Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016 жылдын 27 апрели № 216
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин эмгегин стимулдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 601 “Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21. Ар бир мугалимге мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында мектепке даярдоо программасы боюнча даярдоочу топтордо жумасына 15 саат иштеген окутуучулук иши үчүн сабакка даярданууга 1,5 саат убакыт берилет.”.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 788 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
6. Кадрлар бөлүмү (студенттерди тейлөө менен) пунктундагы “Начальник” деген сөз “Башчы” деген сөз менен алмаштырылсын;
Эскертүүсүндө:
2-пункту “студенттердин” деген сөздөн кийин “жана аспиранттардын” деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
“Студенттердин жана аспиранттардын санынын келтирилген контингентин эсептөөдө күндүзгү окутуу формасында окугандардын саны 1,0 коэффициент менен, кечки окутуу – 0,5, сырттан окуу – 0,4 коэффициент менен эсептелет.”;
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу сарптоолорду Кыргыз Республикасынын 2016-жылга карата республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каралган каражаттын негизинде ишке ашырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |