Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 209, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64, 2023-жылдын 6-февралындагы № 51 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы лицензияларды (мындан ары - лицензия) төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берүү, узартуу, кайра тариздөө, токтото туруу, калыбына келтирүү жана жокко чыгаруунун тартибин регламенттейт:
транспорт чөйрөсүндө - автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү субъекттердин ишин жөнгө салуучу жана контролдоочу, ошондой эле эл аралык багыттар боюнча автомобиль транспорту менен жүк ташуу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик контролдоону жана лицензиялоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө - автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жаатындагы ишти мамлекеттик контролдоону жана лицензиялоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин лицензиялануучу түрүндө иштөөгө ниеттенген жеке жана юридикалык жактар "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен белгиленген тартипте тийиштүү лицензия алууга милдеттүү.
3. Автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - лицензиар) иштин төмөнкү түрлөрүнө лицензияларды берет:
1) автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу;
2) суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - лицензиар) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишке (жеңил таксилерди кошпогондо) лицензияларды берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Автомобиль жана суу транспорту жаатындагы ишти лицензиялоо субъекттери
5. Төмөнкүлөр лицензиялоо субъекттери болуп эсептелет:
1) лицензиарлар:
- автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү;
2) лицензиат - лицензия алган жеке же юридикалык жак;
3) арыз ээси - лицензия берүү жөнүндө арыз менен лицензиарга кайрылган юридикалык же жеке жак.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Лицензия алууга керектүү документтер
6. Лицензия алуу үчүн арыз ээси лицензиарга төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган арыз берет:
- юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын толук жана (же) кыскартылган аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн номерин;
- жеке жак үчүн - аты-жөнүн;
- байланыш телефону жана чечимдерди, билдирмелерди, кабарлоолорду жиберүү үчүн лицензиар кат алышкан электрондук почтанын дарегин;
- арыз ээси иштин лицензиялануучу түрү боюнча көрсөтүүчү кызматтардын тизмегин.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- жеке жак үчүн - өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- юридикалык жак үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөсү;
- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык арызды кароого жана лицензия берүүгө мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн транспорттун түрлөрү боюнча ишти жүргүзүү үчүн арызга төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү да тиркелет:
1) автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу (жеңил таксилерден тышкары) жана эл аралык жүктөрдү ташуу үчүн:
- ташуучунун жүргүнчүлөр алдында жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
- транспорт каражаттарын иштетүүгө, эмгекти коргоого жана ташуулар коопсуздугуна жооптуу адистердин (жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженердин, көзөмөлдөөчү механиктин жана медик-наркологдун) квалификациясын тастыктаган документтердин (диплом, күбөлүк, тастыктама) көчүрмөсү;
- автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн өндүрүштүк-техникалык базага менчик укугун же ыкчам башкаруу укугун тастыктаган документтердин көчүрмөсү же автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн кызмат көрсөтүүчү өндүрүштүк-техникалык базага менчик укугу бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- автотранспорт каражаттарын күнүмдүк рейске чыгаар алдында техникалык текшерүү жана айдоочуларга медициналык кароо жүргүзүү үчүн өндүрүштүк-техникалык базага менчик укугу же ыкчам башкаруу укугу бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (жеке жактар үчүн);
- болгон транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар (автотранспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, автотранспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын жана техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү);
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 209 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- үч жылдан кем эмес кесиптик айдоочулук стажы жана ден соолугунун абалы тууралуу белгиленген үлгүдөгү медициналык маалым кат (жүргүнчүлөрдү ташыган жеке жактар үчүн) болгон учурда кесиптик иш стажын аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтердин биринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү:
эмгек китепчеси;
жүргүнчүлүк транспорт кызматын көрсөтүү боюнча ишкердик ишти аткарууга ыктыярдуу патенти;
2) суу транспортунда жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу үчүн:
- кемени башкаруу укугуна дипломдордун, күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, кеменин техникалык документтери;
- кемени башкаруу укугуна күбөлүктүн көчүрмөсү (кеме айдоочунун жумушчу диплому);
- кеме күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- кеменин сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- кемени күбөлөндүрүү жөнүндө актынын көчүрмөсү;
- кемени инспектордук текшерүү жөнүндө актынын көчүрмөсү;
- жүргүнчүлүк күбөлүктүн көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Арыздар жана документтер (кара же көк түстөгү сыя калемсап менен) колго так, даана же техникалык каражаттарды (компьютерлер) колдонуу менен жазылат (толтурулат). Кырып өчүрүүгө жана кошуп жазууга, кыскартууларды жана аббревиатураларды пайдаланууга, ошондой эле негизсиз түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
9. Арыз ээсин мамлекеттик каттоо жөнүндө, салык органында аны каттоого коюу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү жана уставдын көчүрмөсү лицензиарга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн түрдө же документтердин түп нускасын көрсөтүү менен берилет. Бул учурда ар бир документтин көчүрмөсүнө "көчүрмө туура" деген белги коюлат жана документтерди кабыл алууга жооптуу адистин кол коюусу менен (аты-жөнүн, кызматын жана кабыл алган күнүн көрсөтүп) тастыкталат.
10. Арыз жана ушул Жобонун 7-пунктунда каралган документтер арыз ээсинин ыктыяры менен кагаз жүзүндө же электрондук документтер түрүндө берилиши мүмкүн.
Арыз ээси лицензия алуу үчүн көрсөтүлгөн документтердин ишенимдүүлүгүнө жоопкерчилик тартат.
11. Лицензия берүү үчүн ушул главада көрсөтүлгөн документтердин тизмеги толук болуп эсептелет.
Лицензиардын лицензия берүү үчүн арыз ээсинен ушул Жободо каралбаган документтерди талап кылуусуна тыюу салынат.
4-глава. Лицензиянын мазмуну
12. Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- лицензиардын аталышы;
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (бар болсо), анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;
- жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын өздүгүн күбөлөндүргөн документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
- иштин лицензиялануучу түрү;
- лицензиянын жарактуу мөөнөтү;
- ишти жүргүзүү аймагы;
- лицензияны берүү датасы жана каттоо номери;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
13. Лицензиянын бланкы типографиялык ыкма менен даярдалат, коопсуздук даражасы, штрих коду, эсепке алуу сериясы жана номери бар.
Лицензиянын бланкы так эсепке алуу документи болуп саналат.
Лицензиянын бланкын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо лицензиар тарабынан жүргүзүлөт.
14. Лицензия ушул Жобонун 13-главасына ылайык лицензиялардын реестрине киргизилет.
15. Лицензиар кызыкдар болгон жактардын талабы боюнча лицензиянын түп нускасын көрсөтүүгө тийиш.
5-глава. Лицензиялоо тартиби
16. Лицензиялоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) лицензия берүү үчүн документтерди кабыл алуу;
2) көрсөтүлгөн документтерди текшерүү;
3) өндүрүштүк-техникалык базанын жана юридикалык жактардын транспорт каражаттарынын лицензиялык талаптарга шайкештигин бир жолку көчмө текшерүү;
4) лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) лицензияны тариздөө;
6) лицензияны (дубликатты) берүү (берүүдөн баш тартуу);
7) лицензияны кайра тариздөө;
8) лицензиянын жарактуулугун токтотуу;
9) чет өлкөлүк мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны белгиленген тартипте таануу же таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
10) эскертүү берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) айып салуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) берилген (таанылган) лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
13) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү;
14) лицензиялардын реестрине лицензия жөнүндө маалыматтарды киргизүү (өзгөртүү).
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Лицензиар тарабынан лицензиялоо боюнча функцияларды аткаруунун жыйынтыгы тиешелүү актылар (протокол, буйрук жана акты) менен таризделет жана лицензиялык делодо сакталат.
18. Арыз ээсинин же анын өкүлүнүн талабы боюнча протоколдон, буйруктан же актыдан тиешелүү көчүрмө акысыз берилет.
6-глава. Арызды кароо жана лицензия берүү, токтото туруу, жаңыртуу, кайра тариздөө жөнүндө чечим кабыл алуу жана лицензияны жокко чыгаруу үчүн сот органдарына доо арыз берүү мөөнөттөрү
19. Лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүү тууралуу арыз катталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
20. Кайра тариздөө (кайра тариздөөдөн баш тартуу) жөнүндө чечим лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз катталган күндөн беш жумуш күн ичинде ага тиркелген документтер менен кабыл алынат.
21. Лицензиянын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим төмөнкү күндөн тартып беш жумуш күндөн кеч эмес кабыл алынат:
1) жеке жактын жеке ишкер катары ишин токтотуу жөнүндө арызы катталган күндөн;
2) юридикалык жакты жоюу жөнүндө арыз катталган күндөн;
3) иштин лицензиялануучу түрүн ыктыярдуу түрдө токтотуу жөнүндө арыз катталган күндөн;
4) иштин айрым түрлөрү иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен алып салынган күндөн;
5) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн;
6) жеке жактын каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн алган күндөн тартып.
22. Лицензиатка эскертүү берүү жөнүндө чечим лицензиялык талаптардын аткарылбагандыгы аныкталган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбей кабыл алынат.
23. Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим аныкталган бузуулар жоюлбаган учурда айып салууда көрсөтүлгөн лицензиялык талаптардын бузулушун жоюу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей кабыл алынат.
24. Лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу (жаңыртуудан баш тартуу) жөнүндө чечим аныкталган бузууларды жоюу боюнча лицензиялык текшерүү аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбей кабыл алынат.
25. Лицензиянын жарактуулугун мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу жөнүндө чечим лицензиаттан бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу тууралуу билдирме алынган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей кабыл алынат.
26. Лицензияны жокко чыгаруу маселесин кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү жөнүндө чечим лицензиянын жарактуулугун токтото турууга алып келген лицензиялык талаптардын бузулушун жоюу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей кабыл алынат.
27. Маалыматтар лицензиянын жарактуулугун кайра тариздөө, токтото туруу, жаңыртуу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган, лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күнү лицензиялардын реестрине киргизилет.
28. Лицензиар тийиштүү чечим кабыл алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде лицензиатка (арыз ээсине) төмөнкү билдирмелерди жиберүүгө милдеттүү:
- лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
- лицензияны кайра тариздөө же кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө;
- лицензиянын дубликатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
- эскертүү берүү жөнүндө;
- айып салуу жөнүндө;
- лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө;
- лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу жөнүндө;
- лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз берүү тууралуу.
29. Лицензия арыз ээсине лицензияны берүү жөнүндө маалыматтар лицензиялар реестрине киргизилген күнү берилет.
30. Дубликат лицензиатка лицензиянын дубликатын берүү жөнүндө арыз тапшырылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде берилет.
7-глава. Лицензия берүү үчүн документтерди кабыл алуу
31. Арыз ээсинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен лицензия берүү жөнүндө кайрылуусу лицензия берүүгө документтерди кабыл алуу үчүн негиз болуп эсептелет.
32. Документтерди жана арыздарды кабыл алууга жана каттоого жооптуу лицензиардын адиси арыз ээсинин өздүгүн аныктайт, анын ыйгарым укуктарын, арыздын туура толтурулушун жана тизме боюнча талап кылынган бардык документтердин бар экендигин текшерет.
33. Арыз жана ага тиркелген документтер алар түшкөн күнү арыздарды каттоо журналына катталат.
34. Арызда тиркелген документтердин тизмеги көрсөтүлөт.
35. Арыздарды каттоо журналына арыздын катар номери, арызды кабыл алуу датасы, арыз ээсинин аты (аталышы) жазылат.
36. Арыздын көчүрмөсү жана кабыл алынган документтердин тизмеси аны журналга каттоо белгиси менен арыз ээсине берилет.
37. Документтерди кабыл алууга жана каттоого жооптуу адис аларды каттаган күнү лицензиялык делону түзөт.
38. Лицензиялык делодо төмөнкүлөр камтылат:
1) лицензия берүү жөнүндө (лицензиянын жарактуулугун кайра тариздөө, мөөнөтүн узартуу, дубликат берүү, токтотуу жөнүндө) арыз жана ага тиркелген документтер;
2) лицензиар тарабынан лицензиялык талаптарга шайкештигине жүргүзүлгөн көчмө текшерүү акты;
3) лицензиардын лицензия берүү (лицензия берүүдөн баш тартуу, лицензиянын жарактуулугун кайра тариздөө, мөөнөтүн узартуу, токтото туруу, жаңыртуу, токтотуу же жокко чыгаруу) жөнүндө чечими;
4) лицензиардын лицензиатка пландуу жүргүзүлгөн текшерүү акты;
5) лицензиянын көчүрмөсү;
6) квалификациялык сынак тапшыруу жөнүндө протокол;
7) жана башка зарыл документтер.
39. Лицензиялык дело лицензиат тарабынан иштин лицензиялануучу түрү аткарылган бардык мөөнөткө лицензиарда сакталат, андан кийин дело лицензиардын архивине өткөрүлөт жана үч жыл ичинде сакталат.
8-глава. Лицензиялоо үчүн документтерди кабыл алуудан баш тартууга негиздердин тизмеги
40. Төмөнкүлөр документтерди кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп саналат:
1) арыздар жана документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбеген адам тарабынан берилсе;
2) лицензия берүү (лицензияны кайра тариздөө, лицензиянын жарактуу мөөнөтүн узартуу, лицензиянын жарактуулугун токтото туруу (жаңыртуу) жана токтотуу, чет өлкөлүк мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы берген лицензияны таануу) үчүн ушул Жободо каралган бир же бир нече документтер жок болсо;
3) кырып өчүрүлгөн же кошуп жазылган, сөздөрү чийилген же документте көрсөтүлбөгөн түзөтүүлөрү бар документтер, калем менен толтурулган, ошондой эле мазмунун бир мааниде түшүнүүгө мүмкүн болбогон олуттуу бузуулары бар документтер берилсе.
41. Арыз ээси документтерди кабыл алуудан баш тартууга негиз болгон себептерди жойгондон кийин баш тартуу дагы бир ирет кайрылууга тоскоолдук болуп саналбайт.
42. Лицензиялоо үчүн документтерди кабыл алуудан баш тартууга ушул главада көрсөтүлгөн негиздер толук тизмек болуп саналат.
Лицензиардын жазуу жүзүндөгү баш тартуусу тапшырылган бардык документтерди тиркөө менен арыз ээсине берилет.
43. Лицензиялоо үчүн ушул Жободо каралбаган негиздер боюнча документтерди кабыл алуудан баш тартууга тыюу салынат.
9-глава. Лицензия берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу
44. Лицензиардын адиси документтерге текшерүү актынын, квалификациялык сынактарды тапшыруу протоколунун жана көчмө текшерүү актынын негизинде лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө лицензиардын буйругунун долбоорун даярдайт.
45. Лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө буйрук лицензиялык талаптарга шайкештигине көчмө текшерүү акты таризделген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
46. Лицензия берүү жөнүндө буйрук арыз ээсинин документтери толук болуп, ушул Жобонун 3-главасында белгиленген талаптарга жооп бергенде жана арыз ээсинин талаптарга жооп бергендиги көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы менен тастыкталган учурда даярдалат.
47. Лицензиардын актынын долбоору эки нускада даярдалат.
48. Лицензиардын адиси лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйрук кабыл алынгандан тартып арыз ээсине үч жумуш күндүн ичинде билдирме жиберет же кол койдуруп буйруктун бир нускасын тапшырат же аны арыз ээсинин жайгашкан жери боюнча тапшыруу жөнүндө билдирме менен почталык байланыш аркылуу жиберет. Лицензияны тапшыруу жөнүндө маалымат лицензия берилген күнү, бирок арыз алынгандан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбей лицензиялардын реестрине киргизилет
49. Ушул Жобонун 42-пунктунда белгиленген баш тартуунун негиздери жоюлган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш, мында лицензияны берүү жөнүндө арызды кароо мөөнөтү арыз кайрадан кароого берилген күндөн баштап эсептелет.
50. Арыз ээсинин мурда каралган документтери боюнча арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
51. Эгерде лицензиар отуз календардык күндүн ичинде арыз ээсине лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, лицензия берилди деп эсептелет.
Арыз ээси жазуу жүзүндө лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарланбаса же лицензияны белгиленген мөөнөттө албаса, лицензия берүүгө белгиленген мөөнөт аяктагандан тартып отуз календардык күндүн ичинде лицензиялоо ишин баштагандыгы жөнүндө лицензиарга кат түрүндө кабарлайт.
10-глава. Лицензияны тариздөө
52. Лицензиардын лицензияны берүү жана кайра тариздөө жөнүндө буйругу лицензияны тариздөөгө негиз болуп саналат. Лицензия тиркемедеги форма боюнча таризделет.
53. Лицензиянын түп нускасы лицензиатка берилет, ал эми көчүрмөсү лицензиялык делодо сакталат.
54. Лицензияны берүүгө жооптуу адис арыз ээсинин өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти текшерүү менен анын өздүгүн тактайт, өкүлдүн лицензия алууга ыйгарым укуктарын текшерет.
55. Арыз ээси же анын өкүлү лицензия берүүнү каттоо журналына лицензияны алгандыгы тууралуу кол коёт.
56. Лицензиянын түп нускасы арыз ээсине аны алууга кайрылган күнү берилет.
57. Лицензия алынган иштин түрүн лицензия алган уюм же жеке ишкер гана аткарышы мүмкүн.
58. Лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат.
11-глава. Лицензияны кайра тариздөө
59. Лицензия төмөнкү учурларда кайра таризделүүгө тийиш:
1) юридикалык жакты кайра уюштурууда;
2) юридикалык жактын аталышы өзгөргөндө;
3) жеке жактын аты-жөнү өзгөргөндө;
4) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүүдө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Лицензия берүү жөнүндө арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда:
1) лицензиат лицензияны кайра тариздөөгө негиз болбоочу ушул Жобонун 68-пунктунда көрсөтүлгөндөн сырткары, лицензия берүү жөнүндө арызга тиркелген документтердеги маалыматтардын өзгөрүүлөрү жөнүндө лицензиарды кабарлоого милдеттүү;
2) билдирме өзгөрүү болгондон кийин он жумуш күндүн ичинде документтердин түп нускалары же аталган өзгөрүүлөрдү тастыктаган көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын көрсөтүү) менен кошо жазуу жүзүндө берилет;
3) лицензиар билдирме түшкөн датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
61. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негизди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүп, тийиштүү өзгөртүүлөрдү тастыктаган документтерди тиркөө менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз лицензиат тарабынан лицензиарга кайра тариздөөгө негиздер келип чыккан күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбей берилет.
62. Документтерди кабыл алууга жана каттоого жооптуу лицензиардын адиси документтерди катталган күнү лицензиаттын лицензиялык делосуна кошот.
63. Лицензиардын адиси берилген документтерди ушул Жободо белгиленген тартипте текшерет.
64. Лицензияны кайра тариздөө же аларды кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим ушул Жободо белгиленген тартипте кабыл алынат.
65. Лицензиардын адиси лицензияны кайра тариздөө же кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимдин негизинде лицензиатка баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө билдирме даярдайт жана лицензиардын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колун койдурат.
66. Билдирмени даярдоо мөөнөтү - лицензияны кайра тариздөө же кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндөн ашык эмес.
67. Лицензияны кайра тариздөө же кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө билдирмени даярдоого жооптуу адис лицензияны кайра тариздөө же кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан тартып үч жумуш күндүн ичинде лицензиатка кол койдуруп, кабыл алынган чечим тууралуу билдирме берүүгө же лицензиаттын жайгашкан жери боюнча тапшыруу жөнүндө билдирме менен почталык байланыш аркылуу жиберүүгө милдеттүү.
Лицензияны кайра тариздөөдө лицензиянын жалпы жарактуу мөөнөтү өзгөрбөйт.
12-глава. Лицензия берүүдөн баш тартуу
68. Төмөнкүлөр лицензия берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат:
- субъекттердин аталган категориясы үчүн иштин белгилүү түрүн аткарууга мыйзамдар менен тыюу салынган болсо;
- арыз ээсине иштин ушул түрүн аткарууга тыюу салуучу соттун чечими бар болсо;
- арыз ээси тарабынан калпыс же толук эмес маалымат берилсе;
- арыз ээсинин берген документтери "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
- кароого жана лицензия берүүгө лицензиялык жыйым төлөнбөсө.
69. Лицензиар баш тартууга толук негиздерди жана себептерди көрсөтүү менен жазуу жүзүндө баш тартуу билдирүүгө бир гана жолу укуктуу.
70. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз ээсине жазуу жүзүндө лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө жиберилет.
71. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жоюлган учурда арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароо жана лицензия берүү мөөнөтү арыз кайрадан кароого берилген күндөн тартып эсептелет.
Лицензия берүүдөн баш тартууну арыз ээси "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
13-глава. Лицензиялардын реестри
72. Реестр берилген лицензияларды, ошондой эле алардын укуктук статусун тастыктаган бирден бир расмий булак болуп эсептелет.
73. Реестр лицензиарлардын расмий сайттарына милдеттүү жайгаштырылууга тийиш жана анда камтылган маалыматтар менен кызыкдар болгон жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болот.
74. Лицензиар ушул Жобонун 3-пунктунда каралган иштин лицензиялануучу түрлөрү боюнча "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө реестр түзөт.
14-глава. Лицензиялык талаптардын тизмеги
75. Ушул Жобо лицензиялык талаптардын толук тизмегин белгилейт.
Арыз ээлеринин жана лицензиаттардын бардык объекттери ушул главада аталган лицензиялык талаптарга жана шарттарга ылайык келүүгө тийиш.
Объекттер деп алардын жардамы менен иштин лицензиялануучу түрү аткарылган имараттар, курулмалар (өндүрүштүк-техникалык база), ошондой эле жабдуулар жана транспорт каражаттары түшүндүрүлөт.
76. Ушул Жободо аталган лицензиялык талаптар алардын мазмунун бир түрдүү түшүнүүнү камсыздайт.
77. Лицензиаттын төмөнкү милдеттери автомобиль жана суу транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн транспорттук ишти жүргүзүүгө негизги лицензиялык талаптардан жана шарттардан болуп саналат:
1) автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууда (жеңил таксилерден тышкары) жана эл аралык жүктөрдү ташууда:
а) юридикалык жактар үчүн:
- балансында же ыкчам башкаруусунда же ижара укугунда өндүрүштүк-техникалык базасынын болушу, төмөнкүлөрү менен:
контролдоочу механиктин линияга чыгаар алдында транспорт каражатын рейске чейинки техникалык жактан карап чыгуусу үчүн кароочу чуңкур;
коопсуз кирүү жана чыгуу менен транспорт каражатынын токтоп туруусу үчүн тосулган аймак;
медик-наркологдун айдоочуларды күнүмдүк рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүсү үчүн бөлмө (эл аралык жүктөрдү ташуудан тышкары);
жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча инструктаж өткөрүү үчүн класс;
- айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коопсуздук техникасы боюнча киришүү жана квартал сайын инструктаж өткөрүү;
- айдоочулардын абалын күнүмдүк рейс алдында медициналык күбөлөндүрүү жана жол барагына белги коюу менен автомобилдерди рейске чейинки техникалык жактан карап чыгуу (эл аралык жүктөрдү ташуудан сырткары);
- айдоочуларга белгиленген иштөө жана эс алуу режимин алар тарабынан сакталышын контролдоо жана камсыздоо;
- транспорттук ишти камсыздоочу ички өндүрүштүк документтер (журналдар: айдоочулар курамы тарабынан транспорттук мыйзамдардын талаптарын жана Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын эрежелерин бузууларды эсепке алуу; жол кыймылынын коопсуздугу жана коопсуздук техникасы боюнча киришүү, ай сайын жана квартал сайын инструктаж өткөрүү; жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу; транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүү; техникалык тейлөө жана күнүмдүк ремонт жүргүзүү; нускамалар: жол кыймылынын коопсуздугу жана коопсуздук техникасы боюнча; инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн кызматтык нускамалар);
- транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу" 018/2011 Техникалык регламентинин жана санитардык ченемдердин талаптарына ылайык техникалык оң абалда кармоо;
- транспорт каражатынын түрүн башкаруу боюнча тийиштүү квалификациядагы жана ден соолугунун абалы белгиленген формада медициналык корутунду менен тастыкталган айдоочулук курам менен транспорт каражатын комплекттөө;
- жалданма айдоочулардын, эмгек келишими же айкаштыруу келишими менен иштеген айдоочулардын лицензиясынын болушун талап кылуу жана камсыздоо;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү камсыздоо;
- техникалык бузуулары, анын ичинде автобустардын ичиндеги люктарды, эшиктерди, терезелерди авариялык ачууда бузук түзүлмөлөрү бар, ошондой эле өрткө каршы оң абалдагы зарыл жабдуулар, медициналык аптечкалар, авариялык токтотуучу белгилер, артка кетүүгө каршы башмактар; жол-транспорт кырсыгы болгон учурда терезелерди талкалоо үчүн балкалардын комплекти менен камсыздалбаган транспорт каражаттарын рейске чыгарууга жол бербөө;
- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун коопсуздугун камсыздоочу иш-чараларды өткөрүү;
- автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга лицензияны башка юридикалык жана жеке жактарга бербөө;
б) жеке жактар (айдоочулар) үчүн:
- автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келүү;
- техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарына шайкеш келген автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коопсуздук техникасы боюнча инструктаждан өтүү;
- рейске чыгаар алдында күн сайын рейске чейинки медициналык күбөлөндүрүүдөн жана жол барагына белги коюу менен автомобилдерди рейске чейинки техникалык кароодон өткөрүү (эл аралык жүктөрдү ташуудан сырткары);
- айдоочулардын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сактоо;
- транспорттук тартиптин талаптарын жана жүргүнчүлүк транспорт каражаттарынын сыйымдуулук ченемдерин сактоо;
- айдоочуларды жыл сайын медициналык күбөлөндүрүүдөн жана транспорт каражаттарын бир жылда эки жолу техникалык кароодон өткөрүү;
- транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу" 018/2011 Техникалык регламентинин жана санитардык ченемдердин талаптарына ылайык техникалык оң абалда кармоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жолдо жүрүүнүн эрежелеринин талаптарын сактоо;
2) суу транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча:
а) юридикалык жактар үчүн:
- юридикалык жактын жетекчисинин, суу транспортунун коопсуздугуна жана аны эксплуатациялоого жооптуу кызматкердин, ошондой эле кеме айдоочунун суу транспортун эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү жогорку же орто кесиптик билиминин же суу транспортун эксплуатациялоо боюнча атайын окуу курсунан өткөндүгүн тастыктоочу документинин болушу;
- кеме айдоочунун суу транспортун башкарууга укук берүүчү күбөлүгүнүн болушу;
- арыз ээсине - юридикалык жакка менчик укугунда же ижара келишиминин негизинде таандык болгон суу транспортунун техникалык оң абалын тастыктоочу документтин болушу;
- өндүрүштүк базанын жана кеме токтоочу курулманын (пирс) болушу;
б) жеке жактар үчүн:
- суу транспортун эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү жогорку же орто кесиптик билиминин же арыз ээсинин суу транспортун эксплуатациялоо боюнча атайын окуу курсунан өткөндүгүн тастыктоочу документинин болушу;
- суу транспортун башкарууга укук берүүчү күбөлүгүнүн болушу;
- арыз ээсине менчик укугунда же ижара келишиминин негизинде таандык болгон суу транспортунун техникалык оң абалын тастыктоочу документтин болушу;
15-глава. Лицензиаттын жоопкерчилиги
78. Лицензиат лицензиялык талаптарды аткарбаган учурда, лицензиар ага карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын көрөт:
1) эскертүү;
2) айып;
3) лицензиянын жарактуулугун токтото туруу;
4) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү.
79. Лицензиялык талаптарды бир жолку бузууда лицензиар эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын көрүүгө укуктуу,
80. Лицензиялык талаптарды эки жолу бузууда лицензиар айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын көрүүгө укуктуу.
16-глава. Лицензиялык контроль
81. Лицензиат тарабынан "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен белгиленген лицензиялык талаптардын жана шарттардын сакталышын текшерүү лицензиялык контролдун предмети болуп эсептелет.
82. Төмөнкүлөр лицензиялык контролдун субъекти болуп саналат:
- лицензиар;
- лицензиаттар.
83. Лицензиялык контроль лицензиялык контролдун субъекттеринин (юридикалык жана жеке жактардын) ишин текшерүү сыяктуу эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун түздөн-түз процессинде айдоочуларды жана алардын транспорт каражаттарын өзүнчө текшерүү түрүндө да жүзөгө ашырылат.
§ 1. Лицензиялык текшерүүдө лицензиардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
84. Лицензиардын кызмат адамы текшерүү учурунда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) лицензиялык талаптардын бузулушун алдын алуу, аныктоо жана токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аларга карата лицензиялык текшерүү жүргүзүлгөн арыз ээсинин жана лицензиаттын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
3) текшерүүнү лицензиялык текшерүү жөнүндө укуктук актынын негизинде жана ага ылайык жүргүзүүгө;
4) лицензиялык текшерүүнү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда гана жүргүзүүгө;
5) текшерүү учурунда лицензиаттын катышуусуна тоскоолдук кылбоо жана текшерүүнүн предметине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
6) текшерүүгө катышкан лицензиатка текшерүүнүн предметине тиешелүү маалыматтарды жана документтерди берүүгө;
7) лицензиатты текшерүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырууга;
8) табылган бузуу фактылары боюнча көрүлгөн чараларды аныктоодо ошол чаралардын бузуулардын оордугуна, адам өмүрүнө, ден соолугуна потенциалдуу болгон коркунучуна ылайыктуулугун эске алуу, ошондой эле жарандардын, анын ичинде юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын негизсиз чектөөгө жол бербөөгө;
9) текшерүү жүргүзүүнүн ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрүн сактоого;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тапшыруусу каралбаган документтерди жана башка маалыматтарды арыз ээсинен, лицензиаттан талап кылбоого;
11) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө эскертүү берүүгө;
12) административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө, лицензиялык талаптарды бузуу менен байланышкан административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, жана лицензиялык талаптарды бузууларга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө;
13) лицензиялык талаптарды бузуу менен байланышкан кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иштерин козгоо жөнүндө маселелерди чечүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга материалдарды жөнөтүүгө;
14) текшерүүлөрдү эсепке алуу журналына жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө жазууга.
85. Лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) лицензиялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө зарыл болгон маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн суроо-талаптардын негизинде суратууга жана алууга;
2) кызматтык күбөлүгүн жана лицензиялык текшерүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн көрсөтүү менен өндүрүштүк объекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө, арыз ээлери, лицензиаттар өздөрүнүн ишин аткарууда пайдаланган жайларды, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, жабдууларды текшерүүгө.
86. Лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуксуз:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген лицензиялык талаптарга тиешелүү эмес талаптардын аткарылышын текшерүүгө;
2) арыз ээси, лицензиат же алардын ыйгарым укуктуу өкүлү жок учурда пландуу же пландан тышкаркы көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) лицензиялык текшерүүнүн предмети, объекти болуп саналбаган документтердин түп нускасын алууга;
4) лицензиялык текшерүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнөн алууга;
5) лицензиялык контролду арыз ээсинин же лицензиаттын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүргүзүүгө.
§ 2. Лицензиаттардын укуктары жана милдеттери
87. Лицензиялык текшерүүдө лицензиаттар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жооптуу кызматкерлердин катышуусун камсыздоого;
2) текшерүү жүргүзгөн лицензиарлардын адистерине иштин лицензиялануучу түрүн аткаруу маселелери боюнча документтерди көрсөтүүгө.
88. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө лицензиаттар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) текшерүүгө түздөн-түз катышууга, лицензиялык текшерүү предметине тиешелүү суроолор боюнча түшүндүрмө берүүгө;
2) лицензиардын кызмат адамынан текшерүү предметине тиешелүү жана ушул Жобо менен анын берилиши көрсөтүлгөн маалыматтарды алууга;
3) лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышууга жана лицензиялык текшерүү актында лизензиялык текшерүүнүн жыйынтыктары менен өзүнүн таанышып чыккандыгы, алар менен, ошондой эле лицензиардын текшерген кызмат адамынын айрым иш-аракеттери менен макулдугу же макул эместиги жөнүндө билдирүүгө;
4) текшерүү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээлеринин же лицензиаттардын укуктарынын бузулушуна алып келген лицензиардын кызмат адамынын иш-аракеттерине, ошондой эле аракетсиздигине даттанууга.
§ 3. Лицензиялык контролдоо жөнүндө маалымдоо
89. Лицензиардын иштөө режими жөнүндө маалыматтар:
1) сурап-билүү жана консультациялар үчүн телефондор аркылуу маалымдалат;
2) лицензиардын Интернет тармагындагы расмий сайтына, лицензиар жайгашкан имараттардагы маалымат такталарга жайгаштырылат.
90. Лицензиялык контролдоо тартиби жөнүндө маалымат түздөн-түз лицензиар тарабынан берилет.
Лицензиардын имаратында илинген маалымат тактага төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылат:
1) лицензиар тууралуу, анын ичинде жайгашкан орду, лицензиялоого жооптуу бөлүмдүн аталышы, иштөө режими, сурап-билүү телефондору жөнүндө маалымат;
2) лицензиялык контролдун тартиби;
3) текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине даттануу тартиби.
91. Лицензиялык контролдоо маселелери боюнча консультациялар лицензиардын кызмат адамдары тарабынан төмөнкүдөй учурларда берилет:
1) жеке кайрылууда (оозеки кайрылуу);
2) сурап-билүү жана консультациялар үчүн телефон аркылуу;
3) электрондук дарек боюнча;
4) жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча.
92. Лицензиялык контролдоо маселелери боюнча консультациялар лицензиардын адистери тарабынан акысыз берилет.
§ 4. Лицензиялык контролдун жыйынтыктары
93. Төмөнкүлөр лицензиардын лицензиялык контролдоосунун жыйынтыктары болуп саналат:
1) текшерүү акты;
2) лицензиялык талаптардын бузулушун жоюу жөнүндө эскертүү;
3) административдик укук бузуулар (айып) жөнүндө протокол;
4) лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим;
5) лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу жөнүндө чечим;
6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз жиберүү тууралуу чечим;
7) ишкер субъекттерин текшерүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылуу.
§ 5. Лицензиялык контролдоонун мөөнөттөрү
94. Ар бир текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү отуз календардык күндөн ашпоого тийиш.
95. Текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар аныкталган учурдагы лицензиардын эскертүүсү текшерүү аяктаган соң таризделет.
96. Эскертүүнүн аткаруу мөөнөтү отуз календардык күндөн ашпоого тийиш.
97. Административдик укук бузуулар жөнүндө протокол административдик укук бузуулар аныкталган кийин дароо Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган тартипте лицензиардын кызмат адамдары тарабынан түзүлөт.
98. Иштин жагдайын кошумча айкындоо же административдик укук бузуулар жөнүндө иш козголуучу жеке же юридикалык жак тууралуу кошумча маалыматтар талап кылынган учурда, административдик укук бузуулар жөнүндө протокол административдик укук бузуулар аныкталган учурдан тартып эки күндүн ичинде түзүлөт.
99. Административдик укук бузуулар аныкталгандан кийин бир топ убакытты талап кылуучу экспертиза же башка процесстик аракеттер жүргүзүлгөн учурларда административдик териштирүү жүргүзүлөт.
100. Административдик териштирүү учурунда административдик укук бузуулар жөнүндө протокол териштирүү аяктагандан кийин түзүлөт. Административдик териштирүүнүн мөөнөтү административдик укук бузуулар жөнүндө иш козголгон учурдан тартып отуз календардык күндөн ашпоого тийиш.
101. Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим лицензиялык текшерүү аяктаган күнү кабыл алынат.
102. Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу мөөнөтү лицензиардын жетекчиси тарабынан белгиленет.
103. Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш.
104. Лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу жөнүндө же жаңыртуудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу жана лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу мөөнөтү он төрт календардык күндөн ашпоого тийиш.
§ 6. Лицензиялык контролдоо жол-жобосу
105. Лицензиялык контролдоодо төмөнкүдөй жол-жоболор аткарылат:
1) пландуу лицензиялык текшерүүнүн жылдык планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) пландуу лицензиялык текшерүү;
3) лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө эскертүү берүү жана анын аткарылышын контролдоо;
4) лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууларга административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүү;
5) лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жана жаңыртуу;
6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү.
§ 7. Лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жылдык планын иштеп чыгуу жана бекитүү
106. Лицензиар пландуу лицензиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жылдык планын (мындан ары - План) иштеп чыгат жана бекитет.
107. План пландуу текшерүүлөр жүргүзүлгөн жылга чейинки жылдын 1-ноябрына чейин лицензиардын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
108. План бекитилгенден кийин дароо лицензиардын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу кызыкдар болгон тараптарга жеткирилет.
109. Лицензиар зарыл болгон учурда Планга өзгөртүүлөрдү киргизет.
110. Планга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат он календардык күндүн ичинде лицензиаттарга кабарланат, ошондой эле бул өзгөртүүлөр киргизилген күнү лицензиардын расмий сайтына жайгаштырылат.
111. Пландуу лицензиялык текшерүүнү жылдык планга киргизүүгө лицензия берүү же кайра тариздөө жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдын өтүшү негиз болуп саналат.
§ 8. Пландуу текшерүүнү жүргүзүү
112. Пландуу текшерүүнүн предмети:
1) лицензиаттын документтеринде анын иши жөнүндө камтылган маалыматтар;
2) жетекчилердин, адистердин, айдоочулардын квалификациясынын, лицензиатка менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, ушул Жобого ылайык иштин лицензиялык түрүн түзгөн жумуштарды жана кызматтарды аткарууда пайдаланылган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, транспорт каражаттарынын, жабдуулардын, башка объекттердин ылайыктуулугу;
3) белгиленген лицензиялык талаптарды сактоо боюнча лицензиат тарабынан көрүлгөн чаралар;
4) лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө эскертүүлөрдүн аткарылышы.
113. Лицензиялык текшерүү лицензиардын текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйругунун негизинде ишке ашырылат.
114. Лицензиялык текшерүү лицензиялык текшерүү жөнүндө буйрукта көрсөтүлгөн лицензиардын кызмат адамдары тарабынан гана жүргүзүлөт.
115. Лицензиялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиардын аталышы;
2) лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу лицензиардын адистеринин аты-жөнү;
3) текшерүү жүргүзүлгөн арыз ээсинин жана лицензиаттын аталышы;
4) юридикалык дареги жана (же) лицензиялануучу ишти аткаруунун иш жүзүндөгү орду;
5) лицензиялык текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана предмети;
6) лицензиялык текшерүүнүн башталган жана аякталган датасы;
7) лицензиялык текшерүүгө негиздер, анын ичинде текшериле турган лицензиялык талаптар;
8) лицензиялык текшерүүнүн максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн арыз ээси же лицензиат тарабынан көрсөтүлүүчү документтердин тизмеги;
116. Пландуу текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө билдирмени лицензиат текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн тапшыргандыгы жөнүндө кабарлап, почта аркылуу заказдык жөнөтүү менен текшерүү башталган күнгө чейин 10 жумуш күндөн кеч эмес убакытта жиберет.
117. Лицензиялык текшерүү пландуу лицензиялык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө буйрук менен белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
118. Текшерүү белгиленген күнү лицензиардын кызмат адамдары лицензиаттын иштеген объектине барат.
119. Лицензиаттын иштеген өндүрүштүк объектине барган лицензиардын кызмат адамдары төмөнкүлөрдү аныкташат:
- бул объектте иш жүргүзүлүп жатабы;
- лицензиат лицензиялык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө өз убагында кабардар болгонбу;
- текшерүү объектинде лицензиат же анын ыйгарым укуктуу өкүлү катышуудабы.
120. Пландуу лицензиялык текшерүүнүн алдында лицензиардын адистери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүүгө;
- лицензиатты же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн лицензиялык текшерүүнү белгилөө жөнүндө буйрук менен тааныштырууга;
- лицензиатты же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн лицензиялык текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары менен тааныштырууга.
121. Лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиардын кызмат адамдары лицензиялык талаптардын сакталышын, ошондой эле:
- мурунку лицензиялык текшерүүлөрдүн актыларын;
- административдик бузуулар жөнүндө иштерди кароонун материалдарын текшеришет.
122. Лицензиялык текшерүү актына лицензиялык текшерүүнү жүргүзгөн лицензиардын кызмат адамдары, лицензиат же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат.
123. Лицензиялык текшерүү акты лицензиаттын лицензиялык делосуна кошуп тиркелет.
124. Мыйзам бузуунун ар бир аныкталган факты боюнча лицензиялык текшерүү актында төмөнкүлөр так жазылышы керек:
- ушул Жобонун 14-главасында каралган лицензиялык талаптардын конкреттүү пункттары, бузуунун түрү, аны аткаруунун ыкмасы жана шарттары;
- бузулган тиешелүү мыйзам ченемдерине жана башка ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди берүү менен бузуунун квалификациясы.
125. Лицензиялык текшерүүнүн актында лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу лицензиардын кызмат адамдарынын жана лицензиаттын же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол коюусу менен күбөлөндүрүлгөн ондоолордон тышкары, кырып өчүрүүгө жана оңдоолорго жол берилбейт.
126. Лицензиялык текшерүү акты ага тиркелген документтер менен кошо лицензиялык текшерүү жүргүзгөн лицензиардын кызмат адамдары тарабынан лицензиардын жетекчисине берилет.
127. Жүргүзүлгөн лицензиялык текшерүү жөнүндө маалымат текшерүү аяктагандан беш жумуш күндөн кечиктирбей лицензиардын сайтына жайгаштырылат.
128. Лицензиат же алардын ыйгарым укуктуу өкүлү лицензиялык текшерүү- актында жазылган фактылар, тыянактар, сунуштар же болбосо аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө берилген жазма эскертүүлөр менен макул болбосо, лицензиялык текшерүү актын алгандан тартып он төрт календардык күндүн ичинде лицензиарга жалпысынан аталган документтерге же алардын айрым жоболоруна карата каршы пикирдин негиздүүлүгүн тастыктаган документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндө каршы пикирин берүүгө укуктуу.
129. Лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиялык текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу лицензиардын кызмат адамы арыз ээсинин же лицензиаттын текшерүүнү эсепке алуу журналына көчмө лицензиялык текшерүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу жазат.
130. Лицензиялык текшерүү учурунда лицензиатта текшерүүнү эсепке алуу журналы жок болсо, лицензиялык текшерүүнүн актында тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
131. Лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиялык талаптарды жана шарттарды бузуу фактылары аныкталган учурда лицензиардын кызмат адамдары бузууларды жоюу жөнүндө эки нускада жазма эскертүү даярдайт жана бир нускасын лицензиялык текшерүү акты менен кошо таанышкандыгы жөнүндө жеке кол коюусу менен лицензиатка же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берет.
132. Лицензиат же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок учурда, ошондой эле лицензиялык текшерүү акты менен таанышкандыгы жөнүндө кол коюудан баш тартса, лицензиардын кызмат адамдары текшерүү аяктаган күндөн кийинки эки жумуш күндөн кечиктирбей тиркемелердин көчүрмөлөрү менен лицензиялык текшерүү актын тапшыргандыгы жөнүндө кабарлап, заказдык почта аркылуу жиберет, аталган кабарлоо лицензиаттын ишинде сакталуучу текшерүү актынын нускасына кошо тиркелет.
133. Лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиат көрсөткөн объектте иш жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган учурда же лицензиат текшерүү жөнүндө белгиленген мөөнөттө кабардар болбосо же лицензиялык текшерүү ордунда лицензиат же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок болсо, лицензиардын кызмат адамдары текшерүү аяктаган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбей лицензиардын жетекчисинин атына себептерин көрсөтүү менен лицензиялык текшерүү жүргүзүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө кызматтык кат даярдайт.
134. Лицензиардын кызмат адамдары текшерүү аяктаган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбей лицензиялык текшерүүлөрдү эсепке алуу журналына лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыктарын киргизет.
135. Лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө административдик укук бузууларды көрсөткөн фактылар аныкталган учурда лицензиардын кызмат адамы административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзөт.
§ 9. Аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө эскертүү берүү жана анын аткарылышын контролдоо
136. Пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиаттын лицензиялык талаптарды бир жолку гана бузушун аныктоо - эскертүү берүү жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болуп саналат.
137. Лицензиардын кызмат адамы лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө эскертүү берүү тууралуу чечимди лицензиялык текшерүү жүргүзүлгөн күнү кабыл алат.
138. Лицензиардын кызмат адамы текшерүү аяктагандан кийин аныкталган бузууларды жоюу тартибин түшүндүрүп, эскертүүнүн бир нускасын лицензиялык текшерүү акты менен кошо таанышкандыгы жөнүндө жеке кол коюусу менен лицензиатка берет.
139. Лицензиат же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жок учурда, ошондой эле эскертүү менен таанышкандыгы жөнүндө кол коюудан баш тартса, лицензиардын кызмат адамы лицензиатка лицензиялык текшерүү акты менен эскертүүнү тапшыргандыгы жөнүндө кабарлап, заказдык почта аркылуу жиберет, аталган кабарлоо лицензиаттын ишинде сакталуучу эскертүүнүн нускасына кошо тиркелет.
140. Берилген эскертүү менен макул болбогон учурда лицензиат эскертүүнү алгандан тартып беш күндүн ичинде лицензиарга жалпысынан берилген эскертүүгө же анын айрым жоболоруна карата жазуу жүзүндө каршы пикирин берүүгө укуктуу.
141. Лицензиат каршы пикирге мындай каршы пикирдин негиздүүлүгүн тастыктаган документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды макулдашылган мөөнөттө лицензиарга берүүгө укуктуу.
142. Лицензиялык талаптар боюнча аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө берилген жазма эскертүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин лицензиар анын аткарылышын текшерет.
143. Лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыгында лицензиардын адистери лицензиат тарабынан жазма эскертүүнүн аткарылбагандыгын аныкташса, текшерүүнүн материалдары текшерүү аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде эскертүүнүн аткарылышын контролдоо жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алуу үчүн жетекчиликке берилет.
144. Лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыгында лицензиаттын жазма эскертүүнү аткаргандыгы аныкталган учурда, контролдоо бөлүмүнүн кызмат адамдары жазма эскертүүнүн аткарылгандыгын контролдоо күнүнвн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбей жазма эскертүүлөрдүн журналына жазма эскертүүнүн аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты киргизет.
145. Лицензиардын адистери берилген эскертүүлөрдү эсепке алуу журналына эскертүү берилгендиги жөнүндө маалыматты ал кол коюлган күнү, ал эми жазма эскертүүнүн аткарылышы жөнүндө маалыматты жазма эскертүүнүн аткарылышын контролдоо күнүнөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбей киргизишет.
§ 10. Административдик укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү
146. Лицензиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиялык талаптардын эки жолку бузулушун аныктоо айып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болуп саналат.
147. Лицензиар административдик укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү үчүн негиздер жаралган күнү мындай протокол түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
148. Лицензиардын кызмат адамы административдик укук бузуу жөнүндө протоколду ушул Жобо менен белгиленген мөөнөттө түзөт.
§ 11. Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жана жаңыртуу
149. Лицензиялык талаптардын үч жолку бузулушу лицензиянын жарактуулугун токтото турууга негиз болуп саналат.
Лицензиянын жарактуулугу аныкталган бузууларды жоюу үчүн зарыл болгон мөөнөткө, бирок үч айдан ашык эмес токтото турулат.
150. Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим лицензиардын жетекчиси тарабынан лицензиялык текшерүү аяктаган күнү кабыл алынат.
151. Лицензиардын адистери лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир күндөн кечиктирбей тиешелүү буйруктун долбоорун эки нускада даярдайт.
152. Лицензиардын адистери чечим кабыл алынгандан үч жумуш күндөн кечиктирбей лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечимди лицензиатка жүйөлүү негиздер менен жазуу жүзүндө жеткирет жана (же) лицензиаттын электрондук кол тамганы колдонуу менен кат алышкан, чечимдерди, кабарларды, билдирмелерди жөнөткөн электрондук дареги аркылуу электрондук документ түрүндө жиберет.
153. Лицензиянын жарактуулугун токтото турууга алып келген жагдайларды жоюу лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болуп саналат.
154. Лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу же жаңыртуудан баш тартуу жөнүндө чечим лицензиардын жетекчиси тарабынан пландан тышкаркы лицензиялык текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып он төрт күндүн ичинде кабыл алынат.
155. Лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу жөнүндө буйрук жаңыртуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде лицензиар тарабынан чыгарылат.
156. Лицензиар көрсөтүлгөн мөөнөттө лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу же жаңыртуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл албаса жана лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен сотко кайрылбаса, лицензиянын жарактуулугу жаңыртылды деп эсептелет.
157. Лицензиянын жарактуулугун жаңыртуу жөнүндө маалымат реестрге киргизилген күндөн тартып лицензия жаңыртылды деп эсептелет.
158. Берилген лицензиялардын, жарактуулугу токтото турулган жана жокко чыгарылган лицензиялардын реестрин жүргүзүүгө жооптуу лицензиардын адиси лицензиянын жарактуулугун токтото туруу же жаңыртуу жөнүндө маалыматты лицензиянын жарактуулугун токтото туруу же жаңыртуу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде киргизет.
§ 12. Лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү
159. Лицензиат тарабынан лицензиянын жарактуулугун токтото турууга алып келген лицензиялык талаптардын бузулушун жойбогондугу лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө доо арызды сотко жиберүү тууралуу чечим кабыл алууга негиз болуп саналат.
160. Лицензиардын жетекчисинин колу коюлган лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө доо арызды сотко жиберүү жөнүндө буйрук, ошондой эле лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз сотко жиберилет.
161. Доо арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- лицензиялык текшерүү жүргүзүү жөнүндө лицензиардын буйругу;
- лицензиялык текшерүү акты;
- административдик укук бузуу жөнүндө протокол;
- лицензиардын лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө буйругу;
- лицензиянын жарактуулугун жокко чыгарууну негиздеген материалдар;
- лицензиянын жарактуулугун токтото турууга негиз болгон материалдар;
- лицензиянын жарактуулук шарттарынын бузулушун жоюу жөнүндө эскертүү;
- лицензиаттын лицензиянын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө билдирмесин тастыктаган документ;
- доо арызды сотко жиберүү жөнүндө лицензиаттын билдирмесин тастыктаган документ.
162. Доо арызга лицензияны жокко чыгарууга тиешелүү башка документтер да тиркелиши мүмкүн.
163. Лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтар лицензиялардын реестрине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде киргизилет.
|
| Форма Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
___________________________________________________ (лицензиардын аталышы)
ЛИЦЕНЗИЯ
Лицензиялардын реестри боюнча каттоо номери № _____ 20____-жылдын "____" ___________
___________________________________________________________________________ берилди
(юридикалык жактын аталышы же жарандын аты-жөнү)
Лицензиаттын дареги _______________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(өлкө, район, калктуу конуш, көчө, үй, батир, үй жана кызматтык телефон)
Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк __________________________________________________
(серия, номер)
___________________________________________________________________________ берилген
(берилген датасы, ким тарабынан берилди)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери: ____________________________________
___________________________________________________________________________________
____________________________________________________________ иштөөгө уруксат берилди
("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык иштин аталышы көрсөтүлөт)
Лицензиянын жарактуу мөөнөтү: ______________________________________________________
Транспорт каражатынын мамлекеттик номери жана үлгүсү (кеменин аталышы):
___________________________________________________________________________________
Лицензиянын жарактуу аймагы _______________________________________________________
Лицензия ажыратылгыс болуп саналат ________________________________________________
Лицензия берген адамдын кызматы ___________________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
Мөөр орду:
№ ___________________ | бланктын сериясы __________________ |
Штрих коду