Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июлу № 473
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын, баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин жана окутуучуларынын, ошондой эле аталган уюмдарда иштеген административдик персоналдын ишинин натыйжалуулугунун жана сапатынын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 5-главанын 5.1-пунктунда:
таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Орто кесиптик педагогикалык билим | Жогорку педагогикалык билим | |
бакалавр, дипломдуу адис | магистр | |
60 | 67,5 | 75 |
";
тиркеме төмөнкүдөй редакцияда экинчи абзац менен толукталсын:
"Баштапкы класстарга сабак берген мугалимдин ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билимине жараша мугалимдин бир сааттык ставкасынан 1,2 коэффициент колдонулат.";
- 5-главанын 5.2-пунктундагы:
таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Орто кесиптик педагогикалык билим | Жогорку педагогикалык билим | |
бакалавр, дипломдуу адис | магистр | |
30 | 33,75 | 37,5 |
";
тиркеме төмөнкүдөй редакцияда экинчи абзац менен толукталсын:
"Баштапкы класстарга сабак берген мугалимдин ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билимине жараша мугалимдин бир сааттык ставкасынан 1,2 коэффициент колдонулат";
- 5-главанын 5.3-пунктунда:
1-мисалдын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(20 сааттык сабактык иш х 72 сом + 6 саат даярдык иштери х 72 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 36 сом) х 4,2 жума = (1440 сом + 432 сом + 216 сом) х 4,2 жума = 8769,6 сом + 8769,6 х 20% (педагогикалык иш стажы үчүн кошумча акы) = 8769,9 сом + 1753,92 сом + 500 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 11023,52 сом";
2-мисалдын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(22 сааттык сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 4 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1485 сом + 405 сом + 135 сом) х 4,2 жума = 8505 сом + 8505 сом х 30% + 1000 сом (айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы) х 22 саат : 20 саат = 8505 сом + 2551,5 сом + 1100 сом + 300 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 12456,5 сом";
3-мисалдын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(20 саат сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1350 сом + 405 сом + 202,5 сом) х 4,2 жума = 8221,5 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы каралган эмес)";
4-мисалдын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(20 саат сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1350 сом + 405 сом + 202,5 сом) х 4,2 жума = 8221,5 сом + 1000 сом (айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы) х 20 саат: 20 саат + 8221,5 сом х 10% (педагогикалык стаж үчүн кошумча акы ) = 8221,5 сом + 1000 сом + 822,15 сом + 2000 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 12043,65 сом";
- 3-тиркемеде:
"Билим берүү уюмдары" графасынын онунчу сабы "Кыргыз билим берүү академиясы" деген сөздөрдөн кийин ", окуу-методикалык кабинеттери" деген сөздөр менен толукталсын;
"Кызмат орундар" графасынын онунчу сабы "Методист" деген сөздөн кийин ", окуу-методикалык кабинетинин башчысы" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 2015-жылы баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү 2015-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эсепке алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн квалификациялык категорияларды киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.Сариев |
|