ПоложениеКүчүндө

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) «үй-бүлөгө көмөк» - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому менен бекитилген) жобо

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

2-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2018-жылдын 29-июнундагы

№ 307 токтому менен

бекитилген

 

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын берилүүчү жөлөкпулга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" (мындан ары - "үй-бүлөгө көмөк") ай сайын берилүүчү жөлөкпулга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартибин жөнгө салат.

2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) жарды жаран - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн (анын ичинде жалгыз жашаган жарандын) айлык кирешеси Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жыл сайын аныкталуучу кедейликтин чегинен төмөн болгон жарды үй-бүлөдө жашаган жаран;

2) аз камсыз болгон жаран - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн (анын ичинде кепилденген минимумдук кирешеден төмөн айлык киреше менен жалгыз жашаган жаран үчүн да) айлык кирешеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленүүчү кепилденген минимумдук кирешеден төмөн болгон аз камсыз үй-бүлөдө жашаган жаран;

3) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн айлык кирешеси кепилденген минимумдук кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;

4) муктаждыкты аныктоо - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын жөлөкпул чектөө үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө;

5) үй-бүлөнүн жыйынды киреше - отчеттук мезгилдин ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;

6) жыйынды киреше аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, бирге чарба жүргүзүшкөн жана бюджети жалпы болгон адамдар;

7) киши башына карата орточо жыйынды киреше- бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө карата эсептелген жыйынды киреше.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149, 2024-жылдын 27-августундагы № 506  токтомунун редакциясына ылайык)

2-глава. Негизги иштеген жери, өтөгөн кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча жарандардын кирешелери

3. Негизги иштеген жери, өтөгөн кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча жарандардын кирешелерине төмөнкүлөр кирет:

1) кызматкерлердин эмгек акысы, анын ичинде үстөк акысы, сыйлыктары, кызматты айкалыштырганы үчүн акысы, иш стажы үчүн, бийик тоолуу жана алыскы райондордо жана климаттык шарты оор жерлерде иштегени үчүн жана иш орду боюнча башка төлөмдөр үчүн коэффициенттери жана үстөк акысы;

2) акчалай камсыздоо, аскердик наамга жана иштеген жылдарга үстөк акы, ошондой эле аскер кызматчыларына жана аларга теңештирилген адамдарга натуралай камсыздоо же камсыздоонун ордуна төлөнүүчү суммалар;

3) жумуш ордунда кесиптик тажрыйба алуу үчүн окууга (дуалдык окуу) жиберилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто, жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын эмгек акысы;

4) ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам жана жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)

 

3-глава. Негизги иштеген жери, өтөгөн кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча эмес жарандардын кирешелери

4. Негизги иштеген жери, өтөгөн кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча эмес жарандардын кирешелерине төмөнкүлөр кирет:

1) автордук сый акылар, анын ичинде ачылыш жасаганга, ойлоп табууга, өнөр жай үлгүлөрүнө жана рационализатордук сунуштарга, ошондой эле илимдин, адабияттын, искусствонун чыгармаларын жаратуу, басып чыгаруу, аткаруу же башкача пайдалануу үчүн суммалар;

2) банкка салынган акчалар боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казынасынын милдеттенмелери боюнча пайыздар жана утуштар;

3) акчалай же натуралай түрүндө мураска калтыруу жана белекке алуу тартибинде алынган суммалар;

4) жеке менчик укугунда ээлеген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган суммалар;

5) юридикалык жактардын уставдык (уюштуруу) фондундагы үлүштөрүнө ылайык жарандарга акционердик коомдордун акцияларынан түшкөн кирешелерден төлөнө турган дивиденддер;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер.

4-глава. Экономикалык (ишкердик) иш жүргүзүүдөн жарандардын кирешелери

5. Экономикалык (ишкердик) ишти жүргүзүүдөн жарандардын кирешелерине экономикалык (ишкердик) ишти төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүүдөн алынган кирешелер кирет:

1) юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн;

2) салык органдары тарабынан берилген патенттин (багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентине берилүүчү ыктыярдуу патенттен тышкары).

Жарандардын патенттин негизинде экономикалык (ишкердик) ишти жүргүзүүдөн алынган кирешелери патенттин наркы алынган жалпы кирешенин 10%на барабар болгондугун эсептеп аныкталат. Мында алынган киреше жалпы алынган киреше менен патенттин наркынын айырмасы катары эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Экономикалык (ишкердик) иштин башка түрлөрүнөн алынган кирешелерге төмөнкүлөр кирет:

1) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү жалдоого (ижарага, киреге, пайдаланууга) берүүдөн;

2) териси баалуу айбанаттарды багып өстүрүүдөн жана сатуудан;

3) үйдөгү малды кайтарып багуу боюнча иштерди аткаруудан;

4) жер үлүшүн ижарага берүүдөн же ижарага алуудан.

5-глава. Фермердик, дыйкан чарбалардын жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн - жарандардын жер участокторун жана айыл чарба жаныбарларын пайдалануудан алган кирешелери

7. Жер үлүшүн жана үйдүн жанындагы участокту пайдалануудан алынган жарандын (үй-бүлөнүн) кирешелери жер үлүшүн жана үйдүн жанындагы участокту пайдалануудан алынчу кирешелердин ченемдерин колдонуунун негизинде эсептелет, алар ушул Жобонун тиркемесине ылайык калктын айыл чарба ишинен алынган шарттуу кирешелерин баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эсептеринин негизинде жыл сайын кайра каралып турат.

8. Эгерде үй-бүлө бир калктуу конуштан башкасына көчсө, бирок мурдагы жашаган жеринде үй-бүлөнүн жер үлүшү жана/же үйдүн жанындагы участогу калып калса, анда жер үлүшүн жана/же үйдүн жаанындагы участокту пайдалануудан түшкөн кирешелер жер үлүшүн жана/же үйдүн жанындагы участокту иштетүү/иштетпөө фактысын далилдеген, мурда жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан берилген маалымкаттын негизинде эсепке алынат.

9. Башка калктуу конушка туруктуу жашоого келген үй-бүлө мүчөсүнүн үлүштүк менчигиндеги жер үлүшүн пайдалануудан алынган кирешеси үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин эсептөөдө эске алынбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Үй-бүлөнүн чыгып кеткен мүчөсүнүн үлүштүк менчигиндеги жер үлүшүн пайдалануудан алынган кирешеси, жер үлүшүн пайдаланып жаткан үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин эсептөөдө эсепке алынат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Эгерде жер үлүшү иштетилбей, ижарага берилсе, анда жер үлүшүн ижарага берүү фактысын ырастаган, ижара төлөмүнүн суммасы көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде ижара акысынын суммасы кирешеге киргизилет.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Жер үлүшүнүн бардык аянтын (же кайсы бир бөлүгүн) иштетүү жана/же аны ижарага берүү мүмкүн болбогон учурда, жер үлүшү иштетилбешинин жана/же ижарага берилбешинин себебин көрсөтүү менен айыл өкмөтүнөн маалымкат талап кылынат. Анын негизинде жер үлүшүнөн түшкөн киреше эсептелбейт же жер үлүшүнүн иштетилген бөлүгүнөн алынган киреше эсептелет.

13. Үй-бүлөнүн айыл чарба жандыктары бар болсо, анын "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулуна болгон муктаждыгы үй-бүлөнүн төмөнкүдөй малынын санына ылайык аныкталат:

1) майда жандыктар - кой жана эчки;

2) уй;

3) бодо мал - бир жаштан өткөн торпок, бука;

4) жылкы.

Мында үй-бүлөдө болгон айыл чарба жандыктарынын бардык түрлөрү майда жандыктардын төмөнкүдөй шарттуу бирдиктерине которулат:

- 1 уй - 6 майда жандык;

- 1 торпок - 2,5 майда жандык;

- 1 бука - 8 майда жандык;

- 1 жылкы - 7 майда жандык.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Үй-бүлөдө болгон айыл чарба жандыктарынын майда жандыктардын шарттуу бирдиктерине которулгандан кийинки саны үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 4төн көп болсо "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу чектелбейт.

6-глава. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо узак пайдалануучу товарларды эсепке алуу

15. Үй-бүлөдө бир жана андан ашык аталыштагы узак пайдалануучу ишке даяр турган товарлар болгон учурда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга үй-бүлө укуктуу болбойт.

16. Узак пайдалануучу товарларга төмөнкүлөр кирет:

1) завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;

2) айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);

3) жүк ташуучу автомобиль;

4) микроавтобустар.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584, 2020-жылдын 24-августундагы № 442 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

7-глава. Жыйынды кирешени аныктоодо эсепке алынбай турган кирешелердин түрлөрү

17. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбай турган кирешелердин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик жөлөкпулдар;

2) сөөк коюуга жөлөкпул;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялык төлөмдөр (жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардан башкалар);

4) социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан бир ирет берилүүчү жөлөкпулдар;

5) кош бойлуулук жана төрөгөндүк боюнча жөлөкпул;

6) жумушка убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул;

7) командировкага жана жаңыдан иштей турган жерге баруу үчүн берилчү сарптоолор (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде);

8) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын (күндүзгү окутуу формасында окуган) каникул убагында иштеген билим алуучуларынын эмгек акысы;

 

9) травма же майыптык алган учурдагы, камсыздандырылган адам каза болгондогу, материалдык чыгым тарткандагы же мүлкүнөн айрылгандагы камсыздандырылган суммалар;

10) табигый кырсыктардын натыйжасында мүлкүн жоготкондо, ооруп калгандагы, ошондой эле кызматкер же анын жакын туугандары каза болгонго байланыштуу материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу катары кызматкерге көрсөтүлчү материалдык жардамдын суммалары;

11) жумушсуздук боюнча жөлөкпул;

12) Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык чектелүүчү пенсиялар;

13) үй-бүлөнүн бакубаттыгын жакшыртууга жана үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгарууга багытталган долбоорлордун алкагында үй-бүлөгө натуралык же акчалай түрдө көрсөтүлгөн жардамдын суммасы;

14) багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысы;

15) иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органы уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде стипендиялык төлөмдөр;

16) социалдык контракттын негизинде бөлүнүүчү социалдык жардамдын суммалары, ошондой эле тиешелүү контракт түзүлгөн айдан кийинки 3 айдын ичинде социалдык контрактты аткаруудан алынган материалдык же акчалай түрдөгү кирешелер.

17) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына жана студенттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнүүчү стипендиялар.

18) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан талапкердин, саясий партиянын шайлоо компаниясы менен байланышкан белгилүү иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы үчүн накталай эмес эсептешүү боюнча акы төлөө.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149, 2020-жылдын 24-августундагы № 442, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385, 2023-жылдын 13-июнундагы № 296, 2024-жылдын 27-августундагы № 506, 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 689  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

8-глава. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынчу адамдардын чөйрөсү

18. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо үй-бүлөнүн курамында эсепке алынчу адамдарга атасы, энеси, өгөй атасы, өгөй энеси, алардын өз балдары, асырап алган жана камкордукка алган балдары, жалпы чарба жүргүзүп, чогуу жашаган ата-энелери (чоң ата, чоң энелери) кирет. Өгөй балдар жана өгөй кыздар чогуу жашаган шартта өз балдары менен бирдей эсептелишет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Үй-бүлөнүн курамы "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул чектөө үчүн кайрылган учурдагы абалга карата аныкталат.

20. Үй-бүлөнүн курамы калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасына суроо-талап жиберүү аркылуу ырастоо менен арыз берүүчүнүн ооз эки маалыматынан эсепке алынат.

Калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында маалыматтар жок болгон учурда же аны тактоо зарыл болсо, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу чектелүүгө тийиш болгон үй-бүлөнүн үйүнө барат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)

 

9-глава. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбачу адамдардын чөйрөсү

21. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбачу адамдарга төмөнкүлөр кирет:

1) үй-бүлөнүн бош жүргөн, окубаган жана ишке орношууга жардамдашуу бөлүмүндө белгиленген тартипте катталбаган, эмгекке жарактуу курактагы (16 жаштан жогорку) мүчөлөрү (ата-энесинен башкалар);

2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында мөөнөттүү чыныгы аскердик кызмат өтөп жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү;

3) жазасын өтөөчү жайларда жүргөн, соттолуп кеткен үй-бүлө мүчөлөрү;

4) балдар үйлөрүндөгү, интернат үйлөрдөгү жана карылар үйлөрүндөгү мамлекеттин толук камкордугунда турган үй-бүлө мүчөлөрү;

5) социалдык тейлөөнүн жеке менчик формасындагы мекемелеринде туруктуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү;

6) ата-энелик укугунан ажыратылган ата-энелер;

7) арыз ээси менен такай чогуу жашаган жана жалпы чарба жүргүзгөн адамдардан башка, арыз берүүчү адам менен туугандык байланышы жок адамдар.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

10-глава. Үй-бүлөнүн жан башына орточо туура келүүчү жыйынды кирешесин аныктоо

22. Үй-бүлөнүн жан башына орточо туура келүүчү жыйынды киреше үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга кайрылган айдан мурдагы үч ай ичиндеги жыйынды кирешесин үчкө, андан кийин үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү жыйынды кирешесин аныктоодо эске алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен эсептелет.

Арыз берген адам үй-бүлөнүн курамында же кирешенин өлчөмүндө жакында болгон өзгөрүүлөр жөнүндө билдирген учурда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) тапшырылган документтерге ылайык кайрадан эсептөө жүргүзөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Ушул Жобонун 6-пунктунда жана 11-пунктунда көрсөтүлгөн үй-бүлөнүн жан башына орточо туура келген жыйынды кирешеси жана мезгилдүү иштеген кызматкерлердин кирешелери үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга кайрылганга чейинки 12 ай ичиндеги жыйынды кирешесин он экиге, андан кийин үй-бүлөнүн жан башына орточо туура келүүчү жыйынды кирешесин аныктоодо эске алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен эсептелет.

Менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерде иштеген жарандардын кирешелери алардын эмгек акысы менен эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Натуралай түрдө алынган кирешелердин өлчөмү кирешени алган мезгилдеги базар баасына которуу жолу менен эсептелет.

25. Эгер аялына (күйөөсүнө) соттун чечими менен балдары үчүн алименттин өлчөмү аныкталып, бирок алимент төлөнбөсө, анда жөлөкпул сот органдарынын алимент төлөө боюнча карыз тууралуу маалымкатынын негизинде чектелет. Мындайда маалымкатты алты ай сайын жаңыртып туруу зарыл.

26. Эгер жубайлардын никеси ажыратылып, бирок соттун чечими менен алимент чектелбесе, анда кирешенин өлчөмү текшерүү актысынын жана арыз ээсинин түшүнүк катынын негизинде аныкталат.

27. Эгер жубайлардын никеси ажыратылбаган, бирок атасынан (энесинен) алимент төлөтүү жөнүндө соттун чечими чыгарылган болсо, ал эми жубайлар чогуу жашоосун улантышып жана жалпы чарба жүргүзүшсө, анда үй-бүлөнүн жыйынды киреше атасынын (энесинин) эмгек акылары киргизилет.

Эгерде атасы (энеси) өзүнчө жашаса, анда атасы (энеси) үй-бүлөнүн курамынан чыгарылат, ал эми үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинде алып жаткан алимент гана эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

28. Жубайлардын никеси ажыратылбаган, бирок алар чогуу жашабаган учурда, анда үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоо үчүн атасынын (энесинин) кирешеси же алименттин өлчөмү талап кылынат.

Атасынын (энесинин) жашап турган орду аныкталбаган учурда ички иштер органдарынын издөө жөнүндө маалымкаты талап кылынат жана үй-бүлөнү текшерүү актысы жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

29. Эгерде баланын ата-энеси никеге катталбаса жана чогуу жашашпаса үй-бүлөнүн курамын жана үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоо үчүн үй-бүлөнү текшерүү актысы жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Алименттер сот органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана чарбалардын маалымкаттарынын негизинде эсепке алынат.

31. Эгерде ата-энелердин бирөө республиканын чегинен сыртта, ошондой эле республикадагы иш жүзүндө жашаган ордунан башка жакта иштесе, анда үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси текшерүү актысынын негизинде, үй-бүлөнүн жашоо-тиричилик шартын текшерүүнү эске алуу менен аныкталат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

32. Жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулга муктаждыгын аныктоодо камкордукка алгандардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери ушул Жобонун 3-17-пункттарына ылайык эсепке алынат.

33. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо талаш маселелер пайда болгон учурда бул маселе жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссияда (мындан ары - Комиссия) каралат. Комиссия жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда талаш социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, же Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана администрациялык жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамында белгиленген тартипте чечилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

11-глава. Бир жыл ичинде үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин тактоо

34. Бир жыл ичинде үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин тактоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөндө;

2) үй-бүлөнүн курамы өзгөргөндө;

3) бала төрөлгөндө;

4) арыз ээсинин, үй-бүлө мүчөсүнүн туруктуу жашаган жери өзгөргөндө же республиканын чегинен сыртка туруктуу жашоо үчүн кеткенде;

5) үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөө мамлекеттин толук камсыздоосунда болуучу социалдык тейлөөчү мекемеге жайгаштырылса;

6) үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөө жеке менчик формасындагы социалдык тейлөөчү мекемеге жайгаштырылса;

7) никеге катталса же нике ажыратылса;

8) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарына жана башка аскердик кошуундарга, жана мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына чакырылса (мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөндө);

9) арыз ээси же үй-бүлөнүн мүчөсү каза болсо;

10) атасы, энеси (ата-энелери) ата-энелик укуктан ажыратылса;

11) күйөөсү же аялы эркиндигинен ажыратууга соттолсо (тергөөдө болгон убакыт кошо эсептелет) же мажбурлап дарылоого жиберилсе;

12) бала 16 жашка чыкканда;

13) үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөө окууга же жумушка киргенде;

14) майыптык мөөнөтү бүткөндө.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)

12-глава. Үй-бүлөнүн кирешесин түзгөн булактарды документ түрүндө тастыктоонун тартиби

35. Аймактык бөлүмгө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул чектөө жөнүндө кайрылган арыз ээси алган кирешелерин тастыктоочу төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

1) негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жеринен;

2) негизги эмес иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жерлеринен;

3) экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн;

4) айыл чарба ишинен.

Кирешелер тууралуу маалымкаттар эгер алар берилген күндөн тартып эки айдан ашык өтүп кетпесе кабыл алынат.

36. Жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жерлеринен эмгек акы, стипендия түрүндө алган кирешелери жөнүндө тастыктоочу документтер болуп иштеген, окуган жерлердин, жетекчи, башкы бухгалтер кол коюп, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалымкаттары эсептелет.

Жыйынды киреше жөнүндө маалымкаттын формасын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана бекитет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149, 2020-жылдын 24-августундагы № 442 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

37. Жарандардын ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана ушул Жобонун 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн салык органдары берүүчү патенттин негизинде иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган негизги жерлеринен эмес, экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алган кирешелери тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынан суралат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)

38. Алимент жөнүндө тастыктоочу документтерди сот органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана чарбалар кайрылган учурга карата аткаруу барагы бар болсо гана беришет.

39. Жер үлүшүн пайдалануудан, короо жанындагы тилкесинен, ошондой эле айыл чарба жандыктарынан түшкөн кирешелерди аныктоо үчүн жер ресурстары жана ветеринария чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларына суроо-талап жиберилет.

Маалыматты ырастоо мүмкүн болбогон учурда жердин өлчөмүн, категориясын жана айыл чарба жандыктарынын санын көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн маалым каты талап кылынат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)

40. Менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерде иштеген жарандар аймактык бөлүмгө иштеген жериндеги эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды тапшырышат.

 

 

 

16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобого тиркеме

Жер үлүштөрүн жана короо жанындагы участокторду пайдалануудан алынган кирешелердин ЧЕНЕМДЕРИ

№

Облустардын, райондордун, шаарлардын жана айылдык аймактардын аталыштары

Жер үлүштөрүнүн ченемдери

Короо жанындагы участоктордун ченемдери 1 сотуктан айына сом менен

сугат

кайрак

1 сотуктан айына сом менен

1 сотуктан айына сом менен

 

1. Баткен облусу

 

 

 

1

Баткен шаары

21

13

43

2

Кызыл-Кыя шаары

32

17

63

3

Сүлүктү шаары

31

12

62

 

1.1. Баткен району

 

 

 

4

Ак-Сай айылдык аймагы

26

11

54

5

Ак-Татыр айылдык аймагы

26

11

54

6

Дарыя айылдык аймагы

27

11

55

7

Кара-Бак айылдык аймагы

23

11

48

8

Кара-Булак айылдык аймагы

26

11

53

9

Кыштут айылдык аймагы

23

11

47

10

Самаркандек айылдык аймагы

26

11

54

11

Суу-Башы айылдык аймагы

25

11

52

12

Төрт-Күл айылдык аймагы

26

11

53

 

1.2. Кадамжай району

 

 

 

13

Айдаркен шаары

28

17

57

14

Кадамжай шаары

23

17

47

15

Абсамат Масалиев айылдык аймагы

32

14

63

16

Ак-Турпак айылдык аймагы

18

0

37

17

Алга айылдык аймагы

30

17

61

18

Бирлик айылдык аймагы

28

17

57

19

Көтөрмөк айылдык аймагы

23

17

47

20

Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы

22

0

45

21

Майдан айылдык аймагы

30

17

61

22

Маркез айылдык аймагы

30

14

59

23

Орозбеков айылдык аймагы

24

16

49

24

Совет айылдык аймагы

22

0

45

25

Үч-Коргон айылдык акмагы

32

14

63

26

Халмион айылдык аймагы

28

16

57

27

Чаувай айылдык аймагы

32

14

63

 

1.3. Лейлек району

 

 

 

28

Исфана шаары

30

14

61

29

Ак-Суу айылдык аймагы

27

15

55

30

Бешкент айылдык аймагы

21

11

43

31

Жаңы-Жер айылдык аймагы

28

13

57

32

Катран айылдык аймагы

26

13

53

33

Кулунду айылдык аймагы

31

12

62

34

Лейлек айылдык аймагы

25

12

51

35

Маргун айылдык аймагы

21

11

43

36

Сүмбүл айылдык аймагы

26

13

54

37

Тогуз-Булак айылдык аймагы

28

12

56

 

2. Жалал-Абад облусу

 

 

 

38

Жалал-Абад шаары

40

19

97

39

Кара-Көл шаары

28

24

70

40

Майлуу-Суу шаары

38

16

94

41

Таш-Көмүр шаары

30

16

73

 

2.1. Аксы району

 

 

 

42

Кербен шаары

33

17

82

43

Авлетим айылдык аймагы

29

17

75

44

Ак-Жол айылдык аймагы

38

17

94

45

Ак-Суу айылдык аймагы

30

15

73

46

Жаңы-Жол айылдык аймагы

32

15

79

47

Жерге-Тал айылдык аймагы

31

18

77

48

Кара-Жыгач айылдык аймагы

27

13

66

49

Кара-Суу айылдык аймагы

0

18

49

50

Кашка-Суу айылдык аймагы

31

14

76

51

Кызыл-Туу айылдык аймагы

34

15

85

52

Мавлянов айылдык аймагы

34

15

85

53

Назаралиев айылдык аймагы

39

15

97

 

2.2. Ала-Бука району

 

 

 

54

Ала-Бука айылдык аймагы

38

17

94

55

Ак-Коргон айылдык аймагы

38

17

94

56

Ак-Там айылдык аймагы

36

15

91

57

Көк-Серек айылдык аймагы

27

14

66

58

Көк-Таш айылдык аймагы

31

16

77

59

Өрүктү айылдык аймагы

32

16

81

60

Биринчи май айылдык аймагы

34

16

85

61

Төрөгелди Балтагулов айылдык аймагы

34

16

85

 

2.3. Базар-Коргон району

 

 

 

62

Акман айылдык аймагы

36

13

91

63

Арстанбап айылдык аймагы

38

15

94

64

Базар-Коргон айылдык аймагы

40

17

100

65

Бешик-Жон айылдык аймагы

39

17

96

66

Кеңеш айылдык аймагы

38

17

95

67

Кызыл-Үңкүр айылдык аймагы

38

15

86

68

Могол айылдык аймагы

38

15

95

69

Сейдикум айылдык аймагы

38

16

94

70

Талды-Булак айылдык аймагы

39

15

95

 

2.4. Ноокен району

 

 

 

71

Кочкор-Ата шаары

38

16

94

72

Арал айылдык аймагы

40

0

97

73

Бүргөндү айылдык аймагы

38

17

94

74

Достук айылдык аймагы

33

15

82

75

Масы айылдык аймагы

40

18

99

76

Момбеков айылдык аймагы

38

16

94

77

Ноокен айылдык аймагы

40

15

98

78

Сакалды айылдык аймагы

38

0

94

79

Шайдан айылдык аймагы

38

0

94

 

2.5. Сузак району

 

 

 

80

Көк-Жаңгак шаары

35

24

88

81

Багыш айылдык аймагы

39

19

98

82

Барпы айылдык аймагы

39

18

98

83

Кара-Алма айылдык аймагы

35

24

88

84

Кара-Дарыя айылдык аймагы

36

14

91

85

Көк-Арт айылдык аймагы

37

19

92

86

Курманбек айылдык аймагы

35

24

88

87

Кыз-Көл айылдык аймагы

32

18

79

88

Кызыл-Туу айылдык аймагы

39

18

97

89

Ленин айылдык аймагы

35

17

88

90

Сайпидин Атабеков айылдык аймагы

39

16

97

91

Сузак айылдык аймагы

39

18

97

92

Таш-Булак айылдык аймагы

40

18

99

93

Ырыс айылдык аймагы

39

17

97

 

2.6. Тогуз-Торо району

 

 

 

94

Атай айылдык аймагы

35

22

88

95

Кара-Суу айылдык аймагы

37

22

92

96

Каргалык айылдык аймагы

35

22

88

97

Көк-Ирим айылдык аймагы

35

22

83

98

Сары-Булуң айылдык аймагы

35

22

83

99

Тогуз-Торо айылдык аймагы

34

22

84

 

2.7. Токтогул району

 

 

 

100

Токтогул шаары

38

22

92

101

Абды Сүйөркулов айылдык аймагы

36

25

91

102

Аралбаев айылдык аймагы

35

22

85

103

Бел-Алды айылдык аймагы

27

15

67

104

Жаңы-Жол айылдык аймагы

38

22

95

105

Кетмен-Төбө айылдык аймагы

39

18

98

106

Кызыл-Өзгөрүш айылдык аймагы

31

21

76

107

Ничке-Сай айылдык аймагы

31

21

76

108

Сары-Камыш айылдык аймагы

0

14

50

109

Үч-Терек айылдык аймагы

28

23

70

110

Чолпон-Ата айылдык аймагы

36

25

91

 

2.8. Чаткал району

 

 

 

111

Каныш-Кыя айылдык аймагы

32

29

77

112

Сумсар айылдык аймагы

33

24

80

113

Терек-Сай айылдык аймагы

31

19

73

114

Чаткал айылдык аймагы

30

18

72

 

3. Ысык-Көл облусу

 

 

 

115

Балыкчы шаары

18

8

75

116

Каракол шаары

29

17

124

 

3.1. Ак-Суу району

 

 

 

117

Ак-Булуң айылдык аймагы

32

19

139

118

Ак-Чий айылдык аймагы

27

16

118

119

Бөрү-Баш айылдык аймагы

28

14

120

120

Жыргалаң айылдык аймагы

28

16

124

121

Кара-Жал айылдык аймагы

26

15

114

122

Каракол айылдык аймагы

28

16

124

123

Кереге-Таш айылдык аймагы

25

16

110

124

Нововознесеновка айылдык аймагы

27

16

120

125

Октябрь айылдык аймагы

29

15

125

126

Отрадное айылдык аймагы

29

16

125

127

Тепке айылдык аймагы

28

16

124

128

Теплоключенко айылдык аймагы

25

17

99

129

Челпек айылдык аймагы

26

18

116

130

Эңилчек айылдык аймагы

26

15

116

 

3.2. Жети-Өгүз району

 

 

 

131

Ак-Дөбө айылдык аймагы

23

8

100

132

Ак-Шыйрак айылдык аймагы

0

0

73

133

Алдашев айылдык аймагы

20

0

87

134

Барскоон айылдык аймагы

21

13

93

135

Даркан айылдык аймагы

23

0

99

136

Жаргылчак айылдык аймагы

21

14

91

137

Жети-Өгүз айылдык аймагы

23

14

100

138

Кызыл-Суу айылдык аймагы

24

14

102

139

Липенка айылдык аймагы

21

12

93

140

Оргочор айылдык аймагы

23

14

100

141

Светлая поляна айылдык аймагы

23

11

99

142

Тамга айылдык аймагы

21

0

93

143

Ырдык айылдык аймагы

25

12

108

 

3.3. Ысык-Көл району

 

 

 

144

Чолпон-Ата шаары

22

0

94

145

Абдрахманов айылдык аймагы

23

0

100

146

Садыр-Аке айылдык аймагы

23

0

99

147

Ананьево айылдык аймагы

27

13

119

148

Бостери айылдык аймагы

22

13

94

149

Кара-Ой айылдык аймагы

20

13

85

150

Кум-Бел айылдык аймагы

22

13

94

151

Өрүктү айылдык аймагы

25

0

108

152

Семеновка айылдык аймагы

23

13

99

153

Тамчы айылдык аймагы

15

13

61

154

Темир айылдык аймагы

24

13

104

155

Тору-Айгыр айылдык аймагы

13

0

53

156

Чоң-Сары-Ой айылдык аймагы

20

13

85

 

3.4. Тоң району

 

 

 

157

Ак-Терек айылдык аймагы

20

9

87

158

Болот Мамбетов айылдык аймагы

19

9

83

159

Кажы-Сай айылдык аймагы

18

8

77

160

Көк-Мойнок айылдык аймагы

18

8

75

161

Көл-Төр айылдык аймагы

19

9

81

162

Күн-Чыгыш айылдык аймагы

21

10

93

163

Төрт-Күл айылдык аймагы

19

9

83

164

Тоң айылдык аймагы

18

8

77

165

Улакол айылдык аймагы

13

5

53

 

3.5. Түп району

 

 

 

166

Ак-Булак айылдык аймагы

26

16

106

167

Ак-Булуң айылдык аймагы

24

15

102

168

Арал айылдык аймагы

28

14

123

169

Ысык-Көл айылдык аймагы

26

13

116

170

Карасаев айылдык аймагы

29

10

124

171

Кутургу айылдык аймагы

26

16

116

172

Михайловка айылдык аймагы

25

11

106

173

Сан-Таш айылдык аймагы

30

16

130

174

Сары-Булак айылдык аймагы

25

13

109

175

Талды-Суу айылдык аймагы

28

10

123

176

Тогуз-Булак айылдык аймагы

26

15

89

177

Түп айылдык аймагы

27

15

117

178

Чоң-Таш айылдык аймагы

29

15

126

 

4. Нарын облусу

 

 

 

179

Нарын шаары

15

11

66

 

4.1. Ак-Талаа району

 

 

 

180

Ак-Тал айылдык аймагы

11

0

52

181

Ак-Чий айылдык аймагы

9

0

42

182

Баетов айылдык аймагы

10

0

45

183

Жаңы-Талап айылдык аймагы

11

7

52

184

Жерге-Тал айылдык аймагы

11

0

48

185

Кара-Бүргөн айылдык аймагы

10

6

45

186

Көк-Жар айылдык аймагы

9

0

42

187

Коңорчок айылдык аймагы

11

7

48

188

Кош-Дөбө айылдык аймагы

9

5

42

189

Кызыл-Белес айылдык аймагы

9

5

42

190

Терек айылдык аймагы

10

6

45

191

Тоголок-Молдо айылдык аймагы

9

5

42

192

Үгүт айылдык аймагы

9

5

42

 

4.2. Ат-Башы району

 

 

 

193

Ат-Башы айылдык аймагы

13

9

56

194

Ак-Жар айылдык аймагы

16

11

69

195

Ак-Моюн айылдык аймагы

15

8

63

196

Ак-Муз айылдык аймагы

14

11

62

197

Ак-Талаа айылдык аймагы

15

8

64

198

Ача-Кайыңды айылдык аймагы

15

0

65

199

Баш-Кайыңды айылдык аймагы

14

11

61

200

Казыбек айылдык аймагы

14

0

62

201

Кара-Коюн айылдык аймагы

13

6

60

202

Кара-Суу айылдык аймагы

12

4

56

203

Талды-Суу айылдык аймагы

16

13

71

 

4.3. Жумгал району

 

 

 

204

Байзак айылдык аймагы

13

10

53

205

Баш-Кууганды айылдык аймагы

13

8

55

206

Жаңы-Арык айылдык аймагы

13

11

55

207

Жумгал айылдык аймагы

14

9

57

208

Кабак айылдык аймагы

13

0

54

209

Көк-Ой айылдык аймагы

14

7

55

210

Куйручук айылдык аймагы

14

10

56

211

Кызыл-Жылдыз айылдык аймагы

13

7

53

212

Миң-Куш айылдык аймагы

13

8

52

213

Сүйүмбаев айылдык аймагы

13

10

54

214

Түгөл-Сай айылдык аймагы

13

0

53

215

Чаек айылдык аймагы

13

7

54

216

Чоң-Дөбө айылдык аймагы

13

10

54

 

4.4. Кочкор району

 

 

 

217

Ак-Кыя айылдык аймагы

13

6

53

218

Кара-Суу айылдык аймагы

12

5

53

219

Көк-Жар айылдык аймагы

11

0

52

220

Кочкор айылдык аймагы

14

8

60

221

Кош-Дөбө айылдык аймагы

11

5

52

222

Кум-Дөбө айылдык аймагы

11

6

52

223

Сары-Булак айылдык аймагы

11

0

49

224

Семиз-Бел айылдык аймагы

12

6

55

225

Соң-Көл айылдык аймагы

11

0

49

226

Талаа-Булак айылдык аймагы

12

8

55

227

Чолпон айылдык аймагы

14

8

59

 

4.5. Нарын району

 

 

 

228

Ак-Кудук айылдык аймагы

15

8

64

229

Дөбөлү айылдык аймагы

15

10

66

230

Жан-Булак айылдык аймагы

14

10

62

231

Жерге-Тал айылдык аймагы

14

10

62

232

Достук айылдык аймагы

14

0

62

233

Казан-Куйган айылдык аймагы

13

11

59

234

Кара-Кужур айылдык аймагы

13

11

59

235

Миң-Булак айылдык аймагы

11

10

51

236

Он-Арча айылдык аймагы

16

9

68

237

Орток айылдык аймагы

15

11

64

238

Сары-Ой айылдык аймагы

15

11

64

239

Учкун айылдык аймагы

14

9

61

240

Чет-Нура айылдык аймагы

15

11

66

241

Эмгек-Талаа айылдык аймагы

16

12

69

242

Эмгекчил айылдык аймагы

13

10

58

 

5. Ош облусу

 

 

 

 

5.1. Алай району

 

 

 

243

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык аймагы

15

10

50

244

Будалык айылдык аймагы

0

13

33

245

Бүлөлү айылдык аймагы

0

10

33

246

Гүлчө айылдык аймагы

0

15

33

247

Жошолу айылдык аймагы

23

12

72

248

Жаңы-Алай айылдык аймагы

29

13

85

249

Кабылан-Көл айылдык аймагы

24

14

75

250

Коңур-Дөбө айылдык аймагы

24

13

75

251

Корул айылдык аймагы

0

8

33

252

Ленин айылдык аймагы

0

6

33

253

Сары-Могол айылдык аймагы

13

0

41

254

Сары-Таш айылдык аймагы

14

10

46

255

Талды-Суу айылдык аймагы

13

0

41

256

Үч-Дөбө айылдык аймагы

17

10

55

 

5.2. Араван району

 

 

 

257

Алля-Анаров айылдык аймагы

24

10

76

258

Керме-Тоо айылдык аймагы

22

9

71

259

Мангыт айылдык аймагы

23

10

74

260

Нур-Абад айылдык аймагы

26

10

83

261

С.Юсупов айылдык аймагы

27

10

86

262

Төө-Моюн айылдык аймагы

17

9

57

263

Тепе-Коргон айылдык аймагы

26

10

83

264

Чек-Абад айылдык аймагы

27

10

87

 

5.3. Кара-Кулжа району

 

 

 

265

Алайкуу айылдык аймагы

14

10

47

266

Капчыгай айылдык аймагы

18

13

58

267

Карагуз айылдык аймагы

19

15

62

268

Кара-Кочкор айылдык аймагы

18

17

58

269

Кара-Кулжа айылдык аймагы

18

12

59

270

Кашка-Жол айылдык аймагы

18

17

58

271

Кеңеш айылдык аймагы

18

17

58

272

Кызыл-Жар айылдык аймагы

14

10

47

273

Ой-Тал айылдык аймагы

14

10

47

274

Сары-Булак айылдык аймагы

0

19

35

275

Чалма айылдык аймагы

18

13

58

276

Ылай-Талаа айылдык аймагы

16

16

54

 

5.4. Кара-Суу району

 

 

 

277

Кара-Суу шаары

27

10

86

278

Ак-Таш айылдык аймагы

27

10

86

279

Жаңы-Арык айылдык аймагы

27

10

87

280

Жоош айылдык аймагы

26

12

85

281

Катта-Талдык айылдык аймагы

27

12

87

282

Кашгар-Кыштак айылдык аймагы

26

12

85

283

Кызыл-Кыштак айылдык аймагы

27

11

89

284

Кызыл-Суу айылдык аймагы

27

8

86

285

Мады айылдык аймагы

27

11

86

286

Нариман айылдык аймагы

26

8

85

287

Отуз-Адыр айылдык аймагы

26

9

83

288

Папан айылдык аймагы

24

11

76

289

Савай айылдык аймагы

26

9

85

290

Сарай айылдык аймагы

28

10

90

291

Сары-Колот айылдык аймагы

76

9

83

292

Төлөйкөн айылдык аймагы

25

10

82

293

Шарк айылдык аймагы

26

13

85

 

5.5. Ноокат району

 

 

 

294

Ноокат шаары

18

10

59

295

Токтомат Зулпуев атындагы айылдык аймагы

20

10

67

296

Бел айылдык аймагы

25

10

81

297

Гүлстан айылдык аймагы

23

10

74

298

Жаңы-Ноокат айылдык аймагы

25

10

82

299

Исанов айылдык аймагы

25

15

81

300

Кара-Таш айылдык аймагы

19

10

62

301

Кеңеш айылдык аймагы

25

10

80

302

Көк-Бел айылдык аймагы

25

15

81

303

Кулатов айылдык аймагы

26

10

83

304

Кызыл-Октябрь айылдык аймагы

26

13

85

305

Кыргыз-Ата айылдык аймагы

23

10

73

306

Мирмахмудов айылдык аймагы

18

10

59

307

Найман айылдык аймагы

24

10

71

308

Он-Эки-Бел айылдык аймагы

25

10

82

309

Төөлөс айылдык аймагы

28

10

92

310

Ынтымак айылдык аймагы

26

10

83

 

5.6. Өзгөн району

 

 

 

311

Өзгөн шаары

31

0

90

312

Ак-Жар айылдык аймагы

28

15

90

313

Алтын-Булак айылдык аймагы

29

11

92

314

Баш-Дөбө айылдык аймагы

31

11

97

315

Дөң-Булак айылдык аймагы

28

11

91

316

Жалпак-Таш айылдык аймагы

0

17

54

317

Жыланды айылдык аймагы

30

13

95

318

Жазы айылдык аймагы

23

12

75

319

Заргер айылдык аймагы

22

15

70

320

Ийри-Суу айылдык аймагы

30

14

95

321

Кара-Таш айылдык аймагы

0

16

54

322

Кароол айылдык аймагы

30

13

96

323

Көлдүк айылдык аймагы

28

15

90

324

Куршаб айылдык аймагы

30

13

96

325

Кызыл-Октябрь айылдык аймагы

26

13

85

326

Кызыл-Тоо айылдык аймагы

28

11

92

327

Мырза-Аке айылдык аймагы

29

11

92

328

Саламалик айылдык аймагы

28

11

91

329

Төрт-Көл айылдык аймагы

31

11

97

330

Чаңгет айылдык аймагы

30

14

95

 

5.7. Чоң-Алай району

 

 

 

331

Жекенди айылдык аймагы

17

0

57

332

Кашка-Суу айылдык аймагы

15

11

48

333

Чоң-Алай айылдык аймагы

17

0

57

 

6. Талас облусу

 

 

 

334

Талас шаары

33

19

79

 

6.1. Бакай-Ата району

 

 

 

335

Ак-Дөбө айылдык аймагы

30

13

71

336

Акназаров айылдык аймагы

29

0

70

337

Боо-Терек айылдык аймагы

42

13

99

338

Кең-Арал айылдык аймагы

31

0

74

339

Ленинпол айылдык аймагы

37

0

88

340

Миң-Булак айылдык аймагы

30

0

71

341

Өзгөрүш айылдык аймагы

31

13

75

342

Оро айылдык аймагы

34

0

81

343

Шадыкан айылдык аймагы

30

0

73

 

6.2. Кара-Буура району

 

 

 

344

Ак-Чий айылдык аймагы

28

15

68

345

Аманбаев айылдык аймагы

31

15

75

346

Бакайыр айылдык аймагы

26

16

64

347

Бакыян айылдык аймагы

32

15

77

348

Бейшеке айылдык аймагы

32

15

77

349

Кара-Буура айылдык аймагы

37

17

87

350

Көк-Сай айылдык аймагы

26

15

63

351

Маймак айылдык аймагы

31

15

74

352

Чолпонбай айылдык аймагы

34

15

81

353

Шекер айылдык аймагы

23

15

55

 

6.3. Манас району

 

 

 

354

Кайыңды айылдык аймагы

40

20

94

355

Кыргызстан айылдык аймагы

34

0

81

356

Май айылдык аймагы

28

0

67

357

Покровка айылдык аймагы

35

17

83

358

Үч-Коргон айылдык аймагы

31

0

74

 

6.4. Талас району

 

 

 

359

Айдаралиев айылдык аймагы

28

19

68

360

Бердике-Баатыр айылдык аймагы

37

0

88

361

Арал айылдык аймагы

33

18

79

362

Бекмолдо айылдык аймагы

31

17

75

363

Жерге-Тал айылдык аймагы

25

19

61

364

Долон айылдык аймагы

37

0

88

365

Калба айылдык аймагы

41

18

97

366

Кара-Суу айылдык аймагы

35

19

83

367

Көк-Ой айылдык аймагы

34

23

81

368

Кууганды айылдык аймагы

32

20

77

369

Нуржанов айылдык аймагы

36

0

86

370

Өмүралиев айылдык аймагы

31

16

75

371

Осмонкулов айылдык аймагы

43

30

102

 

7. Чүй облусу

 

 

 

372

Токмок шаары

27

18

47

 

7.1. Аламүдүн району

 

 

 

373

Байтик айылдык аймагы

34

19

58

374

Ак-Дөбө айылдык аймагы

34

16

60

375

Ала-Арча айылдык аймагы

19

10

35

376

Аламүдүн айылдык аймагы

34

8

60

377

Арашан айылдык аймагы

30

16

53

378

Васильев айылдык аймагы

30

15

53

379

Гроздь айылдык аймагы

32

16

56

380

Кара-Жыгач айылдык аймагы

28

0

50

381

Көк-Жар айылдык аймагы

28

15

50

382

Лебединовка айылдык аймагы

28

15

50

383

Ленин айылдык аймагы

34

8

60

384

Маевка айылдык аймагы

36

14

63

385

Төмөнкү Ала-Арча айылдык аймагы

36

14

63

386

Октябрь айылдык аймагы

26

15

46

387

Пригородное айылдык аймагы

39

15

67

388

Таш-Дөбө айылдык аймагы

27

17

47

389

Таш-Мойнок айылдык аймагы

33

20

57

 

7.2. Жайыл району

 

 

 

390

Кара-Балта шаары

29

0

51

391

Ат-Башат айылдык аймагы

29

12

51

392

Жайыл айылдык аймагы

28

12

49

393

Кара-Суу айылдык аймагы

26

11

46

394

Красновосточный айылдык аймагы

28

10

50

395

Кызыл-Дыйкан айылдык аймагы

26

11

46

396

Полтавка айылдык аймагы

26

11

46

397

Сары-Булак айылдык аймагы

29

12

51

398

Сары-Коо айылдык аймагы

26

9

46

399

Сосновка айылдык аймагы

28

11

50

400

Степное айылдык аймагы

23

9

42

401

Суусамыр айылдык аймагы

27

15

47

402

Талды-Булак айылдык аймагы

26

7

46

 

7.3. Кемин району

 

 

 

403

Кемин шаары

26

18

46

404

Орловка шаары

27

17

48

405

Ак-Туз айылдык аймагы

28

18

50

406

Алмалуу айылдык аймагы

30

17

52

407

Боролдой айылдык аймагы

27

14

48

408

Жаңы-Алыш айылдык аймагы

27

0

48

409

Дүйшеев айылдык аймагы

28

18

50

410

Ильич айылдык аймагы

28

18

50

411

Кара-Булак айылдык аймагы

28

18

49

412

Кок-Ойрок айылдык аймагы

27

19

48

413

Кызыл-Октябрь айылдык аймагы

26

18

46

414

Чоң-Кемин айылдык аймагы

33

17

57

415

Чым-Коргон айылдык аймагы

28

0

50

 

7.4. Москва району

 

 

 

416

Ак-Суу айылдык аймагы

27

14

48

417

Александровка айылдык аймагы

30

14

53

418

Беловодское айылдык аймагы

34

15

58

419

Беш-Терек айылдык аймагы

22

10

40

420

Биринчи май айылдык аймагы

28

9

50

421

Петровка айылдык аймагы

31

12

54

422

Предтеченск айылдык аймагы

25

11

45

423

Садовое айылдык аймагы

34

14

58

424

Сретенка айылдык аймагы

30

13

52

425

Төлөк айылдык аймагы

28

8

50

426

Целинный айылдык аймагы

22

10

40

427

Чапаев айылдык аймагы

29

13

51

 

7.5. Панфилов району

 

 

 

428

Кайыңды шаары

29

12

51

429

Курама айылдык аймагы

29

12

51

430

Вознесеновка айылдык аймагы

28

15

50

431

Күрпүлдөк айылдык аймагы

31

15

54

432

Орто айылдык аймагы

25

14

45

433

Фрунзе айылдык аймагы

29

13

51

434

Чалдыбар айылдык аймагы

24

12

43

 

7.6. Сокулук району

 

 

 

435

Шопоков шаары

31

14

54

436

Кайназарова атындагы айылдык аймагы

32

16

56

437

Крупская атындагы айылдык аймагы

37

12

63

438

Асыл-Баш айылдык аймагы

28

19

49

439

Ат-Башат айылдык аймагы

30

13

53

440

Военно-Антоновка айылдык аймагы

31

14

55

441

Гавриловка айылдык аймагы

31

14

54

442

Жаңы-Жер айылдык аймагы

31

12

54

443

Жаңы-Пахта айылдык аймагы

27

12

47

444

Камышановка айылдык аймагы

19

8

43

445

Күнтуу айылдык аймагы

33

18

57

446

Кызыл-Туу айылдык аймагы

33

12

57

447

Төмөнкү Чүй айылдык аймагы

30

12

52

448

Новопавловка айылдык аймагы

34

10

58

449

Орок айылдык аймагы

29

15

51

450

Биринчи май айылдык аймагы

28

12

50

451

Саз айылдык аймагы

33

13

57

452

Сокулук айылдык аймагы

30

14

53

453

Төш-Булак айылдык аймагы

30

17

52

454

Фрунзе айылдык аймагы

30

12

53

 

7.7. Чүй району

 

 

 

455

Ак-Бешим айылдык аймагы

27

18

47

456

Бурана айылдык аймагы

26

0

46

457

Ибраимов айылдык аймагы

26

17

46

458

Искра айылдык аймагы

28

0

49

459

Кегети айылдык аймагы

25

15

45

460

Кош-Коргон айылдык аймагы

26

18

46

461

Он Бир-Жылга айылдык аймагы

30

18

52

462

Сайлык айылдык аймагы

32

0

56

463

Чүй айылдык аймагы

24

0

43

464

Шамшы айылдык аймагы

28

17

50

 

7.8. Ысык-Ата району

 

 

 

465

Кант шаары

35

22

61

466

Ак-Кудук айылдык аймагы

36

17

63

467

Бирдик айылдык аймагы

37

16

63

468

Жээк айылдык аймагы

34

20

58

469

Ивановка айылдык аймагы

26

22

46

470

Интернациональное айылдык аймагы

28

15

50

471

Ысык-Ата айылдык аймагы

22

19

40

472

Кең-Булуң айылдык аймагы

24

22

43

473

Кочкорбаев айылдык аймагы

33

17

57

474

Красная Речка айылдык аймагы

31

15

54

475

Логвиненко айылдык аймагы

33

17

57

476

Люксембург айылдык аймагы

35

22

61

477

Милянфан айылдык аймагы

35

17

61

478

Новопокровка айылдык аймагы

31

15

55

479

Нурманбет айылдык аймагы

22

22

39

480

Сын-Таш айылдык аймагы

23

12

41

481

Туз айылдык аймагы

31

20

55

482

Узун-Кыр айылдык аймагы

33

9

57

483

Юрьевка айылдык аймагы

22

14

40

 

8. Бишкек шаары

31

14

24

 

9. Ош шаары

36

15

61