Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-августу № 436
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "лицензиялык тиркеме" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "лицензиялык макулдашуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун биринчи абзацындагы "төмөнкүдөй" деген сөз "төмөнкүлөр боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- тизмегин жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн алдындагы Илимий-техникалык кеңештин сунуштамаларынын негизинде бекитүүчү объекттер боюнча;";
12-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"12. Түз сүйлөшүүлөр аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун алууга арыз ээси менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечим жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
Арыз ээси менен түз сүйлөшүүлөр жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы тараптар кол койгон протокол менен таризделет. Протокол жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат";
-18-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Пайдалуу кендердин чыккан жерин иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия камдыктары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендер объектилери боюнча мамлекеттик комиссиясы, ошондой эле СССРдин мурдагы компетенттүү ведомстволору (СССРдин Пайдалуу кендердин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз ССРинин Пайдалуу кендердин камдыктары боюнча аймактык комиссиясы, СССР Геология министрлигинин пайдалуу кендер боюнча борбордук комиссиясы жана башкалар) апробациялаган жана эсепке алган лицензиялык объекттерге берилет";
- 22-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- жер кззынасын пайдалануу укугун алууга арыз ээлери менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;";
- 32-пунктунда "беш" деген сөз "он" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 34-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жөнүндөгү чечим ушундай чечим чыгарылган күндөн тартып бир айдын ичинде Комиссия тарабынан кайра каралышы мүмкүн. Түз сүйлөшүүлөр аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим кайра каралбайт";
- 36-пунктунда:
жетинчи абзацы "каржылоо мүмкүнчүлүгүн" деген сөздөрдөн мурун "Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан берилген" деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- геологиялык издөө же геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо учурунда - Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуунун алгачкы үч жылдык мөөнөтүнө лицензиялык төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгүн ырастаган документтер;";
төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Арыз электрондук түрдөгү фотокөчүрмөлөрүн кошуп, кагаз түрүндө тиркемелери менен берилет.";
- 37-пункту "документтердин комплекти толук эмес болсо" деген сөздөрдөн кийин "жана электрондук түрүндө болбосо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 47-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Конкурс өткөрүү аркылуу жер казынасын пайдалануу укугу берилген жер казынасынын объекттерине техникалык долбоор түзүүгө лицензиялык макулдашуу конкурстук шарттар менен каралган мөөнөткө, калган жер казынасынын обьекттерине - лицензияны колдонуу мөөнөтүнө берилет.";
- 56-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Иштерди жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу алынгандан кийин, ушул Жобонун 57-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан сырткары, тоо-кен бөлүндүсүнүн бурчтук чекиттеринин координаттары өзгөрүлбөйт. Геологиялык бөлүндүнүн бурчтук чекиттеринин координаттары жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшүнүн негизделген корутундусу болгон шартта көбөйтүү жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.";
- 58-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Лицензиянын колдонулуу мөөнөтүн узартуу үчүн жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга лицензиянын колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин бир жылдан эрте эмес жана лицензиянын колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен лицензиянын колдонулуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берет, лицензиянын колдонулуу мөөнөтүнүн узартылуучу мезгилине карата отчеттуулук стандарттарына жана иш программасына ылайык лицензияны колдонуунун мурдагы бардык мөөнөттөрүндө лицензиялоо шарттарын аткаргандыгы жөнүндө отчет берет";
- төмөнкү мазмундагы 58-1-пункту менен толукталсын:
"58-1. Эгерде лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуунун мурдагы бардык мөөнөттөрүндө аткарылган иштер жөнүндө отчетту белгиленген мөөнөттө берсе, анда лицензиянын колдонулуу мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиянын колдонулуу мөөнөтүн узартууга берилген арыз боюнча чечим чыгарганга чейин лицензия жарактуу болот.";
- 60-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"60. Аталган экспертизалар тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.";
- 61-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"61. Экспертиза жүргүзүү үчүн лицензиат курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча материалдарды камтыган техникалык долбоорду берүүгө милдеттүү:";
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Лицензиат ушул Жободо көрсөтүлгөн долбоорду берүү мөөнөттөрүн сактабаган учурда, лицензиялык макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартканга чейин берилген долбоорго экспертиза жүргүзүлбөйт.";
- 62-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"62. Экспертиза жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар техникалык долбоор келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдө аларды жүргүзүүнү камсыздоого тийиш:
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объекттери үчүн - үч айдын ичинде;
- жер казынасынын башка бардык объекттери үчүн - бир айдын ичинде.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан экспертиза жүргүзүү мөөнөтү сакталбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик пайда болот.";
- 63-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 65 жана 66-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"65. Техникалык долбоорду түзүүгө лицензиялык макулдашуунун бардык шарттары аткарылгандан кийин иштерди жүргүзүү үчүн лицензиялык макулдашууга кол коюлат.
66. Лицензиат иштерди жүргүзүүгө лицензиялык макулдашууну алгандан кийин аткарылган иштер жөнүндөгү отчетту, кийинки жылга геологиялык жана тоо-кен иштеринин планын жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада жазуу жүзүндө, ошондой эле электрондук түрдө жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.";
- 69-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"69. Отчет берүү мөөнөттөрү:
- жарым жылдык маалыматтар - учурдагы жылдын 15-июлуна чейин;
- жылдык отчет, геологиялык жана кен казуу иштеринин планы - кийинки жылдын 31-январына чейин;
- пайдалуу кендердин камдыктарынын кыймылы боюнча отчеттору - кийинки жылдын 1-мартына чейин.
Жер казынасын пайдалануучу белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен отчет берсе, бирок бул учурда Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссия тарабынан лицензияны токтото туруу маселеси каралбаса, анда жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетту кароого кабыл алууга милдеттүү.";
- 70-пункт:
"өткөн жылдагы отчетун жана кийинки жылга" деген сөздөрдөн кийин "геологиялык жана" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде отчеттор, геологиялык жана кен казуу иштеринин пландары жеткире иштеп чытууга кайтарылып берилсе, лицензиат расмий билдирүү алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жеткире иштелип чыккан отчетту, геологиялык жана кен казуу иштеринин планын кайрадан берүүгө милдеттүү. Жеткире иштелип чыккан отчетту жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө бербөө бул Жобонун 74-пунктуна ылайык жоопкерчиликке алып келет.";
- 80-пункттагы ", жер астындагы сууларды алуунун" деген сөздөр алып салынсын;
- расмий тилдеги текстинин 83-пунктундагы "не" деген сөз "на" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 27-пунктунда:
он экинчи абзацы "(жер казынасын пайдалануу укугуна салыктын)" деген сөздөрдөн кийин "жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакети үчүн баанын" деген сөздөр менен толукталсын;
"7 пайызы - Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке жана 1 пайызы - комиссиянын иш органынын атайын эсебине" деген сандар жана сөздөр "3 пайызы - Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке жана 5 пайызы - комиссиянын иш органынын атайын эсебине" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 2-пунктунда:
төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"аффилиацияланган жак - бул жак тарабынан, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн натыйжасында кабыл алынган чечимди тике же кыйыр түрдө аныктоого же аларга таасир этүүгө укугу бар ар кандай жеке адам же юридикалык жак (берилген ыйгарым укуктарынын алкагында анын ишине контролдукту жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарды кошпогондо), ошондой эле ага карата бул аффилирленген жак белгиленген укуктарга ээ болгон ар кандай жеке адам же юридикалык жак. Юридикалык жактын аффилиацияланган жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) дагы таанылат;";
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"кепилдик төгүм - аукционго коюлган жер казынасынын объектиси үчүн бонустун суммасынан он эсеге ашык акча каражаттарынын суммасы, бирок аукциондун катышуучусунун жер казынасын пайдалануу укугун алуу ниетин камсыздаган жүз миң АКШ долларынан көп эмес жана бир миң АКШ долларынан аз эмес;";
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"аукционго катышуу үчүн жыйым - аукционго коюлган жер казынасынын объектиси үчүн бонустун суммасынын бир пайызын түзгөн акча каражаттарынын суммасы, бирок аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө кеткен чыгымдарды төлөө үчүн арналган жүз эсептик көрсөткүчтөн аз эмес;";
сегизинчи абзацы "бонусту (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) камтыган" деген сөздөрдөн кийин "жана бул жер казынасынын объектиси үчүн кепилдик төгүмдүн суммасына барабар болгон" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 11-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- объекттин аталышы, жайгашкан жери, ошондой эле пайдалуу казындынын түрү жана жер казынасын пайдалануунун түрү;";
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 12-пунктунда "бир жумушчу күндөн" деген сөздөр "үч жумушчу күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Чет өлкөлүк юридикалык жак мамлекеттик реестрден белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген көчүрмө бөлүктү же өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамы боюнча аракеттеги юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документти кошумча берет.";
- 24-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- аймагында жер казынасын пайдалануу объектиси жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынан.";
- 25-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- соттолгондугу жоюлбагандар.";
- 37-пункту төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) арыз ээси (же анын өкүлү) аффилиацияланган жак же башка арыз ээлерине (же алардын өкүлдөрүнө) карата жакын тууганы болуп саналат";
- төмөнкү мазмундагы 37-1-пункт менен толукталсын:
"37-1. Ушул Жобонун 37-пункту менен каралган баш тартуу үчүн негиздер арыз ээсин аукционго катышууга жол берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жана аукцион башталганга чейин аныкталган учурда, аукциондук комиссия тарабынан арыздарды кароонун протоколуна тиешелүү толуктоолорду киргизүү менен бул арыз ээсинин катышуусуна жол берүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынат.";
- 46-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"46. Жер казынасынын объекттерин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүү аукционду уюштурууга келишимдик негизде тартылган аукциончуга же аукционду уюштуруучу кызматкерлердин бирине тапшырылат.";
- 65-пунктунда:
"(жер казынасын пайдалануу укугуна салык)" деген сөздөрдөн кийин "жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакети үчүн баанын" деген сөздөр менен толукталсын;
"1 пайызы - аукционду уюштуруучунун атайын эсебине жана 7 пайызы Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке" деген сандар жана сөздөр "5 пайызы - Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке жана 3 пайызы - комиссиянын иш органынын атайын эсебине" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 15-пунктунда:
экинчи абзацындагы "30" деген цифра "45" деген цифрага алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Лицензиялык аянттарга кирген айылдык аймактардын так чектерин жана аянттарын аныктаган маалымкаттар жер казынасын пайдалануучулардын арыздары боюнча 30 календардык күндүн ичинде белгиленген акыга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы тарабынан берилет";
- 18-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2.( КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж. Оторбаев |