Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 150
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьясынын он экинчи жана жыйырма алтынчы абзацтарындагы "баңгизаттарды контролдоо боюнча" жана "бажы органдарынын," деген сөздөр алып салынсын;
2) 38-статьясынын 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 161-статьясында:
а) "баңгизаттарды контролдоо боюнча" жана "жана бажы органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
б) ", каржы полициясы органдарынын" деген сөздөр "жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 163-статьясында:
а) 5-бөлүктө:
"203," деген цифралардан кийин "205-207," деген цифралар менен толукталсын;
"209," деген цифралардан кийин "210," деген цифралар менен толукталсын;
"статьянын биринчи бөлүгү" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-1-бөлүктөгү ", баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
в) 6-бөлүктөгү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290, 291, экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-статьясынын 2-бөлүгү)" деген сөздөр (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290, 291-статьялары) деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 7 жана 8-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 9-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук кылуу боюнча органдын," жана ", бажы органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
е) 10-бөлүктөгү "финансы полициясынын" деген сөздөр "экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
е) 15-бөлүктөгү ", бажы" деген сөздөр алып салынсын;
ж) 15-1-бөлүктөгү "баңгизаттарды контролдоо боюнча," жана "жана бажы органдарынын" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
6-статьясынын эскертүүсүндөгү ", ошондой эле баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча органдар" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьясынын 6-бөлүгүндөгү "баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын," деген сөздөр алып салынсын;
2) 16-статьясында:
а) 1-бөлүктүн 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүктөгү "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы," деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-беренесинде:
а) 1-бөлүктүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүктөгү "баңги заттарды контролдоо," деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьясынын 1-бөлүгүндө:
а) "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган," деген сөздөр алып салынсын;
б) "каржы полициясынын органдарынын" деген сөздөр "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 5-статьясында:
а) "каржы полициясынын" деген сөздөр "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын," деген сөздөр алып салынсын;
3) 15-1-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) аталган Мыйзамдын тиркемесинин "Баңги заттарды контролдоо боюнча агентствонун кызматкерлеринин атайын наамдары" графасы алып салынсын.
6-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 7-июну, № 49-50) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун экинчи абзацындагы ", баңги заттарга көзөмөл кылуу боюнча органдарга" деген сөздөр алып салынсын.
7-берене.
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
"Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 15-марты, № 20);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 21-ноябры, № 90) 6-беренеси;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 14-апрели, № 31) 1 жана 3-беренелери.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти