Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 347
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий Өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|
| Долбоор |
1-берене.
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- 25-берене төмөнкү мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Дене тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларына төмөнкүдөй кошумча акы белгиленет: 5 жылдык педагогдук иш стажы үчүн кызматтык маянанын он пайызынан аз эмес, 10 жыл үчүн - жыйырма пайызынан аз эмес, 15 жана андан да көп жыл үчүн - отуз пайызынан аз эмес өлчөмдө".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
"Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору дене тарбия жана спорт мекемелердин машыктыруучу-окутуучуларынын социалдык коргоосунун деңгээлин жогорулатуу, дене тарбия жана спорт тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын оптималдаштыруу максаттарында иштелип чыгарылды.
Мыйзамдын долбоору дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине педагогикалык стажы үчүн кошумча төлөмдөрүн белгилөөсүн карайт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык кошумча төлөмдөрдүн бул түрү машыктыруучу-окутуучулардын эмгек акысына кошулуп келгенине байланыштуу, Мыйзамды кабыл алуу кошумча финансы чыгымдарын талап кылбоорун белгилей кетишибиз зарыл.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-августундагы № 518 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ДЮСШ жана СДЮШОР юридикалык жак болуп саналып, мектептен сырткары мекемелер статуска ээ болушкан жана билим берүү тутумуна киришкен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ДЮСШ, СДЮШОР, РСДЮШОР РСДЮШОР, СДЮШОР, ДЮСШ юридикалык жак болуп саналат жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме статусуна ээ. Бирок, Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы машыктыруучу-окутуучулар педагог болуп саналышат жана педагогдук ишти уюштуруунун методдору менен формаларын эркин тандап алууга укуктуу, башкача айтканда билим берүү ишин жүргүзүшөт деп белгилейт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, колдонуудагы мыйзамдардагы карама-каршылыктарын четтетүү максатында Мамагенттик педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөрүн белгилөөсүн караган мыйзамдын долбоорун макулдашууга киргизет.
Аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдын долбоору белгиленген тартипте 2012-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылып коомдук талкууга коюлган, бирок сунуштар жана сын-пикирлер келген эмес.
Мыйзамдын долбоору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде экспертизадан өткөн. Мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилген ченем укук актыларынын укук, укук коргоо, коррупцияга каршы жана гендер экспертизалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин функцияларына кирет. Бул мыйзамдын долбооруна экологиялык экспертизасын жүргүзүү талап кылынбайт.
Директор | Б. Кенжебаев |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│25-статья. Дене тарбия жана спорт │25-статья. Дене тарбия жана спорт │
│ жагынан кесиптик │ жагынан кесиптик │
│ педагогикалык ишмердик │ педагогикалык ишмердик │
│ │ │
│Дене тарбия жана спорт жагынан │Дене тарбия жана спорт жагынан │
│кесиптик педагогикалык ишмердик │кесиптик педагогикалык ишмердик │
│жүргүзүүгө дене тарбия жана спорт │жүргүзүүгө дене тарбия жана спорт │
│окуу жайы тарабынан белгиленген │окуу жайы тарабынан белгиленген │
│тартипте берилген "Дене тарбия │тартипте берилген "Дене тарбия │
│жана спорт" адистиги боюнча │жана спорт" адистиги боюнча │
│кесиптик билим берүү жөнүндө │кесиптик билим берүү жөнүндө │
│белгиленген үлгүдөгү документи │белгиленген үлгүдөгү документи │
│бар адамдарга жол берилет. │бар адамдарга жол берилет. │
│"Кыргыз Республикасынын спорт │"Кыргыз Республикасынын спорт │
│чебери" же "Кыргыз Республикасынын│чебери" же "Кыргыз Республикасынын│
│эл аралык класстагы спорт чебери" │эл аралык класстагы спорт чебери" │
│спорттук наамы бар адамдар дене │спорттук наамы бар адамдар дене │
│тарбия жана спорт мекемелеринде │тарбия жана спорт мекемелеринде │
│жана уюмдарында окуу-машыгуу │жана уюмдарында окуу-машыгуу │
│иштерин жүргүзүүгө укуктуу. │иштерин жүргүзүүгө укуктуу. │
│Педагогикалык машыктыруу ишин │Педагогикалык машыктыруу ишин │
│жүргүзүү укугунан ажыратуу │жүргүзүү укугунан ажыратуу │
│мыйзамда белгиленген тартипте │мыйзамда белгиленген тартипте │
│жүргүзүлөт. │жүргүзүлөт. │
│ │Дене тарбия жана спорт │
│ │мекемелеринин │
│ │машыктыруучу-окутуучуларга │
│ │төмөндөгүдөй кошумча акы │
│ │белгиленет: 5 жылдык педагогдук │
│ │иш стажы үчүн - кызматтык маянанын│
│ │он пайызынан аз эмес, 10 жыл үчүн │
│ │- жыйырма пайызынан аз эмес, │
│ │15 жана андан да көп жыл үчүн │
│ │- отуз пайызынан аз эмес │
│ │өлчөмүндө. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘