Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
Азамат Альбертович Мамбековдун кызыкчылыгын көздөгөн Марат Бакаевич Султаналиевдин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, 17-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
2018-жылдын 1-ноябры № 08-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап – Азамат Альбертович Мамбековдун ишеним кат боюнча өкүлү Марат Бакаевич Султаналиевдин;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Эрнест Замирович Молдошев, Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлдѳрү Эдиль Нурович Ибраев, Динара Мирахматовна Джунусова, Максатбек Кульчороевич Есеналиевдин, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Сталбек Мугамбетович Токтомамбетовдун катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, 17-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Азамат Альбертович Мамбековдун кызыкчылыгын көздөгөн Марат Бакаевич Султаналиевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, 17-беренесинин 4-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ж.И. Саалаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 29-майында А.А. Мамбековдун кызыкчылыгын көздөгөн М.Б. Султаналиевдин Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына, жарандарына жана чет өлкө жарандарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына карата уруксат берүүнүн тартибин регламенттеген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин, 17-беренесинин 4-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасады деп бир катар адамдарды, анын ичинде А.А. Мамбековду айыптоо боюнча жазык иштин материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу үчүн негиз болду.
Жогоруда көрсөтүлгөн жазык ишке тергөөнүн жүрүшүндө «өтө жашыруун» деген гриф ыйгарылгандыктан, сот тарабынан жабык соттук териштирүү дайындалган. Ѳз кезегинде бул ишке катышкан жактоочуларга мамлекеттик сырларга карата тийиштүү уруксаттар берилген.
Бирок соттук териштирүүнүн жүрүшүндө А.А. Мамбеков тарабынан анын жаңы жактоочусу катары жаран М.Б. Султаналиевдин процесске катышуусу жѳнүндѳ ѳтүнүч берилген, сот тарабынан анын катышуусуна мамлекеттик сырларга уруксат алуу шарты менен жол берилген.
2018-жылдын 19-майында адвокат М.Б. Султаналиев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жазык иштин материалдары менен таанышуу жана алардын көчүрмөсүн алуу жѳнүндѳ арызы менен кайрылган, бирок анын мамлекеттик сырларга карата тийиштүү таризделген уруксаты болбогондуктан, ага жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерди жасоого уруксат берилген эмес.
М.Б. Султаналиев соттун мамлекеттик сырларга таандык маалыматтарды камтыган иштин материалдары менен таанышууга жактоочу тарабынан уруксат алуу зарылдыгы тууралуу талабы, маңызы боюнча, адвокаттын сот процессине катышуусуна тыюу салуу болуп саналат, бул жарандардын квалификациялуу юридикалык жардам алуу жана жактоочуну өз алдынча тандоо конституциялык укугун чектейт деп эсептейт. Жарандардын бул укугу ар кимге ага коюлган айыбын кароонун жүрүшүндө өзү тандаган жактоочусу менен иш алып баруу укугун кепилдеген, Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 14-беренесинде да бекитилген.
Кайрылуу субъекти жазык сот өндүрүшүндө катышкан тараптар тең укуктуу жана сот ар бир тарапка далилдерди изилдөө үчүн бирдей негизде катышуусун камсыздаган учурда гана ал далилдерди процесстик чечимдин негизине коёт деп кошумча белгилейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, кайрылуучу тарап талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 2-июлундагы аныктамасы менен М.Б.Султаналиевдин кайрылуусу талашылып жаткан ченемдердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган. Мында тийиштүү укуктук аргументтердин болбогондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүүдөн баш тартылган.
Кайрылуучу тарап соттук отурумда өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.
Жоопкер тараптын өкүлү Э.З. Молдошев М.Б. Султаналиевдин жүйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча орунсуз деп эсептейт.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын максаты мамлекеттик сырларды сактоого багытталган натыйжалуу тутумду жана шарттарды түзүү болуп саналат.
Көрсөтүлгөн Мыйзамдын милдети болуп мамлекеттик сырларда чагылдырылган тышкы жана ички саясат, социалдык блок, аскердик жана техникалык даремет, экономика жаатындагы мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого багытталган ченемдерди; мамлекеттик сырларды коргоо маселелеринде жалпы багыттаманы аныктаган жоболорду институционалдаштыруу саналат.
Э.З. Молдошев мамлекеттик сырларды коргоо улуттук коопсуздук кепилдигин камсыз кылууга багытталган эң маанилүү курамдарынын бири болуп саналат деп белгилейт. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Мыйзамды натыйжалуу колдонуу жана аны андан аркы жүзөгө ашыруу максатында маалыматтарды мамлекеттик сырларга таандык кылуу, аларды сыр кылып бекитүү жана андан чыгаруу тартиби, мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын мамлекеттик сырларга карата уруксат алуу жана аларды чектөө тартиби, мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтарды колдонуу менен байланышкан ишмердик менен алектенүү укугуна уруксат берүү тартиби, режимдик жана өзгөчө маанилүү объектилерди жана мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылууга багытталган көптөгөн башка маселелерди аныктоо тартиби менен байланыштуу бир катар мыйзам алдындагы актылар иштелип чыккан.
Жоопкер тараптын өкүлү арыздануучунун соттук коргонуу укугу бузулган жок, адвокат А.А. Мамбековго карата Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде жазык иштин сырдуу материалдарын колдонууга чек коюлууда деп белгилейт.
Арыздануучунун жүйөлөрү туурасында Э.З. Молдошев Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык мамлекеттик сырды сактоо таламдарына каршы келгенден башка учурларда, бардык соттордо ишти териштирүү ачык жүрөт деп белгилеген (22-берененин 1-бөлүгү). Ошондой эле, көрсөтүлгөн Кодекстин 254-беренесинин 1-бөлүгүндө (соттук териштирүүнүн маалымдуулугун камсыздоо) сот мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, аскердик, банктык жана коммерциялык же башка жашыруун сырларды таратууга алып келиши мүмкүн болгондон башка учурларда, иштерди соттук ачык териштирүүнү камсыздоого тийиш деп белгиленген.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык айыпкер жана жактоочу иштин материалдары менен таанышуу процессинде, документтерден маалыматтарды жазып алууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу болушат. Мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам тарабынан корголгон башка сырларды түзгөн маалыматтарды иштен жазып алуулар жана документтердин көчүрмөлөрү иштин өзүндө сакталат жана коопсуздуктарын камсыз кылуу зарыл болгон адамдар тууралуу маалыматтардан башкалары, айыпкерге жана анын жактоочусуна соттук тергөө убагында тапшырылат.
Ушуга байланыштуу, кайрылуучу тараптын толук кандуу соттук коргоону түзүү боюнча өзүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу укуктарынын чектелиши жана алынып салынышы туурасындагы жүйөлөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине да, мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы мыйзамдарга да карама-каршы келет.
Ошентип, А.А. Молдобековдун соттук коргоого болгон укуктары бузулган жок жана адвокаттык ишмердикти жүзөгө ашырууга каралган кепилдиктер мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөр менен камсыз кылынууда.
Жогоруда баяндалганга байыланыштуу, жоопкер тараптын өкүлү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси, 17-беренесинин 4-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Т.Ы. Ырысбеков Э.З. Молдошевдин жүйөлөрүн колдогон.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А. Касымбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп белгилейт. Ушул конституциялык жобого ылайык «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы да кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат. Демек, сот процессинин катышуучуларынын (анын ичинде адвокаттын) процесстик укуктарын аныктоо мыйзам чыгаруучунун дискрециялык ыйгарым укугу болуп саналат. Мында, мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери жарандардын соттук коргоого болгон укуктарына кандайдыр бир чектөөнү караштырбастан, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына, жарандарына (анын ичинде адвокаттарга) жана чет өлкө жарандарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына карата уруксат берүү тартибин гана белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту менен Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдерин кароодо жана салыштырууда Н.А. Касымбеков, акыркылар Конституциянын ченемдерине ылайык келбеши мүмкүн эмес, анткени Конституциянын жоболоруна эч кандай тиешеси жок жана ушуга байланыштуу чектөө катары каралышы мүмкүн эмес деген тыянакка келүүдө. Арыздануучунун квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун чектөө жөнүндө жүйөлөрү негизинен Конституцияда кепилденген адамдын жана жарандын укуктарына караганда, жазык сот өндүрүшүнүн уюштуруу-техникалык процесстерине кѳбүрѳѳк таандык.
Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери мамлекеттик сырларга карата уруксат берүүнүн жалпы тартибин жана мындай уруксат берүүдѳн баш тартуунун негиздерин жөнгө салат. Мамлекеттик сырларга карата адвокаттарга уруксат берүү жалпы негиздерде жүзөгө ашырылат.
Ушуга байланыштуу, Н.А. Касымбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 3-бөлүгүн жана Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдерин кошуп кароо ар кимдин квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугуна, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам көрсөтүү укугуна эч кандай таасирин тийгизбейт деп белгилөөдө.
Кайрылуучу тараптын Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин айрым ченемдерине ылайык келбейт деген жүйөлөрү туурасында Н.А. Касымбеков булар мыйзамдардын өздөрүнүн коллизияларына таандык, алар мыйзам чыгаруучунун кароо предмети болушу мүмкүн деп белгилеген.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, Н.А. Касымбеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси, 17-беренесинин 4-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ѳкүлү Э.Н. Ибраев талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугу туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Э.З. Молдошев сыяктуу өңчөй жүйөлөрдү келтирген. Ушуга байланыштуу, ал талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка өкүлү Д.М. Джунусова Э.Н. Ибраевдин жүйөлөрүн колдогон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үчүнчү өкүлү М.К. Есеналиев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп эсептейт.
Бирок, эч кандай чектелүүгө мүмкүн болбогон соттук коргоого болгон укукту таануу менен мыйзам чыгаруучу мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарга ар кимге жалпы уруксат бере алган эмес, анткени бул укуктан пайдалануу шарты улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого өлчөмдөш болушу мүмкүн эмес.
Мында, ал айыптоочу жана жактоочу тараптарынын атаандаштык жана бирдейлик негизинде жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 18-беренесинин 1 жана 7-бөлүктөрүнүн жоболорунун бузулушун белгилеген.
Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 44 жана 48-беренелеринде каралган жактоочунун статусуна, ошондой эле мамлекеттик сырды жайылтуу үчүн жазык жоопкерчилигине да көңүл бурган.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлү С.М. Токтомамбетов арыздануучунун жүйөлөрүн колдогон жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына карата адвокаттарга уруксат берүү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде, 17-беренесинин 4-пунктунда каралган текшерүү иш-чараларын өткѳрбөстөн ѳтүүгѳ тийиш деп эсептейт.
Бул конституциялык жоболорго жараша мыйзам чыгаруучу мамлекеттик сырларды коргоонун каражаттарын жана ыкмаларын аныктоо менен, алардын ичинен конкреттүү укук колдонуучулук кырдаалда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин өлчөмсүз чектелишин жокко чыгаргандарын гана пайдаланууга тийиш. Жазык сот өндүрүшүнүн алкагында мындай каражаттардан, көбүнесе, жабык сот отурумун өткөрүү, жазык сот өндүрүшүнө байланыштуу сот процессинин катышуучуларына маалым болгон мамлекеттик сырларды жайылтпоо жөнүндө аларга эскертме берүү, жана аны жайылткан учурда бул адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу болушу мүмкүн. Жазык сот өндүрүшүндө мамлекеттик сырлардын сакталышы «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык камсыз кылынат, ал жерде адвокат тарабынан өзүнүн ишеним артуучусуна юридикалык жардам көрсөтүүсүнө байланышкан кандай гана маалымат болбосун адвокаттык сыр болуп саналат. Адвокат адвокаттык сырды түзгѳн маалыматтарды өз кызыкчылыктарында же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында пайдаланууга укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 15-статьясы, 17-статьясынын 4-пункту саналат:
«15-берене. Кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына уруксат берүүнүн тартиби
1. Кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн мамлекеттик сырлар менен иштөө зарыл болгон кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына мындай сырларга карата тийиштүү уруксат берүү жол-жоболоштурулат. Мында ушул кызмат адамдарына жана жарандарга карата, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте текшерүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат.
Улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү иш-чараларын бүтүргөнгө чейин эмгек келишимин (контракт) түзүүгө жол берилбейт.
2. Кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берүү төмөнкүлөрдү карайт:
1) аларга ишенип берилген, мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча мамлекет алдында өзүнө жазуу жүзүндөгү милдеттенме алуусун;
2) ушул Мыйзамдын 19-беренесине ылайык алардын укуктарын чектөөгө макулдук берүүсүн;
3) мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары, анын ичинде аларды бузгандык үчүн жоопкерчиликти кароочу нормалары менен таанышуусун жана аларды сактоосун.
3. Администрациянын жана жол-жоболоштурулуп жаткан адамдын өз ара милдеттенмелери эмгек келишиминде (контрактта) каралууга тийиш.
4. Текшерүү иш-чараларынын көлөмү жол-жоболоштурулуп жаткан адамга уруксат берилүүчү маалыматтардын жашыруундук даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын жашыруундугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн үч формасы: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтарга жетүү белгиленет. Жарандарда жашыруундуктун кыйла жогорку даражасындагы маалыматтарга уруксаттын болушу алардын кыйла төмөнкү даражадагы жашыруун маалыматтарга жетүүсүнө негиз болуп саналат.
5. Кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү жол-жоболоштуруунун же кайра жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында гана чет өлкөлүк жарандарга мамлекеттик сырларга уруксат берилет. Көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
17-берене. Кызмат адамына же Кыргыз Республикасынын жаранына мамлекеттик сырларга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери
Кызмат адамына же Кыргыз Республикасынын жаранына мамлекеттик сырларга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
4) текшерүү иш-чараларынан четтөөсү жана (же) өздөрү же жакын туугандары жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды билдирүүсү;».
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык «Эркин Тоо» гезитинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 131 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (40-берененин 1-бөлүгү).
Бул укуктун конституциялык-укуктук мааниси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 21-февралындагы, 2015-жылдын 9-декабрындагы, 2018-жылдын 24-январындагы чечимдеринде ачылган.
Эл аралык-укуктук актылардын жоболору, кадыресе, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8, 29-беренелери, ошондой эле Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 2 (2-пункт жана 3-пунктунун «а» пунктчасы), 14-беренелери (1-пункт) менен үндөшкөн жана каралып жаткан конституциялык ченемден мамлекет адилеттүү, компетенттүү, толук кандуу жана натыйжалуу соттук коргоого болгон укукту жүзөгө ашырууну камсыз кылууга милдеттүү экендиги келип чыгууда.
Соттук коргоого болгон укук укуктук мамлекеттин базиси болуп саналат жана адам менен жарандын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген башка укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга, зарыл болгон учурда калыбына келтирүүгѳ жол ачат. Бул укукту жүзѳгѳ ашыруу, сот бийлигинин, ага гана тиешелүү болгон ыйгарым укугу - сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун мамлекеттик институттардын функцияларынын арасындагы ѳзгѳчѳ ордун шарттайт. Сот адилеттиги сот адилеттигине жетишүү, атаандаштык, калыстык, бейтараптуулук, соттун көз карандысыздыгы сыяктуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун принциптерин мүмкүн болушунча ырааттуу жана толук кандуу ишке ашырууга жол берген процесстик формалардын биринин алкагында сот өндүрүшү аркылуу сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
Ошентип, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу функциясы Конституцияда таанылган бардык укуктар, эркиндиктер жана мыйзамдуу кызыкчылыктардын кепилдиги жана ошол эле убакта коргоо механизми болгон үчүн гана эмес, мамлекеттик бийликтин табиятына укуктук жана демократиялык мүнөздү берүүсү үчүн да мамлекеттин институттарынын функцияларынын арасында борбордук орунду ээлейт.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимдин соттук коргоого болгон укугун бекитүү менен бирге ар кимге квалификациялуу юридикалык жардам алууга кепилдик да берет (40-берененин 1 жана 3-бөлүктөрү).
Бул конституциялык укук адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерине таандык жана инсандын укуктук статусу менен шартталган. Квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу, адам кайсыл процесстик статуста сот өндүрүшүндө катышууга тартылганына карабастан, анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же калыбына келтирүү үчүн сот процессинин алкагында квалификациялуу юридикалык жардам ала турган шарттарды түзүүнү болжойт.
Мыйзам чыгаруучу бул конституциялык укуктун жүзөгө ашырылуусу катары шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун коргоого болгон укугун жазык-процесстик мыйзамдарда бекиткен. Териштирүү органы, тергөөчү, прокурор, шектүүгө, айыпталуучуга, соттолуучуга мыйзамда белгиленген каражаттар жана ыкмалар менен коргонуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле алардын жеке жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык жазык процессте жактоочу катары адвокат гана чыга алат.
Конституциялык палата өз чечимдеринде сот адилеттигинин максаттарына жетишүүгѳ тике катышкан субъект катары адвокаттын квалификациясынын деңгээлине, анын жүрүм-турумуна жана өзүнѳ алган милдеттенмелерди ак ниеттүү аткаруусуна болгон жогорулатылган талаптар туурасында бир нече жолу өзүнүн көз карашын билдирген.
Адвокат өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн өзгөчөлүгүнөн улам мыйзам менен ага конституциялык маанилүү функциясы жүктөлгөн өзгөчө субъект болуп саналат. Юридикалык жардамдын өзү дагы, анын сапаты дагы адвокаттын укугу эмес, анын милдети болуп калат (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы, 2018-жылдын 14-февралындагы чечимдери).
Ошентип, адвокаттын жазык-процесстик мыйзамдардын көптөгөн ченемдеринде бекитилген укуктук абалы анын сот адилеттигин жүзөгѳ ашырууда коомдук мааниси бар экендигин ырастоодо.
Мында, квалификациялуу юридикалык жардам берүү мындай жардамга муктаж болгон адамда адвокатты тандоо эркиндиги болгон шарттарда гана толук кандуу болушу мүмкүн, анткени алардын ортосунда ишенимдүү мамилелердин болуусу укуктук коргоонун натыйжалуулугунда чечүүчү болуп эсептелет. Адвокатты өз каалоосу менен тандоо укугу адилеттүү сот процессинин пайдубал негиздеринин бири болуп саналат, анткени толук кандуу коргоонун негизги шарты болгон - адвокат менен корголуучунун ортосундагы ишенимди камсыз кылат. Бул жазык-процесстик мыйзамдар менен Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын жоболорунан келип чыгат (14-берене).
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандын жана адамдын укуктары менен эркиндиктеринин жогорулатылган деңгээлдеги кепилдиктерин караштыруу менен, Конституцияда аныкталган максатттарда зарыл болгон бѳлүгүндѳ жана мыйзамдарда белгиленген тартипте гана алардын чектелүүсүнө жол берет (20-берененин 2-бөлүгү).
Жогоруда аталган конституциялык орнотмонун маңызы адамдын укуктары менен эркиндиктерине өз билемдик менен таасир этүүнүн мүмкүн эместигинде жана мүмкүн болуучу чектөөлөрдүн айрыкчалыгында турат. Башкача айтканда, биринчиден, чектөөлөр, аларды колдонуунун негиздерин жана тартибин мыйзам менен бекитүү жолу менен орнотулуусу керек, экинчиден, конституциялык маанилүү максаттарга өлчөмдөш болуусу керек, үчүнчүдөн, укуктук жөнгѳ салуунун айрым көйгөйлөрүн башка укуктук каражаттар менен чечүү мүмкүн болбой калган шарттарда кабыл алынат.
Конституциянын жогоруда баяндалган жолболорунан келип чыкканда, мыйзам чыгаруучу маалыматтарды мамлекеттик сырларга таандык кылуунун, алардын коргоо системасынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, мындай маалыматтарды сыр кылып жашыруу жана ачуу мамилелерин, ошондой эле мамлекеттик сыр жаатында башка ишмердикти жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында киргизген деп болжосо болот.
Арыздануучу тарабынан даттанылып жаткан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик сырлар менен иштөө зарылдыгы бар Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына, жарандарына алардын ыктыярдуу жазуу жүзүндөгү макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте текшерилүү иш-чараларынан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына карата уруксат берилет деп аныктайт.
Текшерүү иш-чараларынын милдети болуп кызмат адамдарына жана жарандарга мамлекеттик сырларга карата уруксат берүүнүн да, жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык андан баш тартуунун да негизи катары кызмат кыла алган жагдайларды аныктоо саналат.
Мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуунун бул сыяктуу механизми жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган конституциялык аныкталуу максаттарга ылайык келет.
Бирок, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин мааниси менен мазмунуна карасак, кызмат адамдарына жана жарандарга мамлекеттик сырларга карата уруксат берүү жөнүндө жоболор эмгек мамилелеринде турган адамдарга гана таандык болууда, ал эми адвокаттар тарабынан юридикалык жардам көрсөтүү жеке-укуктук мамилелер жаатында турат.
Бул ченемди аналогия боюнча адвокаттарга мамлекеттик сырларга карата уруксат берүү үчүн алардын жумушунун жана жазык-процесстик мыйзамдарынын жоболорунун өзгөчөлүктөрүн эсепке албастан колдонуу орунсуз болуп эсептелет. Анткени, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык жазык сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Мыйзам жана кодекстин өзү (1-берене) менен аныкталат. Мында, Жазык-процесстик кодекс адвокатты кандайдыр бир алдын ала текшерүү жана тийиштүү жашырындуулук грифи бар иштерди кароого катышууга өзгөчө улуксат алуу жөнүндө талаптарды камтыбайт, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна шайкеш келет. Жогоруда белгиленгендей, квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу өзүнүн конституциялык мазмуну боюнча абсолюттук болуп эсептелген соттук коргоого болгон укуктан түздөн-түз келип чыгат жана чектелиши мүмкүн эмес, бул жазык процесстин бардык стадияларында жактоочунун тоскоолдуксуз катышуу мүмкүнчүлүгүн болжойт.
5. Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын статусу тармактык ченемдер менен гана эмес, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптары менен да аныкталуусун эске алып, алардын процесстик абалы, анын ичинде конституциялык-укуктук мазмун менен толукталып, уруксат алууга байланышпаган ыкмалар менен мамлекеттик сырды түзгөн конкреттүү маалыматтарга жетүүнү, мамлекеттик сырларды коргоо мыйзамда каралган каражаттар менен камсыз кылынып турса да, жокко чыгарбайт. Башкасы адвокатынын мамлекеттик сырларга уруксаты жок адамдардын иштин материалдарында жашырындуулук грифи бар маалыматтар камтылган учурларда соттук коргоого болгон укугунан чектелишине алып келет («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 9-беренелери). Андан тышкары, соттолуучу тарабынан чакырылган адвокатты жашырындуулук грифи бар иштин материалдары менен тааныштыруудан мамлекеттик сырларга уруксаты жок деген жүйө менен гана баш тартуу жарандын квалификациялуу юридикалык жардам алуу конституциялык укугун өлчөмсүз чектелүүсүнө, ошондой эле тараптардын атаандаштык жана бирдейлик укуктарынын бузулушуна алып келет, анткени, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 18-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык сот процесстик чечимди бирдей негиздерде тараптардын ар бирине камсыз кылынган далилдерди изилдөөгө гана негиздейт.
Демек, талашылып жаткан ченемдердин колдонулушунун сот адилеттигинин максаттарына жетүү үчүн түздөн-түз катышкан субъекттер катары адвокаттарга жайылтылышы жана аларда мамлекеттик сырларга жетүүгө уруксаттын жоктугуна байланыштуу юридикалык жардам көрсөтүүгө тыюу салуу адамдардын квалификациялуу юридикалык жардамга болгон укугунун өлчөмсүз чектелишине жана акыр аягы алардын эч кандай чектелүүгө жатпаган соттук коргоого болгон конституциялык укугунун бузулушуна алып келет.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучуга адвокаттын өзгөчө статусун шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун соттук коргоого жана алардын квалификациялуу юридикалык жардам алууга болгон укугу менен өз ара байланышта көңүлгө алуу керек жана мамлекеттик сырлар менен байланыштуу иштер боюнча катышкан адвокаттарга башка ыкмалар менен «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинде каралган адамдарга карата берилгендей эле жазык иштин өндүрүшүнө байланыштуу аларга белгилүү болгон мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарбоосу жана аларды ачыкка чыгарган учурда жоопкерчиликке тартылышын эскертүү менен текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси, 17-беренесинин 4-пункту сөзмө сөз маанисине жараша Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси жазык сот өндүрүшүндө жактоочу катары катышкан адвокаттарга аналогия боюнча жайылтылууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы