Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 247
"Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Байбакпаев тарабынан демилгеленген, "Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 247 токтому менен жактырылган |
"Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Байбакпаев тарабынан демилгеленген, "Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине өзгөртүү киргизүү каралган. Ал беренеге ылайык, дүң жана чекене соода жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик каттоодон өткөн, пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз пайдалануу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү атайын уруксаттардын (лицензиялардын) негизинде, мамлекеттик каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген Пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилген пестициддерди жана агрохимикаттарды сатып алууга, сатууга жана колдонууга укуктуу болушат. Пайдаланууга чектөө коюлган пестициддерди атайын кесиптик даярдыгы бар жарандар гана сата алышат.
Пестициддер менен агрохимикаттардан бошогон идиштерди сатууга (кайра сатууга) тыюу салынат.
Мында, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында минералдык жер семирткичтерди жана химиялык заттарды каттоо тартибин, аларды рынокто жүгүртүү эрежесин жөнгө сала турган "Минералдык жер семирткичтерге коюлуучу талаптар жөнүндө" (ЕАЭБТР 039/2016) жана "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 041/2017) техникалык регламенттер кабыл алынгандыгын белгилеп кетүү керек.
Ошого байланыштуу, Мыйзамдын долбоорун аталган актылардын талаптарына ылайык келтирүү керек.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин 61-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып кирүү, сатуу, ошондой эле агрохимиялык дарылоо жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр лицензияланууга тийиш.
Бирок, аталган Мыйзамдын 2-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү мамлекеттер менен соодада Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу мамлекеттери тарабынан ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды ташып келүүгө, ташып кетүүгө, транзитине карата Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана чектөөлөр колдонулат.
Мында, үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды, анын ичинде, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүү же ташып кетүү ЕАЭБ келишимдик укуктук базасынын негизинде ишке ашырылат.
Мисалы, ЕАЭБдин Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечимине ылайык, Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары жөнүндө протоколдун тиркемеси менен (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 7-тиркемеси) үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоо жана импорттоо үчүн лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелери бекитилген.
ЕЭКтин жогоруда аталган чечими менен 2.2. "Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары (пестициддер)" бөлүмү жана ЕАЭБдин бажы аймагына өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) ташып келүү жөнүндө жобо бекитилген.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 токтому менен Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмеги бекитилген, ал токтомго ылайык лицензиар болуп - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, эксперт уюм болуп - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти эсептелет.
Ага байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин үчүнчү абзацындагы "ташып келүү" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
Аны менен бирге эле белгилей турган нерсе, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, лицензиялоо төмөнкү учурларда киргизилет:
1) эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде ишти мамлекеттик жөнгө салуунун башка ыкмалары, бул ишти жүзөгө ашырууда адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүү тобокелдигинин жол берилген чектүү деңгээлин төмөндөтпөй тургандыгы далилденсе;
2) чектелген мамлекеттик ресурстарды сарамжал башкаруу үчүн.
Лицензиялык жөнгө салууну киргизүү зарылдыгынын негиздемеси жогоруда аталган критерийлер менен түздөн-түз катышта болуусу керек.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү каралган, ага ылайык өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын жана пестициддерди алып келүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган КНС төлөөдөн бошотулган ташып келүүлөрдүн тизмесинен чыгарылат.
Мындай айта турган нерсе, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы зыяндуу организмдердин таасиринен жыл сайын зор өлчөмдөгү зыянга дуушар болууда жана фермерлер өстүрүп жаткан айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо үчүн ар түрдүү пестициддерди көп көлөмдө колдонуп иш жүргүзүүгө аргасыз болушууда.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын борборлоштуруп алып келүү жүргүзүлбөйт. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен жеке жабдуучу-камсыздоочу фирмалар өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылышат, ал эми мамлекет алардын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.
Кыргыз Республикасынын фермерлери жыл сайын өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, минералдык жер семирткичтерди жана башка өндүрүш каражаттарын алууда финансылык кыйынчылыктарга дуушар болушат жана жыйынтыгында айыл чарба өсүмдүктөрүнөн туруктуу жогорку түшүм ала алышпайт.
Буга байланыштуу, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 258-беренеси менен минералдык жер семирткичтерге жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына кошумча нарк салыгы жокко чыгарылган. Бул чаралар минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын баасын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берип, анын натыйжасында фермерлер аларды көбүрөөк колдонуп, түшүмдү көбүрөөк жана туруктуу ала башташты.
Мындай шарттар Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын келишине жана алар менен камсыздалышына жалпысынан оң таасирин тийгизди.
Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын импорттоо 90-95% түзөт, бул мындан ары алардын баасынын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Мисалы, 2018-жылы Кытай Эл Республикасынан келген пестициддердин баасы 2016-жылга салыштырганда 20-25% жогору болгон.
2017-жылдан тартып Кытай Эл Республикасында өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына, пестициддерге карата жаңы эрежелердин, регламенттердин жана техникалык талаптардын киргизилиши бул талаптарга жооп бербеген көптөгөн химиялык заводдордун жабылышына алып келди.
Келечекте, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын өндүрүүчүлөргө жогорку талаптарды коюусу күтүлүүдө, бул мындан ары алардын баасынын кымбатташына алып келет.
Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына кошумча нарк салыгын киргизүү өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына бааны көтөрөт, бул фермерлердин ишине терс таасирин тийгизет. Мындай болсо, контрафакт жана жасалма пестициддерди контрабандалык жол менен алып келүү опурталы пайда болот да, алар арзан баасы менен рынокту басып кетиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү азыркы этапта өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын алып келүүгө кошумча нарк салыгын киргизүүнү эрте деп эсептейт жана Кыргыз Республикасынын аймагына өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын алып келүүнү этап менен азайтуу үчүн кошумча нарк салыгын 2023-жылдан тартып киргизип, ошону менен бир эле учурда аларды өсүмдүктөрдү коргоонун органикалык каражаттарына алмаштырууну сунуш кылат.
4. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 150-беренесин 6-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, бул толуктоого ылайык сапатсыз тамак-аш азыктарын, химиялык заттардын саны уруксат берилген чектен ашык болгон азык-түлүк сырьену мамлекеттик сатып алуу (сатуу, алып сатуу), билим берүү, социалдык коргоо, коргоо, юстиция мекемелеринде пайдалануу, ошондой эле пестициддердин жана агрохимикаттардын бош идиштерин сатуу 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Жогоруда аталган Кодекстин 22-главасынын ченемдерине ылайык, жогоруда аталган Кодекстин 150-151-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, териштирүүлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) ишке ашыруучу кызмат адамдары тарабынан төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасирин аныктоо жана алдын алуу;
- жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылып кетишинин себептерин жана шарттарын аныктоо жана мындай оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылып кетишинин кесепеттерин баалоо.
Айтылгандарга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесин кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы № 124 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын жаңы: Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 1 жылдык мөөнөткө убактылуу мораторий киргизүү маселесин кароо сунуш кылынган, буга жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жана соттук чечимдерди аткаруу боюнча өндүрүштүн жоболорун тактоо жана "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу максатында мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу кирбестигин маалымат катары билдиребиз.
Ал эми Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы көрсөтүлгөн.
Бирок 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин күчүнө киргендигине байланыштуу, жогоруда аталган Кодекс 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкондугун белгилеп кетүү керек.
5. Ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу иштин түрлөрүн албаганда, иштин белгилүү бир түрлөрүнө лицензиялоону киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуу таасири Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык милдеттүү талданууга жатат.
Бул айтылгандарга байланыштуу, Мыйзамдын долбоору аталган Методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоого алынат.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалым кат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына туура келбейт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда айтылган, сунушталган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен колдойт.