Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 700 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуу металлдарын биржалык тооруктарда сатуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы № 771 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун аянтчасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуу металлдарын сатуу тартибин аныктайт жана талаптарын белгилейт.
Ушул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуу металлдарына гана аларды биржалык тооруктарда сатууда жайылтылат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) аффинаждалган чендик куймалар - курамында химиялык таза негизги металл алтын үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес, күмүш үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес жана платина үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,95 пайызынан кем эмес 1000 грамм жана андан аз салмактагы баалуу металлдан (алтын, күмүш же платина) жасалган жана маркаланган куймалар;
2) аффинаждалган стандарттык куймалар - Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Эл аралык сапат стандарттарына ылайык келген алтын же күмүштөн жасалган жана маркаланган куймалар;
3) стандарттык эмес формадагы аффинаждалган баалуу металлдар - аффинаждалган баалуу металлдардын стандарттык жана чендик куймаларынын формаларынан жана өлчөмдөрүнөн айырмаланган ар кандай формадагы (кесиндилер, гранулдар, пластиналар, зымдар жана башкалар) жана өлчөмдөрдөгү баалуу металлдар;
4) баалуу металлдар - бул аффинаждалган стандарттык жана чендик куймалардагы, ошондой эле баалуу металлдардын стандарттык жана чендик куймаларынын формаларынан жана өлчөмдөрүнөн айырмаланган ар кандай формадагы жана өлчөмдөрдөгү (кесиндилер, гранулдар, пластиналар, зымдар жана башкалар) стандарттык эмес куймалардагы алтын, күмүш, платина;
5) биржа - "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому;
6) биржалык бүтүм - биржанын тооруктар системасында катталган Соода эрежелерине жана Биржа регламентине ылайык баалуу металлдарды сатып алуу-сатуу жөнүндө тооруктун катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн бүтүм;
7) соода инструменттери - биржада баалуу металлдар менен соода жүргүзүү секторунда соода жүргүзүлүүчү соода инструменттеринин спецификациясына ылайык келген алтын, күмүш жана платина;
8) эсептешүү-клиринг департаменти - биржанын биржалык бүтүмдөр боюнча клиринг жана өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылган түзүмдүк бөлүмү;
9) баалуу металлдар менен соода жүргүзүү сектору - биржанын соода системасынын бир бөлүгү, ал соода инструменттерин сатып алууга жана сатууга өтүнмөлөрдү кабыл алууну, аларды белгиленген алгоритм боюнча бири-бири менен бириктирүүнү жана соода инструменттери боюнча бүтүмдү түзүү фактысын каттоону камсыз кылат;
10) Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын фиксинги - түзүлгөн суроо-талаптын жана сунуштун негизинде Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан колдонулуучу баалуу металлдардын баасын аныктоо жана жарыялоо жол-жобосу;
11) тооруктун катышуучулары - Департамент, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, уюштурулган тооруктарга жол берилген жана биржа эрежелерине ылайык келген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
12) биржалык тооруктардын электрондук системасы - баалуу металлдар менен соода жүргүзүү секторунда соода жүргүзүүлөр ал аркылуу жүзөгө ашырылган биржанын программалык-техникалык комплекси;
13) баалуу металлдарды ыйгарым укуктуу сактоо жайы - баалуу металлдарды сактоо боюнча биржанын талаптарына ылайык баалуу металлдар турган сактоо жайы. Сактоо жайы режимдик объект болуп саналат жана анда жүрүү чектелүүгө тийиш;
14) баалуу металлдарга экспертиза жүргүзүү - баалуу металлдардын сапаттык жана (же) сандык мүнөздөмөлөрүн аныктоо.
3. Баалуу металлдарды биржалык тооруктарда сатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүргүзүлөт жана Департамент тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Бүтүмдөрдүн объекти болуп Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын улуттук стандартына ылайык келген баалуу металлдардын стандарттык жана чендик куймалары, ошондой эле стандарттык жана чендик куймалардын формасынан жана өлчөмдөрүнөн айырмаланган стандарттык эмес формадагы баалуу металлдар эсептелет.
5. Департамент биржанын баалуу металлдар менен соода жүргүзүү секторундагы соода инструменттеринин спецификациясынын талаптарына ылайык келген стандарттык, чендик куймаларды жана стандарттык эмес формадагы баалуу металлдарды биржада сатуу үчүн даярдоону камсыз кылат.
Стандарттык, чендик куймалар жана стандарттык эмес формадагы баалуу металлдар сооданын белгиленген талаптарына ылайык келүүгө, биржанын талаптарына ылайык продукциянын курамын жана сапатын көрсөткөн тиешелүү жазуулары бар салмактык таңгактарга таңгакталууга тийиш.
6. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана алгачкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, аталган баалуулуктар менен Кыргыз Республикасынын аймагында операцияларды аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсепке алынган баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды жана башка буюмдарды чыгаруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Департамент жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар коммерциялык банктар биржалык тооруктарда баалуу металлдар секторунун тооруктун катышуучулары болуп саналат.
2-глава. Баалуу металлдардын көлөмдөрүн түзүү, биржалык тооруктарды даярдоо жана өткөрүү тартиби
7. Баалуу металлдарды биржалык тооруктарда сатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен тиешелүү жылга бекитилген ассортиментте жана көлөмдөрдө жүргүзүлөт.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен бекитилген көлөмдөрдө тиешелүү жылга карата баалуу металлдарды биржалык тооруктарда сатуу үчүн көлөмдөрдүн кварталдык жана айлык болжолдору Департамент тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилет.
9. Биржалык тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, биржанын баалуу металлдар менен соода жүргүзүү секторундагы биржа соодасынын жана эсептешүү-клирингдик тейлөөнүн Эрежелерине жана Регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Департамент биржанын баалуу металлдар секторундагы биржа соодасынын Эрежелерине ылайык тооруктун катышуучусу катары каттоо жол-жобосунан өтөт, баалуу металлдар менен тоорукка катышуу жөнүндө биржа менен келишим түзөт. Катталгандан кийин жана баалуу металлдар секторундагы тооруктарга катышуу жөнүндө биржа менен келишим түзүлгөндөн кийин Департамент биржада белгиленген Эрежелерге ылайык биржалык тооруктардын катышуучусу катарында биржада баалуу металлдарды сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырат.
11. Департамент биржалык тооруктарга биржада сооданын белгиленген талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон, биржанын талаптарына ылайык продукциянын курамын жана сапатын көрсөткөн тиешелүү жазуулар түшүрүлгөн салмактык таңгактарга таңгакталууга тийиш болгон соода инструменттерин даярдайт.
12. Департамент өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү - трейдерлер аркылуу биржа менен түзүлгөн келишимдердин негизинде биржалык тооруктардын катышуучусу катары өз ыйгарым укуктарын өз алдынча жүзөгө ашырат.
13. Ар бир биржалык тооруктар боюнча сатуучуларга жана сатып алуучуларга уруксат берүү жана четтетүү, ошондой эле биржалык тооруктардын жеңүүчүлөрүн аныктоо жана биржалык бүтүмдөрдү каттоо биржалык тооруктардын автоматтык электрондук системасы менен жүргүзүлөт.
14. Биржанын баалуу металлдар секторунда баалуу металлдардын тооруктары иш күндөрү (дүйшөмбүдөн жумага чейин) биржалык тооруктардын электрондук системасын пайдалануу менен соода сессияларынын ичинде жүргүзүлөт.
15. Баалуу металлдардын коюлган, бирок сатылбаган көлөмү, ошондой эле жокко чыгарылган бүтүмдөрдүн көлөмү биржалык тооруктарга кайрадан коюлат. Баалуу металлдардын отчеттук жыл ичинде биржалык тооруктарда сатылбаган көлөмү кийинки жылга сатуу планына киргизилет.
16. Биржа көрсөткөн кызматтар үчүн акы төлөөнүн өлчөмү биржанын кызмат көрсөтүүлөрүнө белгиленген тарифтерге жараша аныкталат.
17. Продукцияны сатып алуучуларга жеткирип берүү 100 пайыз алдын ала төлөө шартында жүргүзүлөт.
3-глава. Продукциянын баштапкы баасын аныктоо жана биржалык тооруктардын катышуучуларынын ортосунда өз ара эсептешүү жана продукцияны жүктөп жөнөтүү механизми
18. Баалуу металлдарга баштапкы баа биржалык бүтүм жасалган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча улуттук валютада Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксингинин негизинде аныкталат.
Баалуу металлдардын баштапкы баасын эсептөө ушул Жобонун тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
19. Биржа тарабынан биржанын баалуу металлдар менен соода жүргүзүү секторунда түзүлгөн бүтүмдөр боюнча биржалык контракт биржа соодасынын эрежелерине ылайык тооруктун катышуучуларына берилет.
20. Биржанын баалуу металлдар секторунда операцияларды жасоо үчүн Департамент казыналык системасында эсеп ачат.
21. Бул Жобонун алкагында биржанын аянтчасында баалуу металлдар менен соода жүргүзүү секторунда тооруктарга, түзүлгөн бүтүмдөр боюнча, өз ара эсептешүүлөргө жана баалуу металлдарды жеткирүүлөргө катышуу боюнча ара аракеттенүү максатында биржа менен Департаменттин ортосунда эки тараптуу Макулдашуу түзүлөт.
4-глава. Корутунду жоболор
22. Биржа соодасын уюштуруу, келишимдик милдеттенмелерди аткаруу жана эсептешүү-клирингдик тейлөө процессинде келип чыгуучу талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, биржанын баалуу металлдар менен соода жүргүзүү секторундагы биржа соодасынын жана эсептешүү-клирингдик тейлөөнүн Эрежелеринде жана Регламентинде белгиленген тартипте чечилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуу металлдарын биржалык тооруктарда сатуунун тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Баалуу металлдын баштапкы баасын ЭСЕПТӨӨ
Улуттук валютадагы 1 грамм баалуу металлдын баасы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
С гр\сом = ((Цw / Ү) * К доллар) + З үтүрдөн кийин 2 белгиге чейин тегеректелет,
мында:
С гр\сом - бир граммдын баасы сом менен;
Цw - Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечки фиксингинин баасы (АКШ доллары/трой унциясы);
Ү - бир трой унциясынын метрдик граммдагы эквиваленти (1 трой унциясы = 31,10348 грамм);
К - АКШ долларына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген улуттук валютанын курсу;
З - баалуу металлдарды биржалык тооруктарга даярдоого кеткен чыгымдар.