Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-марты № 116
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 207 «Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Эмгекке акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү, ошондой эле «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик же кызматтык сырды түзүүчү маалыматтарды сактоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 207 «Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жумушчуларынын жана кызматчыларынын кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 1.7-пунктта:
- биринчи абзацындагы «жетекчинин (командирдин) тиешелүү чечими (приказ, көрсөтмө)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, мамлекеттик органдын жетекчисинин (командирдин) тиешелүү чечими (буюрмасы, буйругу, көрсөтмөсү)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы «Приказда» деген сөз «Чечимде» деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы «Приказ (көрсөтмө)» деген сөздөр «Чечим» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |