Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 11-сентябры № 511

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" жана "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрдагы № 560 "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө документтердин формаларын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген дипломдун жана сертификаттын үлгүсүндөгү "Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу" деген сөздөр "Эмгек, миграция жана жаштар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев