Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-сентябры № 480
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
- 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- республикалык маанидеги шаарлардын (Бишкек жана Ош) шаардык каттамдарын - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары, ал эми башка шаарлардын шаардык каттамдарын - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары;";
- 14-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- республикалык маанидеги шаарлардын (Бишкек жана Ош) шаардык каттамдарына - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары тарабынан, ал эми башка шаарлардын шаардык каттамдарын - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары тарабынан;";
- 20-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"республикалык маанидеги шаарлардын (Бишкек жана Ош) шаардык каттамдары үчүн - шаарлардын мэриялары, ал эми башка шаарлардын шаардык каттамдары үчүн - транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча шаарлардын мэриялары;";
- 32-пункттун төртүнчү абзацы "жолдомо баракчасына" деген сөздөргө чейин "ушул Эрежелердин 20-тиркемесине ылайык форма боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 106-пункттун алтынчы абзацындагы "өрткө каршы таяныч" деген сөздөр "жылып кетүүгө каршы тирөөч" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 126-пункттун экинчи абзацы "сактоочу камера" деген сөздөрдөн кийин ", эне жана бала бөлмөсү" деген сөздөр менен толукталсын;
- Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 19-тиркемесинде:
- 1-пункт "(мындан ары - Жобо)" деген сөздөрдөн кийин "шаардык каттамдарда (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары)," деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункттун үчүнчү абзацы "өкүлүнүн аппаратынын" деген сөздөрдөн кийин "(шаардык каттамдарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 51-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"51. Конкурстун жыйынтыктары боюнча каттамдарды тейлөө жана ташуучуга бекитип берүү мөөнөттөрү 5 жылга белгиленет.";
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 20-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерине:
- 9-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын;
"Жол баракчасы ушул Эрежелердин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.";
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 8-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 20-тиркемеси |
Мекеменин бурч мөөрүнүн орду
АВТОБУСТУН ЖОЛ БАРАКЧАСЫ № _________
_____-жылдын "__" ______________
Мекеме ______________________ ______________________________ (аталышы, дареги жана телефон номери) Автобус техникалык жактан оң, жөнөп чыгууга уруксат берилди Механик __________ _______ (аты-жөнү) (колу) Автобусту оң абалда алдым Айдоочу __________ _______ (аты-жөнү) (колу) Айдоочу алмашкан учурда автобусту тапшыруу белгилери ____________________________ Тапшырдым _________ (колу) Алдым _________ (колу) Автобусту кайтаруу учурундагы белгилер Тапшырдым, айдоочу ____________ _________ (аты-жөнү) (колу) Кабыл алдым, механик ____________ _________ (аты-жөнү) (колу)
Врач наркологдун белгилери
|
| Автобустун маркасы _________ Мамлекеттик номери _________
Каттамдын аталышы, номери __________________________ __________________________ Автобустун жөнөөсү жана кайтуусу
Диспетчер __________ _____ (аты-жөнү) (колу) __________________________________ Техникалык жана башка себептер менен туруп калуу Гаражда: ___ с. ___ мүн. ___ с. ___ мүн. чейин Себеби _________________________ Линияда: ___ с. ___ мүн. ___ с. ___ мүн. чейин Себеби _________________________ ___ с. ___ мүн. ___ с. ___ мүн. чейин Себеби _________________________ Линиялык контролердун белгилери _______________________________ _______________________________ _______________________________
|
| Күйүүчү-майды берүү
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Арткы бети
Каттамдын номери же аталышы | Жөнөө убактысы, саат, мүн. | Колу | Кайтуу убактысы, саат, мүн. | Жүрүүсү, км | Колу | |||
график боюнча | иш жүзүндө | график боюнча | иш жүзүндө | жүргүнчүлөр менен | нөлдүк | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
".
2-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 8-тиркемеси |
Уюмдун бурч мөөрүнүн орду
ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОМОБИЛДИН ЖОЛ БАРАКЧАСЫ _________ № _________
_____-жылдын "__" _____________
Уюм ____________________________________________________________________________________
(аталышы, дареги жана телефон номери)
Автомобилдин маркасы _______________________________________ Мамлекеттик номердик белги ___________________________ Айдоочу __________________________________ (аты-жөнү) Айдоочулук күбөлүгү № ____________ Автомобилдин каттоо күбөлүгү № _________ Чиркегич ______ мамлекеттик номердик белги _______ Коштоочу адамдар: ______________________ _______________________________________ Автомобиль техникалык жактан оң, жөнөөгө уруксат берилди Механик ____________________________ (аты-жөнү) (колу) Врач наркологдун белгиси: _______________ ____________________________________ ________________________ ___________ (аты-жөнү) (колу) Кайтып келгенде автомобиль техникалык жактан оң: Тапшырдым, айдоочу _________________ __________ (аты-жөнү) (колу) Кабыл алдым, механик _________________ __________ (аты-жөнү) (колу)
М.О.
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Арткы бети
ТАПШЫРМАНЫ АТКАРУУНУН ЫРААТТУУЛУГУ | Жүк жөнөтүүчүнүн (жүк кабыл алуучунун) аталышы | Колу жана мөөрү | ||||||||||
Жүктөө жана түшүрүү пункту | Жүрүү номери | келүү | кайтуу | Чиркегич номери | Тиркелген товардык-транспорттук документтердин номерлери | |||||||
число | саат | мүн. | саат | мүн. | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы
Таксировка | Тапшырдым, айдоочу | ______________ _______ (аты-жөнү) (колу) | Кабыл алдым, диспетчер | _____________ ________ (аты-жөнү) (колу) |
АВТОМОБИЛДИН ЖАНА ЧИРКЕГИЧТИН ИШТӨӨ ЖЫЙЫНТЫГЫ | ||||||||||||||
Күйүүчү майдын сарпталышы, литр | Жумуштагы убактысы, саат, мүн. | Жүрүү саны | Жүрдү, км | Ташылды тонна | Аткарылды, тонна, км | Айлык, сом | ||||||||
Норма боюнча | Иш жүз. | бардыгы | Анын ичинен автомобилдин | бардыгы | анын ичинен жүк менен | |||||||||
Автомобилдин | Чиркегичтин | Кыймылда | Туруп калууда | |||||||||||
бардыгы | жүктөөдө, түшүрүүдө | техникалык себептерден | ||||||||||||
бардыгы | нормадан сырткары | |||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Марканын коду: Автомобилдин ______ Чиркегичтин ______ Автомобиль, иштеген күндөрү ______
Таксировщик ________________ ___________
(аты-жөнү) (колу)".