ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлу № 456 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 16-июлу № 456

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтомунун редакциясына ылайык)

Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык техникасын техникалык тейлөө жана ремонттоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Медицина-техникалык борбор түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор (мындан ары - Борбор) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Борборду юстиция органдарында мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов