Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-декабры № 857
Республиканын калкын энергия менен жабдуу жана газ менен камсыз кылууга карата кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө
2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен өтүүгө экономика тармактарын жана калкты өз учурунда жана тиешелүү түрдө даярдоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан отунду өз учурунда даярдоону камсыз кылууга, оңдоо кампанияларын жүргүзүүгө, калкты электр энергиясынын жана жаратылыш газынын зарыл болгон көлөмү менен камсыз кылууга багытталган чаралар ыкчам тартипте көрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" жана 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө" токтомдору кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомдоруна ылайык жылытуу мезгилинен өтүүгө даярдык көрүүгө карата ишти координациялоо боюнча республикалык штаб туруктуу негизде иштейт, бул болсо Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча учурдагы кырдаал жөнүндө маалыматты ыкчам алууга жана баалоого, тармактагы проблемаларды чечүү үчүн жумшалуучу финансылык каражаттарды издеп табуу боюнча уюштуруу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Жогоруда аталган штабдын жыйындарында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынын жетекчилеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жылытуу мезгилинен өтүүгө жана андан тиешелүү түрдө өтүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө республиканын даярдыгы жөнүндө отчеттору угулду.
Ошондой болсо да 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен өтүүгө карата даярдык көрүү боюнча аталган республикалык штабдын мүчөлөрү тарабынан көрүлгөн чаралар жеткиликсиз болуп чыкты. Республиканы жаратылыш газы менен камсыз кылуудагы келип чыккан үзгүлтүккө учуроолор электр энергетикалык сектордо авариялык кырдаалдардын санынын көбөйүшүнө, коомдо социалдык чыңалуунун пайда болушуна, жарандардын ден соолуктарынын начарлоо учурларынын өсүшүнө алып келди. Бул кырдаал өзгөчө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына терс таасир этти.
Андан сырткары кышкы мезгилде пайдаланууга карата автомобиль жолдорун даярдоо боюнча иштер жеткиликсиз жүргүзүлдү.
Түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын иштери жеткиликсиз, ал эми "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун иши - канааттандырарлыксыз деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри А.И.Калмамбетовго, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри К.И.Султановго жана Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркуловго сөгүш жарыялоо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир жумалык мөөнөттө 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү боюнча канааттандырарлыксыз иши үчүн "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун жоопкерчилик деңгээлин аныктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жана отун-энергетика комплекси ишканаларынын жетекчилеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иштерине баа берилсин, зарыл учурда алардын жеке жоопкерчиликтери каралсын.
5. Республиканы энергия менен жабдуу жана газ менен камсыз кылуу боюнча социалдык чыңалуунун пайда болушуна алып келген түзүлгөн кырдаалды иликтөө максатында тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
6. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө:
- калкты электр энергиясы жана жаратылыш газы менен камсыздоодогу үзгүлтүккө учуроолордун пайда болуу себептерин, ошондой эле алардын кесепеттерин иликтесин;
- түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин четтетүү боюнча ыкчам чараларды көрүүгө жооптуу тиешелүү кызматтардын ишине талдоо жүргүзсүн жана алардын жетекчилеринин иштерине баа берсин;
- "КырКазГаз" жоопкерчилиги чектелген коомунун биргелешкен кыргыз-казак ишканасын түзүү жана иштөө маселелерин талдап чыксын;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды киргизсин.
7. Бишкек шаарынын мэриясы 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү боюнча жеткиликсиз иши үчүн Бишкек шаарынын райондорунун администрация башчыларына карата чара көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилеринин жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү боюнча өз убагында зарыл чараларды көрүү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иштери канааттандырарлыксыз деп табылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте:
көмүр сатуу боюнча көчмө пункттарды жана алардын иштөө орду жана убактысы жөнүндө калкка ыкчам маалымдоолорду уюштурушсун;
калкка сатылуучу көмүргө баанын өсүшүнө жол бербөө боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен бирдикте таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын жана кубаттуулугун керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоону камсыз кылышсын;
- жылытуу максатында энергия булактарынын ар кандай түрлөрүн (көмүр, газ, электр) пайдалануучу керектөөчүлөрдүн маалыматтар базасын түзүшсүн;
- отундун альтернативалуу түрлөрүн пайдалануу зарылдыгы жөнүндө калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүшсүн.
10. "ГазпромнефтьАзия" жоопкерчилиги чектелген коомуна суюлтулган газды сатуу боюнча көчмө пункттарды жана алардын иштөө орду жана убактысы жөнүндө калкка ыкчам маалымдоолорду уюштуруу сунушталсын.
11. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашев жумасына эки жолудан кем эмес 2012/2013-жылдын жылытуу мезгилинен өтүүнүн жүрүшү жөнүндө ыкчам кеңешмелерди өткөрүп турсун.
12. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жана энергия компанияларынын жетекчилери менен бирдикте жума сайын 2012/2013-жылдын жылытуу мезгилинен өтүүнүн жүрүшү жөнүндө калкка маалымдап турсун;
- энергия компаниялардын жетекчилери менен бирдикте ушул маселелер боюнча толук түшүндүрмөлөрдү берүү менен, жылуулук, электр энергиясы жана жаратылыш газы менен камсыздоодо мүмкүн болгон өзгөрүүлөр жөнүндө калкка өз убагында кабарлап турсун;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында энергия үнөмдөөнүн потенциалын баалоону ишке ашырсын, энергия үнөмдөө боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылдын аягына чейин бюджеттик уюмдар керектеген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн төлөөгө республикалык бюджетте каралган акча каражатын бөлүүнү камсыз кылсын.
14. Энергетикалык компаниялардын жетекчилери:
- электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын берүүнү токтотууга алып келүүчү авариялык кырдаалдарды ыкчам четтетүүнү камсыз кылышсын;
- эки күндүк мөөнөттө:
электр тарамдарындагы аварияларды ыкчам четтетүү максатында жабдууларды ремонттоо боюнча кошумча бригадаларды уюштурушсун;
керектөөчүлөрдөн арыздарды кабыл алуу боюнча кошумча нөөмөт уюштурушсун жана жалпыга маалымдоо каражаттарына шашылыш байланыштын телефон номерлерин жарыялашсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун талаптарына ылайык жылытуу жана ысык суу менен жабдуу максаттарында электр энергиясын пайдалануучу керектөөчүлөрдү, сауналар (коомдук мончолорду кошпогондо), автомобиль жуучу жайлар үчүн электр жылытуучу приборлорду жана түзүлүштөрдү өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүшсүн.
15. "Кыргызстандын УЭТи" ачык акционердик коомуна Борбордук Азиянын Бириктирилген энергетикалык тутумунун курамында жарыш иштөөнү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын түндүк регионунда электр энергиясын пайдалануу 1900 МВтдан ашып кеткен учурда жөнгө салуучу иш-чаралар жолу менен керектөөнү азайтуу боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
16. "Электр станциялары" ачык акционердик коому:
- 2013-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Күрпсай ГЭСиндеги № 4 трансформатордун жана Үч-Коргон ГЭСиндеги № 2 генератордун ремонт иштерин аяктасын;
- Бишкек шаарынын ЖЭБунун кубаттуулугун 290 МВтга жеткирүүнү камсыз кылсын.
17. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому түзүлгөн келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына декабрда 1500 т, январда - 2000 т, февралда - 2000 т жана мартта - 1500 т отун мазутун үзгүлтүксүз жеткирип берүүнү камсыз кылсын.
18. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу республиканын аймагында аба ырайынын шарттарындагы боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө калкка алдын ала маалымдасын.
19. 2012/2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде электр орнотмолорунун, электр тарамдарынын жана тутумдарынын абалын контролдоону ыкчам жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтому менен белгиленген текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана жол-жобосу жайылтылбашы белгиленсин.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
2-пунктунун биринчи абзацы "Чыгыш электр" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр менен толукталсын.
21. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 857 токтомуна тиркеме |
Оторбаев Ж.К. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Шыкмаматов А.Н. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Лаврова О.В. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Атаханов Ш.Э. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Боронов К.А. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Сагинбаева Д.З. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Жунусов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Артыкбаев О.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Турусбеков Б.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы.
|
|