Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-октябры № 217
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1) III бөлүмдө:
- 69-главасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 71 жана 72-главалары ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) V бөлүмдө:
- 47-главасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 19-октябрындагы № 107 жарыяланды
Төрага | У.А.Марипов |
| 1-тиркеме |
"
69. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, (тизмеги), 4-глава, 85-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук мекемеси, анын ичинде ведомстволук мекеменин аймактык каттоо бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык каттоо бөлүмү). Айдоочулук күбөлүктөрдү жоготкон жана алмаштырган учурлар боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээлери кайрылганда - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айдоочулук иш менен алектенүүгө чектөөлөр коюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандарына тийиштүү даярдыктан кийин транспорт каражаттарын башкарууга укук алуу үчүн сынактарга кирүүгө жол берилиши мүмкүн: - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) ("А1" категориячасы) - он алты жашка толгон адамдарга; - кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашкан мотоциклдер ("А" категориясы) - он алты жашка толгон адамдарга; - моторлоштурулган трицикпдер, квадрациклдер ("В1" категориячасы) - он алты жашка толгон адамдарга; - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) ("В" категориясы) - он жети жашка толгон адамдарга; - уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан, бирок 7500 кг ашпаган автомобилдер, ("D" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары) ("С1" категориячасы) - он сегиз жашка толгон адамдарга; - уруксат берилген максималдуу салмагы 7500 кг ашкан автомобилдер, "D" категориясына кирген транспорт каражаттарынан тышкары ("С" категориясы) - он сегиз жашка толгон адамдарга; - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары сегизден он алтыга чейин отуруучу орундары бар автомобилдер ("D1" категориячасы) - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга; - жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун отургучунан тышкары он алтыдан ашык отуруучу орундары бар автомобилдер ("D" категориясы) - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга; - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашкан чиркегич чиркелген "В" категориясындагы автомобилдер жана уруксат берилген салмагы 750 кг ашык чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан "В" категориясындагы автомобилдер ("ВЕ" категориясы) - эки жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, он сегиз жашка толгон адамдарга; - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык жана жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган чиркегич чиркелген "С" категориясындагы автомобилдер ("С1Е" категориячасы) - үч жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга; - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык, чиркегич чиркелген "С" категориясындагы автомобилдер ("СЕ" категориясы) - үч жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга; - жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген салмагы 750 кг ашык, бирок жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган чиркегич чиркелген "D1" категориячасындагы автомобилдер ("DIE" категориячасы) - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык жүргүнчү ташуулар үчүн - 5 жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга; - уруксат берилген салмагы 750 кг ашык болгон чиркегич чиркелген "D" категориясындагы автомобилдер ("DE" категориясы) - төрт жылдан аз эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык жүргүнчү ташуулар үчүн - 5 жылдан кем эмес) бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга. Жыйырма бир жашка толгон адамдарга троллейбусту башкарууга уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде алмаштыра алат |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист- машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо |
5 | Мамлекет кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Тиешелүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна улуттук же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча (электрондук кезек күтүү системасы киргизилген жерлерде). Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү камсыз кылынган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү маалымат такталарына жайгаштырылат. Жайлар өрт коопсуздук системалары менен жабдылган. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээлери кайрылган учурда, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде кайрылган күнү арыз ээлери кабыл алынат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы чектелген мөөнөтү, анын ичинде сынактар (практикалык жана теориялык) жана айдоочулук күбөлүктү даярдоо убактысы - 4 иш күнү, арыз ээси дипломатиялык өкүлчүлүккө жана консулдук мекемеге кайрылган учурда 40 күндөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт кезек күтүүнү эске алганда - 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (зарыл болгон маалыматтын тизмеси) жана стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтында: digital.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: portal.tunduk.kg; - аймактык каттоо бөлүмүндө, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда; - ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) номери - 119 боюнча оозеки түрүндө; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында: www.mfa.gov.kg; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке кайрылган учурда. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалыматты кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгаштырылган маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (digital.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылганда жана ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) номери - 119 боюнча; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: www.mfa.gov.kg; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы. Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынын (digital.gov.kg) "Транспорт" бөлүмүндө жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин даректери, телефон номерлери жана иштөө режими тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына: www.mfa.gov.kg жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалар илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр: 1) Транспорт каражаттарын башкарууга укук берген айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн: а) квалификациялык сынактарды (теориялык жана практикалык) ийгиликтүү тапшыруусу керек - квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшыруу ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган системасында тастыкталат; б) квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн төмөнкүдөй документтерди берүүсү керек: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формадагы арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан сырткары; - берилүүчү датасы 12 айдан ашпаган, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ; - айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт. - айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы; - айдоочулук күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет тилинде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулуп, тигил же бул тилден башка тилге которуунун тууралыгын тастыктаган нотариустун же нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укугу бар башка кызмат адамынын колтамгалары болушу керек; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция. "С", "С1", "D", "D1", "СЕ", "С1Е", "DE" "DIE" категориясындагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна кайра даярдоодон өткөн учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөнү жөнүндө күбөлүк берилет. 2) Кыргыз Республикасынын жарандарына эл аралык жол кыймылына катышуу үчүн колунда болгон улуттук айдоочулук күбөлүктүн негизинде эл аралык айдоочулук күбөлүк берилет (анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн арыз ээси кайрылганда). 3) Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же болбосо каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары; - Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү; - жалтырак эмес фотокагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү эки фото сүрөт; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы). 4) Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн алууда төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл: - нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; - өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ; - Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы; - ишеним берүүчүнүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта) көчүрмөсү; - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же болбосо каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда; - ишеним берүүчүнүн жалтырак эмес фотокагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фото сүрөтү; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы). Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектөөчүнүн иш- аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлгөн жерлердеги маалымат такталарында жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат 5) Мурда берилген улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктүн ордуна улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү учурунда (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээси кайрылган учурда) арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же болбосо каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда; - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээси кайрылган учурда, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документ; - улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт); - айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Электрондук маалыматтар базасында маалыматтар болсо, күбөлүк берилбейт. Окугандыгы тууралуу күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар жок болсо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык каттоо бөлүмүнөн айдоочулук күбөлүк берилген датаны, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүк берилгендигин тастыктаган документ берилет; - айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы. Электрондук маалыматтар базасында маалыматтар болсо, айдоочунун өздүк карточкасы берилбейт. Айдоочунун өздүк карточкасы жок болсо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык каттоо бөлүмүнөн айдоочулук күбөлүк берилген датаны, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүк берилгендигин тастыктаган документ берилет; Чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин кат жүзүндө ырастоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырылат. Зарыл документтер берилгенден кийин чет өлкөлүк жарандар практикалык сынак тапшырышат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен кызмат көрсөтүүнү алууда консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык- тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарына түздөн-түз кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл болгон маалыматтар жалпыга жеткиликтүү веб-баракта жайгаштырылган (Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 1) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Адамды автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтар болгондо, бардык категориядагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөтүү алынган органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу, Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда, алуучу белгиленген тартипте жогоруда турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип. кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жооп жибериле турган почталык дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
| 2-тиркеме |
"
71. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, катталуунун номердик белгилерин берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укукту каттоо (кайра каттоо) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 87-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук мекемеси, анын ичинде ведомстволук мекеменин аймактык каттоо бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык каттоо бөлүмү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө арналган автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу киргизилген автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, чет өлкөлүк юридикалык жактар, уюштуруу- укуктук формасына карабастан автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу киргизилген автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Евразия экономикалык бирлигинин 2014-жылдын 15-августундагы "Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө" макулдашуу (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган); - "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси"; - "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо |
5 | Мамлекет кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет: - транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк берүү; - транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу боюнча); - жараксыз абалга келгендигине байланыштуу номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалымкаттарды берүү менен транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу; - транспорт каражаты үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү; - транспорт каражаты үчүн энчилүү мамлекеттик каттоо белгисин берүү; - транспорт каражаты үчүн "Транзит" мамлекеттик каттоо белгилерин берүү; - кызыл фондо ак түстөгү "D", "Т", "С", "НС" серияларындагы мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерин берүү; - көгүлтүр фондо ак түстөгү "D", "Т" серияларындагы мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерин берүү; - ак фондогу "Р", "М" серияларындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча (электрондук кезек күтүү системасы киргизилген жерлерде). Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүлөрү камсыз кылынган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү маалымат такталарына жайгаштырылат. Жайлар өрт коопсуздук системалары менен жабдылган |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектелген убакыт - 60 мүнөт. Кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт кезек күтүүнү эске алганда - 30 мүнөт. Кошумча текшерүүлөр талап кылынган учурларда (камак салуу, күрөө ж.б.) кызмат көрсөтүү мөөнөтү автомототранспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет, ал жөнүндө керектөөчүгө мөөнөттү узартуунун себеби түшүндүрүү менен өз убагында кабарланат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (зарыл болгон маалыматтын тизмеси) жана стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан: digital.gov. kg; - мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы: portal.tunduk.kg; - аймактык каттоо бөлүмүнөн, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда; - ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) номери - 119 боюнча оозеки түрүндө; Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгаштырылган маалыматтык такталардан, буклеттерден жана брошюралардан таанышса болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты digital.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылганда жана ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун - 119 номери боюнча; - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар. Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынын (digital.gov.kg) "Транспорт" бөлүмүндө жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалары илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү берет: 1) Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн: - идентификациялык жеке номер (ИЖН) (жеке жактар үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жактар үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурлардан сырткары; - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн); - Кыргыз Республикасына ташылып келинген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары - ТД); - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага ташылып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк; - даярдоочу заводдун чыгаруу сертификаты, инвойс, транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин техникасынын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында маалыматтар жок болсо, транспорт каражатынын паспорту жана/же транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин электрондук паспортунан) көчүрмө, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо барган өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражаты эсептен чыгарылгандыгын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болуучу башка документтер; - даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген маалымкат-эсеп же эсеп- фактура; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражатына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтер; - даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген маалымкат-эсеп же эсеп- фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ; - жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыктары боюнча транспорт каражатына болгон менчик укугуна карата Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары; - арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун турган жери боюнча аймактык каттоо бөлүмү тарабынан түзүлгөн, аймактык каттоо бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан жана аймактык каттоо бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү: Кыргыз Республикасынын аймагында - 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт; - документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш- аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташылып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери. 2) Менчик ээси өзгөргөн учурда (сатуу, белекке берүү, мураска алуу, алмашуу ж.б. менен байланыштуу) аймактык каттоо бөлүмүндө кайра каттоо үчүн транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкүлөрдү беришет: - идентификациялык жеке номерди (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номерин (юридикалык жак үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан сырткары; - жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен төлөм тапшырмасынын квитанциясын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документти; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (юридикалык жактар үчүн); - аймактык каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо документтерин; - транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерди; - зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын; - кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанцияларын; - транспорт каражатынын менчик ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты өзгөргөн учурда, документтердин тизмегине кошумча - никелешүү тууралуу күбөлүк же аталган өзгөрүүлөргө байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан менчик ээсине берилүүчү башка документ берилет; - региону өзгөрбөстөн юридикалык жактын аталышы же дареги өзгөргөн учурда, документтердин тизмегине кошумча - каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө юридикалык жактын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет (юридикалык жактар үчүн); - түсү өзгөргөн учурда, документтердин тизмегине кошумча - түсүн өзгөртүү жүргүзүлгөн техникалык тейлөө станциясынан маалымкат берилет; - агрегаты алмаштырылган учурда, документтердин тизмегине кошумча - агрегатты Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү ырастоочу документ же ыйгарым укуктуу органдын агрегатты жараксыздоо жөнүндө маалымкаты жана номердик агрегаттарга менчик укугун ырастоочу документтер. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун менчик ээсинин арызы боюнча аймактык каттоо бөлүмү тарабынан кайра жабдуунун натыйжасында бошогон кузовду, раманы жана номердик агрегатты сатууга маалымкат берилет. Кайра жабдылган учурда, жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет: - жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен анын конструкциясынын коопсуздук талаптарынын шайкештиги тууралуу күбөлүк; - менчигинин түрүнө карабастан сатууга укуктуу дүкөн же техникалык тейлөө станциясы тарабынан берилген жаңы орнотулган кузовго маалымкат-эсеп же эсеп-фактура, нотариалдык тартипте же ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүнүн кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн аларга менчик укугун өзгөртүү боюнча келишимдер; - юридикалык жактын кайра жабдуу жөнүндө тиешелүү буйругу (юридикалык жактар үчүн); - арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун турган жери боюнча аймактык каттоо бөлүмү тарабынан түзүлгөн, аймактык каттоо бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан жана аймактык каттоо бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында - 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт; - түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер; - жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыктары боюнча транспорт каражатына болгон менчик укуктарына карата соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - келишимдер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бекитилген (же) иштелип чыккан башка документтер. 3) Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо/кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр кошумча берилет: - тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор. 4) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат. Өз алдынча жасалган жеңил чиркегичтерди жана кайра жабдылган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен анын конструкциясынын коопсуздук талаптарынын шайкештиги тууралуу күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилүүчү, чет тилде түзүлгөн транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтер жана башка документтер мамлекеттик же расмий тилге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндө нотариустун же болбосо мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү колу болууга тийиш. Кыргыз Республикасына ташылып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, номердик агрегаттарды каттоо бажы органдары (ТД) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан коштомо кагаз берүүгө ыйгарым укук берилген органдар тарабынан берилүүчү документтер болгондо гана жүргүзүлөт (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө (импорттодо) колдонулат), Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн ташылып келинген транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар үчүн бажы документтерин көрсөтпөстөн, мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө талондун болушу милдеттүү. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына ташылып келинген транспорт каражаттарын каттоо Евразия экономикалык бирлигинин Сертификациялоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториялары (диагностикалык борборлор) тарабынан берилүүчү документ (транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк) болгондо гана жүргүзүлөт. Юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу, кайра ташып кетүү милдеттенмеси менен ташылып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн сырткары, алар бажылык таризделгенден кийин бажы документтеринде көрсөтүлгөн алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүнө каттоо документтерин жана мамлекеттик каттоо белгилерин берүү менен жүргүзүлөт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса. Мындай учурларда чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери каттоо бөлүмүнө тапшырылат жана кайра ташып кетүү үчүн эсептен чыгарууда берилет. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн: - транспорт каражатын кароодон өткөрүүдөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде; - лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды утуп алган учурда - белгиленген формадагы маалымкат- эсептердин жана каттоо документтеринин негизинде; - финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар комиссиялык дүкөндөр тарабынан сатылган учурда, автотранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын документтери болгондо, ошондой эле документтери болбогондо маалымкат-эсептин арткы бетинде: төмөнкүнүн негизинде "(документ көрсөтүлөт - соттун, салык кызматынын органдарынын, финансы полициясынын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) кабыл алынды жана сатылды" деген. жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Кыргыз Республикасында катталган жана соттун чечими менен конфискацияланган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде жаңы менчик ээлерине жүргүзүлүшү мүмкүн. Белекке же мураска алынган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адам көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш. Жубайлардын биргелешкен арызынын жана никелешүү тууралуу күбөлүктүн негизинде транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет. Кызматтарды көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн ошондой эле жыйым алынат. Жыйымдарды алуу тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык- тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарына түздөн- түз кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл болгон маалыматтар жалпыга жеткиликтүү веб-баракта жайгаштырылган (онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 1) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген талаптарга арыз ээси шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Төмөнкүдөй транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт: - мүлккө карата камакка алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо; - нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилген, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилген; - конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу боюнча эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе; - тракторлордон, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары, запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралган же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилген; - "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган автотранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар; - карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын фамилиясы, аты, атасынын аты алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы - кыскартуусуз жана юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген документтердин, ошондой эле каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинен фотокөчүрмөлөр жана түстүү көчүрмөлөрү) түп нускаларды алмаштыра албайт; - айрым учурларда жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат; - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн транспорт каражаттарын кайра каттоого берүүдө; - транспорт каражаты издөөдө турганда; - Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн шайкештик сертификаттары жок болгондо; - жасалма (жалган) документтер берилгенде; - Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоо мүмкүн болбогондо; - каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоочу идентификациялык белгиси бар конструкциясынын курамдык бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен алмаштырууда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндөн керектөөчү кызмат көрсөтүү алынган органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда, алуучу белгиленген тартипте жогоруда турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жооп жибериле турган почталык дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
72. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Укук күбөлөндүрүүчү документтерди, номердик каттоо белгилерин берүү менен тракторлорго, трактордук чиркегичтерге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар (опурталдуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо (кайра каттоо) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, (тизмеги), 4-глава, 88-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук мекемеси, анын ичинде ведомстволук мекеменин аймактык каттоо бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык каттоо бөлүмү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Техникасы жана түзүлүштөрү бар, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө убактылуу алып келинген, менчигинин түрүнө жана жарандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар, жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы "Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө" макулдашуусу (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган); - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо |
5 | Мамлекет кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Төмөнкүлөрдү берүү: - мамлекеттик каттоо белгисин; - техникалык паспортту; - транспорт каражатынын паспортун (транспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу боюнча); - транспорт каражаты үчүн "Транзит" мамлекеттик каттоо белгисин берүү; - номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалымкат берүү менен, керектен чыгаруунун натыйжасында транспорт каражаттарын каттоодон чыгаруу; - транспорт каражатынын электрондук паспорту жок болгон учурда, биринчи каттоонун жыйынтыгы боюнча транспорт каражатынын электрондук паспорту түзүлөт. Бул учурда арыз ээсинин каалоосу боюнча белгиленген үлгүдөгү көчүрмө берилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча (электрондук кезек системасы киргизилген жерлерде); Жарандардын имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кириши камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган (имараттар, жайлар). Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажаткана бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажаткана), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧЛ, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү маалымат такталарында жайгаштырылат. Жайлар өрт коопсуздук системалары менен жабдылган |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алганда документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектелген мөөнөт - 1 саат. Кезек күтүүнү эске алганда кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт. Кошумча текшерүүлөрдү талап кылуучу учурларда кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү автомототранспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет, мөөнөтүн узартуунун себептерин түшүндүрүү менен бул тууралуу керектөөчүгө кабарланат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (зарыл болгон маалыматтын тизмеси) жана стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: digital.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: portal.tunduk.kg; - аймактык каттоо бөлүмүндө, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда; - ыйгарым укуктуу органдын колл-борборунун телефону - 119 номери боюнча оозеки түрүндө; Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалыматты кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: digital.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылганда жана ыйгарым укуктуу органдын колл-борборунун телефону - 119 номери боюнча; - маалымат тактачалары, буклеттер жана брошюралар. Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын даректери жана иштөө режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: digital.gov.kg "Транспорт" бөлүмүндө жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүнүн эшиктерине маалымат такталары илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алышуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан төмөнкүлөр берилет: 1) транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн аймактык каттоо бөлүмдөрүнө төмөнкүлөр берилет: - идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же болбосо каттоо документи (каттоо талону), буга тышкы саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн); - Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар; - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага алып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк; - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналарынын жана техникаларынын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында маалыматтар жана/же транспорт каражаттарынын электрондук паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) көчүрмөсү жок болгон учурда, даярдоочу заводдун өндүрүү сертификаты, инвойс, транспорт каражатынын паспорту, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо барган өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражаты эсептен чыгарылгандыгын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болуучу башка документтер; - даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалымкаты же эсеп- фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтер; - Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары; - арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча аймактык каттоо бөлүмү тарабынан түзүлгөн, аймактык каттоо бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан жана аймактык каттоо бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт; - документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш- аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери. Ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды алгачкы каттоодо кошумча төмөнкүдөй документтер берилет: - ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды чогултуу процессин ырастаган документ; - техникалык регламенттин талаптарына шайкештигине сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген шайкештик сертификаты. 2) транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлерин кайра каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр берилет: - идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же болбосо каттоо документи (каттоо талону), буга тышкы саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт; - жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанция, төлөм тапшырмасы же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документ; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтери; - транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун ырастаган башка документтер; - зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты; - каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары; - арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча аймактык каттоо бөлүмү тарабынан түзүлгөн, аймактык каттоо бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан жана аймактык каттоо бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт; - түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш- аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери. Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска. Мында кыймылдуу мүлккө салык салыктык мезгилде бир жолу төлөнөт. Кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү салык төлөөчү салыктын суммасын төлөгөн шартта салыкты экинчи жолу төлөө үчүн негиз болуп саналбайт. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер; - жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражатына менчик укугу жөнүндө соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - мүлктү мурастоо укугу жөнүндө келишимдер, күбөлүктөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан (же) түзүлгөн башка документтер. 3) Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо/кайра каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор берилет. 4) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет. Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн же жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда, каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда, каттоо иш-аракеттери ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлгөн жерлердеги маалыматтык такталарда жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарына түздөн- түз кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл болгон маалыматтар жалпыга жеткиликтүү веб-баракта жайгаштырылган (онлайн интерактивдүүлүк баскычы 1) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген жана 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Төмөнкү транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт: - мүлккө карата камоого алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо; - нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер; - конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе; - өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары, тракторлордон, запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралгандар же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер; - "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган автотранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар; - карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы кыскартуусуз, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген документтердин, ошондой эле каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинен фотокөчүрмөлөр жана жарык көчүрмөлөрү) түп нускаларды алмаштыра албайт; - жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат; - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн транспорт каражаттарын кайра каттоого берүүдө; - транспорт каражаты издөөдө турганда; - Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн шайкештик сертификаты жок болгондо; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде; - Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоо мүмкүн болбогондо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоосунун идентификациялык белгиси бар конструкциясынын түзүмдүк бөлүгүн алмаштырууда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, керектөөчү белгиленген тартипте жогору турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан даттануу берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, арыз ээсинин аты-жөнүн, жооп жибериле турган почта дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".
| 3-тиркеме |
"
47. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу (камоого алуу, күрөөгө коюу) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-глава, 57-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук мекемеси, анын ичинде ведомстволук мекеменин аймактык каттоо бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык каттоо бөлүмү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Колдорунда соттордун, бажы органдарынын чечимдери (шарттуу түрдө чыгаруу), нотариалдык кеңселердин, финансы-банктык мекемелердин билдирмелери бар транспорт каражаттарынын менчик ээлери болуп эсептелген, менчигинин түрүнө жана жарандыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар же укуктары нотариалдык күбөлөндүрүлгөн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодекси; - Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодекси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жылдын 1 -июнундагы № 17 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо |
5 | Мамлекет кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик, жарандык-процесстик жана жарандык мыйзамдарына ылайык, ошондой эле банктардын жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын сунуштамалары боюнча транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга тыюу салуу жана чектөө коюу жөнүндө (коюу же алып салуу жөнүндө) маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча (электрондук кезек системасы киргизилген жерлерде). Жарандардын, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалган. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү маалымат такталарында жайгаштырылат. Жайлар өрт коопсуздук системалары менен жабдылган |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алганда документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 15 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектелген убакыт - 30 мүнөт. Кезек күтүүнү эске алганда кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 5 мүнөт. Убакыт транспорт каражатынын 1 бирдигине көрсөтүлдү |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (зарыл болгон маалыматтын тизмеси) жана стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: digital.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; portal.tunduk.kg; - аймактык каттоо бөлүмүнөн, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда; - оозеки түрүндө 119 номери боюнча (жеке жолугушуу учурунда, ыйгарым укуктуу органдын Телефондук тейлөө борборунун (колл-борбор) телефону боюнча). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалыматты кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гсзит. радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: digital.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иш режими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында digital.gov.kg "Транспорт" бөлүмүндө жайгаштырылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөө | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүнүн эшиктерине маалымат такталары илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Автотранспорт каражаттарына жана алардын чиркегичтерине ээлик кылууга чектөөлөрдү коюу үчүн (камоого алууга, күрөөгө коюу) жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөрдү беришет: - автотранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери болуп саналган жеке адамдардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, укугу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишенимдүү адамдарынын арызы; - күрөө келишимин күбөлөндүргөн банктык мекемелердин, кредиттик-финансылык уюмдардын, нотариустардын билдирмелери, ошондой эле күрөөлөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымдамасы; - транспорт каражатына ээлик кылууга чектөө коюу же алып салуу жөнүндө сот органдарынын, бажы органдарынын, укук коргоо органдарынын актылары; - юридикалык жактын өкүлүнө берген ишеним каты жана анын ким экендигин ырастоочу документ. Күрөөнү каттоо кеңселери, банктар жана микрокредиттик компаниялар күрөөнү тастыктоочу документти (күрөө жөнүндө келишимди) кошумча беришет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүчүсү электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлгөн жерлердеги маалыматтык такталарда жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (digital.gov.kg) жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү бекер |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарына түздөн-түз кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg) транспорт каражатына чектөөлөрдүн болушун кароо жана маалымкатты басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл болгон маалыматтар жалпыга жеткиликтүү веб-баракта жайгаштырылган (онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 1) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, керектөөчү белгиленген тартипте жогоруда турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдын атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан даттануу берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, арыз ээсинин аты-жөнүн, жооп жибериле турган почта дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".