Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 586
Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-февралындагы № 94, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 590, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 173 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук коргоону камсыздоо, ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-ноябрындагы № 1057-VI "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Тизмекке ылайык ишкердик субъекттерин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын төмөнкү учурларда жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдөн башкаларын текшерүүсүнө убактылуу тыюу салынсын (мораторий киргизилсин):
1) кылмыш-жаза жана жарандык өндүрүштүн алкагында;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик субъекттеринин арызы боюнча;
3) башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талабы боюнча;
4) калктын жашоосу, ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн коркунуч жараткан фактыларга карата жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча, ошондой эле эмгек укуктарынын бузулушу жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиши;
5) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизилген энергетика тармагындагы ишкердик субъекттеринин жана жер казынасын изилдеген жана иштеткен ишкердик субъекттеринин монополияга каршы талаптарын, ошондой эле экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо маселеси боюнча;
7) электр жана жылуулук энергияларына, жаратылыш газына карата тарифтерди белгилөө жана колдонуу боюнча отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;
8) Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча;
9) ташылып келүүчү жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын сапатын сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча;
10) Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынок чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;
11) Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо маселелери боюнча;
12) тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү объекттеринде тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо маселелери боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-февралындагы № 94, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 590, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 173 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Мораторий киргизилген учурда тартип бузуулардын алдын алуу максатында ишкердик субъекттерин текшерүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдарга ишкердик субъекттеринин арызы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча консультациялык жардамдарды берүү милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), ишкердик субъекттерин текшерүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) менен биргеликте мораторийдин киргизилгендиги жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъекттерине консультациялык жардамдарды берүү жөнүндө бизнес-коомчулугуна кеңири маалыматтык кампания өткөрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин ишкердик субъекттерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин.
4. Ушул токтомду аткаруу боюнча жеке жоопкерчилик ишкердик субъекттерин текшерүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 21-декабрындагы № 104 жарыяланды
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |