Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-майы № 344
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|
1-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-жыл, № 6, 273-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Менчигинин түрүнө карабастан коомдук кызыкчылыктары бар субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчетту түзүүнүн бирдиктүү методологиялык негизи Финансылык отчеттун эл аралык стандарты (мындан ары - ФОЭС) болуп саналат, аны ФОЭС боюнча Комитеттин фонду (Лондон шаары) кабыл алган.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн коомдук кызыкчылыктары бар субъекттер деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- эмитенттер, анын баалуу кагаздары фондулук биржалардын листингине киргизилсе;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуучу банктар же башка финансылык-насыялык мекемелер:
- инвестициялык фонддор, камсыздандыруу компаниялары, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;
- кен казуу иштерин жүргүзгөн компаниялар.
Эгерде бул беренеде башкача каралбаса, анда менчигинин түрүнө карабастан коомдук кызыкчылыктары бар субъекттерден башка субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу финансылык отчетту түзүүнүн бирдиктүү методологиялык негизи ФОЭС боюнча Комитетинин фонду (Лондон шаары) кабыл алган кичи жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттун эл аралык стандарты (мындан ары - КОИ үчүн ФОЭС) болуп саналат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-3-пункт менен толукталсын:
"2.2. Кичи ишкердиктин субъекттери бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү жана финансылык отчетту түзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелерге ылайык иш жүзүнө ашырат.
Кичи ишкердиктин субъекттери эсеп саясатын бекиткен өздөрүнүн жетекчи органдарынын чечими боюнча финансылык отчетту ФОЭСке же КОИ үчүн ФОЭСке ылайык түзүүгө укуктуу.
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ушундай деп аныкталган субъекттер кичи ишкердиктин субъекттери деп түшүнүлөт.".
2. 3-берененин 2-пунктундагы үчүнчү абзац 6-берененин 3-пунктунун үчүнчү жана сегизинчи абзацтары жана 10-берененин 3-пункту "ФОЭС" деген аббревиатурадан кийин ", КОИ үчүн ФОЭС" деген сөздөр жана аббревиатуралар менен толукталсын.
3. 4-берененин 1-пунктундагы ", ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр алып салынсын.
4. 6-берененин 2-пунктунун экинчи абзацындагы "ФОЭС" боюнча комитет" деген сөздөр "ФОЭС боюнча Комитеттин фондусу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 10-беренеде:
- 1-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Субъекттер финансылык отчетту бул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык түзүүгө милдеттүү.";
- 2-пункттагы "эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте ратификацияланган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
1. Мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери:
"Кыргыз Республикасындагы ишкердиктин субъекттеринин, коммерциялык эмес уюмдардын бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүшүнүн маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 токтому менен бекитилген "Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчетту түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн түрү боюнча методикалык көрсөтмөнүн аракетин токтотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 427 токтомун иш жүзүнө ашыруу максатын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык келтирүү, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу бизнес чөйрөнү түзүү, финансылык маалыматтардын сапатын жакшыртуу, финансылык маалыматтардын коомдук кызыкчылыктары бар субъекттерге жеткиликтүүлүгүн жана тунуктуктун жогорулатууну көздөп "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.
Белгилүү болгондой, КРнын президентинин Жарлыгынын 2000-жылы 3-апрелде кабыл алынышы бул жааттагы алгачкы кадам болуп калды. Анда ФОЭСка ылайыкташкан ата мекендик бухгалтердик эсепти өнүктүрүүнүн эң алгачкы стратегиясы аныкталган. Андан кийин менчигинин түрүнө карабастан баардык субъекттер үчүн (бюджеттик мекемелер менен жеке ишкерлердин башкасына) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчетту түзүүнүн бирдиктүү методологиялык негизи, ФОЭС (Финансылык отчеттун эл аралык стандарты) боюнча комитет (Лондон шаарындагы) иштеп чыгып жаткан Финансылык отчеттун эл аралык стандарты (мындан ары - ФОЭС) болуп санаалары 2001-жылы мыйзам тарабынан белгиленди. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-сентябрындагы № 593 токтомунда ушул ченем чагылдырылып көрсөтүлдү, буларда Кыргыз Республикасындагы финансылык отчеттун стандарттары катары ФОЭС бекитилди, ошондой эле юридикалык жактардын ФОЭСка өтүшүнүн графиги да бекитилди.
Ушуну менен бирге ушул Мыйзам жана Токтом күчүнө кирген учурдан тартып аларды колдонуунун тажрыйбаларын талдоолор ФОЭСты өздөштүрүү менен байланышкан бир катар проблемалардын бар экендигин көрсөттү. Алар төмөнкүлөр болуп саналат:
- өтүү графигине ылайык ФОЭСка өтүүнүн шарттарын ишканалардын жетекчилеринин камсыз кылбай жатышы, анткени алар ишкананы натыйжалуу башкаруу үчүн керектүү финансылык курал катары ФОЭСты пайдалануу керек экендигин көрө албай жатышат;
- ФОЭСка эсептерди өткөрүүгө каражаттар жетишсиз. Эсептин шарттарын өзгөртүү кыйла чыгымдарды талап кылат, бирок көпчүлүк чарба жүргүзүүчү субъекттер ФОЭС боюнча адистерди даярдоого, ченемдик укуктук жана методологиялык материалдарды сатып алууга өздөрүнүн финансылык булактарынан каражаттарды бөлбөй жатышат;
- ФОЭСты ишкердиктин кичи жана орто субъекттери үчүн колдонуунун татаалдыгы, анткени өзүнүн бир бүтүндүүлүгүнүн касиетинен жана методологиясынын татаалдыгынан улам ушул категориялар үчүн ФОЭСты колдонуу эч мүмкүн эмес.
- мыйзам жоболорунун финансылык отчет процесстери бөлүгүн аткарууну камсыз кылуучу натыйжалуу механизм жок, ошондой эле ишканалардын ФОЭСка ылайык финансылык отчетторду берүүсү боюнча так жана тунук маалыматтар да жок;
- ФОЭС боюнча иш тажрыйбалары бар бухгалтерлердин "сынчыл тобу" өлкөбүздө жок;
- бухгалтердик отчеттордун сапатын көзөмөлдөөчү система жок;
- пайдалануучулардын ар кандай категориялары үчүн, анын ичинде кеңири калайык калк үчүн финансылык отчеттор жеткиликсиз болууда.
Азыркы түзүлгөн кырдаал бухгалтердик эсептин улуттук системасын реформа кылууга жолтоо болгон, жогоруда аталган тоскоолдуктарды жоюуну талап кылып жатат. Тоскоолдуктарды жоюу үчүн ушул мыйзам долбоорунда аныкталган төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу керек:
Бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө, финансылык отчетту түзүүгө жана аны ачып берүүнүн тартибине коюлуучу талаптарды чектөө: коомдук кызыкчылыктары бар субъекттер үчүн аны жогорулатуу жана кичи жана орто бизнес үчүн аны жөнөкөйлөтүү.
Азыркы учурда "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамынын бир катар ченемдерин, тактап айтканда кичи жана орто бизнестин субъекттеринин финансылык отчетторунун жол-жоболору менен түрлөрүн жөнөкөйлөтүүнү учурдун талабына ылайык келтирүү керек болуп жатат.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамынын 1-статьясынын 2-пунктунда менчигинин түрүнө карабастан бардык субьекттер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчетту түзүүнүн бирдиктүү методологиялык негизи ФОЭС (Финансылык отчеттун эл аралык стандарты) боюнча комитет (Лондон шаарындагы) иштеп чыгып жаткан Финансылык отчеттун эл аралык стандарты (мындан ары - ФОЭС) болуп санаалары каралган.
ФОЭСты Кыргызстанга киргизүүнүн зарылдыгы бар, анткени ФОЭСты киргизилсе өнүгүүнүн жаны деңгээлине кыргыз экономикасынын өтүшүнө жол ачылат, анткени ФОЭС жагымдуу инвестициялык климатты, финансылык отчеттун тунуктугун, финансылык абалдын жана компаниялардын ишинин жыйынтыктарынын ачыктыгын, аныктыгын башка баалуулуктардын катарына кошот. Чет элдик рынокторго чыгуу, инвестицияларды тартуу үчүн ири бизнеске, уюштуруучулук укуктук, менчик түрүнө карабастан, ФОЭС чынында керек. ФОЭС боюнча комитет эсептегендей ФОЭСка өтүү кымбатка турган канааттануу болуп саналат жана баардык эле уюмдардын "чөнтөгү ага жете бербейт". Мындан тышкары, кичи жана орто ишканалардын финансылык отчетторунун маалыматтарын пайдалануучу чөйрө, алардын мазмунуна коюлган талаптар ар түрдүү болгон сымал, ири ишканалардыкына караганда башкача. Ушуга байланыштуу "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" аракеттеги мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө коюлуучу талаптарды, финансылык отчетту түзүүнүн жана ачып берүүнүн тартибин чектөө: коомдук кызыкчылыктары бар субъекттер үчүн аны жогорулатуу жана кичи жана орто бизнес үчүн аны жөнөкөйлөтүү максат ченемдүү болуп саналат.
Кичи ишканалардын бухгалтердик отчетту түзүшүнүн жана беришинин жөнөкөйлөтүлгөн тартиби "Кичи ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясында белгиленген.
Ошондой эле уюштуруучулук жана экономикалык жагымдуу шарттарды түзүп берүү жолу менен мамлекеттик органдардын ишкердикке колдоо көрсөтөөрү "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясында каралган. Ошол колдоонун ичинде бухгалтердик отчетту берүүнүн тартибин жөнөкөйлөтүү жагы да бар.
Кичи жана орто ишканалардын финансылык отчеттордун түзүшүнүн жана беришинин жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн ушул мыйзам долбоору менен "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына өзгөртүү киргизүү жагы сунуш кылынды. Анда Менчигинин түрүнө карабастан ишкердиктин ири жана орто субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ФОЭС (Финансылык отчеттун эл аралык стандарты) боюнча комитеттин фонду (Лондон шаарындагы) кабыл алган Финансылык отчеттун эл аралык стандарты ишкердиктин кичи жана орто субъекттери үчүн да (мындан ары - КОИ үчүн ФОЭС) финансылык отчетту түзүүдө бирдиктүү методологиялык негиз болуп саналат. Ал эми ишкердиктин кичи субъекттери үчүн бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчетту түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн эрежелери каралат.
Ишкердиктин субъекттеринин чектелгендигине байланыштуу менчигинин түрүнө карабастан кичи жана орто ишкердиктин (КОИ) субъекттери үчүн, коомдук кызыкчылыктары бар субъекттерден башка субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу финансылык отчетту түзүүнүн бирдиктүү методологиялык негизи ФОЭС (Финансылык отчеттун эл аралык стандарты) боюнча комитеттин фонду (Лондон шаарындагы) кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган Финансылык отчеттун эл аралык стандарты (мындан ары - ФОЭС) болуп саналат - деген ченем 1-статьяга киргизилди.
Мында "коомдук кызыкчылыктары бар субъекттер" - деген түшүнүк киргизилди, аны менен коом үчүн олуттуу мааниге ээ болгон ишкердик субъекттеринин тизмеси аныкталды.
Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчет маселелерин караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, финансылык отчеттун жалпыга жеткиликтүүлүгүн жана тунуктугун, сапатын жогорулатуу ушул мыйзам долбоорунун максаты болуп саналат.
Ушул Мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышы бизнес үчүн жагымдуу, ыңгайлуу шарт-жагдайларды түзөт, кызмат көрсөтүүнү жакшыртат деп эсептейбиз. Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун жыйынтыктары төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- ишкердиктин кичи жана орто субъекттери үчүн ыңгайлуу бизнес-чөйрөнү түзүп берүүнү;
- бухгалтердик эсеп жана финансылык отчет жаатындагы жөнөкөйлөтүлгөн, эл аралык стандарттарга ылайык келген ченемдик укуктук база ишкердиктин кичи жана орто субъекттери үчүн түзүлүп жаткандыгына байланыштуу ФОЭСты киргизүүгө жана өздөштүрүүгө жумшалуучу убакыттарды жана акча чыгымдарын азайтууну;
- коомдук кызыкчылыктары бар субъекттердин финансылык отчетторунун сапаттарын жана тунуктугун жогорулатууну;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык рынокту тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (мындан ары - мамфинкөзөмөл) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына ылайык өзүнүн № 19-1/1361 каты менен "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырууга жөнөтүлгөн.
Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши керек. "Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 681 Токтомуна ылайык, азыркы учурда, бул мыйзам долбоорун тиешелүү документтердин пакети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна өткөрүлүп берилди.
Мыйзамдын долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды бөлүү талап кылынбайт.
Төрага | Ю.Тойчубеков
|
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Аракеттеги редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1-берененин 2-пункту: │1-берененин 2-пунктун төмөнкү │
│Кыргыз Республикасынын аймагында │редакцияда баяндалсын: │
│менчигинин түрүнө карабастан │"2. Менчигинин түрүнө карабастан │
│бардык субъекттер үчүн (бюджеттик │коомдук кызыкчылыктары бар │
│мекемелер жана жеке ишкерлерден │субъекттер үчүн Кыргыз │
│башка) колдонулуучу бухгалтердик │Республикасынын аймагында │
│эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык│колдонулуучу бухгалтердик эсепти │
│отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү │жүргүзүүнүн жана финансылык │
│усулдук негизи финансылык │отчетту түзүүнүн бирдиктүү │
│отчеттуулуктун эл аралык │методологиялык негизи Финансылык │
│стандарттары (мындан ары - ФОЭС) │отчеттун эл аралык стандарты │
│боюнча Комитет (Лондон шаары) │(мындан ары - ФОЭС) болуп саналат,│
│тарабынан иштелип чыгуучу ФОЭС │аны ФОЭС боюнча Комитеттин фонду │
│болуп саналат. │(Лондон шаары) кабыл алган. │
│ │Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн │
│ │коомдук кызыкчылыктары бар │
│ │субъекттер деп төмөнкүлөр │
│ │түшүнүлөт: │
│ │- эмитенттер, анын баалуу │
│ │кагаздары фондулук биржалардын │
│ │листингине киргизилсе; │
│ │- Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│ │банкынан лицензия алуучу банктар │
│ │же башка финансылык-насыялык │
│ │мекемелер; │
│ │- инвестициялык фонддор, │
│ │камсыздандыруу компаниялары, │
│ │мамлекеттик эмес пенсиялык │
│ │фонддор; │
│ │- кен казуу иштерин жүргүзгөн │
│ │компаниялар. │
│ │Эгерде бул беренеде башкача │
│ │каралбаса, анда менчигинин түрүнө │
│ │карабастан коомдук кызыкчылыктары │
│ │бар субъекттерден башка субъекттер│
│ │үчүн Кыргыз Республикасынын │
│ │аймагында колдонулуучу финансылык │
│ │отчетту түзүүнүн бирдиктүү │
│ │методологиялык негизи ФОЭС боюнча │
│ │Комитеттин фонду (Лондон шаары) │
│ │кабыл алган кичи жана орто │
│ │ишкердиктин субъекттери үчүн │
│ │финансылык отчеттун эл аралык │
│ │стандарты (мындан ары - КОИ үчүн │
│ │ФОЭС) болуп саналат"; │
│ │- төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-пункт │
│ │менен толукталсын: │
│ │"2.2. Кичи ишкердиктин субъекттери│
│ │бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү │
│ │жана финансылык отчетту түзүүнү │
│ │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│ │белгилеген жөнөкөйлөштүрүлгөн │
│ │эрежелерге ылайык иш жүзүнө │
│ │ашырат. │
│ │Кичи ишкердиктин субъекттери │
│ │эсеп саясатын бекиткен өздөрүнүн │
│ │жетекчи органдарынын чечими боюнча│
│ │финансылык отчетту ФОЭСке же КОИ │
│ │үчүн ФОЭСке ылайык түзүүгө │
│ │укуктуу. │
│ │Бул Мыйзамдын максаттары үчүн │
│ │Кыргыз Республикасынын салык │
│ │мыйзамдарына ылайык ушундай деп │
│ │аныкталган субъекттер кичи │
│ │ишкердиктин субъекттери деп │
│ │түшүнүлөт". │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│3-берененин 2-пункту: │3-берененин 2-пунктундагы үчүнчү │
│Бухгалтердик эсеп тутумунда │абзац, "ФОЭС" деген │
│маалыматтарды чагылдырууда жана │аббревиатурадан кийин, ["КОИ үчүн │
│финансылык отчеттуулукту түзүүдө: │ФОЭС"] деген сөздөр жана │
│үзгүлтүксүздүк, түшүнүктүүлүк, │аббревиатуралар менен толукталсын.│
│жөндүүлүк, маанилүүлүк, │ │
│ишенимдүүлүк, толуктук, │ │
│бейтараптык, формасына карата │ │
│маанисинин артыкчылыгы, этияттык │ │
│салыштырмалуулук, туура берүүчүлүк│ │
│негизги принциптери колдонулат. │ │
│Саналып өткөн принциптер [ФОЭСте] │ │
│чагылдырылат жана стандарттардын │ │
│жалпы жоболорун түшүндүрүү үчүн │ │
│колдонулууга тийиш болгон айкын │ │
│принциптер пайдаланылууга тийиш. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│4-берененин 1-пункту: │4-берененин 1-пунктундагы │
│Бухгалтердик эсеп жөнүндө │"ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│Кыргыз Республикасынын мыйзамдары │органдын ченемдик укуктук актылар"│
│субъекттерде бухгалтердик эсепти │деген сөздөр алынып салынсын. │
│жүргүзүүнүн бирдиктүү укуктук жана│ │
│усулдук негиздеринин тартибин │ │
│белгилөөчү ушул Мыйзамдан, │ │
│Кыргыз Республикасынын │ │
│Президентинин Указдарынан, │ │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │ │
│токтомдорунан, [ыйгарым укуктуу │ │
│органдын ченемдик актыларынан] │ │
│жана башка конкреттүү обьекттерге │ │
│карата колдонулуучу бухгалтердик │ │
│эсептин жана финансылык │ │
│отчеттуулуктун толук жана туура │ │
│маалыматты түзүүнүн эрежесин │ │
│аныктоочу башка ченемдик укуктук │ │
│актылардан турат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-берененин 2-пункту: │6-берененин 2-пунктунун экинчи │
│2. Ыйгарым укуктуу орган: │абзацындагы │
│- [ФОЭС боюнча Комитет] тарабынан │["ФОЭС боюнча комитет"] │
│жаңыдан кабыл алынган финансылык │деген сөздөр ["ФОЭС боюнча │
│отчеттуулуктун стандарттарын жана │Комитеттин фондусу"] деген │
│аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү │сөздөргө алмаштырылсын. │
│таратуу үчүн шартты камсыз кылат; │6-берененин 2-пунктунун үчүнчү │
│- ишке тиешеси бар уюмдар менен │жана сегизинчи абзацтары "ФОЭС" │
│биргелешип [ФОЭСти] пайдалануу │деген аббревиатурадан кийин, │
│боюнча усулдук сунуштарды иштеп │["КОИ үчүн ФОЭС"] деген сөздөр │
│чыгат; │жана аббревиатуралар менен │
│- бухгалтердик эсепти уюштурууну │толукталсын. │
│жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу │ │
│ченемдик укуктук актыларды иштеп │ │
│чыгат жана бекитет; │ │
│- [ФОЭСке] ылайык бухгалтердик │ │
│эсеп жана финансылык отчеттуулук │ │
│жаатында билим берүү │ │
│программаларын иштеп чыгууга │ │
│көмөктөшөт; │ │
│- ченемдик укуктук актылардын │ │
│мамлекеттик реестрин алып барат, │ │
│ошондой эле ыйгарым укуктуу орган │ │
│жана Кыргыз Республикасынын башка │ │
│мамлекеттик органдары тарабынан │ │
│кабыл алынган усулдук │ │
│көрсөтмөлөрдү колдонуу боюнча иш │ │
│жүргүзөт; │ │
│- бухгалтердик эсепти жөнгө салуу │ │
│маселелеринде тиешелүү мамлекеттик│ │
│органдарынын ишин координациялоону│ │
│жүзөгө ашырат; │ │
│- Кыргыз Республикасынын │ │
│мамлекеттик органдарынын │ │
│бухгалтердик эсеп жана финансылык │ │
│отчеттуулук боюнча ченемдик │ │
│актыларынын [ФОЭСке] жана Кыргыз │ │
│Республикасынын мыйзамдарына │ │
│ылайык келүүсүнө контролдукту │ │
│жүзөгө ашырат; │ │
│- бухгалтердик эсеп тутумун │ │
│өркүндөтүү максатында кесиптик │ │
│коомдук уюмдар менен │ │
│кызматташтыкты жүзөгө ашырат жана │ │
│аны өркүндөтүү боюнча │ │
│консультацияларды дайыма өткөрүп │ │
│турат; │ │
│- ушул Мыйзам жана Кыргыз │ │
│Республикасынын башка ченемдик │ │
│укуктук актылары менен белгиленген│ │
│башка ыйгарым укуктарды жүзөгө │ │
│ашырат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│10-беренеде: │10-беренеде: │
│1. Финансылык отчеттуулук - │1-пункттун экинчи сүйлөмү │
│субъекттин финансылык абалы, │төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: │
│ишинин натыйжалары жана финансылык│"Субъекттер финансылык отчетту бул│
│абалындагы өзгөрүү жөнүндө │Мыйзамдын 1-беренесинде │
│маалымат берүү. Субъекттер ФОЭСтин│көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык │
│талаптарына ылайык финансылык │түзүүгө милдеттүү"; │
│отчет түзүшү керек. │2-пункттагы "эл аралык │
│2. Эгерде белгиленген тартипте │келишимдерде белгиленген тартипте │
│[ратификацияланган] Эл аралык │ратификацияланган" деген сөздөр │
│келишимдерде башкача каралбаса, │"Кыргыз Республикасы катышкан, │
│анда финансылык отчеттуулуктун │мыйзамда белгиленген тартипте │
│көрсөткүчтөрү улуттук валюта менен│күчүнө кирген │
│түзүлүүгө тийиш. │[эл аралык келишимдер │
│3. [ФОЭСте] каралган учурларда │менен"] деген сөздөргө │
│субъекттер топтомо (бириктирилген)│алмаштырылсын. │
│финансылык отчет түзүүгө │3-пункту "ФОЭС" деген │
│милдеттүү. │аббревиатурадан кийин, │
│ │["КОИ үчүн ФОЭС"] деген сөздөр │
│ │жана аббревиатуралар менен │
│ │толукталсын. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Төрага | Ю. Тойчубеков |