Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-декабры № 839
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
27-сентябрындагы № 664 «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна
толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ченөө каражаттарынын аталыштарын, текшерүү мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү максатында, «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо:
төмөнкүдөй мазмундагы 8.1-пункт менен толукталсын:
«8.1. Метрология боюнча улуттук орган мезгилдүү текшерүүлөрдүн натыйжаларын эсепке алууга жана аларды колдонуунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен текшерүүлөрдүн ортосундагы аралыкты оңдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга милдеттүү.»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
«3-тиркеме
№ | Ченөө каражаттарынын аталышы | Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү | Эскертүү |
1. Заттардын келишин, чыгышын, деңгээлин, көлөмүн өлчөө | |||
1 | Сүт, вино жана вино материалдары үчүн автоцистерналар | Жылына 1 жолу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 87 «Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу, кабыл алуу, сактоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык |
2 | Мунай продуктулары үчүн автоцистерналар | Жылына 1 жолу | |
3 | Отун жана май таркатуучу колонкалар | Жарым жылда 1 жолу | |
4 | Мунай, мунай продуктулары үчүн эсептегичтер | Жылына бир жолу | |
5 | Мунай продуктулары үчүн резервуарлар | 5 жылда 1 жолу | |
6 | Суюлтулган газды таркатуучу колонкалар | Жарым жылда 1 жолу |
|
7 | Суюктуктун жана газдын чыгым ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
8 | Ротаметрлер | Жылына 1 жолу |
|
9 | Дозаторлор: |
| |
пипеткалык | Жылына 1 жолу |
| |
поршендик | Жылына 1 жолу |
| |
10 | Сүт өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
11 | Суусундуктарды чыгаруу үчүн чендер (айнектен жасалган) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
12 | Суюк азыктардын дозаторлору, анын ичинде соода автоматтары | Жарым жылда 1 жолу |
|
13 | Спирт жана башка өнөр жай суюктуктары жана азыктар үчүн эсептегичтер | Жылына 1 жолу |
|
14 | Аспираторлор | Жылына 1 жолу |
|
15 | Деңгээлдин сигнализаторлору (автоматтык) | Жылына 1 жолу |
|
16 | Суюктукту чыгаруу үчүн чендер (металлдан) | Жылына 1 жолу |
|
17 | Сыйымдуулук чендери (айнектен) | Өндүрүштөн чыкканда |
|
18 | Көчмө чендер | Жылына 1 жолу |
|
19 | 1 жана 2-класстагы техникалык чендер (стационардык) | 2 жылда 1 жолу |
|
20 | Өнөр жай суу эсептегичтери | Жылына 1 жолу |
|
21 | Тиричиликтик суу эсептегичтери | Паспорттогу маалыматтарга ылайык |
|
22 | Өнөр жай жылуулук эсептегичтери | Жылына 1 жолу |
|
23 | Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери | Паспорттогу маалыматтарга ылайык |
|
24 | Өнөр жай газ эсептегичтери | Жылына 1 жолу |
|
25 | Тиричиликтик газ эсептегичтери | Паспорттогу маалыматтарга ылайык |
|
26
| Түтүгү жука суу агызгычтар: |
| |
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат | 5 жылда 1 жолу
| ||
3 жылда 1 жолу | |||
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суу агызгыч аркылуу суунун агымы ташыбайт, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (суу каптап кеткен, чөп басып кеткен) кийин алар суунун алдында калышы мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
| |
2 жылда 1 жолу | |||
27 | Түп босоголуу суу агызгычтар: - тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат |
4 жылда 1 жолу |
|
3 жылда 1 жолу | |||
- тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бирок төмөнкү бьефтеги каналдын иштөө шарттарына жараша (суу каптап кеткен, чөп басып кеткен) кийин алар 0,75тен жогору болушу мүмкүн, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат | 3 жылда 1 жолу |
| |
2 жылда 1 жолу | |||
28 | Чыгым ченегич ноолор: - тартылган каналда суунун агымынын режими - жай, Фруддун саны 0,60тан аз, суунун салыштырмалуу ташып кетиши 0,75тен аз же ага барабар, бьефтин жогору жагында суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат |
3 жылда 1 жолу |
|
2 жылда 1 жолу | |||
29 | Атайын азайтуучу түзүлүштөрү бар чыгым эсептегичтер: - бьефтин жогору жагында суунун агымынын режими - жай, кошумча коюлган жана жалгаштырылган өткөргүчтөр аркылуу суунун агымы суунун астынан өтөт, курулманын айланасында ири фракциялардын суу менен агып келүүчү агындылары чогулбайт | 3 жылда 1 жолу |
|
30 | «Белгиленген нук» тибиндеги чыгым эсептегичтер: - каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат |
5 жылда 1 жолу |
|
3 жылда 1 жолу | |||
- каналдагы суунун агымынын режими - тегиз жайылган, курулманын чектеринде суу менен агып келүүчү ар түрдүү заттар чогулбайт, бьефтин төмөн жагында тирөөч жок, бирок сууну чыгарган каналдын иштөө шарттарына жараша (суу басып кеткен, чөп басып кеткен) суу эсептегич курулмалар: бети бетондолгон; нугу топурак болгон каналда курулат | 3 жылда бир жолу |
| |
2 жылда 1 жолу | |||
31 | Кол, табак анемометрлери (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
32 | Индукциялык анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
33 | Канатчалуу анемометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
34 | Метроштоктор | Жылына 1 жолу |
|
35 | Лоту бар рулеткалар | Жылына 1 жолу |
|
36 | Узундуктун штрихтүү, анын ичинде брустуу чендери | Жылына 1 жолу |
|
37 | Шахта интерферометрлери | Жарым жылда 1 жолу |
|
38 | Деңгээл чендери | Жылына 1 жолу |
|
39 | Булгаары ченөөчү машиналар (булгаары калыптарынын жана үлгүлөрүнүн аянтын ченөөчү машиналар) | Жылына 1 жолу |
|
40 | Булгаары ченөөчү калыптар | Жылына 1 жолу |
|
41 | Кездеменин узундугун ченөөчү машиналар жана үстөлдөр | Жылына 1 жолу |
|
42 | Контролдук электер | Жылына 1 жолу |
|
43 | Контролдук жол калыптар | Жылына 1 жолу |
|
44 | Теодолиттер | Жылына 1 жолу |
|
45 | Камералуу жана камерасыз диафрагмалар | Жылына 1 жолу |
|
46 | Суу агымынын ылдамдыгын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
47 | Суу агымынын ылдамдыгын ченегичти текшерүүчү түзүлүштөр | 2 жылда 1 жолу |
|
48 | Суунун деңгээлин ченегичтерди текшерүүчү түзүлүштөр | Паспорттогу маалыматтарга ылайык |
|
2. Механикалык чоңдуктарды ченөөлөр | |||
49 | Клейковинанын деформациясын ченегич | Жылына 1 жолу |
|
50 | Маятниктүү копрлар | Жылына 1 жолу |
|
51 | Салмак ченөөчү приборлор, түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
52 | Гирялар | Жылына 1 жолу |
|
53 | Бардык типтеги динамометрлер | Жылына 1 жолу |
|
54 | Динамометрлик ачкычтар | Жылына 1 жолу |
|
55 | Сыноочу машиналар | Жылына 1 жолу |
|
56 | Гидравликалык пресстер | Жылына 1 жолу |
|
57 | Бардык типтеги катуулукту ченөө приборлору | Жылына 1 жолу |
|
58 | Пуркалар | Жылына 1 жолу |
|
59 | Секунда ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
60 | Саат, механикалык, электрдик, санариптик тахометрлер (бардык типте) | Жылына 1 жолу |
|
61 | Бардык типтеги спидометрлер жана тахографтар | 2 жылда 1 жолу |
|
62 | Шахталык көтөргүчтөрдүн жана локомотивдердин ылдамдыгын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
63 | Таксометрлер | Жылына 1 жолу |
|
64 | Бурчтук өткөрүүнүн датчиктери | Жылына 1 жолу |
|
3. Басымды, вакуумду ченөөлөр | |||
65 | Суюктуктардын, буунун жана газдын чыгымын ченегичтер жана дифманометрлер (анын ичинде экинчи жолку приборлор) | Ченөө каражаттарын текшерүү мөөнөтүндө |
|
66 | Шахтадагы компрессометрлер жана оордук ченегичтер | 2 жылда 1 жолу |
|
67 | Көрсөтүүчү, өзү жазуучу жана аралыктык манометрлер (бардык тиби) | Жылына 1 жолу |
|
68 | Сфигмоманометрлер, тонометрлер | Жылына 1 жолу |
|
69 | Бардык типтеги жүк поршендүү манометрлер жана мановакуумметрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
70 | Микроманометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
71 | Эңкейиш түтүктүү микроманометрлер | Жылына 1 жолу |
|
72 | Деформациялык манометрлер, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер | Жылына 1 жолу |
|
73 | Суюктук манометрлери, вакуумметрлер жана мановакуумметрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
74 | Төмөнкү абсолюттук басымдардын манометрлери | Жылына 1 жолу |
|
75 | “Сапфир”, “Метран”, ИПДЦ тибиндеги басым өзгөрткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
76 | Дифманометрлерди-чыгым ченегичтерди текшерүү үчүн алып жүрүүчү приборлор | Жылына 1 жолу |
|
77 | Барометр-анероид | Жылына 1 жолу |
|
78 | Ашыкча басым датчиктери | Паспорттук маалыматтарга ылайык |
|
4. Заттардын физикалык-химиялык курамын жана касиеттерин ченөө | |||
79 | Металл спирт ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
80 | Мунай өнүмдөрүнүн күйүү температурасын аныктоочу приборлор | 2 жылда 1 жолу |
|
81 | рН-метрлердин комплекттери (бардык типтеги) | Жылына 1 жолу |
|
82 | рН-метрлерге, нитрат ченегичтерге жана анализаторлорго электроддор | Жылына 1 жолу |
|
83 | Тыгыздык ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
84 | Май ченегичтер | Өндүрүштөн чыкканда |
|
85 | Вольтамперометрдик полярографтар жана анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
86 | Кондуктометрлер | Жылына 1 жолу |
|
87 | ГАИ, Инфралит, ГИАМ жана ушул сыяктуу автомобилдер иштеп чыккан газдын анализаторлору | Жарым жылда 1 жолу |
|
88 | АН-7529, ГОУ тибиндеги лабораториялык анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
89 | Уулуу, күйүүчү, жарылуу кооптуулугу бар газдардын жана буулардын, дем менен чыккан абадагы этанол бууларынын концентрациясынын сигнализаторлору жана газ анализаторлору | Жарым жылда 1 жолу |
|
90 | УГ-2 тибиндеги газ анализаторлоруна сынам алуучу түзүлүштөр | 2 жылда 1 жолу |
|
91 | ЭТХ-1 тибиндеги термохимиялык эксплозиметрлер (көчмө) | Жарым жылда 1 жолу |
|
92 | Түтүн ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
93 | Абадагы чаңдын бөлүкчөлөрүнүн концентрациясын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
94 | Электр химиялык сенсорлуу уулуу газдын сигнализаторлору жана газ анализаторлору | 3 айда 1 жолу |
|
95 | Хроматографтар | Жылына 1 жолу |
|
96 | Бардык типтеги материалдардын жана каражаттардын нымдуулугун ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
97 | Бардык типтеги ион ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
98 | Бардык типтеги ареометрлер | Жылына 1 жолу |
|
99 | Шарттуу илээшкектин вискозиметрлери | Жылына 1 жолу |
|
100 | Капиллярдуу вискозиметрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
101 | Заттардын жана материалдардын курамын жана касиетин текшерүүчү анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
102 | Биохимиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
103 | Коагулометрлер | Жылына 1 жолу |
|
104 | Иммуноферменттик анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
105 | Гематологиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
106 | Медициналык багыттагы глюкометрлер | Жылына 1 жолу |
|
107 | Кондуктометрлик анализаторлор | Жылына 1 жолу |
|
5. Жылуулук-физикалык жана температуралык ченөөлөр | |||
108 | Температуралык лампалар | Жылына 1 жолу |
|
109 | Термоэлектрдик температураны өзгөрткүчтөр, термобуулар, каршылык термометрлери | Жылына 1 жолу |
|
110 | Газ калориметрлери | Жарым жылда 1 жолу |
|
111 | Суюк жана катуу отун үчүн күйгүзүү калориметрлери (В-08М, В-08МА тибиндеги) | Жылына 1жолу |
|
112 | Медициналык термометрлер | Өндүрүштөн чыкканда |
|
113 | Метастатикалыктан башка лабораториялык айнек термометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
114 | Метастатикалык термометрлер | 2 жылда 1 жолу |
|
115 | Айнек суюктук термометрлери | 2 жылда 1 жолу |
|
116 | Бардык типтеги термометрлер (суюктуктан башка), термоэлектрдик өзгөрткүчтөр, анын ичинде экинчи жолку приборлор | Жылына 1 жолу |
|
117 | УВПТ, УТТ жана окшош түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
118 | Оптикалык пирометрлер | Жылына 1 жолу |
|
119 | Радиациялык пирометрлер | Жылына 1 жолу |
|
120 | Психрометрлер | Жылына 1 жолу |
|
121 | Психрометрикалык гигрометр (ВИТ-1, ВИТ-2 тибиндеги) | 2 жылда 1 жолу |
|
6. Туруктуу жана өзгөрүлмөлүү токтогу электрдик жана магниттик чоңдуктарды ченөө | |||
122 | Электр энергиясынын үч фазалуу индукциялык жана электрондук эсептегичтери | 4 жылда 1 жолу |
|
123 | Электр энергиясынын бир фазалуу индукциялык жана электрондук эсептегичтери | 8 жылда 1 жолу |
|
124 | Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери | Чыгарган завод берген паспорттогу маалыматтарга ылайык |
|
125 | а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Электр энергиясынын бир фазалуу жана үч фазалуу эсептегичтерин текшерүү мөөнөттөрүнө ылайык |
|
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда |
| |
126 | Обочолотуунун электрдик бекемдигин сыноо, обочолотуунун жана жердетүүнүн каршылыгын өлчөө үчүн приборлор | Жылына 1 жолу |
|
127 | Туруктуу жана өзгөрүлмөлүү талаанын магниттик индукциясын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
128 | Электрдин өтүүсүн жана жоготуу бурчунун тангенсин өлчөө жана ченөө | Жылына 1 жолу |
|
129 | Ф1-2, Ф1-4 жана ушул сыяктуу типтеги фазанын калибраторлору | Жылына 1 жолу |
|
130 | Туруктуу жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун вольтметрлери: - эталондук - щиттеги |
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу | |
131 | Амперметрлер - эталондук - щиттеги |
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу | |
132 | Туруктуу жана туруктуу- өзгөрүлмөлүү токтун амперметрлери - эталондук - щиттеги |
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу | |
133 | Туруктуу жана туруктуу- өзгөрүлмөлүү токтун ваттметрлери - эталондук - щиттеги |
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу | |
134 | Киловольтметрлер - эталондук - щиттеги |
Жылына 1 жолу 2 жылда 1 жолу | |
135 | Фазометрлер | Жылына 1 жолу |
|
136 | Каршылык магазиндери | Жылына 1 жолу |
|
137 | Сыйымдуулуктун чени жана магазиндери | Жылына 1 жолу |
|
138 | Токтун жана чыңалуунун эталондук ченөө трансформаторлору | 8 жылда 1 жолу |
|
139 | Электр энергиясынын эталондук эсептегичтери | 2 жылда 1 жолу |
|
7. Радиотехникалык жана радиоэлектрондук ченөөлөр | |||
140 | Электр талаасынын чыңалуусун ченөө үчүн приборлор | Жылына 1 жолу |
|
141 | Энергиянын агымынын тыгыздыгын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
142 | Кубаттуулукту ченегич жана ченөөчү бөрктөр | Жылына 1 жолу |
|
143 | Бошоңдукту өлчөөчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
144 | Аттенюаторлор | Жылына 1 жолу |
|
145 | Вольтметрлер | Жылына 1 жолу | |
146 | Модуляцияны өлчөгүчтөр (амплитудалык жана жыштыктык) | Жылына 1 жолу |
|
147 | Импульстук генераторлорду текшерүүчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
148 | Тоскоолдуктарды ченегичтерди текшерүү үчүн түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
149 | Талаа чыңалуусунун ченегичтерин текшерүүчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
150 | Ченөө линияларын текшерүү жана токтоп турган толкундарды ченөө үчүн башка приборлорду текшерүүчү ченегичтер жана приборлор | Жылына 1 жолу |
|
151 | Сапаттуулуктун өлчөмдөрү жана ченегичтери | Жылына 1 жолу |
|
152 | Вольтметрлерди, үндүү, жогорку жана эң жогорку жыштыктагы генераторлорду жана башка жогорку жыштыктагы ченөө приборлорун текшерүүчү приборлор жана түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
153 | Электростатикалык талаалардын деңгээлдерин ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
154 | ВИЗИР жана ушуга окшогон типтеги видеого тарткычы менен транспорт каражаттарынын ылдамдыгын ченегичтер | Жылына 1 жолу |
|
8. Убакытты жана жыштыкты ченөө | |||
155 | Ч1-50, Ч1-69, СЧВ-74 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштык чендери | Жылына 1 жолу |
|
156 | Ч4-13 тибиндеги жана ушул сыяктуу убакыт жана жыштыктын эталондук сигналдарын кабыл алгычтар | Жылына 1 жолу |
|
157 | Ч3-64, Ч3-65, Ч3-66, Ч3-70 тибиндеги жана ушул сыяктуу жыштыкты өзгөрткүчтөр, жыштыктын синтезаторлору, жыштыкты бөлгүчтөр жана көбөйткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
158 | Механикалык жана электрдик секунда ченегичтер, хронометрлер, хроноскоптор жана убакыттын аралыгын ченөөчү приборлор жана түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
159 | АУПМЧ, АКПЧ-1 жана башка типтеги жыштык ченөөчү түзүлүштөр | Жылына 1 жолу |
|
160 | Туташтыруу узактыгын ченөө системасы | Жылына 1 жолу |
|
9. Оптикалык жана оптика-физикалык ченөөлөр | |||
161 | Диоптриметрлер | Жылына 1 жолу |
|
162 | Поляриметрлер | Жылына 1 жолу |
|
163 | Рефрактометрлер | Жылына 1 жолу |
|
164 | Фотоэлектроколориметрлер | Жылына 1 жолу |
|
165 | Спектрофотометрлер, жалындуу фотометрлер | Жылына 1 жолу |
|
166 | Газ жана суюктук үчүн лабораториялык интерферометрлер | Жарым жылда 1 жолу |
|
167 | Көз айнектердин сынам топтому | Өндүрүштөн чыкканда |
|
168 | Люксметрлер | Жылына 1 жолу |
|
169 | Сахариметрлер | Жылына 1 жолу |
|
170 | Нефелометрлер | Жылына 1 жолу |
|
10. Виброакустикалык ченөөлөр | |||
171 | Ызы-чуу ченегичтери | Жылына 1 жолу |
|
172 | Ченөөчү микрофондор | Жылына 1 жолу |
|
173 | Октава, третьеоктава, ичке тилкелүү электр чыпкалары | Жылына 1 жолу |
|
174 | Акустикалык калибраторлор | Жылына 1 жолу |
|
175 | Виброметрлер жана виброөлчөөчү өзгөрткүчтөр | Жылына 1 жолу |
|
11. Иондоштуруучу нурлануунун жана ядролук константтын мүнөздөмөлөрүн ченөө | |||
176 | Иондоштуруучу нурлануунун дозиметрлери | Жылына 1 жолу |
|
177 | Жеке дозиметрлер | Жылына 1 жолу |
|
178 | Иондоштуруучу нурланууну ченөөчү универсалдык приборлор | Жылына 1 жолу |
|
179 | Рентгенометрлер | Жылына 1 жолу |
|
180 | Радиометрлер | Жылына 1 жолу |
|
181 | Лазердик дозиметрлер | Жылына 1 жолу |
|
182 | Селективдүү эмес радиометрлер | Жылына 1 жолу |
|
12. Медициналык багыттагы ченөө каражаттары | |||
183 | Кардиографтар | Жылына 1 жолу |
|
184 | УЖЖ | Жылына 1 жолу |
|
185 | Электрофорез | Жылына 1 жолу |
|
186 | Төмөнкү жыштыктагы терапевттик аппараттар | Жылына 1 жолу |
|
13. Бузбоочу контролдоо үчүн ченөө каражаттары | |||
187 | Ультраүндүү калыңдыкты ченегичтер жана дефектоскоптор | Жылына 1 жолу |
|
188 | Бардык типтеги дефектоскоптор | Жылына 1 жолу |
|
».