Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-июну № 358
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча;
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Экономика министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «ыйгарым укуктуу салык органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
8-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр «Монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пункттун экинчи абзацындагы «квартал сайын» деген сөздөр «ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пункттагы «экономика, соода, туризм жана ишкердик» деген сөздөр «экономика жана инвестициялар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
1.1-пункттагы «жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 2-июлундагы № 330 "Ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын» деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
1.6, 1.7, 3.2.3, 4.3, 8.9, 9.2, 9.4, 12.5, 18.4, 24.5, 30.3-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин;
1.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1.4. Жобо төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн тартибин жана жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнгө салбайт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшүнүн, администрациялык укук бузуулар, аткаруу өндүрүшү жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн алкагында ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүчү органдар;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында чек аралык, бажылык, иммиграциялык, санитардык, карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык контроль жүргүзүүчү органдар;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик транспорт инспекциясы».
2.2.1-пунктунда:
2- жана 4-пунктчалары күчүн жоготту деп эсептелсин;
7-пунктчадагы «текшерүүлөрдүн бекитилген пландары жана программалары, документтердин формалары» деген сөздөр «текшерүүлөрдүн бекитилген пландары жана текшерүү барактары, башка документтердин формалары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2.2.4-пунктта:
1-пунктчасы “кайрадан” деген сөздөн кийин “пландуу” деген сөз менен толукталсын;
2-пунктчасы “мурда башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан” деген сөздөр “мурда башка мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн предмет боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3.2.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«3.2.1. Пландуу текшерүү - текшерилүүчү ишкердик субъектисинин жайгашкан жери, катталган же экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча текшерүү жүргүзүү планына ылайык мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүү.
Пландуу текшерүү ушул Жободо белгиленген тартипте планда пландаштырылган мезгил башталганга чейин 30 календардык күн мурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү кварталдык планга ылайык ишке ашырылат.
Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген критерийлердин негизинде субъектке ыйгарылган тобокелдиктин даражасы менен аныкталат
Ишкердиктин бир субъектисине таандык болгон ар кандай аймактык объекттерди бир жолку текшерүүнүн алкагында изилдөөнүн максатка ылайыктуулугу ишкердик субъектисин мурунку текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн алардын абалын талдоонун негизинде, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдын адам жана башка ресурстарын туура пайдаланууну эске алуу менен ишке ашырылат.
Санитардык-эпидемиологиялык контролдоо органдары ишке ашыруучу санитардык-эпидемиологиялык жогорку тобокелдиктеги жана ветеринариялык көзөмөлдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо органдары ишке ашыруучу тобокелдиктин жогорку даражасындагы объекттерди текшерүү зарылдыгына жараша жүргүзүлөт.
Пландуу текшерүүгө мурунку пландуу текшерүүдө камтылган мезгил аяктаган күндөн тартып ишкердик субъектисинин иштеген мезгили камтылат.
Акыркы текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 3 жыл өткөндөн кийин пландуу текшерүүдө камтылган мезгил үчүн ишкердик субъектисинин ишин текшерүүгө тыюу салынат».
3.2.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3.2.5 Кайталап текшерүү - пландуу текшерүүнүн жыйынтыгына ишкердик субъекттин даттануусунун негизинде мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүү
Кайталап текшерүү ишкердик субъектиси текшерүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогон учурда гана жүргүзүлөт. Текшерилип жаткан ишкердик субъектисинин мамлекеттик контролдоочу органда текшерүүнүн жыйынтыгына даттануусу кайталап текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болот.
Ишкердик субъектисинин даттануусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан 30 күндүн ичинде каралууга тийиш жана жүйөлүү чечим кабыл алынышы керек. Кайталап текшерүү жүргүзүүдө пландуу текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Мурунку текшерүүнүн даттанылган жыйынтыгы гана кайталап текшерилүүгө тийиш.»;
4.5-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
5.1-пункттун 1-пунктчасы «түшүндүрүүлөрдү» деген сөздөн кийин «анын ичинде жазуу жүзүндө дагы» деген сөздөр менен толукталсын;
«текшерүүнүн» деген сөздөн мурда «текшерүү барактарында жазылган» деген сөздөр менен толукталсын;
5.2-пунктунун 7-пунктчасындагы «жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук нускамаларында» деген сөздөр алып салынсын;
5.3-пунктта:
4-пунктчасындагы «текшерүү» деген сөз «экспертиза (талдоо)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктчасы «ченемдик укуктук актыларды» деген сөздөрдөн кийин «, арызды (эгер текшерүү арыздын негизинде демилгеленсе), ошондой эле башка документтерди» деген сөздөр менен толукталсын;
7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«7) жүргүзүлгөн текшерүүнү инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китебине белгилөөгө»;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:
«8-1) купуя маалыматты, ошондой эле жайылып кетиши ишкердик субъекттерине зыян алып келиши мүмкүн болгон, текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматты жайылтпоого.»
5.4-пункттун 1-пунктчасы «каржылоону» деген сөздөн мурда «тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде» деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча;
- 6.1-пунктта:
1-пунктчасы «текшерүү жүргүзүү жөнүндө» деген сөздөрдөн кийин «жазма буйрукту, текшерүү баракчаларын (пландуу текшерүүлөрдө), тизмени» деген сөздөр менен толукталсын;
3 жана 4-пунктчаларда:
«текшерүүчү» деген сөз алып салынсын;
«эгер» деген сөздөн кийин «текшерүү жүргүзүүчү» деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктчада:
«текшерүүчү» деген сөз алып салынсын;
«кызмат адамы» деген сөздөн мурда «текшерүү жүргүзүүчү мамлекеттик контролдоочу органдын» деген сөздөр менен толукталсын;
7.4-пунктунда «ЫУМОнун Нускамасында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7.5-пунктунда:
биринчи абзацтагы «текшерүү жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын укук бузуулары жөнүндө даттанууларды кароо боюнча комиссияларды түзүү жолу менен» деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзац күчүн жоготту деп эсептелсин;
8.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«8.4. Текшерүүлөр планы ЫУМО белгилеген форма боюнча түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) планга киргизилген ишкердик субъекттеринин толук реквизиттери: адамдын аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын;
2) салык төлөөчүнүн жеке номерин (ИНН);
3) ишкердик субъектисинин юридикалык/иш жүзүндөгү дарегин;
4) мурдагы пландуу текшерүүнүн аяктаган датасын;
5) текшерүүлөр башталган айды;
6) тобокелдик даражасын (сөзсүз түрдө баллдын санын көрсөтүү менен).
Кагаз жүзүндө сунушталган маалыматтын барактары тигилүүгө жана номерленүүгө тийиш. Берилүүчү маалыматка жетекчинин же ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу коюлушу жана мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек.»;
8.5-пункттагы «ЫУМО 10 жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө» деген сөздөр «ЫУМО 10 иш күндөн кем эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган жиберген текшерүүлөр планын кароого жана автоматташтырылган маалыматтык базадан алынган маалыматтарды иштеп чыккандан кийин» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8.6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«ЫУМО 5 иш күндүн ичинде текшерүүлөрдүн оңдоолор киргизилген планын бекитет же ыйгарым укуктуу органга жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт».
8.8.1-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
8.12-пункттагы «5 иш күндөн ашык эмес мөөнөттө» деген сөздөр алып салынсын;
8.18-пунктта:
«ЫУМОнун Нускамасында бекитилген форма боюнча отчет берет. Отчетко пайдаланылган тапшырманын үчүнчү нускасы тиркелет» деген сөздөр «электрондук формада жана кагаз жүзүндө отчет берет. Отчетко жазма буйруктун көчүрмөсү тиркелет.» деген сөздөргө алмаштырылсын.
9.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«9.1. Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү 15 иш күндөн, чакан ишкердик субъекттери үчүн – 5 иш күндөн ашпоого тийиш. Бул мөөнөт текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү буйругу (буйругу, жазма буйругу) боюнча 10 иш күндөн ашык эмес мөөнөткө бир жолкудан көп эмес узартылышы мүмкүн.»;
9.3-пунктундагы «ушул Жободо белгиленген тартипте» деген сөздөр «белгиленген тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын;
9.8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Контролдук текшерүүнүн мөөнөтү мурунку текшерүүдө аныкталган эреже бузуулардын жоюлганын текшерүү үчүн зарыл болгон убакыт менен чектелет».
9.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«9.9. Кайталап текшерүү ишкердик субъектисинин даттануусунда коюлган маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт, кайталап текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү даттанууну кароо жана чечим кабыл алуу үчүн белгиленген отуз күндүк мөөнөттөн ашпоого тийиш»;
9-глава төмөнкүдөй мазмундагы 9.10-пункт менен толукталсын:
«9.10. Эгер текшерүү жүргүзүүдө алынган сынамыктарды жана үлгүлөрдү лабораториялык шартта текшерүү талап кылынса, текшерүүнүн мөөнөтү изилдөө үчүн керектүү, бирок 15 календардык күндөн ашык эмес мөөнөткө токтотулуп турушу мүмкүн»;
10-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
«10-глава. Текшерүү жүргүзүүнүн башталышы жана аякталышы»;
10.1-пункту «ишин текшерүү» деген сөздөрдөн кийин «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 4-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда, » деген сөздөр менен толукталсын;
10.4 жана 10.5-пункттарындагы «3» деген сан «2» деген санга алмаштырылсын;
10.6-пункттун үчүнчү абзацындагы «үчүнчү нуска» деген сөздөр «көчүрмөсү» деген сөзгө алмаштырылсын;
10-глава төмөнкүдөй мазмундагы 10.7-пункту менен толукталсын:
«10.7. Текшерүү мөөнөтүнүн аякталышы болуп текшерүү жүргүзүү жөнүндө актыны ишкердик субъектисине тапшырган күн же ушул күнгө чейин акты тапшырылбаса жазма буйрукта көрсөтүлгөн текшерүү аяктачу күн эсептелет»;
12.1-пункту «жана текшерүүгө тапшырманы» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле пландуу текшерүүнү жүргүзүүдө бекитилген текшерүү баракчаларын» деген сөздөр менен толукталсын;
12.3-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«пландуу текшерүүлөр үчүн белгиленген убакыт аралыгын сактабаганда;»;
12.3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) эгер пландуу текшерүүнү жүргүзүүнүн алдында текшерүү баракчалары берилбесе»;
13.3-пункттагы «ыйгарым укуктуу органдардын нускамасы» деген сөздөр «тиешелүү ченемдик укуктук актылар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
13.5-пункттагы «ыйгарым укуктуу органдардын нускамасы» деген сөздөр «тиешелүү ченемдик укуктук актылар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
14.1-пункттагы «ыйгарым укуктуу органдардын нускамасында белгиленген» деген сөздөр «мамлекеттик контролдоочу орган белгилеген» деген сөздөргө алмаштырылсын;
15 жана 28-главалар күчүн жоготту деп эсептелсин;
16.1-пунктунда:
6-пунктчадагы «билдирүүсү» деген сөз «эскертүүсү» деген сөзгө алмаштырылсын;
8-пунктчадагы «билдирүүсү» деген сөз «кабарлоосу» деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
«12) текшерүү баракчасы.»;
16.4-пунктунун биринчи абзацындагы «тапшырмадан башка» деген сөздөр «текшерүү баракчасынан башка» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы 18-1-глава менен толукталсын:
«18-1-глава. Текшерүү баракчалары.
18-1.1. Текшерүү баракчасы - ишкердик субъекттеринин ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптардын тизмесин камтыган документ, аны сактабоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын мүлктүк кызыкчылыктарына, юридикалык жактарга жана мамлекетке коркунуч келтирет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аларды сактоо милдеттүү эмес болуп эсептелген талаптар текшерүү баракчасына киргизилбейт.
18-1.2. Текшерүү баракчалары ишкердик субъекттеринин бир тектүү топтору үчүн түзүлөт, ыйгарым укуктуу органдын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын биргелешкен буйругу менен бекитилет жана ушул ыйгарым укуктуу органдардын расмий сайттарында жарыяланат.
Текшерүү баракчасы текшерилүүгө тийиш болгон маселелердин тизмесин камтыйт, алар чогуусу менен пландуу текшерүүнүн предметин аныкташат.
Пландуу текшерүүнүн предмети текшерүү баракчасына киргизилген маселелердин алкагынан чыкпоого тийиш.»;
19.1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептелсин;
20.1-пунктунда:
1-пунктчада «күнү» деген сөз «убактысы жана күнү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пунктча менен толукталсын:
«12-1) ишкердик субъекттеринин объекттеринин тобокелдик даражасы жөнүндө маалыматтар»;
20.3-пунктунда «ыйгарым укуктуу органдын нускамасына ылайык жүргүзүлгөн» деген сөздөр алып салынсын;
21.2-пунктунун 6-пунктчасында «ушул Жободо» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
22-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
«22- глава. Тартип бузууларды жоюу жөнүндө эскертүү. Билдирүү»
22.1 – 22.4-пункттарында «билдирүү» деген сөз «эскертүү» деген сөзгө алмаштырылсын;
22.5-пунктунда «кабар» деген сөз «билдирүү» деген сөзгө алмаштырылсын;
24.3. жана 24.4-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
«24.3. Текшерүүчү кызмат адамынын иш-аракети жана ыйгарым укуктуу органдын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган ыйгарым укуктуу органга, прокуратура органына же түздөн-түз сотко даттанылышы мүмкүн.
24.4. Ишкердик субьектисинин айып түрүндө жаза берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечимине даттануусу даттануу маселеси жөн-жайына жараша чечилгенге чейин жаза токтотула турат.;
30.1-пунктта:
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«12) «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген убакыт аралыктарын бузуу менен пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү;»;
15-пунктчадагы «эскертүүнүн» деген сөз «билдирүүнүн» деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пунктча менен толукталсын:
«15-1) пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө текшерүү баракчаларынын жоктугу; »;
38-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«38) мындай текшерүү жүргүзүлгөн учурдан тартып 3 жыл өткөн учурда пландуу текшерүү менен камтылган мезгилде ишкердик субъектисинин ишин текшерүү»;
№ 2 тиркемеде тапшырмага карата маалыматтардагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Эскертүү: тапшырманын көчүрмөсү текшерүү мөөнөтү аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет»;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
1-пунктта:
биринчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:» деген сөздөр «Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:» деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо»;
2-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо».
4-пункттун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:» деген сөздөр «Монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
7-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:»;
8-пункттун биринчи абзацындагы «башкармалыгы» деген сөз «департаменти» деген сөзгө алмаштырылсын;
14-пункттун биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменти:» деген сөздөр «энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:» деген сөздөргө алмаштырылсын;
17-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:»;
18-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана экспертиза департаменти:»;
- №3 тиркеме күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев |