Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 токтому менен бекитилген |
Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 334, 2023-жылдын 13-январындагы № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун менчиктештирилүүчү турак жайынын наркын аныктайт.
2. Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркы карамагында менчиктештирилүүчү турак жай турган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан аныкталат.
3. Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркына төмөнкүлөр кирбейт:
- жалпы шаардык жана райондук инженердик курулмаларды, кварталдык жүргүзүлүүчү инженердик курулмаларды жана коммуникацияларды, азыктандыруу булактарынан кварталдык жүргүзүлүүчү инженердик тарамдарын, магистралдык жана көчө тарамдарын, кичи райондук жана кварталдык трансформатордук көмөк чордондорду, жылуулук пункттарын, суу менен жабдуу үчүн насостук орнотмолорду куруу боюнча сарптоолор;
- курулуп-улай салынган имараттарга сарптоолор;
- сууга, газга, электр энергиясына жана жылуулукка, башка керектөөлөрдү канааттандыруу менен байланышкан сарптоолор;
- абаттоо жана жашылдандыруу боюнча иштердин наркы;
- үйлөрдү, курулуштарды жана түзүлмөлөрдү курууда бузулган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана айдоолордун наркы;
- бузула турган курулуштарды иштеп чыгуу жана курулуш таштандыларын чыгаруу менен байланышкан сарптоолор.
4. Турак жайларды менчиктештирүүдөн түшкөн акча каражаттар Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна же ушундай фонддорго түшөт жана мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын куруу жана кармоо үчүн пайдаланылат.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун менчиктештирилүүчү турак жайынын наркы менчиктештирилүүчү турак жайдын жалпы аянтынын бир квадрат метринин баасын менчиктештирилүүчү турак жайдын жалпы аянтына көбөйтүү аркылуу аныкталат.
6. Менчиктештирилүүчү турак жайдын жалпы аянтынын бир квадрат метринин баасы (мындан ары - баа) менчиктештирилүүчү турак жайдын жалпы аянтынын бир квадраттык метринин базалык баасынын (мындан ары - базалык баа) курулган жылын, жайлуулугун жана менчиктештирилүүчү турак жайдын абатталышын жана жайгашкан жерин эске алган коэффициентке көбөйтүндүсү катары төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Б = Бб х Ка х Кж х Кк
мында,
Б - менчиктештирилүүчү турак жайдын жалпы аянтынын бир квадрат метринин баасы;
Бб - базалык баа;
Ка -турак жайдын абаттуулук коэффициенти;
Кж - турак жайдын жайлуулук коэффициенти;
Кк - турак жайдын кабаттык коэффициенти.
Ка - турак жайдын абаттуулугун чагылдыруучу коэффициент: лифттин, ысык жана муздак суу менен жабдуунун, суу агындылоонун, борбордук жылытуу жана газ менен жабдуунун болушу.
Ысык жана муздак суусу же суу агындылоосу, борбордук жылытуусу жана газ менен жабдуусу жок турак жайларда Ка өлчөмү ар бир инженердик курулуштун түрүнүн жоктугу үчүн 0,1 көрсөткүчкө, бирок 0,5тен көп эмес азайтылат.
1-таблица
№ | Турак жайлардын түрлөрү | Ка |
1 | Абаттоонун бардык түрү бар турак жай | 1 |
2 | Инженердик курулуштун бир түрү жок турак жай | 0,9 |
Кж - турак жайдын жайлуулук коэффициенти турак жайдын жалпы аянтынын турак жай аянтына болгон катышы менен аныкталат.
2-таблица
№ | Турак жайдын жалпы аянтынын турак жай аянтына болгон катышы | Кж |
1 | 1,5тен аз | 1 |
2 | 1,5тен 2,1ге чейин | 1,1 |
3 | 2,1ден баштап жана жогору | 1,2 |
Кк - турак жайдын кабаттык коэффициенти турак жайдын көп кабаттуу турак үйдө жайгашкан орду менен аныкталат.
3-таблица
№ | Турак жайдын көп кабаттуу турак үйдө жайгашышы | Кк |
1 | Акыркы (үстүнкү) кабатта | 0,9 |
2 | Биринчи кабатта | 0,95 |
3 | Биринчи жана акыркы (үстүнкү) кабаттардын ортосунда | 1 |
7. Базалык баа төмөнкү формула менен аныкталат:
Бб = МхБ / (Тх12)
мында,
Бб - базалык баа;
М - турак жайдын курулган мезгилинин коэффициенти;
Б - тиешелүү калктуу конуштагы турак жайдын бир квадрат метри үчүн орточо баа;
12 - жылдагы айлардын саны;
Т - имаратты (үйдү) пайдалануунун ченемдик мөөнөтү.
4-таблица
Көп батирлүү жана жеке менчик үйлөрдүн тобу | Имараттын жана конструктивдүү элементтердин мүнөздөмөсү | Т (жыл) |
1-топ | Имарат таштан, жөнөкөй; пайдубалы-таштан; дубалдары-таштан (кыштан), ири блоктуу жана ири панелдүү; жабуулары - темир бетон же аралаш, ошондой эле металл балкалар боюнча таш чүмбөттөр | 125 |
2-топ | Имарат таштан, жеңилдетилген; пайдубалы - таштан жана бетондон; дубалдары - кыштан, шлакоблоктон, ракушечниктен жеңилдетилип коюлган; жабуулары жыгачтан, темир бетондон же металл балкалар боюнча таш чүмбөттөр | 100 |
3-топ | Имарат жыгачтан, чабылган жана устундан курулган, аралаш конструкцияда; пайдубалы - тасма таштан, дубалдары - чабылган, устундан, аралаш (кыш жана жыгач), жабуулары - жыгачтан | 50 |
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Тиешелүү калктуу конуштагы турак жайдын бир квадрат метринин орточо наркынын өлчөмү кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында ай сайын жайгаштырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
9. М - турак жайдын курулган мезгилинин коэффициенти.
5-таблица
№ | Турак жай курулган мезгил | М |
1 | 1991-жылга чейин | 0,1 |
2 | 1992-1999-жылдары | 1 |
3 | 2000-2007-жылдары | 10 |
4 | 2008-2014-жылдары | 20 |
5 | 2015-2022-жылдары | 30 |
10. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун менчиктештирилүүчү турак жайынын наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Н = Б х S,
мында
Н - мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун менчиктештирилүүчү турак жайынын наркы;
Б - менчиктештирилүүчү турак жайдын жалпы аянтынын бир квадраттык метринин баасы;
S - менчиктештирилүүчү турак жайдын жалпы аянты.