Загрузка документа…
Бишкек шаары, Окмот Уйу 2004-жылдын 21-августу № 163
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттуулордун жана аларга тенештирилген адамдардын омурун жана саламаттыгын милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу жонундо
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 51, 2016-жылдын 8-июлундагы № 104, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197(2), 2020-жылдын 29-июлундагы № 101, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2004-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын мыйзам тарабынан каралган аскер кызматы жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн (мындан ары - аскер кызматчылары жана аларга теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамдар) өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу шарттарын жана тартибин жүзөгө ашырууну аныктайт. Согуштук, озгочо абалдар мезгилинде жана согуш убагында мобилизациялоо аскер кызматчыларынын жана милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга тенештирилген адамдардын омурун жана саламаттыгын милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууну (мындан ары - милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу) жузого ашыруу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. (Преамбула Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 51, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197(2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруунун объекттери
1. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруунун объекттери аскер кызматчыларынын жана милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга тенештирилген адамдардын омуру жана саламаттыгы болуп саналат. 2. Аскер кызматчыларынын жана милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга тенештирилген адамдардын омуру жана саламаттыгы аскер кызматы, ошондой эле окуу жана атайын жыйындар (мындан ары текст боюнча - аскердик жыйындар) башталган кундон тартып, аяктаганга чейин милдеттуу мамлекеттик камсыздандырылууга жатат. Ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи жана учунчу абзацтарында каралган камсыздандыруу учурлары келип чыкканда аскер кызматчылары жана ага тенештирилген адамдар, эгерде олум же майыптуулук аскер кызматын, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде орун алган мертинуудон (жарадар болуудан, травмадан, контузиядан) же ооруга чалдыгуунун натыйжасында келип чыкса, аскердик кызмат, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жылдын ичинде кансыздандырылган деп эсептелинет. 3. Эгерде аскер кызматчыларынын жана милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруудагы аларга тенештирилген адамдардын омуру жана саламаттыгы ушул Мыйзамда каралган негиздерден тышкары Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык милдеттуу мамлекеттик камсыздандырылууга жатса, аталган адамдарга же алардын уй- було мучолоруно камсыздандыруу суммалары алардын тандап алуусу боюнча бир гана негиз боюнча толонуп берилет. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 29-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруунун субъекттери
1. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруучулар (мындан ары - камсыздандыруучулар) милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууну жузого ашыруучу лицензияга ээ болгон жана камсыздоочулар менен милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу келишимдерин тузгон камсыздандыруучу уюмдар боло алат. Камсыздандыруучулар конкурстук негизде тандалып алынат. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууга капиталы чет олколук инвестициялардын катышуусуз тузулгон, жекече камсыздандыруу жаатында эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар жана Кыргыз Республикасынын козомол боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан алынган камсыздандыруу милдеттеринин жоопкерчилигин финансылык жактан камсыздоону кепилдикке алган финансылык ишенимдуулук корсоткучторуно ээ болгон камсыздандыруу уюмдарына жол берилет. 2. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздоочулар (мындан ары - камсыздоочулар) ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аларда аскердик кызмат жана аскердик жыйындар каралган мамлекеттик органдар болуп саналат. 3. Милдетуу мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандар (мындан ары - камсыздандырылган адамдар) деп аскер кызматчылары жана милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууда аларга тенештирилген адамдар саналат. 4. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу боюнча пайда коруучулор болуп (мындан ары - пайда коруучулор) курман болгон (олгон) учурда камсыздандырылган адамдардан тышкары камсыздандырылган адамдын мураскорлору саналат.
3-статья. Камсыздандыруу учурлары
Милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууну жузого ашыруудагы камсыздандыруу учурлары (мындан ары - камсыздандыруу учурлары) деп томонкулор таанылат: - камсыздандырылган адам аскер кызматын, аскердик жыйындарды отуу мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошонгондон кийин, аскердик жыйындар аяктаган сон аскер кызматын, аскердик жыйындарды отуу мезгилинде алынган мертинуунун (жарадар болуу, травма, контузия) же ооруга чалдыгуудан улам бир жылга жетпей курман болуусу (олуму); - аскер кызматын, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде, болбосо аскер кызматынан бошонгондон кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин аскердик кызматты, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде алынган мертинуудон (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) же ооруга чалдыгуудан улам бир жылдын аралыгында камсыздандырылган адамга майыптуулукту белгилоо; - аскердик кызматты, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде камсыздандырылган адамдын оор же женил мертинуусу (жарадар болуу, травма, контузия); - аскер кызматын жана аскер жыйындарын отоо мезгилинде алынган мертинуудон (жарадар болуу, травма, контузия) же ооруга чалдыгуудан улам аскердик-врачтык комиссия тарабынан аскер кызматына жарактуулугу чектелуу деп табылган аскер кызматчысын жана аскер жыйындарына чакырылган адамдын аскер кызматынан моонотунон мурда бошотулуусу.
4-статья. Камсыздандыруу суммаларынын олчомдору
1. Аскер кызматчыларынын жана милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууда аларга тенештирилген адамдардын, ал эми алар курман болгон (олгон) учурда пайда алуучулардын камсыздандыруу суммаларынын олчомдору мындай аскер кызматчыларынын жана милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууда аларга тенештирилген адамдардын ээлеген кызмат орду жана аскердик (атайын) наамы боюнча бир айлык акынын суммасына жараша аныкталат. Мында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына, ошондой эле аскер кызматчыларына теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамдарга камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү жоокер жана сержант курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн белгиленген ээлеген кызмат орду боюнча айлык акысынын өлчөмүнө жана аскердик наамы боюнча айлык акысына жараша белгиленет. Камсыздандыруу суммаларын эсептеп чыгарууда камсыздандырылуучу учурдагы кунуно карата белгиленген айлык акчалай акынын маяналары (мындан ары - маяналар) эске алынат. 2. Камсыздандыруу суммалары камсыздандыруу учурлары келип чыкканда томонкудой олчомдордо толонуп берилет: - камсыздандырылган адамдын аскердик кызматты, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл отконго чейин аскердик кызматты, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде мертинуусунун (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) же дартка чалдыгуунун натыйжасында курман болгондо (олгондо) - камсыздандыруу учурундагы кунго карата ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 200 эселенген олчомундо; - камсыздандырылган адамдын аскердик кызматты, аскердик жыйындарды отуу мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл отконго чейин аскердик кызматты, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде мертинуунун (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) же дартка чалдыгуунун натыйжасында майыптыгы белгиленгенде: - I топтогу майыпка - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 150 эселенген олчомундо; - II топтогу майыпка - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 100 эселенген олчомундо; - III топтогу майыпка - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 50 эселенген олчомундо толонот. Эгерде аскердик кызматты, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде, болбосо аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйын аяктагандан кийин камсыздандырылган адамды медициналык-социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) тарабынан кайрадан текшергенде биринчи пунктта корсотулгон себептердин натыйжасында анын майыптыгынын тобу жогорулатылса, камсыздандыруу суммасынын олчому майыптуулуктун жаныдан белгиленген тобуна тиешелуу болгон айлык акылардын саны менен майыптыгынын мурдагы тобуна тиешелуу болгон айлык акылардын санынын ортосундагы айырманы тузгон суммага жогорулайт; - камсыздандырылган адам аскердик кызматты, аскердик жыйындарды отоо мезгилинде оор мертинууго (жарадар болууга, травмага, контузияга) дуушар болгондо - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 20 эселенген олчомундо жана женил мертинууго дуушар болгондо (жарадар болуу, травма, контузия)- ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 10 эселенген олчомундо; - аскер кызматчысына жана ага теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамга аскердик-врачтык комиссия тарабынан мертинуусунун (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) же аскердик кызматты, жыйындарды отоо мезгилинде дартка чалдыгышынын натыйжасында аскердик кызматта жарактуулугу чектелген деп табылып, аскердик кызматтан моонотунон мурда бошотулган учурда - ээлеген кызматы жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 10 эселенген олчомундо толонот. Эгерде аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл бүткөнгө чейин камсыздандырылган адамга ушул пунктта көрсөтүлгөн себептердин кесепетинен майыптуулук белгиленсе, андан кийин камсыздандырылган адам курман болсо (өлсө), ошол эле мезгилде камсыздандыруу суммасынын, өлчөмү ушул Мыйзамда каралган курман болгондугу (өлгөндүгү) боюнча тиешелүү болгон маяналардын саны менен жана майыптуулук боюнча тиешелүү болгон маяналардын санынын ортосундагы айрыманы түзгөн суммага көбөйөт. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-июлундагы № 104, 2020-жылдын 29-июлундагы № 101, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу келишими
1. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу келишими (мындан ары камсыздандыруу келишими) камсыздандыруучунун жана камсыздоочунун ортосунда учунчу жактын - камсыздандырылган адамдын (пайда коруучунун) пайдасына тузулот. 2. Камсыздандыруу келишими жазуу жузундо бир финансылык жылга тузулот. 3. Камсыздандыруу келишимине камсыздандырылган адамдар, камсыздандыруучунун жана камсыздоочунун милдеттенмелери жана жоопкерчилиги жонундо макулдашуу, камсыздандыруу учурларынын тизмеги жана камсыздандырылган адамга (пайда коруучуго) камсыздандыруу суммаларын чегеруунун (толомдордун) ыкмалары кирет. 4. Камсыздандыруучунун жана камсыздоочунун ортосундагы укуктук мамилелер камсыздандыруу келишими тузулгондон кийин келип чыгат.
6-статья. Камсыздандыруучу тарабынан милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу боюнча милдеттердин аткарылышы
1. Эгерде камсыздоочу милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууну жузого ашырбаса же камсыздандыруу келишимин ушул Мыйзамда аныкталган шарттарга салыштырганда камсыздандырылган адамдын (пайда коруучунун) абалын начарлаткан шарттарда тузсо, анда камсыздандыруу учуру келип чыкканда ал камсыздандырылган адамдын (пайда коруучунун) алдында талапка ылайык камсыздандырууга камсыздандыруу суммасы кандай толонууго тийиш болсо, ошол эле шарттарда жоопкерчилик тартат. 2. Аскер кызматына, аскер жыйынына алынганда же чакырылганда камсыздоочу камсыздандырылган адамдарды милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууну жузого ашыруунун эрежелери, камсыздандыруу суммаларын толоо жана кандай ыкмада толоп беруу жонундо чечим кабыл алуу учун зарыл болгон документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби менен тааныштырууга милдеттуу. 3. Камсыздандыруу суммаларын оз убагында толоп беруу максатында аскердик болуктор, мекемелер, уюмдар (мындан ары - аскердик болуктор), аскер комиссариаттары, аскердик дарылоо мекемелери, камсыздандыруу мекемелери жана уюмдары, ошондой эле камсыздандырылган адамдар (пайда коруучулор) кызмат отогон (жашаган) жердеги МСЭК мекемелери: - тиешелуу камсыздоочуну камсыздандыруу учуру жонундо билдирууго; - камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу суммаларын толоп беруу жонундо зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу учун зарыл документтерди суратып алууда жана жол-жоболоштурууда комок корсотууго милдеттуу; - аскердик болуктор, аскер комиссариаттары, аскердик дарылоо мекемелери, камсыздоочу мекемелери жана уюмдары камсыздандыруучунун суроо-талабы боюнча камсыздандыруу учурунун келип чыгышы жонундо маалыматтарды билдирууго жана ага ушул учурлардын келип чыгышынын жагдайлары тууралу зарыл маалыматтарды жонотууго милдеттуу. 4. Камсыздандырылган адамдарга (пайда коруучулорго) камсыздандыруу суммаларын толоп беруу жонундо чечим кабыл алуу учун зарыл болгон документтерди беруудон жана жол-жоболоштуруудан негизсиз баш тартууда куноолуу - милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууну жузого ашырууга жооптуу болгон аскердик болуктордун командирлери (начальниктери), кызмат адамдары, ошондой эле камсыздоо мекемелеринин жана уюмдарынын кызмат адамдары тартип уставында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууга кеткен чыгымдарды каржылоо
1. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу республикалык бюджеттен болунгон каражаттардын эсебинен жузого ашырылат. Ушул Мыйзамда каралган милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууга чыгымдар республикалык бюджеттин корголгон статьялары болуп саналат. 2. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууга болунгон суммалар камсыздандыруучунун талабы боюнча бир мезгилде толонуп берилет. 3. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу келишими тузулбой калганда, буга камсыздоочу куноолуу болбогон учурда камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандыруу суммасы милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууга болунгон республикалык бюджеттин каражаттарынан ушул Мыйзамда белгиленген олчомдо толонуп берилет.
8-статья. Камсыздандыруу сыйакысы
1. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйакысынын олчому мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткан конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде аныкталат. 2. Милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйакысынын олчому аскер кызматчыларынын жана милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууда аларга тенештирилген тиешелуу органдардын адамдарынын акчалай каражатынын жылдык фондунун 3 пайызынан ашпоого тийиш. 3. Камсыздоочунун милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууну жузого ашырууга кеткен, камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон чыгашалары камсыздандыруу тогумдор олчомунун 6 пайызынан ашпоого тийиш. 4. Келишим боюнча озуно алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу учун камсыздоочу алынган камсыздандыруу сыйакыларынан Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу козомолу боюнча мамлекеттик башкаруу органынын талаптарына ылайык камсыздандыруу резервдерин тузууго милдеттуу. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу суммасын толоодон бошотуунун негиздери (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 29-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Камсыздандыруучу милдеттуу мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасын толоодон бошотулат, эгерде камсыздандыруу учурунда: - кылмыш камсыздандырылган адам тарабынан жасалгандыгынын натыйжасында келип чыкса жана анын күнөөсү мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталса; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандырылган адамдын алкоголдук, бангилик же уулуу заттардан мас болуусунун себебине байланыштуу келип чыкса; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандырылган адам, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдарды кошпогондо, тарабынан озунун саламаттыгына атайын зыян келтируунун же камсыздандырылган адамдын оз жанын кыйуусунун натыйжасы болсо. 2. Камсыздандыруу суммасын толоп беруудон баш тартуу жонундо чечим камсыздандыруучу тарабынан кабыл алынат жана камсыздандырылган адамга (пайда коруучуго) жана камсыздоочуга андагы камсыздандыруу суммасын толоодон ушул Мыйзамда белгиленген моонотто баш тартуунун себептеринин жуйолоштурулгон негиздери корсотулуу менен жазуу жузундо билдирилет. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 29-июлундагы № 101, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья. Камсыздандыруу суммаларын толоп беруунун тартиби жана шарттары
1. Камсыздандыруу суммаларын толоп беруу камсыздандыруу учурунун келип чыккандыгын тастыктаган документтердин негизинде камсыздандыруучу тарабынан жургузулот. Камсыздандыруу суммасын толоп беруу жонундо чечим кабыл алуу учун зарыл документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Камсыздандырылган адамдардын мертинуусунун оордугунун даражасын аныктоо (жарадар болуу, травма, контузия) камсыздандыруучулардын тиешелуу медициналык мекемелери тарабынан жузого ашырылат. Оор же женил мертинуунун (жарадар болуу, травма, контузия) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 2. Камсыздандыруу суммаларын толоп беруу ушул Мыйзамдын 1- статьясынын 3-пунктунда белгиленгенден башка учурларда, камсыздандыруу келишимдеринин башка турлору боюнча камсыздандырылган адамдарга тиешелуу болгон суммаларга карабастан жургузулот. 3. Камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу суммаларын толоп беруу (алардын аскер кызматын, аскер жыйындарын кайсыл жерде отогондугуно карабастан), ал эми алар курман болгондо, олгондо пайда коруучуго ал жашаган жерге карабастан камсыздандыруу суммаларын Кыргыз Республикасынын аймагындагы камсыздоочу тарабынан тиешелуу сумманы толоп беруу камсыздандыруу келишиминде аныкталган ыкма менен улуттук валютада чегеруу жолу менен жургузулот. 4. Камсыздоочу тарабынан камсыздандыруу суммаларын толоп беруу корсотулгон толоо жонундо чечим кабыл алуу учун зарыл болгон документтер алынган кундон тартып 15 кундук моонотто жургузулот. Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу суммаларын толоо негизсиз кечиктирилгенде камсыздоочу оз каражаттарынан камсыздандырылган адамга (пайда коруучуго) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган олчомдо жана тартипте айып акы толойт. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Камсыздоочунун жана камсыздандыруучунун оз ара эсептешуулорунун тартиби
Эгерде камсыздандыруу келишими колдонулган мооноттун ичинде камсыздоочунун акчалай каражат фондунун олчомдорундо озгоруу болсо, ушул жагдайларга ылайык ашыкча алынган камсыздандыруу тогумдорунун суммалары кошумча толонууго же кайтарылууга тийиш. Камсыздандыруу келишимин тузгон тараптардын макулдашуусу боюнча аталган суммалар камсыздандыруу келишиминин колдонулушунун кезектеги мезгилине камсыздандыруу тогумдорунун олчомдорун аныктоодо эсепке алынышы мумкун.
12-статья. Талаш-тартыштарды кароо
Милдеттуу мамлекеттик камсыздандырууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Ушул Мыйзамдын кучуно кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып кучуно кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Окмоту: - озунун ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин; - ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылган ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
|