Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 3-июлу № 475
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 7-февралындагы № 49 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 638 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;
- 3-пунктта:
"747" деген цифра "1388" деген цифрага алмаштырылсын;
"58" деген цифра "48" деген цифрага алмаштырылсын;
- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук уюмдары ээлеп турган Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 дарегинде жайгашкан имараттагы жай ижара акысын алуусуз сакталсын.";
- токтомдун 6-пункту 7-пункт деп эсептелсин;
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- илимий-изилдөө, нормативдик укуктук документтерди иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү фонд уюштуруу менен чарбалык эсептеги структураларды түзүү.".
Премьер-министри |
| Ф.Кулов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 475 токтомуна тиркеме |
┌───────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │
│ Өкмөтүнө караштуу │
│ Архитектура жана курулуш │
│боюнча мамлекеттик агенттик│
└─────────────┬─────────────┘
│
┌────────┐ │ ┌─────────────────┐
│Коллегия├───────────┼──────────┤Шаар куруу кеңеши│
└────────┘ │ └─────────────────┘
│
┌────────┴────────┐
│Борбордук аппарат│
└────────┬────────┘
│
┌────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────┐
│Шаар куруу жана архитектура-│ │ │Турак жай-жарандык курулуш│
┌┤курулуш көзөмөлү боюнча ├───┼───────┤башкармалыгы │
┌┤│аймактык органдары │ │ └──────────────────────────┘
││└──────────────────────────┬─┘ │
│└─────────────────────────┬─┘ │
└──────────────────────────┘ │
│ ┌──────────────────────────┐
┌────────────────────────────┐ │ │Сейсмотуруктуу курулуш │
┌┤Курулуштагы сертификациялоо ├───┼───────┤боюнча Кыргыз илим-изилдөө│
││республикалык борбору │ │ │жана долбоорлоо институту │
│└──────────────────────────┬─┘ │ └──────────────────────────┘
└───────────────────────────┘ │
│ ┌──────────────────────────┐
┌────────────────────────────┐ │ │Шаар куруу боюнча Кыргыз │
┌┤Мамлекеттик экспертизалар │ │ │илим-изилдөө долбоорлоо │
││башкармалыгы ├───┴───────┤институту │
│└──────────────────────────┬─┘ └──────────────────────────┘
└───────────────────────────┘