимий кызматкерлердин окумуштуулук наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч каттарды кароо;
- окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөргө бирдей талаптарды камсыз кылуу;
- жогорку окуу жайларда жана илимий уюмдарда диссертациялык кеңештерди түзүү боюнча материалдарды экспертизалоо;
- жыйындардын мониторингин өткөрүү жана диссертациялык кеңештердин документтерин текшерүү, коргоонун видеоматериалдарын карап чыгуу менен диссертациялык кеңештердин, ошондой эле окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын ыйгарууга тиешеси бар иштерин контролдоо;
- диссертациялык иштердин жыйынтыктарын анализдөө жана алардын илимий-техникалык жана социалдык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарына туура келишине баа берүү;
- илимдин, техниканын, билим берүүнүн жана маданияттын өнүгүү келечегин жана тенденциясын эске алуу менен жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасын өркүндөтүүгө катышуу;
- корголгон иштердин тематикасын анализдөө жана ар бир жылдык отчетун тиркөө менен бирге, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана илимий-техниканын артыкчылыктуу багыттарына диссертациялык иштердин тематикасынын дал келишин баалоо жана анализдөө;
- Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмдөрү менен бирге адистиктердин паспортун иштеп чыгуу жана экспертизалоого катышуу;
- Кыргыз Республикасынын илимий кызматкерлеринин адистиктеринин номенклатураларын, ошондой эле Кыргыз Республикасында ыйгарылып жаткан окумуштуулук наамдардын адистиктеринин тизмесин, диссертациялык кеңеш, аспирантуранын жана докторантуранын иштерин өркүндөтүү боюнча Комиссияга ар жылкы сунуштарды иштеп чыгуу;
- диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын жарыялоо үчүн сунуш кылынган илимий жана илимий-техникалык мезгилдүү басылмаларын колдонулуп келген тизмесине басылмаларды киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле бул басылмалардын Рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалар жана журналдар жөнүндө жобонун (Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумун 2008-жылдын 4-декабрындагы N 182 токтому менен бекитилген) талаптарына жооп бере тургандыгына жыл сайын инспекция жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эксперттик кеңеш төмөндөгү функцияларды аткарат:
- диссертациялык жана окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечимдерин кароо, илимдин докторунун жана кандидатынын окумуштуулук даражасын берүү, профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча Комиссиянын президиумуна сунуштарды даярдоо;
- диссертациялык кеңештердин тармагын түзүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- диссертациялык кеңештердин курамын түзүү, бекитүү жана ага айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү, бир жолку коргоолорду өткөрүү боюнча материалдарды кароо жана алардын Диссертациялык кеңештер жөнүндө жобонун 15-17-пункттарында белгиленген талаптарга туура келерлиги жөнүндө корутунду даярдоо;
- диссертациялык кеңештердин чечимине апелляциялар боюнча корутунду даярдоо;
- окумуштуулук даражалардан жана окумуштуулук наамдардан ажыратуу же калыбына келтирүү маселелери боюнча корутунду даярдоо;
- диссертацияларда камтылган негизги илимий жыйынтыктарды жарыялоо үчүн ири илимий журналдардын жана басылмалардын тизмесин аныктоо боюнча Комиссияга сунуш даярдоо;
- корголгон диссертациялардын жана окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн аттестациялык делосун илимий экспертизадан өткөрүү жана диссертациянын Окумуштуулук даражаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун талаптарына, көрсөтүлгөн адистикке туура келерлигин, диссертациянын темасынын актуалдуулугун, анын илимдин жана техниканын өнүгүшүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык келерлигин илимдин жаңылыгын, алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгү жана негиздүүлүгүн, алардын практикалык, экономикалык жана социалдык маанилүүлүгүн кароо;
- диссертациялык кеңеш тарабынан берилген диссертация боюнча корутундулардын негиздүүлүгүнө баа берүү жана зарыл учурда, эгер диссертациялык кеңештин корутундусу жетишээрлик аргументтештирилбесе ошол корутундуларды толуктап иштеп чыгуу үчүн диссертациялык кеңешке кайтаруу жөнүндө Комиссияга сунуш киргизүү;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону өркүндөтүү боюнча сунуштарды, илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасын, ошондой эле илимий адистиктердин паспортторун жана кандидаттык экзамендердин программаларын даярдоо боюнча сунуштарды кароого катышуу;
- Кыргыз Республикасынын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга муктаж экендигинин болжолун иштеп чыгууга катышуу жана жыл сайын Комиссияга тиешелүү отчет берүү;
- жарандардын сунуштарын, арыздарын, даттанууларын кароого катышуу;
- Комиссиянын президиумунун жана жетекчилигинин тапшырмасы боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо менен байланышкан башка маселелерди кароо;
- илимдин докторунун же кандидатынын дипломун нострификациялоо жөнүндө уюмдардын өтүнүч каттарын жана жеке арыздарды кароо жана ушул маселе боюнча Комиссиянын президиумуна сунуш даярдоо;
- диссертацияларды коргоонун жол-жобосуна коюлган талаптардын жана кандидаттык экзамендерди өткөрүүнүн эрежелеринин аткарылышын текшерүү, Комиссиянын жетекчилигине алардын ишин текшерүү боюнча комиссияга киргизүү үчүн талапкерлерди сунуштоо;
- иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин Комиссияга иши жөнүндө корутунду отчет тапшыруу.
7. Эксперттик кеңештерге төмөнкү укуктар берилет:
- диссертациянын экспертизасы үчүн керектүү кошумча материалдарды Комиссия аркылуу диссертация аткарылган, алдын ала экспертизасы жүргүзүлгөн же анын жыйынтыктары жайылтылган мекемелерден, ошондой эле диссертациялык кеңештерден жана изденүүчүдөн суратып алуу. Зарыл учурда диссертациялык кеңештерге тиешелүү деңгээлде аргументтелбеген чечимдерди кайрадан карап чыгуусу үчүн Комиссияга сунуштарды берүүгө;
- өзүнүн жыйынына изденүүчүлөрдү, диссертациялардын коргоолору же алардын жамааттык рецензиядан өткөргөн диссертациялык кеңештердин жетекчилерин, расмий оппоненттерди, илимий жетекчилерди жана илимий кеңешчилерди, жетектөөнү мекеменин өкүлдөрүн, ошондой эле жыйындын күн тартибиндеги маселелерин кароо үчүн катышуусу зарыл болгон башка адамдарды чакырууга;
- Комиссиянын жетекчилигинин чечими боюнча эксперттик кеңештин жыйындарына катышуу үчүн, эгерде анын курамында каралып жаткан диссертациянын профили боюнча адис жок болсо, же эксперттик кеңештин мүчөлөрү ушул Жобонун 26-30-пункттарына ылайык экспертиза өткөрүүгө укугу жок учурда, же кошумча экспертиза өткөрүү талап кылынган учурда эксперттик кеңештин курамына кирбеген кошумча эксперттерди чечүүчү добуш берүү укугу менен чакырууга;
- илимдин чектеш тармактары боюнча аткарылган иштерди кароодо башка эксперттик кеңештер менен биргеликте жыйын өткөрүүгө;
- зарыл учурларда диссертацияларды республиканын профилдүү диссертациялык кеңештерине же башка мамлекеттердин адистерине кошумча корутунду алуу үчүн жиберүү боюнча Комиссияга сунуштарды жиберүүгө;
- өзүнүн жыйындарында диссертациялык кеңештердин төрагаларынын отчетторун угууга, диссертациялык кеңештердин мындан ары иштеп турушунун талапка ылайыктуулугу жөнүндө Комиссиянын президиумуна сунуштарды даярдоого;
- зарыл болгон учурда диссертациялык жана окумуштуулар (илимий-техникалык кеңештеринин жыйындарына катышуу үчүн эксперттик кеңештердин мүчөлөрүнүн ичинен өзүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө;
- Комиссиянын аттестациялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен бирдикте диссертациялык кеңештин жыйындарына катышуу, аткарылган иштер жөнүндө диссертациялык кеңештин төрагаларынын докладдарын угуу жана отчетторун анализге алуу менен диссертациялык кеңештердин иштерин текшерүүгө катышууга;
- (10-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайрадан аттестациядан өткөргөн учурда зарылдык болсо башка өлкөлөрдөн берилген окумуштуулук даражалары бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын диссертацияларын республиканын тийиштүү диссертациялык кеңештерине кошумча корутундуга жиберүүнү Комиссияга сунуштайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Эксперттик кеңештер Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Илимий кызматкерлеринин адистигинин номенклатурасына ылайык, жогорку квалификациялуу илимий кадрлар даярдалып жаткан илимдин тармактары же илимдин тиешелүү тармактарындагы адистиктеринин топтору боюнча түзүлөт.
9. Эксперттик кеңеш "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү жергиликтүү жана чет өлкөлүк илимий мезгилдүү басылмаларда акыркы 5 жыл ичинде жарыяланган макалалары бар жогорку окуу жайлардын, илимий мекемелердин сунуштарын эске алуу менен илимдин белгилүү тармагынын көрүнүктүү окумуштууларынын ичинен түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Эксперттик кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө институттарынын жана жогорку окуу жайларынын, тиешелүү министрликтер жана ведомстволордун сунуштарын эске алуу менен Комиссиянын аттестациялык бөлүмдөрүнүн сунушунун негизинде түзүлөт, сунушта илимдин тиешелүү тармагындагы конкреттүү адистик боюнча адистерди эксперттик кеңешке киргизүү зарылчылыгы негизделип берилиши керек.
11. Эксперттик кеңештин курамына киргизилип жаткан адистердин бул кеңештин адистиктерине жана илимдин тармагына туура келерлиги алардын окумуштуулук даражасы жөнүндө диплому, диссертациясынын авторефераты жана илимий макалалары менен тастыкталышы керек. Эксперттик кеңештин курамына киргизилген адис адистин паспортун толтурат (ушул Жобонун 1-тиркемеси).
12. Эксперттик кеңешти түзүү, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, жеке курамы, диссертациялардын жана изденүүчүлөрдүн аттестациялык делолорунун экспертизасын жүргүзүүгө укуктуу адистиктердин тизмеси жөнүндө чечим Комиссиянын жетекчилиги тарабынан кабыл алынат.
13. Эксперттик кеңештин саны, алардын жекече курамы 2 жылда 1 жолу кеңештин курамын жаңыртуу менен Комиссиянын президиуму тарабынан бекитилет жана Комиссиянын төрагасынын буйругу менен таризделет. Эксперттик кеңештин төрагалыгына бир эле адам катары менен эки жолку мөөнөткө гана шайланышы мүмкүн.
14. Эксперттик кеңештин курамын түзүүдө окумуштуулардын талапкерлигин талкуулоого Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары - башкы окумуштуу катчы, Комиссиянын тийиштүү аттестациялык бөлүмүнүн жетекчиси катышат. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын аттестациялык бөлүмү Комиссиянын президиумунун тийиштүү чечиминин долбоорун даярдайт.
15. Эксперттик кеңештин сандык курамы 7ден кем эмес адамдан түзүлүшү керек. Эксперттик кеңештин төрагасы, анын орун басары жана окумуштуу катчысы бир мекеменин же уюмдун кызматкерлери болбошу керек.
16. Эксперттик кеңештин курамындагы бир уюмда иштеген мүчөлөрдүн саны анын жалпы санынын 30% ашпашы керек.
17. Эксперттик кеңештин курамына Комиссиядан кайрадан аттестациядан өтүшкөн докторлор, ошондой эле эрежеден тышкары, эксперттик кеңештин компетенциясына кирген докторлук дисертациялардан тышкары бардык маселелерди кароодо чечүүчү добушка укуктуу жана өз илимий тармагында таанылган адис, профессордук окумуштуулук наамы бар илимдин кандидаттары киргизилет.
18. Эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы илимдин кандидаты болушу мүмкүн.
19. Комиссиянын штаттык кызматкерлери, Комиссиянын президиумунун мүчөлөрү, эксперттик кеңештин профили боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик уюмдардын жетекчилери эксперттик кеңештин мүчөсү боло алышпайт.
20. Эксперттик кеңештин мүчөсү илимдин же илимдин тиешелүү тармактарындагы адистиктеринин топтору боюнча түзүлгөн экиден ашык эмес эксперттик кеңештин курамына кирүүгө болот.
21. Эксперттик кеңештин мүчөсү илимдин бир тармагынын үчтөн ашык эмес адистиги боюнча иш алып бара алат.
22. Эксперттик кеңештин мүчөсү расмий оппонент жана оппоненттик кылган мекемеде эксперт боло албайт.
23. Эксперттик кеңештин жыйыны төраганын, ал жок учурда анын орун басарынын жетекчилиги менен өткөрүлөт, Алардын экөө тең жок болуп калса, эксперттик кеңештин жыйынын өткөрүү үчүн Комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын чечими менен кеңештин мүчөсүнүн бирине ошол жыйынга төрагалык кылууга уруксат берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Эксперттик кеңештин жыйыны анын ишине курамдын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү катышып отурса укуктуу деп эсептелет.
25. Жыйында карала турган маселени даярдоо тапшырылган кеңештин мүчөсү (мындан ары - эксперт) жыйынга сөзсүз катышуусу керек.
26. Эксперт диссертация даярдалган мекемеге жетекчилик кылса же изденүүчү иштеген уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери болсо, анда ал ошол диссертацияны экспертизалоого катышууга укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Эксперт изденүүчүнүн илимий эмгектерине авторлош болсо же илимий-изилдөө иштеринин темаларын чогуу аткарышса жана алардын материалдары диссертацияда колдонулса, анда ал диссертациялык экспертизасын өткөрүүгө, талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Эксперт эгер, ал мурда эксперттик кеңештин курамына киргизилгенге чейин диссертация корголгон диссертациялык кеңештин мүчөсү болгон болсо жана анын талкуусуна катышкан болсо, анда ал диссертациянын экспертизасын өткөрүүгө укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Эксперт изденүүчүнүн илимий жетекчиси (илимий кеңешчиси) болсо, анда ал ошол диссертациянын экспертизасын өткөрүүгө, талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Эксперт изденүүчү же анын илимий жетекчиси (илимий кеңешчиси) менен жакын туугандыкта же жакыны болушса (ата-энеси, жубайы, агасы, иниси, эжеси, сиңдиси, карындашы, уулу, кызы ошондой эле жубайынын ага-иниси, эже-карындаштары, ата-энеси, балдары), изденүүчү менен биргеликте чыгарган эмгектери болушса, анда ал ошол диссертациянын экспертизасын өткөрүүгө, талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Эксперттик кеңештин жыйынына Комиссиянын жетекчилери, Комиссиянын президиумунун мүчөлөрү, ошондой эле эксперттик кеңештин төрагасы тарабынан жыйынга катышууга чакырылган адамдар катыша алат жана алардын чечүүчү добуш берүүгө укугу жок.
32. Эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы жыйынга 3 календарлык күн калгандан кечиктирбей эксперттик кеңештин мүчөлөрүнө жыйындын датасын жана убакытын, ал эми дайындалган эксперттерге керектүү документтерди даярдоо боюнча аларга берилген тапшырма жөнүндө кабарлайт. Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмү башка шаарда жашаган эксперттик кеңештин мүчөлөрүн жыйынга чакыруу барактарын салып жиберет.
33. Жыйындын башталышында эксперттик кеңештин төрагасы кеңештин мүчөлөрүнө кворумдун жана жыйынды өткөрүүнүн укугу бар экендигин кабарлап, анын күн тартибин жарыялайт.
34. Эксперттик кеңештин мүчөсүнүн жагдайы ушул Жобонун 28 жана 29 пункттарына ылайык келип калган учурда, ал тиешелүү маселени кароодо эксперттик кеңештин тизмелик курамынан чыгарылат жана жыйынга катышпайт.
35. Эксперттик кеңештин чечимдери ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
36. Экспертизалоо учурунда диссертациялык кеңештин диссертация боюнча чечимин бекитүү маселеси боюнча тескери пикирлер түшсө, же эксперттик кеңештин бир эле мүчөсүнүн сунушу болгондо жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.
Башка маселелер боюнча жашыруун добуш берүү, эгерде, мындай сунуш эксперттик кеңештин жок дегенде бир мүчөсүнөн түшкөн учурда жүргүзүлөт
37. Чечим кабыл алууда кеңештин ар бир мүчөсү каралып жаткан маселеге өз мамилесин аныкташы керек жана ал боюнча "макул", "каршы" же "калыс" деген добушун берет.
38. Чечимге жыйынга катышып жаткан кеңештин мүчөлөрүнүн 2/3нөн кем эмес, бирок эксперттик, кеңештин тизмелик курамынын 50% кем эмеси добуш бергенде кабыл алынды деп эсептелет.
39. Эксперттик кеңештин жыйынында каралган материалдардын мазмуну, маселелерди талкуулоонун жүрүшү жана алар боюнча чыгарылган чечимдер купуя болушу керек жана башка адамдарга таратылбайт.
40. Комиссиянын аттестациялык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен эксперттик кеңештин жыйыны ошол бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан аудиожаздыруу (видеожаздыруу) жүргүзүлөт. Ал жаздыруу Комиссиянын аттестациялык бөлүмдөрүндө сакталат жана таратылбайт. Эксперттик кеңештин мүчөлөрү же анын жыйынына чакырылган адамдар тарабынан өз алдынча аудиожаздыруу (видеожаздыруу) жүргүзүүгө уруксат берилбейт.
41. Эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы ар бир жыйындын протколун жазып, жыйын өткөрүлгөндөн кийин беш күндөн кеч эмес убакытта Комиссиянын тиешелүү бөлүмдөрүнө тапшырат. Протоколго жыйынга катышкан эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн колу коюлган келүү барагы (ушул Жобонун 2-тиркемеси) тиркелет.
42. Аттестациялык делолорду эксперттик кеңеште кароо мөөнөтү алар эксперттик кеңешке жиберилген күндөн баштап эсептелет. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү (кайра атестациялоо) жана профессордун окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча аттестациялык делолорду эксперттик кеңеште кароонун мөөнөттөрү 3 андан, ал эми илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасын берүү (кайра аттестациялоо) жана доценттин улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча аттестациялык делолорду кароо мөөнөтү алардын аттестациялык бөлүмдөргө түшкөн учурдан кийин 2 айдан ашпашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Диссертациялык кеңештердин уюштурулушу жана иши боюнча материалдарды эксперттик кеңеште кароонун мөөнөттөрү 1 айдан ашпашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Сунуш кылынган адистиктердин паспортун эксперттик кеңеште кароонун мөөнөтү 1 айдан ашпашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Материалдарды эксперттик кеңеште кароо мөөнөтү алардын эксперттик кеңешке жиберилген күнүнөн баштап эсептелет жана аны кароо диссертация тышкы пикирге жиберилген, же конфликттүү кырдаалдар болгон учурда аттестациялык бөлүмдүн өтүнүч катынын негизинде президиум тарабынан узартылышы мүмкүн. Жай айлары (июль-август) ушул Жобонун 40-42-пункттарда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн алынып салат.
46. Диссертация боюнча материалдарды толуктап иштеп чыгуу үчүн иш диссертациялык кеңешке кайтарылса, ага кеткен убакыт диссертациялык Комиссияда кароо үчүн берилген мөөнөттөн алынып салат.
47. Төрага, төраганын орун басары, окумуштуу катчы жана эксперттик кеңештин мүчөлөрү диссертацияга расмий оппонент болуп дайындалбайт, диссертацияны коргоого чейин кайсы этапта болбосун ага пикир жана рецензия бере алышпайт.
48. Эксперттик кеңештин төрагасы жыйын башталганга чейин Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмдөрүнөн жыйындын күн тартиби жана ушул бөлүмдүн кызматкери тарабынан кароо үчүн даярдалган материалдар менен таанышып чыгат.
49. Комиссиянын аттестациялык бөлүмү эксперттик кеңештин төрагасы менен жыйындын датасын аныктайт жана макулдашат, окумуштуулук даражаларды жана наамдарды изденүүчүлөрдүн аттестациялык делолору жана диссертациялары боюнча пикир жана корутундуларды даярдоо үчүн эксперттерди дайындайт, эксперттик кеңештин мүчөлөрүнө адистиктердин паспортун экспертизалоону жана зарыл болгон учурда толуктап келүүнү, ошондой эле, жыйында кароо үчүн пландаштырылган башка маселелерди даярдоону тапшырат.
50. Дайындалган эксперттер аларга тапшырылган маселелер боюнча материалдар менен Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмдөрүнөн таанышууга жана эксперттик кеңештин жыйынына корутундунун долбоорун даярдоого милдетүү.
51. Изденүүчүнүн диссертациясына терс пикир алынган учурда изденүүчүгө жазуу жүзүндөгү же электрондук билдирүү жиберилет. Эксперттик кеңеш Комиссиянын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча диссертацияны кошумча экспертизага жибере алат, ошондой эле өз жыйынына изденүүчүнү, илимий жетекчилерди (консультанттарды), диссертация боюнча корутунду берген диссертациялык кеңештин эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүн чакыра алат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлу № 542 токтомдун редакциясына ылайык)
52. Изденүүчү эксперттик кеңештин жыйынына чакырылып калган учурда, Комиссиянын аттестациялык бөлүмү аны жыйынга 10 күн калган убакта корутундунун мазмуну менен тааныштырышы зарыл.
53. Эки адистиктин же илимдин тармактарынын кошулушунда аткарылган диссертациялар адистиктери дал келген эксперттик кеңештердин биргелешкен жыйынында каралышы керек.
54. Эксперттик кеңештин жыйынына аттестациялык бөлүмдүн башчысынан тышкары, Комиссиянын ошол бөлүмүнүн штаттык кызматкери катышуусу керек. Ал эксперттик кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылат, эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы менен бирдикте аттестациялык делолордун толуктугуна жана сакталышына, алардын өз убагында каралышына жооп берет, эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн жыйындагы ишин эсепке алат.
55. Эксперттик кеңештин жыйынына анын чечими жана Комиссиянын жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде кеңеш берүү укугу менен башка эксперттик кеңештин мүчөлөрү жана маселенин каралышы үчүн эксперттик кеңешке зарыл болгон окумуштуу-адистерди чакыра алышат. Эксперттик кеңештин жыйынына башка адамдар Комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басары башкы окумуштуу катчынын уруксаты менен гана катыша алат.
56. Эксперт каралуучу диссертация боюнча ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык корутунду даярдайт.
57. Диссертация эксперт тарабынан оң бааланса, ошондой эле диссертациялык кеңештин корутундусу боюнча сын-пикирлер жок болсо, Комиссиянын президиумуна тиешелүү сунуштарды киргизүү үчүн диссертация эксперттик кеңеште кароосуна алынып чыгат.
58. Диссертациялык кеңеш тарабынан толукталып иштелип чыккан корутунду эксперттик кеңеште кайрадан каралат.
59. Эгер диссертация жөнүндө эксперттин ою терс болуп калса, эксперттик кеңештин кароосуна жазуу жүзүндө пикир жазып берет, пикирде диссертациянын негизги илимий жыйынтыктарынын баасы, оппоненттердин жана оппоненттик кылган уюмдун сын-пикирлерине берилген анализ, изденүүчүнүн диссертациялык ишин четке кагуу себептери негизделип берилиши керек.
60. Диссертация жазылган адистикке туура келбей калган учурда, эксперттик кеңеш Комиссиянын президиумуна тиешелүү сунуштар менен жазуу жүзүндө корутунду даярдайт.
61. Эгер эки адистик боюнча көрсөтүлүп жаткан диссертация бир гана адистик боюнча илимий жаңылыкка ээ болсо, эксперттик кеңеш Комиссиянын президиумуна илимдин докторунун же кандидатынын окумуштуулук даражасын бир гана адистик боюнча берүүсүн сунуш кылышы мүмкүн.
62. Көчүрүп алынган материалдын көрсөткүчү белгиленген пайыздан ашып кеткендиги ырасталса, диссертациянын ар бир бети текшерилип, анын жыйынтыгы эксперттик кеңешке кароого берилет. Эксперттик кеңеш Комиссиянын жетекчилигине изденүүгө илимдин доктору же илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын берүү же четке кагуу жөнүндө сунушун даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Эгер сырттан чакырылган эксперттин жыйынтыктары эксперттик кеңештин сунуштары менен дал келбей калса, кошумча экспертизанын жыйынтыгын эске алуу менен диссертация эксперттик кеңешке кайрадан кароо үчүн кайтарылып берилет. Мындай учурда эксперттик кеңештин жыйыны Комиссиянын жетекчилеринин бирөөсүнүн же Комиссиясынын президиумунун мүчөсүнүн катышуусу менен өткөрүлөт.
64. Эгер эксперттин же кошумча экспертизалоонун натыйжасында диссертация боюнча пикирде, иштин баасына таасир этүүчү сын-пикирлер айтылып калса, эксперттик кеңеш изденүүчүнү ошол сын-пикирлер менен тааныштырып, ал боюнча жазуу жүзүндөгү жообун алгандан кийин, зарыл болсо, аны өзүнүн жыйынына чакыртып, жооп алат.
65. Диссертацияны жана эксперттердин пикирлерин ар тараптан талкуулагандан кийин, эксперттик кеңеш окумуштуулук даражаны берүү жөнүндө маселе боюнча добуш берүү өткөрөт. Жашыруун добуш берүүдө, бюллетень (ушул Жобонун 4-тиркемеси) эксперттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан толтурулуп, эсептөө комиссиясынын жыйынынын протоколу (ушул Жобонун 5-тиркемеси) менен эсептөө комиссиясы тарабынан толтурулат.
66. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептөө комиссиясынын жыйынын протоколуна киргизилип, ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнөкөй көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
67. Эксперттик кеңеш Комиссиянын президиумунун кароосуна алынып чыгуучу диссертация боюнча корутундуну ачык добуш менен кабыл алат.
68. Эгер добуш берүүнүн натыйжасында изденүүчүгө илимдин докторунун же кандидатынын окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү эксперттик кеңеш кабыл албоону сунуштаган учурда, корутундуда тескери чечимди кабыл алуу боюнча негиз көрсөтүлүшү керек.
69. Эксперттик кеңештин жана эксперттин пикирлеринин, корутундуларынын ошондой эле изденүүчүнүн пикирдеги сын-пикирлерге берген жазуу жүзүндөгү жоопторунун көчүрмөлөрү эксперттик кеңештин жыйынынын токтомуна тиркелет. Ал эми жогоруда аталган документтердин түп нускасы изденүүчүнүн аттестациялык делосуна тиркелет.
70. Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдү кайрадан аттестациялоо (нострификациялоо) боюнча маселелерди же эксперттик кеңеште кароо, окумуштуулук даражаларды берүү жөнүндөгү маселелердин тартибинде эле жүргүзүлөт.
71. Эксперттик кеңеште каралган аттестациялык делолорду Комиссиянын президиумунун жыйындарына тийиштүү аттестациялык бөлүмдүн башчысы алып чыгат.
72. Өзгөчө учурларда, Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча эксперттик кеңештин корутундусун Комиссиянын президиумуна алып чыгуу эксперттик кеңештин төрагасына же Комиссиянын тиешелүү администрациялык бөлүмүнүн жетектөөчү адисине тапшырылат.
73. Окумуштуулук наамды изденүүчүнүн эксперттик кеңешке жөнөткөн аттестациялык делосун кароо үчүн эксперттик кеңештин төрагасы аттестациялык бөлүмдүн макулдашуусу менен эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен эксперт (эксперттерди) дайындайт.
74. Окумуштуулук наамды изденүүчү иштеген уюмда эмгектенген, изденүүчүнүн макалаларына авторлош болгон же аны менен туугандык байланышы бар адам ага эксперт боло албайт.
75. Эксперт окумуштуулук наамдарды изденүүчүнүн аттестациялык делосун жана окуу-методикалык, илимий иштерин анализдөөнүн негизинде өзүнүн корутундусунун долбоорун даярдайт. Корутундуда изденүүчүнүн илимий-педагогикалык квалификациялык деңгээли жана окумуштуулук наамды изденүүчүлөр үчүн коюлган талаптарды толук аткаргандыгын баасы көрсөтүлөт.
76. Эксперттик кеңештин жыйынында окумуштуулук наамды изденүүчүнүн аттестациялык делосун кароо Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлөт. Эксперт тарабынан берилген корутундунун негизинде, эксперттик кеңеш Комиссиянын президиумуна изденүүчүгө окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө сунушту камтыган чечимди кабыл алат.
77. Эксперттик кеңештин корутундусунда изденүүчүнүн илимий жана окуу-методикалык эмгектеринин маанилүүлүгү, андагы материалдардын изденүүчү талаптанып жаткан адистикке ылайык келиши, ошондой эле, изденүүчүнү жогорку квалификациялуу адис катары мүнөздөгөн башка маалыматтар жана профессордун, доценттин, улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштар камтылышы керек.
78. Изденүүчүгө окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө маселе боюнча эксперттин кеңештин жыйынынын токтомунун жана корутундусунун көчүрмөсү эксперттик кеңештин төрагасы жана окумуштуу катчысы тарабынан кол коюлуп, эксперттик кеңештин жыйыны өткөрүлгөн күндөн кийин 5 күн, ичинде Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнө тапшырылат.
79. Илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасы бар адамдарга доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын ыйгаруу үчүн келген аттестациялык делолор эксперттик кеңештин кароосуна талаш маселелерге туш болгондо жана гана берилет. Калган учурларда жогорудагыдай мазмундагы делолор тиешелүү аттестациялык бөлүмдөр тарабынан каралып сунуш кылынган материалдар Комиссиянын талаптарына жооп берген учурда президиумга бекитүү үчүн жөнөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Эксперттик кеңеш диссертациялык кеңешти түзүү же анын ыйгарым укугунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселе боюнча диссертациялык кеңешке диссертацияларды коргоо укугу берилген адистиктерди жана илимдин тармагын ошондой эле анын сандык жана жекече курамын көрсөтүү менен Комиссиянын президиумуна өзүнүн сунуштарын даярдайт.
81. Эксперттик кеңештин корутундусунда диссертациялык кеңеш ачылып жаткан мекеменин илимдин тиешелүү тармагында маанилүү илимий жетишкендиктери жана диссертациялык кеңеш түзүлүп жаткан илимдин тармагы жана адистик боюнча жогорку квалификациялуу илимий кадрлар менен камсыз болгондугу, ошондой эле ошол адистиктер боюнча аспирантура жана докторантуранын бар экендиги жөнүндө маалыматтар берилиши керек.
82. Эксперттик кеңеш сунуш кылынган адистиктердин паспортунун долбооруна аларга оңдоо жана толуктоо киргизүү сунушу менен баа бериши керек.
83. Эксперттер диссертациялык кеңештердин курамына киргизүү үчүн сунушталган адистердин илимий эмгектеринин ошол кеңештеги адистиктерге туура келерлиги жөнүндө баа бериши керек.
84. Эксперттик кеңештин иши үчүн зарыл шарттарды жана уюштуруу-методикалык жардамды Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмдөрү камсыз кылат.
85. Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнүн кызматкерлери эксперттик кеңештин жыйынына чечүүчү добуш бербестен катышат жана зарыл методикалык жардам көрсөтүп, күн тартибиндеги маселелерди кароо учурунда белгиленген талаптардын аткарылышын жана жыйындын токтомунун толтурулушун контролдойт.
86. Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнүн кызматкерлери эксперттик кеңештин иши боюнча делолорду түзөт, анда эксперттик кеңештин жыйынынын токтомдору жана ага тиешелүү материалдар тиркелет, ошондой эле эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн жыйындагы ишинин эсебин алат.
87. Эксперттик кеңештердин ишин контролдоону Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Комиссиянын жетекчилиги жүргүзөт.
88. Эксперттик кеңештин жыйыны белгиленген тартипти бузуу менен өткөрүлгөн учурларда же кабыл алынган чечими жетишээрлик негизделбей калса, Комиссиянын жетекчилиги эксперттик кеңешке маселени кайрадан каттоону сунуш кылууга укуктуу.
89. Эксперттик кеңеш Комиссияга жыл сайын өзүнүн аткарган иши жөнүндө кагазга же электрондук булакка түшүрүлгөн (ушул Жобонун 6-тиркемеси) жылдык отчетун 20-январга карата берет.
90. Эксперттик кеңештин төрагасы өз иши жөнүндө тиешелүү эксперттик кеңештин жана Комиссиянын президиумунун жыйынында отчет берет.
91. Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнө жана эксперт катары эксперттик кеңештин айрым жыйындарына чакырылган адистерге эмгек акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 "Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнөт.
92. Эксперттик кеңештин иши жөнүндө бардык маалымат купуя мүнөздө болушу керек. Эксперттик кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле чакырылган эксперттер, белгиленген тартипте окумуштуулук даражаларды берүү жала окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча аттестациялык делолорду кароонун жүрүшү жөнүндө изденүүчүлөргө тиешелүү дипломдорду жана аттестаттарды бергенге чейин маалыматтын жайылып кетишине белгиленген тартипте жооп беришет.
Эксперттик кеңеш
жөнүндө жобого
1-тиркеме
┌──────────┐ Ф.А.А. _____________________________ 19__ ж. туулган.
│ │ Улуту ______________, жарандыгы _____________________
│ │ 19__ ж. ______________________________________ бүткөн
│ │ Адистиги ____________________________________________
│ │ 19__-жылдан бери __________________________ кандидаты
│ │ 19__-жылдан бери ____________________________ доктору
│ │ Наамы _______________________________________________
│ │ Иштеген жери ________________________________________
└──────────┘ Кызмат орду _________________________________________
Негизги ишинин профили ___________________________________________
Кызмат орду боюнча ишинин мүнөзү _________________________________
Кандидаттык диссертациясы боюнча адистиги (шифры) ________________ _______________________________________________________________________
Доценттин же ага и.к. наамы ыйгарылган адистиги (шифры) __________ _______________________________________________________________________
Доктордук диссертациясы боюнча адистиги (шифры) __________________ _______________________________________________________________________
Профессордук наам ыйгарылгандыгы боюнча адистиги (шифры) _________ _______________________________________________________________________
Жарыяланган негизги илимий эмгектери боюнча адистиги (шифры) _____ _______________________________________________________________________
1. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жарыяланган илимий эмгектери боюнча негизги чектеш адистиги (шифры) ___________________________________________________________________
1. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Илимий эмгектери жарыяланган кошумча чектеш адистиги (шифры) _____
1. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
РЕЗЮМЕ
Кеңештин курамында экспертиза жүргүзө ала турганга мүмкүндүк берген адистиги (шифры) __________________________________________________
Кеңештин курамында экспертиза жүргүзө ала турганга мүмкүндүк берген негизги чектеш адистиги (шифры) ___________________________________
Кеңештин курамында экспертиза жүргүзө ала турганга мүмкүндүк берген кошумча (чектеш) адистиги (шифры) _________________________________
Аттестациялык бөлүмдүн башчысы
Эксперттик кеңеш
жөнүндө жобого
2-тиркеме
Форма
Эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн
КЕЛҮҮ БАРАГЫ
Эксперттик кеңештин жыйынын ____ ж. "___" ________________________ N ____________ протоколу
┌─┬─────────────────────────────┬─────────────────┬───────────────────┐
│№│ Эксперттик кеңештин │ Жыйынга │Бюллетень алгандыгы│
│ │ мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, │ келгендиги │ (колу) │
│ │атасынын аты (толук тизме(*))│ (колу) │ │
├─┼─────────────────────────────┼─────────────────┼───────────────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │
└─┴─────────────────────────────┴─────────────────┴───────────────────┘
Эксперттик кеңештин
төрагасы _________ ________________________________
(колу) (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Эксперттик кеңештин
окумуштуу катчысы _________ ________________________________
(колу) (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Аттестациялык бөлүмдүн _________ ________________________________
башчысы (колу) (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Эскертүү:
(*) Чечүүнү добуш берүүгө укугу бар кошумча киргизилген адистердин фамилиясын кошо берүү керек.
Эксперттик кеңеш
жөнүндө жобого
3-тиркеме
Форма
ЭКСПЕРТТИК КОРУТУНДУ
┌───────────────────────┬─────────────────────────────────────────────┐
│Эксперт │ │
├───────────────────────┼─────────────────────────────────────────────┤
│Диссертация │ │
├───────────────────────┼─────────────────────────────────────────────┤
│Изденүүчү │ │
├───────────────────────┼─────────────────────────────────────────────┤
│Диссертациянын темасы │ │
├───────────────────────┼─────────────────────────────────────────────┤
│Адистиги │ │
└───────────────────────┴─────────────────────────────────────────────┘
Диссертациянын жана анын материалдарын баалоо
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│Изилдөөнүн актуалдуулугу, багытталышы, артыкчылыктуулугу │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Изилдөөнүн илимий-практикалык мааниси жана докторлук (кандидаттык)│
│диссертацияларга коюлган талаптардын чегинде илимий жыйынтыктары │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Автор тарабынан жеке алынган кыйла маанилүү жыйынтыктары жана алардын│
│жаңылыгы │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Жетектөөчү, уюмдун оппонентердин туура дайындалышы, ошондой эле дис-│
│сертациянын мазмунунун адистикке дал келиши │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Алынган жыйынтыктардын негиздүүлүгү жана ырастыгынын даражасы, дис-│
│сертациянын деңгээли, классификациялык белгилерге туура келиши │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Жарыяланган эмгектеринин толуктугу, алынган жыйынтыктарынын колдону-│
│лушу │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Корутунду │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Колу │
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Датасы │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
Эксперттик кеңеш
жөнүндө жобого
4-тиркеме
Форма
Эксперттик кеңештин 200__ ж. ____________
№ _______________________________________ жыйынына
___________________ илимдери боюнча эксперттик кеңештин
мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүү үчүн
БЮЛЛЕТЕНИ
┌─────────────────┬─────────────┬─────────────────────────┬───────────┐
│ Изденүүчүнүн │ Илимдин │ Аттестациянын түрү │ Добуш │
│ Ф.А.А. │ тармагы │ (добушка коюлуучу │ берүүнүн │
│ │ │ маселе көрсөтүлөт) │ жыйынтыгы │
│ │ │ │(керексизин│
│ │ │ │ сызып │
│ │ │ │ салыңыз) │
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────┼───────────┤
│ │ │ │макулмун - │
│ │ │ │каршымын - │
└─────────────────┴─────────────┴─────────────────────────┴───────────┘
Эксперттик кеңеш
жөнүндө жобого
5-тиркеме
Форма
Эксперттик кеңештин 200__ ж. ____________
№ _______________________________________ жыйынына
___________________ илимдери боюнча эксперттик кеңештин
эсептөө комиссиясынын жыйынынын N ________
ПРОТОКОЛУ
Комиссиянын курамы:
__________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(комиссия мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты)
Комиссия ________________________________________________ илиминин
(илимдин тармагы)
докторунун (кандидатынын) окумуштуулук даражасына талапкер ____________ ____________________________________________________ маселеси(*) боюнча
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
жашырын добуштарды эсептеп чыгуу үчүн шайланды.
Комиссия төрагалыкка ________________________________________ шайлады.
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
Эксперттик кеңештин ушул жыйындагы курамы ________________________ кишиден(**) шайланды.
Таратылган бюллетендер ___________________________________________
Таратылбай калган бюллетендер ____________________________________
Урнада болгон бюллетендер ________________________________________
Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
Макулмун _________________________________________________________
Каршымын _________________________________________________________
Жараксыз деп табылган бюллетендер ________________________________
Эсептөө комиссиясынын
төрагасы __________ _______________________________
(колу) (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Эсептөө комиссиянын
мүчөлөрү __________ _______________________________
(колу) (фамилиясы, аты, атасынын аты)
(*) Добушка коюлган: илимдин кандидаты (доктору) окумуштуулук даражасын берүү, кайрадан аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча берүү, ажыратуу, калыбына келтирүү маселеси көрсөтүлөт.
(**) Добуш берүүгө укугу бар кошумча киргизилген мүчөлөрдү кошкондо жалпы мүчөлөрүнүн саны көрсөтүлөт.
Эксперттик кеңеш
жөнүндө жобого
6-тиркеме
Форма
Эксперттик кеңештин 201__ жылдагы иши жөнүндө
ОТЧЕТ
_________________________________ илимдери боюнча эксперттик кеңеш
200__-жылдын "___" ______________ бекитилген.
Отчет төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1. Өткөрүлгөн жыйындардын саны жөнүндө маалыматтар.
2. Жыйындардын жарымынын азына катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн фамилиялары.
3. Отчеттук жыл ичинде кеңеште каралган диссертациялардын кыскача анализи төмөнкү бөлүмдөрдү бөлүп көрсөтүү менен:
- каралган иштердин тематикасынын анализи;
- каралган иштердин илимий жыйынтыктарын пайдалануунун деңгелине анализ;
- конкреттүү иштердин жыйынтыктары пайдалануу боюнча сунуштар.
4. Илимдин докторунун (кандидатынын) окумуштуулук даражасын изденүүгө каралган диссертациялар жөнүндө маалыматтар.
┌──────────────┬────────────────┬─────────────┬──────────┬────────────┐
│ Изденүүчүнүн │ Жетекчисинин │ Адистиктин │ Даражасы │ Иштин │
│ Ф.А.А │ Ф.А.А │ шифры │ │ темасы │
├──────────────┼────────────────┼─────────────┼──────────┼────────────┤
│ │ │ │ │ │
└──────────────┴────────────────┴─────────────┴──────────┴────────────┘
5. Адистиктердин кошулушунда аткарылган диссертациялар жөнүндө маалыматтар.
┌──────────────┬────────────────┬─────────────┬──────────┬────────────┐
│ Изденүүчүнүн │ Жетекчисинин │ Адистиктин │ Даражасы │ Иштин │
│ Ф.А.А │ Ф.А.А │ шифры │ │ темасы │
├──────────────┼────────────────┼─────────────┼──────────┼────────────┤
│ │ │ │ │ │
└──────────────┴────────────────┴─────────────┴──────────┴────────────┘
6. Каралып жаткан окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча аттестациялык делолор жөнүндө маалыматтар.
┌──────────────┬────────────────┬─────────────┬──────────┬────────────┐
│ Изденүүчүнүн │ Жетекчисинин │ Адистиктин │ Даражасы │ Иштин │
│ Ф.А.А │ Ф.А.А │ шифры │ │ темасы │
├──────────────┼────────────────┼─────────────┼──────────┼────────────┤
│ │ │ │ │ │
└──────────────┴────────────────┴─────────────┴──────────┴────────────┘
Эксперттик кеңештин төрагасы _____________________________________
(Ф.А.А)
Эксперттик кеңештин окумуштуу катчысы ____________________________
(Ф.А.А.)
Датасы