Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 143
Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т. Туманов жана Г.А. Скрипкина тарабынан демилгеленген Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 143 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т.Туманов жана Г.А.Скрипкина тарабынан демилгеленген Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорунда (мындан ары - долбоор) төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштайбыз.
1. Долбоордун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн редакциясын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, ага ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер, ошондой эле жалпыга бирдей таанылган эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Каралып жаткан долбоордун 2 жана 14-беренелеринин контекстиндеги "коомдук башкаруу тартибин" деген терминдин колдонулушу түшүнүксүз. Андыктан долбоордун жогоруда аталган беренелеринин редакциясын кайра карап чыгуу сунушталат.
3. Долбоордун 3-беренесинин 4-бөлүгү боюнча ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды чечүүнүн тартиби "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинде аныкталган.
4. Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер менен иммунитеттер, анын ичинде консулдук мекемелердин, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн дагы белгилениши мүмкүн экендигин эске алып, долбоордун 5-беренесинин 2-бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
5. Долбоордун 28-беренесинин 3-бөлүгүндө долбоордун аталган беренесинин 2-бөлүгүндө каралган бузуунун кошумча укуктук кесепеттери долбоордун Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринин санкцияларында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн экендиги каралган.
Биздин пикирибиз боюнча бул редакция так мүнөзгө ээ эмес жана кеңири түшүнүү мүмкүндүгүн берет, бул демек коррупциогендик тобокелдиктердин пайда болушуна алып келет, анткени мыйзам менен бекитилген так критерийлерди жетекчиликке албастан, ушул белгиленген ченемди колдонуучу субъектке өзү каалагандай бузуунун кошумча укуктук кесепеттерин колдонуу укугун берет. Андыктан долбоордун 28-беренесинин 3-бөлүгүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ушундай эле сунуштар долбоордун 32-беренесинин 3-бөлүгү, 33-беренесинин 3-бөлүгү боюнча дагы, анткени бул жоболор ыйгарым укуктуу органга долбоордо көрсөтүлбөгөн башка жагдайларды өзүнүн билгени боюнча, өзү каалагандай жеңилдетүүчү, ошондой эле долбоордун 33-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тийиштүү жагдайларды жеңил деп тааныбай коюуга дискрециялык ыйгарым укуктарды берет.
Буга байланыштуу долбоордо тийиштүү жагдайлардын толук тизмегин карап чыгууну сунуштайбыз.
Ушундай эле жагдай 26-беренеси боюнча ("зыяндуу кесепеттерге" деген сөздөр), 32-беренесинин 3-бөлүгүндө ("башка жагдайларды" деген сөздөр), 71-беренесинде ("Тиешелүү кызматтар менен макулдашпастан" деген сөздөр), 72-беренесинде ("кадимкидей" деген сөз), 79-беренесинде ("адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактоочу" деген сөздөр), 126-беренесинин 3-бөлүгүндө ("белгиленген тартипке ылайык" деген сөздөр), 202-беренесинде ("белгиленген квотанын" деген сөздөр), 219-беренесинин 1-бөлүгүндө ("белгиленген тартипте" деген сөздөр), 228-беренесинин 1-бөлүгүндө ("белгиленген эрежелерин" деген сөздөр), 229-беренесинде ("белгиленген тартипти" деген сөздөр), 234-беренесинде ("белгиленген тартибин" деген сөздөр), 236-беренесинде ("белгиленген мөөнөттө" деген сөздөр), 238-беренесинин 2-бөлүгүндө ("белгиленген тартипте" деген сөздөр), 244-беренесинде ("белгиленген талаптарды" деген сөздөр), 245-беренесинде ("белгиленген талаптарды жана шарттарды" деген сөздөр), 249-беренесинин 1-бөлүгүндө ("белгиленген мөөнөттө" деген сөздөр), 253-беренесинин 1-бөлүгүнүн "а" пунктунда ("белгиленген убактысынан" деген сөздөр), 293-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("жетиштүү маалыматтардын" деген сөздөр), 308-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 5-пункттарында ("белгиленген тартипте", "башка түрдө" деген сөздөр), 311-беренесинин 2-бөлүгүндө ("тийиштүү түрдө маалымдоо" деген сөздөр, 312-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Зарылчылык болгон учурда" деген сөздөр) берилген.
6. Долбоордун 30-беренеси менен мүлктү алып коюудан улам бузуунун кошумча укуктук кесепеттерин белгилөө сунушталган. Ошентип, бузуу жасалган каражат (курал); мыйзамсыз пайдаланууга байланышкан бузуу заты болгон жана бузуу жасоонун натыйжасында алынган мүлктөрдү алып коюуга ыйгарым укуктуу органдын укугу каралат.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол бериле тургандыгына көңүл бургубуз келет. Соттун чечимисиз мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган төмөнкүдөй учурларда: улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында гана жол берилет. Анын үстүнө мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
Буга байланыштуу аталган берененин 3-бөлүгүндө сот тартибинде мүлктү конфискациялоону ишке ашыруунун механизми каралбагандыгын белгилейбиз.
7. Долбоордун 33-беренесинин 2-бөлүгүндө алкоголдук мас абалында, же болбосо баңгизаттарын же башка маң кылуучу каражаттарды колдонуудан келип чыккан абалда адамдын бузууларын жеке адамдардын жаза чарасын оордотуучу жагдайларга киргизүү каралган.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорлорунда мас абалында кылмыш жасоо (жорук) дагы жаза чарасын оордотуучу жагдай болуп саналат. Мындан тышкары кылмыштын (жоруктун) мүнөзүнө жараша бул жагдайды жаза чарасын оордотуучу жагдай деп тааныбай коюуга сот укуктуу деп аныкталган.
Буга байланыштуу жогоруда аталган жагдайларга бир түрдүү мамиле кылуу максатында жогоруда аталган кодекстердин долбоорлорунун жоболорун эске алуу менен кайра карап чыгуу максатка ылайыктуудай көрүнөт.
8. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо округдары, участкалык шайлоо комиссиялары түзө тургандыгын белгилеп кетүүгө болот.
Мындан улам долбоордун 10-главасындагы эскертүүдө долбоордун тийиштүү беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө ишти кайсы шайлоо комиссиясы тарабынан карала тургандыгын тактоону сунуштайбыз.
9. Долбоордун 41-беренесинде кайсы органдан депутаттыкка талапкердин укугун бузуулар жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактоону сунуштайбыз.
Мындан тышкары "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары түзөт, ошондой эле бул беренеде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кайсы органынын башчысынын укуктарын бузуу тууралуу сөз болуп жаткандыгын тактоону сунуш кылабыз.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт жана радиациялык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүлүп берилген.
Буга байланыштуу 11 жана 15-главалардын эскертүүлөрүндөгү өрткө каршы кызматтын органдарына көрсөтмөлөрдү өрт коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү органдардын көрсөтмөлөрүнө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, жогоруда аталган Өкмөттүн токтому менен архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функциялар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктен, куруу-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө уруксаттарды берүү боюнча функциялардан башкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына өткөрүлүп берилген, долбоордун 16-главасындагы эскертүүгө тактоочу оңдоп-түзөтүү киргизүүнү сунуштайбыз.
11. Долбоордун 12-главасынын эскертүүсүндө Кодекстин 57-59-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер баңгизаттарын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат деп белгилөө сунушталган.
Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык ички иштер органдары (кызматкерлери) өз компетенциясынын чектеринде, ошондой эле жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уу, наркотиктери бар жана башка заттарды, нерселерди жана материалдарды, куралдарды, ок-дарыларды сатып алуунун, сактоонун, бир жерден экинчи жерге жеткирүүнүн эрежелеринин сакталышына контролдук жүргүзүүгө милдеттүү экендигине көңүл бургубуз келет.
Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 511-статьясына ылайык баңги каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташып жеткирүү же кайра жөнөтүү (92-1-ст.) ички иштер органдары тарабынан караларын маалымат катары билдиребиз.
12. Долбоордун 13-главасынын эскертүүсүндө Кодекстин 61-64-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат деп белгилөө сунушталган.
Буга байланыштуу "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык маданиятта мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болуп саналат.
Маалымат катары билдиребиз, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 508 жана 556-1-статьяларына ылайык тарыхый-маданий мурастарга зыян келтирген администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер райондук, шаардык соттордун судьялары тарабынан каралат (117-1 - 117-5-ст.), ал эми администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү протоколдорду маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын ага ыйгарым укук берилген кызмат адамы түзүүгө укуктуу.
13. Долбоордун 62-беренесинде тарыхый-маданий мурас объектилерин кайтаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксаты жок, эгерде мындай уруксат милдеттүү түрдө болсо жер казуу, курулуш, мелиоративдик, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүгө жоопкерчиликти белгилөө сунушталган.
Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен уруксаттардын толук тизмеги каралган, анда жогоруда аталган уруксаттын түрү кирген эмес.
Ушундай эле сын-пикирлер долбоордун 63, 127, 208, 241-беренелери боюнча.
Анын үстүнө биздин ой-пикирибиз боюнча долбордун 62-беренесинин сунушталган редакциясы ички ар башка түшүнүктөгү окулушта болуп калган (эгерде мындай уруксат милдеттүү түрдө болсо, уруксатсыз тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн жоопкерчилик белгиленүүдө).
Жалпы алганда, лицензиялык талаптарды бузуу боюнча (54, 92, 93, 103-бер.) төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү керек, лицензиялоо айрым мамилелерди жөнгө салуунун өзгөчө формасы болуп саналат, анын алкагында лицензия берүүдөн баш тартуу, лицензиялык талаптарды бузууга жол берилбестиги тууралуу эскертүү, айып, белгилүү бир мөөнөткө лицензияны колдонууну токтотуу, лицензияны артка кайтарып алуу (жокко чыгаруу) сыяктуу таасир этүү чараларын колдонууга жол берилет.
Буга байланыштуу бул долбоорго лицензиялык талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу менен байланышкан маселелерди киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени кароону сунуштайбыз.
14. Долбоордун 14-главасынын эскертүүсүндө Кодекстин 73-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер администрациялык комиссиялар тарабынан, ал эми 78-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт органдары тарабынан каралат деп аныктоо сунушталат.
Буга байланыштуу кайсы администрациялык комиссиялар жана транспорт органдары жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактоону сунуштайбыз. Ушундай эле сунуштар долбоордун 20 жана 35-главалары боюнча да айтылат.
Маалымат катары төмөнкүлөрдү билдиребиз, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 509 жана 511-статьяларына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү тийиштүү иштер мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, автомобиль жана суу транспорту, электр транспорту жана жол чарбасынын администрациялык комиссиялары тарабынан каралат.
15. Долбоордун 14-главасында каралган бузуулардын көпчүлүгү (65-67, 70-75-бер.) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинен келип чыккан, анда бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар аныкталган.
Мисалы, мындай бузуулар боюнча:
- көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлерин санитардык жактан күтүү эрежелерин бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар - мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо органдарынын администрациялык комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) болуп саналышат;
- белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик акыр-чикирлерин жана буюмдарды таштоо, өрттөө сыяктуу бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар - мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналышат.
Буга байланыштуу долбоордун 14-главасында каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу бул же тигил органды аныктоо жагынан негиздеме-маалымкатта аргументтерди караштырууну сунуштайбыз.
Жумушка паспортсуз кабыл алууга же каттоого жана паспортту мыйзамсыз тартып алууга байланышкан бузуулар менен ушундай эле жагдайлар, алар тууралуу иштерди кароону ички иштер органдарына жүктөө сунушталууда (86, 87-бер.), андай болгондо Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде мындай иштерди кароо мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссияларынын компетенциясына кирет.
Ошол эле учурда биздин оюбузча, долбоордун 78-беренесинде каралган бузуулар долбоордун 70-беренесинде да берилген.
16. Долбоордун 82 жана 84-беренелеринин жоболору атуучу куралды сактоо эрежелерин бузуу бөлүгүндө, биздин оюбузча бири-бирин кайталап калган.
Ушундай эле пикирди долбоордун 92 жана 93-беренелеринин (долбоорлоо жана куруу эрежелерин (тартибин) бузуу), ошондой эле долбоордун 95 жана 96-беренелеринин (аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерин бузуу), 238-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 240-беренесинин 4-бөлүгүнүн (белгиленген жерге товарларды же транспорт каражатын жеткирбөө) редакциялары боюнча билдиребиз.
17. 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "1. Диний уюм катары мамлекеттик эсептик каттоосуз диний иштерди жүргүзүү;".
18. Долбоордун 91-беренесинде өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу үчүн жоопкерчилик каралган.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндө бузуулардын деңгээлин жана оордугун салыштыруунун зарылдыгын эске алып жогоруда аталган берене менен каралган бузууну бир нече беренеге бөлүүнү сунуштайбыз.
Ошентип, долбоордун 91-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"91-берене. Эксплуатациялоодо, долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо, кайра профилдештирүүдө өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу же аткарбоо
Эксплуатациялоодо, долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо, кайра профилдештирүүдө өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу же аткарбоо, -
4-категориядагы айып салууга алып келет.".
Ошондой эле долбоордун 15-главасын төмөнкүдөй беренелер менен толуктоону сунуштайбыз:
"_____-берене. Стандарттуу эмес электр приборлорун эксплуатациялоо
Стандарттуу эмес электр приборлорун эксплуатациялоо, -
1-категориядагы айып салууга алып келет.
_____-берене. Өрттүн пайда болуусуна жана башканын мүлкүнүн жок болушуна же бузулушуна алып келген өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу же аткарбоо
Өрттүн пайда болуусуна жана башканын мүлкүнүн жок болушуна же бузулушуна алып келген өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу же аткарбоо, -
3-категориядагы айып салууга алып келет.".
19. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда жана алардын жашоо турмушунда чектөөлөрдү жоюуда Кыргыз Республикасынын башка баардык жарандары менен бирдей тең мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу максатында долбоордун 16-главасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жетүүсү жана пайдалануусу үчүн аларды аспап каражаттары менен жабдууну эске алып объекттерди долбоорлоого жана курууга карата талаптарды бузуу үчүн жоопкерчиликти кароону сунуштайбыз.
Мындан тышкары долбоордун 19-главасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга транспорттук тейлөө кызматтарынан тоскоолдуксуз пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү атайын аспап каражаттары менен автотранспорт каражаттарын кайра жабдуунун талаптарын бузуу үчүн жоопкерчиликти кароо сунушталат.
20. Долбоордун 99-беренесинде "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо 2-категориядагы айып салууга алып келет деп белгилөө сунушталууда.
Мындан улам, ченемдик укуктук актылардын аталыштары көп учурда өзгөртүүлөргө дуушар болоорун эске алып, аталган беренеде мыйзам менен жөнгө салынуучу чөйрөнү көрсөтүү менен шилтеме кылууну караштырууну сунуштайбыз. Долбоордун 128, 132, 155-беренелери боюнча да ушундай эле пикир.
21. Долбоордун 119-беренесинде "тиешелүү органдар менен" деген сөздөрдү "белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
22. Жоболорду тактоо максатында 143-беренедеги "Мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо" деген сөздөр "Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү боюнча талаптарды аткарбоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
23. "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы" деген түшүнүк каралгандыгын эске алуу менен долбоордун 22-главасына төмөнкүлөрдү киргизүү сунушталууда:
- главанын аталышындагы "санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- эскертүүсүнүн 1-бөлүгүндөгү "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгы жаатындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык продукцияларга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү талаптар, ошондой эле белгиленген милдеттүү талаптарга алардын шайкештигин баалоонун формасы жана жол-жоболору техникалык регламенттерде белгиленгендигин эске алып, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө мыйзамды толук камтуу максатында төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
148-берененин аталышын жана 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"148-берене. Техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу
1. Техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу, -
1-категориядагы айып салууга алып келет.";
148-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Тамак-аш азыктарын же чийки азык-түлүк заттарын өндүрүүдө, жүгүртүүдө же болбосо сатууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -
бузууларды жоюуга чейин иштин белгилүү бир түрүн токтотуу менен же ансыз 2-категориядагы айып салууга алып келет.";
- долбоордун жогоруда аталган беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 5-8-бөлүктөр менен толуктоону сунуштайбыз:
"5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер, жаза чарасы колдонулгандан кийин, бир жылдын ичинде кайталап жасалган ошол эле аракеттер, -
бузууларды жоюуга чейин иштин белгилүү бир түрүн токтотуу менен же ансыз 4-категориядагы айып салууга алып келет.".
6. Байытылган тамак-аш азыктарын (ун, туз) өндүрүүдө, жүгүртүүдө же болбосо сатууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -
бузууларды жоюуга чейин иштин белгилүү бир түрүн токтотуу менен же ансыз 4-категориядагы айып салууга алып келет.".
7. Иондук нурланууну генерациялаган радиоактивдүү булактарды жана орнотмолорду өндүрүүдө, эксплуатациялоодо, сактоодо, утилдештирүүдө, ошондой эле радиациялык аварияларды же алардын кесепеттерин жоюуда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар, -
3-категориядагы айып салууга алып келет.
8. Химиялык заттарды же материалдарды, уулуу заттарды, биотехнология продуктуларын же башка биологиялык агенттерди өндүрүүдө, эксплуатациялоодо, сактоодо, утилдештирүүдө ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар, -
4-категориядагы айып салууга алып келет.".
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын аталышы жана анын түзүмдүк элементтери анын негизги мазмунун чагылдырышы керек, долбоордун 149-беренесинин аталышын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "Химиялык заттар жана материалдар менен иштөөдө техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу".
Ошондой эле аталган берененин редакциясын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "Химиялык заттарды же материалдарды, уулуу заттарды, биотехнология продуктуларын же башка биологиялык агенттерди өндүрүүдө, иштөөдө, сактоодо, жок кылууда же утилдештирүүдө техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу, -
4-категориядагы айып салууга алып келет.".
24. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык бул Мыйзамдын күчү квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна жайылтылбайт, натыйжада сертификат уруксат берүүчү документ болуп саналбайт.
Буга байланыштуу Кодекстин долбоорунун 199 жана 200-беренелеринде "сертификат" деген сөздү алып салуу сунушталат.
25. Долбоордун 205, 208 жана 231-беренелеринде жарнак жаатындагы төмөнкүдөй бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган: банктын кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалган жарнактары, улуттук валютаны колдонуу менен жарнак жана баалуу кагаздардын ак ниет эмес жарнактары.
Аны менен бирге, долбоордун көрсөтүлгөн ченемдери Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликтин чөйрөсүн толук чагылдырбайт, ал жерде жеке жана юридикалык тараптар (жарнама берүүчүлөр, жарнама иштеп чыгуучулар жана жарнама таркатуучулар) Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн администрациялык жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартышат.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 315-319-беренелеринде жарнамалар жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы үчүн, шаардык, айылдык калктуу пункттарда медикаменттерди, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техниканы, жарнамага ылайык келбеген товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү жөнүндөгү мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик каралган.
Ошого байланыштуу, Кодекстин долбоорунун 27-главасынын жогоруда көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары менен толуктоону сунуштайбыз.
26. Долбоордун 235-беренесинде "Социалдык камсыздандыруу органдарында" деген сөздөрдү алып салуу сунушталат, анткени "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталгандай, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) каттоочу орган тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат, ал өзүнө салык, статистика жана Социалдык фонд органдарында бир учурда каттоого алууну жана эсепке коюуну камтыйт.
27. Долбоордун 33-главасы бажы чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузууларды карайт.
Долбоордун жогоруда аталган главасынын аталышындагы "Бажы чөйрөсүндөгү" деген сөздөрдү "Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында алмаштырууну сунуштайбыз.
Мында 33-главанын эскертүүсүндөгү "бажы кызматы" деген сөздөрдү "бажылык иштери" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз, себеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы иштерине тикеден-тике жетекчиликти жүзөгө ашырган аткаруучу бийликтин мамлекеттик органы болуп саналат.
28. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине киргендигине байланыштуу 249-беренедеги "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чектеринен" деген сөздөрдү "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чектеринен" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
29. Белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин бажылык иш чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузууларды регламенттеген 35-главасы Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына жооп берет.
Ушуга байланыштуу долбоордун 33-главасын, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин жогоруда аталган главасынын жоболорун эске алуу менен карап чыгууну сунуштайбыз, себеби долбоордун сунушталып жаткан редакциясында Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган бажылык иш чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти регламенттеген айрым беренелер жок (501, 504-5, 504-9, 504-11 - 504-13, 504-18 - 504-26, 504-28 - 504-30, 504-32 - 505).
30. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык банкроттуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү, ошондой эле банкроттук процессин жүзөгө ашыруунун шарттарын камсыз кылуу банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 337 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент жөнүндө жобого ылайык аталган Департамент Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу долбоордун 34-главасынын эскертүүсүндөгү "мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат" деген сөздөрдү "банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
31. Долбоордун 35-главасынын эскертүүсүнүн 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, ушул Кодекстин 266-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер стандартташтыруу жана метрологиянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.
Ушуга байланыштуу долбоордун 266-беренесинде жылуулук менен камсыздоо чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчилик каралып жатканын эске алып, эскертүүнүн 1-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
32. Белгилеп кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 556-1-беренесинин 1-бөлүгүндө, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө укуктуу кызмат адамдарынын тизмесинде стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция органы аныкталган - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы (92-беренесинин 2-бөлүгү, 286-берене, 289-беренесинин 2-бөлүгү, 412-берене).
Бирок, долбоордун 263-беренеси мамлекеттик жөнгө салуу жана жоопкерчиликке тартуунун бардык чөйрөсүн камтыбайт, ушундан улам Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясынын алдына коюлган ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана ченөөнүн так эмес натыйжаларынын кесепетинен мамлекеттин, жарандардын кызыкчылыгын коргоо боюнча милдеттерин толук кандуу аткарууга тоскоол болот.
Ошону менен бирге эле, белгилей кетели, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мыйзамдар Эл аралык мыйзамдык метрология уюмунун эл аралык документине ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасы Эл аралык мыйзамдык метрология уюмуна (ЭММУ) 2005-жылдан бери мүчө-корреспонденти болуп саналат.
Кыргызстандын ЭММУда катышуусу метрология жана мыйзамдык метрология жаатында эл аралык документтерге жетишүүсүн, метрология боюнча эл аралык комитеттердин ишине катышуусун, Кыргызстанга ЭММУ тарабынан методикалык жана практикалык колдоону камсыз кылат.
Долбоордо болжолдогон өзгөртүүлөр ченөө бирдейлиги, жарнама, салык жана бажы мыйзамдары ж.б. жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тийиштүү болгондуктан, аталган чөйрөлөрдү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү алып келет, долбоор ушул жаатта олуттуу толуктап иштеп чыгууну талап кылат.
33. Долбоордун жоболорунун түшүнүктүүлүгүнө жана бирдейлигине жетишүү максатында төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 294-беренеде:
2-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу орган токтом чыгарат" деген сөздөр "токтом чыгарылат" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу орган бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттүү" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "бардык процесстик аракеттер аткара берилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу орган бузууларды жасаган жакты табуу жана аныктоо чараларын кабыл алууга милдеттүү" деген сөздөр "бузууларды жасаган жакты табуу жана аныктоо чаралары көрүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- долбоордун 301-беренесиндеги "Ыйгарым укуктуу орган иштин бардык шарттарын жалпылап туруп ар тараптан, толук жана объективдүү жана аны жалпылап иликтөөнүн негизинде өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерге баа берет" деген сөздөр "Далилдерге иштин бардык шарттарын жалпылап туруп ар тараптан, толук жана объективдүү жана аны жалпылап иликтөөнүн негизинде баа берилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 304-берененин 1-бөлүгүндө:
"ыйгарым укуктуу орган тарабынан бузуулар жасалган жерде каралат жана чечилет" деген сөздөр "жасалган жерде каралат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункттагы "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр алып салынсын;
- 305-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу орган бул үчүн жарактуу болгон жакынкы орун жайларда же транспорт каражатында протокол түзүүгө укугу бар" деген сөздөр "бул үчүн жарактуу болгон жакынкы орун жайларда же транспорт каражатында протокол түзүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү "адамда" деген сөзгө чейин "укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган" деген сөздөр менен толукталсын, ошондой эле "ыйгарым укуктуу орган бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамды органдын орун жайына алып барууга укуктуу" деген сөздөр "ал органдын жайына жеткирилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр алып салынсын;
4 жана 5-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын: "4. Укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдын талабы боюнча ага протоколду түзүү жана жеткирүү убактысын ырастаган документ берилет.".
Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөт, укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адам кармалган убактысынан тартып башталат.";
6-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр алып салынсын, ошондой эле "маалыматтарды өз алдынча аныктоого милдеттүү" деген сөздөр "маалыматтар кармалган адамдын катышуусуз чогултулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-бөлүктөгү "ыйгарым укукту орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
308-беренедеги ар кандай жөндөмөдөгү баяндалган "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр алып салынсын.
313, 314, 315-беренелердеги "ал эми ыйгарым укуктуу органдарга - аны күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен" деген сөздөр алып салынсын.
34. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине ылайык, ушул Конституция жана мыйзамдар тыюу салгандан башка ар ким ар кандай иш-аракеттерди жана иштерди жасоого укуктуу. Ушуга байланыштуу, биздин пикирибиз боюнча, жоопкерчилик Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынган аракеттерге (аракетсиздикке) гана аныкталууга тийиш.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында төмөнкү беренелерде каралган аракеттер боюнча коомдо жүрүм-турум эрежелери жана талаптары каралбагандыгына көңүл бурабыз: 51, 55, 57-59, 63, 65-69, 71-73, 75, 78, 86-88, 93, 100, 103-109, 111-117, 119, 120, 122, 123, 125, 127, 130, 131, 135-152, 156-171, 173-191, 193-197, 201, 209, 210, 212, 228, 234, 237, 241, 244, 247, 250, 252, 257, 261-268, 270, 271, 275, 279, 281, 283, 285, 286, 288.
Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, киргизилип жаткан ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилеп кетебиз.
Мында, долбоордун 42-беренеси боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө же талапкердин ишенимдүү адамына өргүү берүү зарылдыгынын каралбагандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Мындан тышкары, долбоордун беренелерин "эрежелер", "тартиптер", "талаптар", "нускамалар", "нормалар" ж.б. сөздөрдү колдонуу жагында өз ара ылайык келтирүү сунушталууда.
35. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык отчетун тапшыруунун мөөнөтүн бузуу, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат. Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчүнүн текшерүүдө сураган документтерди берүүдөн баш тартышы же аларды белгиленген мөөнөттө бербегендиги салыктык укук бузуу катары каралат жана ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу максатында долбоордо Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 26-главасында коюлган нормаларды кароону сунуштайбыз, булар салык мыйзамдарына тиешелүү администрациялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын карайт: салык кызматындагы адамдардын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо; салык сырларын түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз талап кылуу жана алуу; алуучуга (клиентке) урулбаган кассалык чекти берүү, же бербөө, же кассалык чекти төлөнгөндөн аз сумманы көрсөтүп берүү; салык органдарынын кызматчыларын кассалык-контролдоочу машиналар менен иштөөгө тоскоолдук кылуу; базарлардын, соода үйлөрдүн жана борборлордун кызмат адамдарынын (жетекчилеринин) соода аянттарына ижарачылары контролдоочу-кассалык машиналарды орнотууга кам көрбөгөндүгү; салыктын суммасын төмөндөтүү; салык каттоосунан өтпөй туруп экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүү; иш-аракеттердин тыюу салынган түрлөрү менен иштөө; салыктык иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу (347, 348, 350-1, 350-2, З50-3, 350-4, 352-354, 356-беренелери).
36. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине ылайык монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Монополияга каршы орган монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө иштерди өз демилгеси боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнүн жана ушул Мыйзамдын бузулушун күбөлөгөн өзүндөгү башка материалдардын негизинде карайт.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 52-беренелери менен товар (иш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө, даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) товар (иш, кызмат) жөнүндө, ошондой эле даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө туура эмес маалымат берүү үчүн жана керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) мыйзамдарда же келишимде каралгандай жоопкерчилик тартат, ошондой эле товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү монополияга каршы мамлекеттик орган, стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттик орган жана башка мамлекеттик башкаруу органдары санкцияларды салат.
Бирок сунушталган долбоордо монополияга каршы мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик каралган эмес.
Белгилеп кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 23-главасында монополияга каршы мыйзамдарга, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жарнак, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартиптери жөнүндө мыйзамдарга шек келтирген администрациялык укук бузуулардын түрлөрү аныкталган, ошондой эле ушул эле Кодекстин 534-беренеси менен монополияга каршы мыйзамды, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу орган аныкталган.
Жогоруда айтылганды эске алып, долбоордо монополияга каршы мыйзамдарга, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жарнак, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартиптери жөнүндө мыйзамдарга шек келтирген администрациялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик кароону сунуштайбыз.
37. Каралып жаткан долбоорду төмөнкү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтерди карай турган беренелер менен толуктоону сунуш кылабыз:
- администраторлор тарабынан банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде мамлекеттик органдын талабы боюнча банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга ырас отчеттук маалыматты бербегенде, же так эмес маалымат бергенде;
- администратор банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын текшерүүсүнө тоскоолдук кылганда, ошондой эле талап кылган документацияны берүүдөн баш тартканда;
- администратор Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарынын жоболорун бузганда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарбаганда;
- банкроттук процессинин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администратор өз ишин лицензиясыз жүргүзгөн учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде банкроттук жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын аткарбай карызкордун активдерин администратор саткан учурда;
- мүлктү же мүлк боюнча милдеттенмелерди, мүлк жөнүндө маалыматтарды, анын көлөмүн, жайгашкан жерин, же ал жөнүндө башка маалыматтарды жашырып койгондо, мүлктү башка бирөөгө өткөрүп бергенде, мүлктү алып койгондо, же жок кылганда, ошондой эле экономикалык иш-аракеттерди чагылдырган бухгалтердик жана башка эсепке алуу документтерди жашырганда, жок кылганда, бурмалаганда, эгер бул иш-аракеттер карызкордун уюмунун жетекчиси, же менчик ээси, же жеке ишкер, банкрот учурунда, же банкрот болор алдындагы администратор тарабынан болгондо;
- башкаруу органдары тараптан карызкордун атайын администраторго материалдык жана башка баалуу нерселерди, мөөрлөрдү жана штамптарды, бухгалтердик жана башка документацияларды сактоосун жана өткөрүп берүүсүн камсыздабаганда.
38. Долбоордо Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 286 жана 289-беренелеринде аныкталган азык-түлүк товарларын санитардык талаптар боюнча техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен сатуу үчүн, ылайыктуулугун баалоо боюнча техникалык регламенттердин талаптарын, анын ичинде аккредитациялоо органдары, продукцияны сертификациялоо боюнча органдары, сапаттын жана персоналдын менеджменти тутумунун органдары жана сыноо лабораториялары тарабынан бузуу үчүн жоопкерчилик каралган эмес.
Ушуга байланыштуу белгилеп кетчү нерсе, "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 5-беренелерине ылайык Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун мамлекеттик тутуму ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү эрежелеринин жыйындысын, анын катышуучуларын жана жалпысынан ченөө бирдейлигин камсыз кылуу тутумунун иштөө эрежелерин билдирет.
Кыргыз Республикасында Мыйзамдык метрологиянын эл аралык уюму сунуштаган, Өлчөө жана салмак боюнча башкы конференция тарабынан кабыл алынган Эл аралык бирдиктер системасынын он эселенген жана үлүштүк бирдиктери колдонулат.
Жогоруда аталган мыйзамдын 16-беренесине ылайык ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык, администрациялык же болбосо жарандык-укуктук жоопкерчилик тартышат.
Ушундан улам долбоордо тиешелүү жоболорду кароону сунуштайбыз.
39. Долбоордо дипломаттык жана кызматтык паспортторду берүүнүн, пайдалануунун жана кайтаруунун, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болгондугу же транзиттик өтүүсүнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган эмес, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына келгендиги, кеткендиги, жашагандыгы, ишке орношкондугу ж.б. маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгына карата жаза колдонуу маселелери жөнгө салынбаган жана жокко эсе.
Ушуга байланыштуу, долбоордо тиешелүү жоопкерчиликти кароону сунуштайбыз.
40. Белгилеп кетчү нерсе, долбоордо Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 8-главасы менен регламенттелген эмгекти коргоого жана жарандарды социалдык жактан сактоого шек келтирген администрациялык укук бузуулар үчүн, Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана анда пайдалануу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн жоопкерчилик нормалары аныкталган эмес.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жетишпегендиктердин орун алышын болтурбоо максатында долбоордо 56, 201, 202-беренелердин нормаларын кошпогондо, жогоруда аталган жоболорду кароону сунуштайбыз.
41. Долбоордун 14, 39 жана 40-беренелеринде кабыл алынбаган ченемдик укуктук актыларга шилтемелер келтирилген (Кыргыз Республикасынын Жосундар жөнүндө кодекси жана "Бузууларды, жосундарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы).
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада каралган талаптарды эске алуу менен долбоордо мыйзам менен жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүн көрсөткөн шилтемелерди кароону сунуштайбыз.
Ошондой эле долбоордун редакциясына жогоруда аталган Нускаманын 61-пунктуна ылайык келтирүү максатында долбоордун Өзгөчө бөлүгүнүн главаларында чагылдырылган эскертүүлөрдө, ушул эскертүүлөргө тиешелүү түзүмдүк элементтерге көрсөтмөлөрдү кароону сунуштайбыз.
Мындан тышкары, долбоор мыйзамдарда жок бир катар жаңы түшүнүктөрдү камтыганын эске алып (мисалы, "коомдук коогалаңдын шарттары" ж.б.) глоссарийди ага кирбеген терминдер менен кеңейтүүнү сунуштайбыз.
42. Жалпысынан долбоордо каралган новеллалардын иш жүзүнө ашырылышы уюштуруучулук, техникалык жана финансылык чаралардын комплексин көрүүнү талап кыларын белгилеп кетүү керек деп эсептейбиз.
Алсак, долбоор боюнча мүмкүн болгон чыгымдарды баалоого жана финансылык-экономикалык эсептер жөнүндө корутундуга ылайык каржылоого жалпы муктаждык 10,5 млн. сомду түзөт.
Орто мөөнөттүк перспективага республикалык бюджеттин дефицити жогору болушун эске алып, жакынкы 2-3 жылда каржылоо булактарын табуу кыйын болот.
Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорун көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен, ошондой эле өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, айрым институттарды этап-этабы менен ишке киргизүүнү караган мыйзам долбоорду иштеп чыгуу шартында кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.