ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция29.03.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-марты № 183

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө жободо:

аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "Мекеме" деген сөз менен алмаштырылсын;

9-пунктунун "а" пунктчасында:

- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- токой кадастры үчүн токой фондунун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо, маалыматтар базасын түзүү, архивдештирүү;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков