Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 253
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 253 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жазылат.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун текстинде "кыргызстандын мурдагы жараны статусун алган адамдар", "теги кыргызстандык статусуна ээ чет өлкөлүк жарандар", "кыргызстандын мурдагы жараны статусуна ээ чет өлкөлүк жарандар", "теги кыргызстандык статусуна жарандар" деген ар түрдүү түшүнүктөр колдонулган.
Ушуга байланыштуу укуктук колдонуу практикасында кездешчү талаш-тартыштарды болтурбоо максатында аталган түшүнүктөрдү бирдей мааниде колдонуу үчүн Мыйзамдын долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра карап, жеткире иштеп чыгуу зарыл.
2. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун төртүнчү абзацында, 5-пунктунун он төртүнчү, он жетинчи, отузунчу жана отуз бешинчи абзацтарында, 3 жана 8-беренелеринде мыйзамдарга жалпы бланкеттик шилтеме, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга шилтеме келтирүү ченемдери колдонулган.
Ушуну менен бирге "мыйзамдар" жана "ченемдик укуктук акты" деген түшүнүктөр жалпыланган түшүнүк болуп эсептелерине жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү чаржайыт мүнөзгө ээ экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык мыйзамдарга жалпысынан бланкеттик шилтемелерди келтирүүгө жол берилбей тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен укуктук колдонуу практикасында түшүнбөстүктөргө жол бербөө максатында Мыйзамдын долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра карап чыгууну, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда шилтеме келтирилген ченемдик укуктук актыларды талдап чыгууну жана алардын жөнгө салуу тармактарын же чөйрөлөрүн көрсөтүүнү сунуштайбыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун он сегизинчи абзацында кыргызстандын мурдагы жараны статусу, мындай статус ыйгарылган күндөн тартып 15 жылдын аралыгында жарактуу жана баш тартуу үчүн негиздер болбогон шартта кийинки он беш жылга узартылышы мүмкүндүгү каралган.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында бул документтин түрүнүн жарактуулук мөөнөтүн аныктоо кайсы критерийлерден алынгандыгы жөнүндө маалымат берилген эмес.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкөлүк жарандар үчүн жашап туруу укугу 5 жылга, бирок чет мамлекеттин паспортунун жарактуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө берилет, кайрылмандын күбөлүгү 1 жылга берилет жана 2 жылдан ашпаган мөөнөткө узартылат, ал эми Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту 10 жылдык мөөнөткө берилип, кийин жаңысына алмаштырылат.
Ушуга байланыштуу кыргызстандын мурдагы жараны статусунун жарактуулук мөөнөтүн кайта карап чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун жыйырма тогузунчу абзацында кыргызстандын мурдагы жараны статусуна ээ болгон адамдардын негизги укуктарын өзүнчө берене менен белгилөө сунушталат.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 5-пунктунун жыйырма тогузунчу абзацында жазылган берененин аталышы жана анын мазмуну бири-бирине шайкеш келбейт.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
Ошону менен катар Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн түзөтүүлөргө ылайык кыргызстандын мурдагы жараны статусун алган адамдардын укуктарын бекитүү шартталган, мында бул адамдардын милдеттерин регламенттеген ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү каралган эмес.
5. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун отуз алтынчы абзацына ылайык кыргызстандын мурдагы жараны статусун алган адам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, судья, укук коргоо органдарынын кызматкери, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери боло албайт, ошондой эле мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы башка кызмат орундарын ээлей албайт.
Бирок Мыйзамдын долбоорунда сунушталган жогоруда белгиленген ченем "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын укуктук жөнгө салуу предмети болуп саналбай тургандыгын белгилейбиз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун кырк алтынчы абзацында "ушул Мыйзамдын 28-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Кыргызстандын мурдагы жараны статусун токтотуу жөнүндө чечим, сот тартибинде даттанылышы мүмкүн эмес" деп белгиленет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык Конституция боюнча белгиленген соттук коргонуу укугу эч чектелүүгө жатпай тургандыгын белгилөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесине ылайык ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.
7. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "з)" пункту буга чейин эле бар болчу.
8. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-пунктунда "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин "кыргызстандын мурдагы жаранынын статусу" түшүнүгү белгиленген жыйырма экинчи абзац менен толуктоо сунушталат, ага ылайык "мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте укуктарды жана артыкчылыктарды пайдаланууга укук алган чет өлкөлүк жарандардын өзгөчө укуктук абалы" дегенди түшүндүрөт.
Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга артыкчылыктар каралбагандыгын белгилөө зарыл.
Ошол эле учурда ченем жаратуу техникасына ылайык мыйзамдын долбоорунун текстинде пайдаланылган бардык терминдердин (түшүнүктөрдүн) аныктамасы болууга тийиш, ал эми түшүнүктөр бөлүгүндө келтирилген бардык терминдер долбоордун текстинде ырааттуу пайдаланылууга тийиш экендигин белгилейбиз.
Демек көрсөтүлгөн терминдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жоктугу, эгерде долбоор кабыл алынып калса, аны иш жүзүнө ашыруу учурунда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
9. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-пунктунун "б)" пунктчасында "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толуктоо сунушталат:
"Кыргыз Республикасына келип жаткан жана жашап жаткан кыргызстандын мурдагы жаранынын статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон бошотулат.".
Бирок "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп санала тургандыгын белгилөө зарыл:
- Кыргыз Республикасындагы тышкы миграцияны жөнгө салуу;
- мигранттардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамсыз миграцияга алдын алуу жана жол бербөө;
- Кыргыз Республикасындагы миграцияны турукташтыруу.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталат.
Ошону менен бирге "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган же жүргөн жерин алмаштырган учурда жашаган же жүргөн жери боюнча каттоого туруу үчүн жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга милдеттүү.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан калкты (Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды) каттоо боюнча иштер жүргүзүлөт, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды каттоо "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болуп саналат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, кыргызстандын мурдагы жараны статусуна ээ чет өлкөлүк жарандардын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталуу милдетинен бошотуу туура эмес деп эсептейбиз.
10. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 37-беренесинин 2-1-бөлүгү менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "эгерде кыргызстандын мурдагы жараны статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жаран айыл чарба жерлеринин мураскери болуп саналса, анда ал жер участогуна карата укугу келип чыккан учурдан тартып он жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранына аны өз ээлигинен ажыратууну жүргүзүүгө милдеттүү".
Ушуну менен бирге негиздеме-маалым катта кыргызстандын мурдагы жараны статусуна ээ болгон чет өлкөлүк адамды жер ээлигинен ажыратуунун мөөнөтү кайсы критерийлер менен аныкталгандыгы тууралуу маалымат жок.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 65-беренесине ылайык жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укукту токтотуунун өзгөчө чарасы болуп эсептелет жана жер участогунун ээсине же жерди пайдалануучуга болгон тартип бузууну четтетүү жөнүндө кат жүзүндө эскертилгенден кийин сот тарабынан гана колдонуларын белгилейбиз.
Мында, жогоруда аталган Кодекстин 66-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо жер участогун алып коюуга негиз болуп саналат.
Ушуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбагандыгы үчүн алып коюу жол-жобосун, анын ичинде башка мамлекетте же башка континентте жашап жаткан кыргызстандын мурдагы жараны статусуна ээ чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга эскертүү катын жиберүү бюджети чакан жана дотацияда отурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн татаал маселе болуп саналарын белгилейбиз.
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жогоруда белгиленген ченемдеринин негизинде жер участогунан ажыратуунун тартибин жана мөөнөтүн так аныктоону сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренеси боюнча ушундай эле сын пикир айтылат.
11. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинде "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесин 3-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында ден соолукту сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн шарттары кыргызстандын мурдагы жаранынын статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей" белгиленет.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саламаттыгын сактоо маселелери "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө", "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынарын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
12. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мамлекеттик чек ара саясатынын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын талаптагыдай кайтаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин белгилейт жана бекемдейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө саларын белгилөө зарыл.
Ошондой эле "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документтер жана визалар боюнча эл аралык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик чегарада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен башкалар каралбаса, өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.
Ошентип, Кыргыз Республикасына кирүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу менен байланышкан укуктук мамилелер "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынууга тийиш деп эсептейбиз.
13. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 1-пунктун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин талаптарына ылайык кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
14. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырмасы берилет.
Ушуга байланыштуу бул Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын, анын ичинде коомдук талкуудан өткөрүү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун макулдашуу жол-жоболорун эске алуу менен өзүнүн чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине шайкеш келтирүү үчүн убакыт талап кылына тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-пунктун "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдөн кийин "расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында бул Мыйзам кабыл алынганда шайкеш келтирилүүчү ченемдик укуктук актылар тууралуу маалымат жок экендигин белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына шайкеш келтирип, жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
15. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды издеп табуу тапшырылган.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында каржылоо булактары тууралуу маалымат чагылдырылган эмес.
Мында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалым катында каржылоо булактарынын болушу тууралуу маалыматтар камтылууга тийиш экендигин белгилейбиз.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн керектелүүчү финансылык каражаттардын эсебин чыгарууну сунуштайбыз.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 393 токтому менен бекитилген 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунда Кыргыз Республикасынын мурунку жарандарына (Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну расмий тариздегендерге) Кыргыз Республикасынын аймагында преференциялык шарттарды сунуштоо үчүн системалуу жана ырааттуу мамлекеттик саясат катары "Мекен-карт" улуттук демилгесин иштеп чыгуу каралгандыгын маалымат иретинде кошумча кабарлайбыз. Бул улуттук демилгенин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жол-жобосун тариздеген жарандарга берилүүчү атайын картаны киргизүү сунушталууда.
"Мекен-карт" улуттук демилгесинин максаты коомдун туруктуу өнүгүүсүн жана экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары аркылуу өлкөгө интеллектик капиталды жана инвестицияларды тартуу болуп саналат. Бул максатты жүзөгө ашыруу чет өлкөнүн жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарына тарыхый мекени менен байланышты сактоосуна, алардын тарыхый мекенинде жүрүүсүнө, эмгектенүүсүнө, экономикалык, инвестициялык ишмердигине жана алардын Кыргызстан менен өз ара байланыштарынын башка аспектилерин жеңилдетүүгө жардам берет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, кызыкдар мамлекеттик органдардын, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген.
Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында Мыйзамдын долбоорунун ченемдеринде "Мекен-карт" улуттук демилгеси жөнүндө жоболорду киргизүү чечими кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши зарыл экендигине жалпысынан көңүлүңөрдү бурабыз.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун аталышы жана жоболору жогоруда аталган Мыйзамга жана Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына шайкеш келбейт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну максатка ылайык деп эсептейт.