Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2020-жылдын 3-сентябры № 04-р
Байышбек Абдрахманович Нааматовдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы төрагалык кылуучу К.А. Дуйшеевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Э.Ж. Осконбаевдин, Ж.И. Саалаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы С.А. Джолгокпаеванын:
кайрылуучу тарап - Байышбек Абдрахманович Нааматовдун;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бейшенбек кызы Камиланын, Орозбек уулу Максаттын;
башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Айсулуу Жаныбаевна Букамбаеванын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгүн борборунун ишеним кат боюнча өкүлү Элдар Майрамбекович Токторовдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Эркин Бакбурович Искаковдун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Кундуз Бошкоевна Аманжолованын катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
«Улан» айыл чарба кооперативинин төрагасы Б.А. Нааматовдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүзөгө ашырган судья-баяндамачы М.Ш. Касымалиевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 12-июнунда «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 40-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө «Улан» айыл чарба кооперативинин төрагасы Б.А. Нааматовдун, анын өкүлү М.Ш. Чолпонбаевдин өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1996-жылкы редакциясында 221-беренесинин 4 жана 5-пункттары менен менчик ээсинин же башка менчик ээсинин укуктарынын кандайдыр бир жол менен бузулушун, андай бузуу ээлик кылуудан ажыратуу менен байланышкан болбосо да, аны четтетүү жөнүндө талаптарга; өзүнө тийиштүү мүлктү ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча көрсөтүлгөн адамдардын укуктары бузулуп жатканда мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө менчик ээсинин же башка адамдардын талаптарына доонун эскириши жайылбайт деп белгиленген.
Ушул ченемдердин негизинде менчик ээлери сот тартибинде доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине карабастан доонун мөөнөттөрүнүн эскиришине байланыштуу, менчик ээлер өзүнүн мүлкүн башка бирөө (бөтөн) ээлик кылуудан талап кылуу укугунан же адамдарды менчик укугунан ажыраткан мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жараксыз деп таанууга укуктуу болуучу.
Бирок «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 221-беренесинин 4 жана 5-пунктчалары жокко чыгарылган. Демек, доонун мөөнөттөрү эскиришине байланыштуу, менчик ээлер өзүнүн мүлкүн башка бирөө (бөтөн) ээлик кылуудан талап кылуу укугунан же адамдарды менчик укугунан ажыраткан мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жараксыз деп талап кылуудан ажыратылган.
Арыздануучулар Чүй областынын Райондор аралык сотунун 2013-жылдын 29-апрелиндеги аныктамасы менен доо арызын берүү үчүн өткөрүлгөн мөөнөттү кооперативге калыбына келтирүүдөн баш тарткан жана иш боюнча өндүрүштү токтоткон деп билдиришет. Райондор аралык сотунун бул аныктамасы Чүй областтык соту 2013-жылдын 18-сентябрында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында күчүндө калтырылган.
Кайрылуу субъекти кооперативдин арызы боюнча 2015-жылы мурда кооперативге тийиштүү жер тилкесин бекитүү жөнүндө укук белгилөөчү документтердин башка адамдар тарабынан колго жасалгандыгы фактысы боюнча жазык иши козголгон, ал адамдар Сокулук райондук соту тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында соттолушкан деп билдирет. Бул өкүм Чүй областтык соту тарабынан 2019-жылы 1-январда өзгөртүүсүз калтырылган.
Колго жасалган документтердин негизинде кооперативдин жерлерин басып алган адамдарга карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу кооператив жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра каратуу жөнүндө арыз менен Чүй областтык Райондор аралык сотуна кайрылган. Бирок кайрылууга доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу сот аны кайра кароодон баш тарткан.
Арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 221-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнүн талашылып жаткан ченемдеринин жокко чыгарылышы, мүлк мыйзамсыз ажыратылганда, менчик ээлер өзүнүн мүлкүн башка бирөө (бөтөн) ээлик кылуудан талап кылуу укугунан же адамдарды менчик укугунан ажыраткан мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жараксыз деп сот тартибинде талап кылуудан ажыратылган учурда менчик ээсинин укуктарын соттук коргоодон ажыратат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясында мүлк кол тийгис жана ал соттун чечими менен гана ажыратылат деген талаптарына карама-каршы келет деп эсептешет.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучулар «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 40-беренесине карама-каршы келет деп таанууну суранышат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 27-сентябрындагы токтому менен бул өтүнүч өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуучу тарап соттук отурумда өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.
Жоопкер тараптын өкүлү Бейшенбек кызы Камила кийинкидей негиздер боюнча арыздануучунун өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу зарыл деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы жарандардын жана юридикалык жактардын менчигин, ошондой башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.
Бейшенбек кызы Камиланын пикири боюнча Конституциянын көрсөтүлгөн ченеми экономикалык эркиндик мамлекеттин бардык менчик формаларын, анын ичинде жеке менчикти дагы мамлекет тарабынан кайтарылуу жана коргоо шартында гана мүмкүн болуусун болжойт. Мамлекет өзүнүн органдары жана кызмат адамдары аркылуу башкасы менен бирге жеке менчикти коргоого, анын кол тийгистигин камсыз кылууга милдеттүү.
Жоопкер тараптын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси менен ар кандай формадагы менчикке кол салуу үчүн катуу юридикалык жоопкерчиликти карайт деп түшүндүрдү. Мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчик уурдалгандыгы үчүн менчиктин түрүнө карабастан жаза чарасы белгиленет.
К. Бейшенбек кызы жеке менчик жарандык укуктун да ченемдери менен кайтарылат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 2-беренесине ылайык жарандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин, эркинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иштерге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, граждандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кылууга негизделет. Мында аталган Кодекстин 11-беренесинде жарандык укуктарды коргоо укук бузулганга чейин болгон абалды калыбына келтирүү жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысын жараксыз деп табуу аркылуу жүзөгө ашырылат деп белгиленген.
Мыйзамдарда жаран өзүнүн бузулган укугун коргоо үчүн сотко кайрылууга мүмкүндүк берген мөөнөтүн - доонун эскирүү мөөнөтүн белгилейт. Доонун эскирүү мөөнөтү жарандык мамилелердин стабилдүүлүгүнө көмөк болуп, укукту кыянаттуулук менен колдонууну жокко чыгарат, ошондой эле укуктук мамилелердин катышуучуларына тартиптик таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинен 221-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн алып салынышы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келет.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү М. Орозобек уулу К. Бейшембек кызынын жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү А. Ж. Букамбаева талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
А.Ж. Букамбаева «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда негиздеме маалым катка ылайык рейдерликти анализдөөнүн жыйынтыктары эске алынган болуучу деп билдирди. Рейдерлик кол салуулардын көбү бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу, ошондой эле юридикалык жактарды башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине даттануу аркылуу жүзөгө ашырылып келген, ал үчүн кайрылуунун субъекттери доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү институтун колдонгон. Тийиштүү чечимдер сот тартибинде жокко чыгарылган, аны менен ак ниет алуучудан мүлктү тартып алуу үчүн негиз түзүлгөн.
А.Ж. Букамбаева белгилегендей, мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан Мыйзамды кабыл алып жатып, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин талаш жоболорун жокко чыгаруу менен бирге бир катар башка ченемдерди кабыл алган. Маселен, талашылып жаткан Мыйзамдын 4-пункту менен бул Кодекстин 215-беренеси менен доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү институтун киргизип, ал жаңы редакцияда баяндалган. Ал арыздануучулардын бул талаш-тартышты жогору турган сот инстанцияларында соттук коргоо жана анда каратуу укугунун жүзөгө ашырылуусуна мүмкүнчүлүктөр жокко чыгарылган эмес дегенди баса белгилейт.
Мында А.Ж. Букамбаева «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 291-беренеси «ак ниет алуучу» түшүнүгүн киргизүү жана менчик укугунун ак ниет алуучуга өткөрүлүүсү эрежелерин белгилөө жагында өзгөртүлгөн деп түшүндүрөт. Мүлктүн биринчи ээси же өткөрүлүп берилген мүлккө ээлик кылган адам мүлктү ал жоголгон же уурдалган, же алардын эркине каршы башка жол менен ээлик кылуудан чыгарылган учурда, алуучунун менчигинен талап кылышы мүмкүн. Ошону менен бирге, ал мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Эгер биринчи мүлк ээсинде мүлктү талап кылууга негиздер жок болсо, анда ал бул мүлктү ченемге каршы ажыратылышын жүзөгө ашырган адамга (жакка) зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Мында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 281-беренесинде караштырылган мүлктү менчик ээсинен мажбурлап алуу үчүн акыркы негиздерге соттун чечими менен гана жол берилет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 221-беренесинин 4, 5-беренелерин жокко чыгарып, ак ниеттүү алуучу укуктарды, ошондой эле биринчи менчик ээсинин өзүнүн мүлкүнө укуктарды коргоонун башка механизмдерин доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу менен киргизген деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун өкүлү Э.М. Токторов иш боюнча өндүрүштү токтотууну суранат.
Арыздануучу «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жокко чыгарылган жана юридикалык күчүн жоготкон 221-беренесинин 4, 5-пунктчаларынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылып жатат деп белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун экспертинин пикири боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык конституциялуулугу талашылып жаткан актынын жокко чыгарылышы же күчүн жоготушу, ал кайрылууну Конституциялык палатанын өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартууга алып келет.
Э.М. Токторов арыздануучунун талаптары ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун талашууда мыйзам менен белгиленген укукту коргоого эмес, күчүн жоготкон ченемдерди калыбына келтирүүгө багытталган деп эсептейт. Мындай жагдайларда бул өтүнүч жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасынын негизинде токтотулууга тийиш.
Э.М. Токторов, эгер күчүн жоготуу жөнүндө актта башкасы каралбаса, бул акт же анын түзүмдүк элементи күчүн жоготконун тааныган ченемдик укуктук акт менен күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылган ченемдик укуктук акт бүтүндөй же анын түзүмдүк элементи колдонулуудан чыкканын билдирет деп баса белгилейт. Демек, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жокко чыгарылган 211-беренесинин 4, 5-пунктчалары мамлекет менен жарандын ортосунда эч кандай укуктук мамилелерди орнотпойт жана укук маселелеринин чечилишин камтышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б. Искаков Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 221-беренесинин 4-пунктчасынын жокко чыгарылышы конституциялуу эмес деген бөлүктө Б.А. Нааматовдун өтүнүчүн негиздүү деп эсептейт.
Э.Б. Искаков бул ченем менчик укугунун корголушун толук жана ар тараптуу камсыз болуусуна объективдүү көмөк көрсөтүп келген деп белгилейт. Менчик ээсинин же башка ээлик кылуучунун укуктарынын ар кандай бузулушун четтетүү жөнүндө талаптарына карата доонун эскирүүсүнүн жалпы мөөнөтүнүн колдонулушу, ушул укук бузуулар ээлик кылуудан ажыратууга байланышпаган болсо да, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык кол тийгис деп саналган менчик укугун коргоодо белгилүү бир чектөөлөрдү жаратат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү 2017-жылдын 1-июлунан тартып административдик-укуктук (коомдук-укуктук) мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштар боюнча сот өндүрүшүнүн тартибин белгилеген Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодекси күчүнө кирген деп түшүндүрмө берет. Көрсөтүлгөн Кодекстин 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык башка мыйзамдарда жана ченемдик укуктук актыларда камтылган административдик процесстик мыйзамдардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексине туура келиш керек. Демек, өзүнө тийиштүү мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө боюнча менчик ээсинин же башка адамдардын укуктары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары менен бузулуп жатса, аталган органдардын актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө менчик ээсинин же башка адамдардын талаптары административдик процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө каралууга тийиш. Мында административдик доону берүүгө өткөрүлгөн процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү маселелери да регламенттелип, жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 110-беренеси менен белгиленген.
Ошентип, Э.Б. Искаковдун пикири боюнча менчик ээсинин же башка адамдардын өзүнө таандык мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө боюнча укуктары мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары менен бузулуп жаткан болсо, аларды жараксыз деп таануу жөнүндө менчик ээсинин же башка адамдардын талаптарын жарандык мыйзамдардан алып салуу негиздүү болгон. Бул жагдай менчик ээсинин же башка ээлик кылуучунун мүлккө укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугун жокко чыгарбайт жана кемсинтпейт.
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин өкүлү К.Б. Аманжолова талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбөөсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлүнүн көз карашын колдоду жана өңчөй жүйөлөрдү келтирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын көз караштарын эске алып, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын кийинкидей мазмундагы 1-беренесинин 5-бөлүгү саналат:
«1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
5. 5. 221-статьянын 4 жана 5-пунктчалары алып салынсын.».
«Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамы «Эркин-Тоо» гезитинде 2009-жылы 7-августта № 68-69 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Азыркы демократиялык укуктук мамлекетте адамдын жеке укуктары жана эркиндиктери экономикалык эркиндиксиз акылга сыйбас, анын негизги туундусу – ал менчик укугу. Жеке менчик укугу индивиддин табигый ажыратылгыс укугу болуп саналат. Мындай укукту толук көлөмдө жүзөгө ашыруу эркиндик менен менчик болгондо гана мүмкүн, ал эми инсандын эркиндиги жеке менчик болгондо гана мазмунга ээ болот. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берет. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү).
Бул укуктун конституциялык-укуктук мааниси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы, 2016-жылдын 21-сентябрындагы чечимдеринде ачыкталган.
Менчик укугунун ушундай укуктук жөнгө салынуусу Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 182 Мыйзамы менен ратификацияланган Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жоболору менен да үндөшөт (26-берене), ал Конституциянын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Конвенциянын көрсөтүлгөн беренесине ылайык ар бир жеке жана юридикалык жак менчикке укуктуу, коомдук кызыкчылыктарда, соттук тартипте жана улуттук мыйзамдар менен жалпыга таанылган эл аралык укукта каралган шарттарды сактоо учурунда гана өзүнүн мүлкүнө ажыратылышы мүмкүн.
Жогоруда баяндалган сөз демократиялык мамлекет түптөлгөн баалуулуктар тутумунда менчик укугу адам укуктарынын жыйындысында анын укуктук статусунун негиздеринин бири болуп, маанилүү орундардын бирин ээлейт дегенди билдирет. Ошол эле учурда менчик көп кырдуу, татаал категория болуп, өндүрүштүн жана жарандык мамилелердин экономикалык негизин түзүп, мамлекет үчүн бүтүндөй эбегейсиз мааниге ээ.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, экономикалык, саясий, укуктук мамилелердин башкы элементи катары менчик укугун коргоо зарылдыгы күмөн саноолорго алып келиши мүмкүн эмес. Ошондуктан менчик укугу өлкөнүн Баш Мыйзамы менен кепилденген жана аны коргоо – ал Кыргыз Республикасынын милдети. Менчик укугун коргоо чөйрөсүндө мамлекет өзүнүн милдеттерин кыйшаюусуз аткаруу максатында натыйжалуу укуктук базаны, орундуу жана таасирлүү механизмдер менен институттарды жаратышы керек.
Укуктар менен кызыкчылыктарды укуктук коргоо механизми юридикалык жактан чагылдырылган ырааттуу, сабаттуу коргоо ыкмасы болот. Коргонуунун зарыл каражаттары менен камсыз кылынбаган субъективдүү укук декларативдүү гана укук болуп саналат. Аны менен, жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык орнотмонун жар салынышы менчик укугун коргоонун реалдуу механизмин, натыйжалуу мыйзам чыгаруучулук жөнгө салынуусун талап кылат.
3. Андай камсыз кылуучу механизмдердин бири болуп соттук коргоо укугу саналат. Соттук коргонууга укук бардык башка укуктар менен эркиндиктердин мерчемдүү юридикалык кепилдиги болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы соттук коргоо бардык башка конституциялык укуктар менен эркиндиктерге карата камсыздоо-калыбына келтирүү милдетин аткаруучу адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты экендигин өзүнүн чечимдеринде бир нече жолу көрсөткөн. Мында соттук коргонууга болгон укук кепилдиктин болушун божомолдойт, толук көлөмдө ишке ашырып, адилеттиктин талаптарына жооп берген акыйкат соттун жардамы менен укугун калыбына келтирүүнү камсыз кылмак (2013-жылдын 27-декабрындагы жана 2014-жылдын 21-февралындагы Чечимдер).
Жарандык процессте соттук коргоо кызыкдар адамды (жакты) сотко доо арыз берүүгө укуктуу болушу менен чагылдырылат. Жарандык укуктарды коргоо мезгил фактору менен ажырагыс байланышта болот, мезгилдин келиши же өтүп кетиши укуктук мамилелердин катышуучулары үчүн белгилүү укуктук натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Жарандык укуктарды коргоо деп укуктары бузулган адам (жак) өзүнүн укугун мажбурлап жүзөгө ашырылуусун же коргоону талап кыла турган мезгилди түшүнүүгө болот. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 211-беренесине ылайык доонун эскирүү мөөнөтү деп укуктары бузулган адамдын (жактын) доосу боюнча укуктарды коргоо үчүн мөөнөт таанылат.
Доонун эскирүү мөөнөтүн аныктоо, биринчи кезекте, укуктук белгилүүлүк принцибин камсыз кылууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 17-февралындагы укуктук көз карашына ылайык доонун эскириши мыйзамдардын негизги институттарынын бири, анткени соттук тартипте бузулган субъективдүү укукту коргоонун убактык чектерин аныктап турат. Доонун эскиришинин маанилүү көрүнүшү болуп, анын жарандык укук мамилелеринин укуктук аныктыгына жана туруктуулугуна шарт түзүүсү эсептелет, анткени бузулган укукту мажбурлап коргоону чектей турган мөөнөтсүз, укук ээси өз укугун бузуучуну соттук таасир көрсөтүү коркунучу алдында каалаганындай узак кармоо мүмкүндүгүн алмак. Сотко кайрылууну өтө узакка созуу далилдерин жок болуп кетүү коркунучун туудурмак, ошону менен жарандык иштерди өз убагында чечүү кыйынчылык жаратып же такыр мүмкүн эмес болмок.
Тийиштүү доонун эскирүү мөөнөтүн белгилөө максаты коомдук милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашырылуусун камсыз кылууда гана эмес, жарандык мамилелердин туруктуулугун жана стабилдүүлүгүн сактоодо турат. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өзгөчө мааниси доо формасындагы укукту коргоо талабы мезгилде чексиз болушу мүмкүн эмес. Бул биринчи кезекте, укуктук белгисиздиктин абалын орунсуз создуктурууга жол берилбестик менен, экинчиден, акыйкатты аныктоого жол берүүчү жарандык иштин бардык жагдайларын өз убагында билүү мүмкүндүгү менен (себеби убакыт өткөн сайын далилдер же жоголуп кетиши мүмкүн, же баалуулугу кетип калышы мүмкүн), үчүнчүдөн, жарандык укуктук мамилелердин катышуучуларын тартипке келтирүү менен шартталган. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн мааниси кызыкдар адамдын (жактын) соттук коргонуу укугун кыянаттык менен колдонуусуна жол бербөөдө турат.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бузулган укукту коргоо жөнүндө талап доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине карабастан каралууга кабыл алынат. Мында бул Кодекстин 219-1-беренеси менен доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү механизми каралган. Көрсөтүлгөн берененин ченемдерине ылайык бузулган укуктарды коргоо жөнүндө талаптарды сотко койгон жарандардын талабы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми сот доонун эскирүү мөөнөтүн жүйөлүү себептер менен өткөрүлгөнүн тааныган учурда бузулган укук соттук коргоого алынууга тийиш. Андан тышкары, доонун эскирүү мөөнөтү жалпысынан сот адилеттиги органдарынын орундуу иштешине көмөктөшүп, коомдук кызыкчылыктарды коргоого багытталган.
Доонун эскирүү мөөнөтүн кызыкдар адамдын (жактын) доо өндүрүшү алкагында соттук тартипте бузулган укуктарды коргоону ишке ашырууга багытталган комплекстүү мүлктүк мамилелерди жөнгө салуучу, бардык материалдык-укуктук мөөнөттөрдү бириктирүүчү институт катары кароо зарыл.
Колдонуудагы мыйзамдар менчик укугун коргоонун башка механизмдерин дагы камтый тургандыгы өзгөчө белгиленүүгө тийиш. Менчик мамилелеринин кайтарылышынын укуктук негиздери жарандык мыйзамдарда гана эмес, бирөөнүн мүлкүнө укукка каршы кол салуу үчүн жоопкерчиликти орнотуучу жазык жана административдик мыйзамдарда да караштырылат. Мүлктүк укуктар тутумунда менчик укугунун кайтарылышы айрыкча салмактуу болгондуктан, мыйзам чыгаруучу аларды кайтаруунун көп түрдүү механизмдерин караштырган. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 11-беренесине ылайык жарандык укуктарды коргоо укукту таануу; укук бузулганга чейин болгон абалды калыбына келтирүү; укукту бузган же аны бузууга коркунуч түзгөн аракеттерге бөгөт коюу; бүтүмдү жараксыз деп табуу жана анын жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу; мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысын жараксыз деп табуу; жарандык укуктарды өз алдынча коргоо; милдеттенмелерди натуралай түрдө аткарууга мажбурлоо; зыяндардын ордун толтуруу; айып төлөмүн өндүрүү; моралдык зыянды компенсациялоо; укуктук мамилелерди токтотуу же өзгөртүү; сот тарабынан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мыйзамга ылайык келбеген актысын колдонбоо; мыйзамдарда каралган башка ыкмалар аркылуу жүзөгө ашырылат. Аты аталган ыкмалардын ар бири өзүнчө дагы, башкалар менен кошо дагы колдонулушу мүмкүн, коргоо ыкмасын тандоо доогердин өзүндө болот.
Ошентип, жогоруда аталган укуктук механизмдер болгондо доонун эскирүү мөөнөтүнүн институтунун менчик укугунун коргоо чөйрөсүнө жайылуусун Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген менчик укугун соттук коргоо укугунун жокко чыгарылышы же анын кемсинтилиши катары баалоого болбойт. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 221-беренесинин 4, 5-пунктчаларынын алып салынышы сот адилеттигине жетишүүнү чектебестен, жарандык укуктук мамилелердин катышуучуларынын жүрүм-турумунун белгилүү тартибин жана эрежелерин орнотот.
Ошону менен бирге, укук колдонуучулук мааниге ээ болгон доонун эскирүү мөөнөттөрүн жана башка мөөнөттөрдү орнотуу мыйзам чыгаруучунун эркиндеги ыйгарым укуктарга таандык, алар өзгөртүлүшү да мүмкүн, такыр жокко да чыгарылышы мүмкүн.
Мыйзам чыгаруучу орган адилеттүүлүктүн принциптери менен коомдук жана жеке кызыкчылыктар балансын сактоо менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык шарттарынан келип чыгып, укуктук каражаттарды тандоодо өзүнүн эрки бар.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1-пунктун, 97-беренесинин 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 40-беренесине карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ