Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июну № 373
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим-берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын;
"6. 1-мисал. Исираилова Эркеайым Бишкек шаарындагы № 69 орто мектепте класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу (0,75 ставкада) жана математика мугалими болуп иштейт.
Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 20 саатты түзөт:
- уруксат берилген жүктөм жумасына - 16 саат;
- сабакка даярдангандык үчүн - 16 саат х 2 саат : 20 саат = 1,6 саат = 2 саат;
- дептер текшергендиги үчүн 16 саат х 3 саат : 20 саат = 2,4 саат = 2 саат.
2-мисал. Прокушкин Анатолий Бишкек шаарындагы № 31-орто мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары (0,5 ставкада) жана орус тилинде окутуучу класста орус тил мугалими болуп иштейт.
Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 27 саатты түзөт:
- уруксат берилген жүктөм жумасына - 21 саат;
- сабакка даярдангандык үчүн - 21 саат х 2 саат : 20 саат = 21 саат = 2 саат;
- дептер текшергендиги үчүн - 18 саат х 4 саат : 20 саат = 4,2 саат = 4 саат.
3-мисал. Токтакунова Гүлнара Бишкек шаарындагы № 69 орто мектепте (0,25 ставкада) социалдык педагог жана химия мугалими болуп иштейт.
Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 29 саатты түзөт:
- уруксат берилген жүктөм жумасына - 25 саат;
- сабакка даярдангандык үчүн - 25 саат х 2 саат : 20 саат = 2,5 саат = 3 саат;
- дептер текшергендиги үчүн - 25 саат х 1 саат : 20 саат = 1,25 саат = 1 саат.
Жалпы билим берүүчү уюмдарда жетекчи жана 1 ставкада иштеген социалдык педагогдор үчүн уруксат берилген жүктөмдөр да ушундай эле эсептелет.
4-мисал. Нишарапов Алмаз Ат-Башы районундагы Молдалиев атындагы орто мектепте директордун орун басары жана физика мугалими болуп иштейт.
Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 29 саатты түзөт:
- уруксат берилген жүктөм жумасына - 12 саат;
- сабакка даярдангандык үчүн - 12 саат х 2 саат : 20 саат = 1,2 саат = 1 саат;
- дептер текшергендиги үчүн - 12 саат х 1 саат : 20 саат = 0,6 саат =1 саат";
5-главада:
5.1-бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы "эсепке албаганда" деген сөздөр "эсепке алуу менен" деген сөзгө алмаштырылсын;
жыйырма жетинчи абзацы "география" деген сөздөн кийин, "тарых" деген сөз менен толукталсын;
жыйырма сегизинчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эгерде мугалим жумасына 20 сааттан ашык же кем сабак өтүү иштерин жүргүзсө, анда дептер текшергенге короткон убактысы ошого пропорциялуу азайтылат же көбөйтүлөт.";
5,2-бөлүктүн биринчи абзацындагы "эсепке албаганда" деген сөздөр "эсепке алуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5.4-бөлүктө:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5.4. Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби";
2-пунктта:
бешинчи абзацтагы "25", "36" деген сандар тиешесине жараша "31", "49" сандарына алмаштырылсын.
алтынчы абзацтагы "54", "45", "36" жана "1080" деген сандар тиешесине жараша "62", "52", "41" жана "1240" сандарына алмаштырылсын;"
он үчүнчү абзацтагы "1, 4, 7 жана 10" сандары тиешесине жараша "1, 4, 7, 10 жана 15" сандарына алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү - он жетинчи абзацтар менен толукталсын;
"Жалпы билим берүүчү уюмдардагы ийримдердин жетекчилеринин жана сабактан тышкаркы дене тарбия мугалимдеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү (жумасына 20 саат сабак өтүүчү иш ставкасы үчүн) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 14-тиркемесине ылайык белгиленет.
Мында аларга сабакка даярдангандык, жазуу жана лабораториялык иштерди текшергендик үчүн окутуу ишине пропорциялуу сааттарга акы төлөнбөйт.
Мугалимдин окуучуларды үйүнө барып жекече окуткандыгы үчүн акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине ылайык, бир жумада I-IV класстарда - 6 саат, V класста - 8 саат, VI класста - 8,5 саат, VII-Х класстарда - 9 саат, XI класста - 10 саат сабак өткөн эсеп менен төлөнөт.
Мында аларга сабакка даярдангандык, жазуу жана лабораториялык иштерди текшергендик үчүн окутуу ишине пропорциялуу сааттарга акы төлөнөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-тиркемесинде:
2, 20, 38 жана 39-пункттары "Архивариус", "Иш кагаздарын жүргүзүүчү", "Лаборант", "Шеф-ашпозчу", "Ашпозчу" деген сөздөрдөн кийин "*" белгиси менен толукталсын;
эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- билим берүүчү уюмдардын "*" белгиси менен белгиленген техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 14-тиркемесине ылайык белгиленет.".
4. Кызматкерлердин эмгек акылары төмөнкүдөй белгиленсин:
- билим берүү уюмдарынын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтериялардан башка кызматкерлерине тийиштүү бюджеттерде "Билим берүү" бөлүмүндө каралган ассигнованиенин жана эмгек акы фондунун чегинде төлөнөт;
- райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине 2011/2012-окуу жылындагы базистик окуу планына салыштырганда 2012/2013-окуу жылындагы базистик окуу планы боюнча жумалык жүктөмдүн азайышынан алынган үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен төлөнөт.
5. Бул токтом 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирет.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыккан керектүү уюштуруу чараларын көрсүн.
7. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |