Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 токтому менен бекитилген |
Фармацевттик уюмдардан дары-дармек каражаттарын берүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Белгиленген тартипте дарыгердин рецептисиз фармацевттик уюмдардан берүүгө уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмегинде аталгандарды кошпогондо бардык дары-дармек каражаттары ушул токтом менен бекитилген үлгүдөгү рецепт боюнча гана берилиши керек.
Дары-дармек каражаттарын дарыгердин рецепти жана дарыгердин рецептисиз берүүнү фармацевттик ишке лицензиясы бар фармацевттик уюмдар жүргүзөт.
2. Эгерде экстемпоралдуу даярдала турган рецептте баңги каражаттары, психотроптук, уулуу жана таасири күчтүү заттар башка ингредиенттер менен аралаштырып жазылса, аларды даярдалган дары-дармектердин курамынан тышкары берүүгө тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин 2-тиркемесинде аталган дары-дармек каражаттарын дарыгер бир жолку кабыл алуудан ашкан дозада, тиешелүү түрдө рецептти тариздебей туруп жазып берсе дары-дармек каражаты дарыканадан бир жолку эң жогорку дозасынын жарымы өлчөмүндө гана берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды кармаган дары-дармек каражаттары баңги каражаттар жана психотроптук заттар менен иштегенге укугу бар дарыканалардан гана берилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Дарыкана мекемелерине ветеринариялык дарылоо уюмдарынын рецепти боюнча дары-дармек каражатын, анын ичинде баңги каражаттарын, психотроптук, таасири күчтүү, уулуу заттарды кармаган дары-дармек каражатын берүүгө тыюу салынат.
6. Баңги каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарына рецепттер 14 күндүн ичинде жарактуу. Психотроптук дары-дармек каражаттарына рецепттер, ошондой эле ушул токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин 14-пунктунда саналгандар рецепт жазылган күндөн тартып 14 күндүн ичинде, калган бардык рецепттер жогоруда аталган Эрежелердин 18-пунктуна ылайык 2 айдын ичинде жана 1 жылга чейин жарактуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин 14-пунктунда аталган дары-дармек каражаттарын дарыканадан берүү Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин 15-17-пункттарында белгиленген бир рецептке чек коюлган жол берилүүчү нормадан ашпаган өлчөмдө жүргүзүлөт.
Калган дары-дармек каражаттары дарыканадан рецептте көрсөтүлгөн өлчөмдө берилет, керектүү учурда дарыкана жасаган таңгакта дары-дармек каражатынын аталышын, дозасын, сериясын жана кайсы мөөнөткө жарактуулугун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен заводдун түп нускадагы таңгагын бузууга уруксат берилет.
Эскертүү: флакондордо 3 граммдан болгон марганцовка-кычкыл калийди (калий перманганатын) 3 флакондон ашык эмес өлчөмдө рецептсиз берүүгө уруксат берилет.
Дарыканада болгон дары-дармек каражатынын дозасы дарыгер жазган рецепттин дозасынан айырмаланган учурда, фармацевт бейтапка болгон дары-дармек каражатын курстук дозага кайра эсептөө менен берүү чечимин кабыл алышы мүмкүн. Бул учурда бейтапка дары-дармек каражатын кабыл алуунун бир жолку дозанын өзгөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат берилет.
8. Этил спиртин берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
9. Курамында баңги каражаттары, психотроптук заттар бар экстемпоралдуу даярдалган дары-дармек каражаттарын берүүдө бейтапка рецепттин ордуна сигнатура берилет, анын үстүңкү бөлүгүндөгү сары тилкеде кара шрифт менен "Сигнатура" деп жазылат (ушул Эрежелерге 1-тиркеме).
Дарыканадан жасалган даяр дары-дармек каражаттарын бергенде пайдалануу ыкмасы (зарыл учурда) этикеткасында көрсөтүлөт.
Баңги каражаттары, психотроптук, таасири күчтүү, уулуу заттары бар экстемпоралдуу дары-дармек каражаттарын даярдоодо дарыгердин рецепти жана саламаттыкты сактоо уюмунун талабы боюнча дарыкананын фармацевти рецепттин же берүү талабынын арткы бетине, ал эми дарыкананын фармацевтинин жардамчысы баңги каражаттарынын, психотроптук, таасири күчтүү жана уулуу заттардын талап кылынган өлчөмүн алгандыгы тууралуу кол коюуга милдеттүү.
10. Узак мөөнөткө жазылган рецепт боюнча дары-дармек каражаттарын бергенде рецепт арткы бетине берилген дары-дармек каражатынын өлчөмү жана берилген күнү көрсөтүлүп бейтапка кайтарылып берилет. Дарыканага бейтап кайтадан кайрылганда дары-дармек каражатын мурда алгандыгы тууралуу жазылгандар эсепке алынат. Мөөнөтү бүткөндө рецептке "Рецепт жараксыз" деген штамп коюлуп жарактан чыгарылат.
11. Өзгөчө учурларда (бейтап шаардан алыс кеткенде, дарыканага такай кайрылып турууга мүмкүн болбогондо) дарыкана кызматкерлерине Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин 18-пунктуна ылайык 2 айдын ичинде дарылануу үчүн зарыл өлчөмдө узак мөөнөттөгү рецепт боюнча дарыгер дайындаган дары-дармек каражаттарын бир мезгилде берүүгө уруксат берилет.
12. Атайын рецепттик бланкта, анын арткы жагына берилген күнүн жана берген адамдын колу коюлуп жазылган бардык рецепттер дарыканада калтырылат. Ушул токтом менен бекитилген, саламаттык сактоо уюмдарында жана фармацевттик уюмдарда предметтик-сан жагынан эсепке алынуучу дары-дармек каражаттарынын тизмесине ылайык предметтик-сан жагынан эсепке алынуучу психотроптук заттарды камтыган дары-дармек каражаттарына рецепттер да дарыканада калтырылат.
Предметтик-сан жагынан эсепке алынбоочу, психотроптук заттарды камтыган дары-дармек каражаттарына рецепттер берилгенден кийин "Рецепт жараксыз" деген штамп коюлуп, бейтапка берилет. Дары-дармек каражатын кайрадан алуу үчүн бейтап дарыгерге жаңы рецепт алууга кайрадан кайрылышы зарыл.
Баңги каражаттарына берилип, колдонулган атайын рецепттик бланкалар тигилип, мөөр басып чапталып, айлар жана жылдар боюнча көктөлүп тигилген түрдө, берилген учурдан тартып үч жыл сейфте сакталышы керек. Предметтик-сан жагынан эсепке алынуучу, психотроптук, уулуу, таасири күчтүү заттары бар дары-дармек каражаттарына жазылган рецепттерди жана талаптарды бир жыл кулпу менен бекитилген шкафта сактоого жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомунун редакциясына ылайык)
12-1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Ушул токтом менен аныкталган сактоо мөөнөтү бүткөн рецепттер, аларды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогондой өрттөлүп жок кылынат. Рецепттерди жок кылууну комиссия жүргүзөт, ал тууралуу акт түзүлөт (ушул Эрежелерге 2-тиркеме). Рецепттерди жок кылуу актына комиссия мүчөлөрү (жок кылууга катышкан) кол коюшат жана фармацевттик уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет. Жок кылуу актылары бир жыл бою сакталат. Комиссиянын курамы фармацевттик уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Дарыканада дарыгер жазып берген дары-дармек каражаты жок болгон учурда, дары-дармек менен камсыздоонун жеңилдиктүү программасынын чегинде сатылуучу жана предметтик сан жагынан эсепке алынуучу дары-дармек каражаттарын кошпогондо, дарыкананын фармацевти пациенттин макулу менен генерикалык алмаштырууну жүргүзө алат.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
|
| Фармацевттик уюмдардан дары-дармек каражаттарын берүү эрежелерине 1-тиркеме |
СИГНАТУРА
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| Туурасы 1 см, өлчөмү 80 x 148 мм болгон сары түстөгү түстүү тилке |
Дарыкананын № (же дарыкананын аталышы)
Рецепт № ___________
Бейтаптын аты-жөнү жана курагы, дареги жана медициналык картасынын номери ________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
Дарыгердин аты-жөнү ___________________________________________________________
Рецепттеги латын тилиндеги жазуунун мазмуну _____________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
Даярдаган: ____________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
Текшерген: ____________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
Берген: _______________________________________________________________________
Күнү ________________ Баасы ___________________________________________________
Сигнатуранын жазуусун кайталоо үчүн дарыгердин жаңы рецепти керек
|
| Фармацевттик уюмдардан дары-дармек каражаттарын берүү эрежелерине 2-тиркеме |
|
| "БЕКИТЕМИН" № _____ дарыкананын башчысы ____________________________ 20__-жылдын "__" ___________ |
____________________________________________________ (бөлүмдөрдүн аталышы) рецепттерин жок кылууга АКТ 20__-жылдын "__" ___________
№ | Рецепттин номери жана аны жазып берген күнү | Рецептте көрсөтүлгөн дары-дармек каражатынын аталышы жана дозасы | Рецептте көрсөтүлгөн дары-дармек каражатынын өлчөмү | Рецептти сактоо мөөнөтү | Рецепттин келген күнү (жылы, айы) | Рецептти жок кылуу күнү (жылы, айы) | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|