Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 634 токтому менен бекитилген |
Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Тартип "Манас эпосу жөнүндө", "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесинин 1 жана 4-пункттарына ылайык иштелип чыкты жана товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде жана юридикалык жактарынын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталыштарында аларды мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
I бөлүм. Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу
1. Товардык белгилерде жана тейлөө белгилеринде (мындан ары - товардык белги) "Манас" терминин пайдалануу улуттук жана чет өлкөлүк өтүнмө ээлери үчүн ушул Тартиптин I бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт.
2. "Манас" термини жана анын негизинде келип чыккан сөздөр жана сөз айкалыштары корголбогон элемент катары товардык белгиде пайдаланылышы мүмкүн, эгерде өтүнмө ээси:
а) мамлекеттик бийлик органы болуп эсептелсе;
б) Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлесе;
в) Кыргыз Республикасына гана таандык болгон товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүн чыгарса жана/же көрсөтсө;
г) тышкы экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашырууда дүйнөлүк рынокто Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын узак убакыттар бою (5 жылдан кем эмес) көрсөтүп келсе;
д) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган товарларды чыгарса жана/же кызматтарды көрсөтсө.
3. Ушул Тартиптин I бөлүмүнүн 2-пунктунун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлеринен өтүнмөлөр келип түшкөндө, алар тарабынан алардын укуктук статусун аныктоочу тиешелүү ченемдик укуктук акт көрсөтүлөт.
4. Эгерде өтүнмө ээлери болуп ишкердүүлүк жүргүзүүчү жеке же юридикалык жактар эсептелишсе, мындай учурда, интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) өтүнмө ээсинен ушул Тартиптин I бөлүмүнүн 2-пунктунун "б" - "д" пунктчаларында караштырылган шарттардын бар экендигин белгилөөчү компетенттүү органдын корутундусун суроого укуктуу.
Мында көрсөтүлгөн корутундулар Кыргызпатентке төмөнкүдөй берилет:
1) ушул Тартиптин I бөлүмүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлерине карата - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
2) ушул Тартиптин I бөлүмүнүн 2-пунктунун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлерине карата - карамагына ушул өтүнмө ээсинин ишмердүүлүгү таандык болгон тиешелүү мамлекеттик башкаруу органы;
3) ушул Тартиптин I бөлүмүнүн 2-пунктунун "г" жана "д" пунктчаларында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлерине карата - Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана/же соода жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана/же Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Товардык белгилер катарында, белгиленген тартипте катталган, өтүнмө ээсинин (юридикалык жактын) аталышына окшош же бирдей "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын камтыган белгилер катталышы мүмкүн. Мындай учурда өтүнмө ээси тарабынан юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүк көрсөтүлөт.
6. Ушул Тартиптин I бөлүмүнүн 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн документтер Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде каралган мөөнөттө берилүүгө тийиш.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул Тартиптин I бөлүмүнүн 4 жана 5-пункттарында каралган документтер келип түшкөндө, он күндүн ичинде товардык белгиге корголбогон элемент катары "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын киргизүүнүн мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө экспертизанын корутундусу "(мындан ары - экспертизанын корутундусу) чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Эксперттик корутундуларды карап чыгуу жана экспертиза үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алуу үчүн, Кыргызпатент тарабынан коллегиалдуу орган "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын камтыган белгилер боюнча экспертизанын корутундуларын карап чыгуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комиссиянын курамы Кыргызпатенттин адистеринин ичинен Кыргызпатенттин жетекчиси тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
Комиссиянын төрагасы Кыргызпатенттин жетекчиси тарабынан дайындалат.
10. Ушул Тартиптин I бөлүмүнүн 7-пунктунда көрсөтүлгөн экспертизанын корутундусу Комиссияга жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Комиссияга берилген экспертизанын корутундусу ал келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Экспертизанын корутундусун карап чыгуу курамында кеминде үч мүчөсү катышкан Комиссиянын жыйынында ишке ашырылат. Жыйынды Комиссиянын төрагасы өткөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын чечими анын мүчөлөрүнүн жыйынынын жыйынтыктары боюнча кабыл алынат.
Комиссиянын чечими Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Комиссиянын чечими жазуу түрүндө баяндалат жана ага Комиссиянын төрагасынын жана бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат.
14. Комиссиянын чечими бүтүндөй өтүнмө боюнча чечим кабыл алуу үчүн экспертизага жөнөтүлөт.
15. Тартип күчүнө киргенге чейин өздөрүнүн товардык белгилеринде "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын пайдалануучу жактар товардык белгинин каттоосун колдонуу мөөнөтүн узартуу менен аны пайдалануу укугун өздөрүндө сактап кала алышат.
II бөлүм. Юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу
16. Филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) юридикалык жактарынын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын пайдалануу ушул Тартиптин II бөлүмү менен аныкталган учурларда жүргүзүлөт.
17. Коммерциялык эмес уюм (дин уюмдарынан тышкары) 10 жылдан кем эмес иштеп келген болсо жана Кыргыз Республикасынын облустарынын жарымынан көп аймактарда өзүнүн катталган филиалдары (өкүлчүлүктөрү) бар болсо, "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын өзүнүн аталышында пайдалана алат.
18. Юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын коммерциялык уюмдун аталышында пайдаланууга төмөндөгүдөй учурларда жол берилет, эгерде:
- ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен түзүлсө;
- чарбалык шериктештиктин же коомдун уставдык капиталына жеке жана (же) юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактын салымынын өлчөмү бир миллиондон кем эмес эсептик көрсөткүчтөрдү түзсө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Тартип күчүнө киргенге чейин, катталган (кайра катталган) жана өз аталышында "Манас" термини жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштары бар юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мындай аталышты пайдалануу укугун кийинкиде, б.а мамлекеттик кайра каттоодон өткөн учурда, өзүндө сактап кала алышат.