Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин 2025-жылдын 16-июлундагы
№ 206 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана
социалдык өнүгүү министрлигинин
2019 ж.“28-” ноябры
№ 145 буйругуна 1-тиркеме
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө” Усулдук көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:
- 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө”;
- 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобого (мындан ары – Жобо) жана ушул Усулдук көрсөтмөлөргө ылайык берилет.
3. Усулдук көрсөтмөлөр аймактык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (мындан ары – ЭСӨБ) жана менчигинин формасына карабастан ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде иште колдонуу үчүн практикалык колдонмо болуп эсептелет.
4. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген келишимдин катышуучулары болуп эсептелген төмөндөгү мамлекеттердин:
- Россия Федерациясынын;
- Казакстан Республикасынын;
- Белорусь Республикасынын;
- Армения Республикасынын жарандары убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.
Жогоруда аталган мамлекеттердин жарандарына убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жалпы негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” мыйзамына жана ушул усулдук көрсөтмөлөргө ылайык дайындалат.
5. Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү Макулдашууларга кол коюлуп жана күчүнө киргенден кийин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү маалыматтар электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат.
Эгерде мамлекеттик органдар менен Макулдашууга кол коюлган болсо, анан ичинде Эмгек рыногунун маалымат тутуму аркылуу ички ведомстволук электрондук маалымат алмашуу, бирок кээ бир маалыматтар оцифровка болбосо, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо кагаз жүзүндө берилген, анын ичинде сканерден өткөрүлгөн жана ведомстволук электрондук почта аркылуу алынган документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Эгерде мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашуу тузүлгөн эмес болсо, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн тастыктаган документтер кагаз жүзүндө талап кылынат жана Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутуму (мындан ары - СЖКМТ) маалымат базасына киргизилет. Мында, документтер СЖКМТ басылып чыгат жана делого тиркелет.
СЖКМТ техникалык үзгүлтүккө учураганда дело кийинки маалыматты СЖКМТга киргизүү жана каттоо журналын түзүү менен кагаз түрүндө ишке ашат.
2-бөлүм. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөө
6. Жобонун 6-пунктуна ылайык убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы колдонулат.
Жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 токтому менен бекитилген Эмгек акыга кирүүчү кошумча акылардын тизмесине (мындан ары – Тизме) кирген төлөмдөр эсепке алынат (Жобонун 7-пункту).
Кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысын эсептөө үчүн убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калган күнгө чейинки же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдындагы акыркы үч ай ичиндеги эмгек акынын суммасы ушул мезгилдеги иш күндөрдүн санына (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген дем алыш жана иш эмес майрам күндөрдү кошпогондо) бөлүнөт.
1-мисал, эмгекке жарамсыздык баракчасы 2018-жылдын 5-июнунан баштап берилди. Бир күндүк орточо эмгек акысын эсептөө үчүн марттан баштап майга чейинки мезгили алынат, мында дем алыш күндөрү жана майрам күндөрү өндүрүштүк календарга ылайык кемитилет.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды эсептөөдө иш күндөрүнүн саны өндүрүштүк календарга жана иш убактысынын нормасына ылайык аныкталат.
Өндүрүштүк календар жана иш убактысынын нормасы жылына Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин буйругу менен бекитилет жана Министрликтин сайтында (www.mlsp.gov.kg) жана «Токтом мамлекет Про» маалыматтык-укуктук системасында жайгаштырылат.
2-мисал, эмгекке жарамсыздык баракчасы 2018-жылдын 17- сентябрынан баштап берилген.
Орточо күндүк эмгек акыны эсептейбиз.
Тизмеге ылайык эмгек акыны жана башка кошумча акылардын эсепке алуу менен эсептелген кызмат маянасы:
июнда – 9460 сом 21 иш күн үчүн,
июлда – 9460 сом 22 иш күн үчүн,
августта – 9460 сом 22 иш күн үчүн.
Үч айлык эмгек акы:
9460+9460+9460=28 380 сомду түзөт.
Орточо бир күндүк эмгек акы:
28 380 сом : 65 иш күнү = 436,62 сомду түзөт.
7. Эгерде кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында акы төлөнүүчү ар жылдагы негизги же кошумча өргүүдө жүргөн болсо, анда ушул өргүүлөргө чейинки үч айлык эмгек акысы эсепке алынат (Жобонун 10-пункту).
3-мисал, кызматкер 2018-жылдын 5-июнунан 10-июлуна чейин төлөнүүчү ар жылдык эмгектик өргүүдө болгон жана 11-июлда жумушка чыгыш керек болчу. Бирок ал жумушка чыккан жок, себеби ооруп калды/кош бойлуулук жана төрө боюнча өргүүгө чыкты, натыйжада ооруган/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдөгү бардык мезгили үчүн иш берүүчүгө эмгекке жарамсыздык баракчасын берди. Бул учурда орточо эмгек акыны эсептөөдө ушул өргүүлөргө чейинки үч айлык эмгек акысы б.а. март, апрель, май айындагы эмгек акысы эсепке алынат.
8. Эгерде кызматкер үч айдын ичинде толук эмес эмгек акы алса же убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдында үч айдан кем иштеген болсо, анда бир күндүк орточо эмгек акы иш жүзүндө эсептелген эмгек акыны иш жүзүндө иштеген иш күндөрүнө бөлүү жолу менен эсептелет (Жобонун 14-пункту).
4-мисал, кызматкер 2018-жылдын 17-сентябрында ишке орношкон, ал эми 29-октябрда ооруп калды/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыкты. Бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөө үчүн сентябрь – октябрь айларында иштеген иш күндөрү үчүн алган факт жүзүндөгү эмгек акы алынат жана ушул иш күндөрүнө бөлүнөт.
Эгерде кызматкердин сентябрь айында иштеген күндөрү үчүн эмгек акысы – 5400 сомду, октябрь айында – 9000 сомду түзсө, анда факт жүзүндө эсептелген эмгек акы бул мезгил үчүн:
5400 сом+9000 сом = 14 400 сом түзөт.
Сентябрь айындагы иш күндөрүнүн саны – 10 күн;
Октябрь айындагы иш күндөрүнүн саны – 20 күн;
Факт жүзүндө иштеген мезгилдин жалпы иш күндөрүнүн саны – 30 күн.
Бир күндүк орточо эмгек акынын өлчөмү:
14 000 сом : 30 иш күнү = 480 сом.
9. Эгерде кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсү, кварталдык/жылдык сыйлык эсептелген мезгилге чейин башталган болсо, ушул сыйлыктар тиешелүү мезгил үчүн (квартал/жыл) бир күндүк орточо эмгек акыны аныктоо үчүн эмгек акынын факт жүзүндөгү эсебине кирет (Жобонун 17-пункту).
Ушуга байланыштуу, мурда кварталдык/жылдык сыйлыктарды эсепке албастан эсептелген алгачкы он иш күнү үчүн жөлөкпулду эсептөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы кайра эсептелүүгө тийиш.
5-мисал, кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсү 2018 – жылдын 26-ноябрында башталган, ал эми 2018-жылдын 28-декабрында уюмдун бардык кызматкерлерине бир эмгек акы өлчөмүндө сыйлык акы берилген. Эгерде кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөнө элек болсо, анда анын эсептөөсү бир күндүк орточо эмгек акыны өзгөрүлгөн сыйлык акыны кошуу менен эсептелиши керек. Эгерде кызматкерге жөлөкпул чектелген жана төлөнгөн болсо, анда керектүү үстөк акыны эсепке алуу менен жөлөкпулдун суммасы кайра эсептелет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө киреше салыгы салынбайт жана камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт.
3-бөлүм. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулга укугун аныктоо жана дайындоо тартиби
§ 3.1. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулга укук
10. Иш берүүчү менен эмгек келишиминде турган кызматкер (мындан ары – кызматкер) эмгек келишими пайда болгон күндөн тартып эмгек келишими аяктаган күнгө чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга укуктуу (Жобонун 21-пункту).
6-мисал, кызматкер иш берүүчү менен 31-мартка чейин эмгек мамилелерде турган. 1-апрелден тартып өз каалоосу менен жумуштан бошотулган. Кызматкерди иштен бошотуу буйругуна 29-мартта кол коюлган, ал эми 30-мартта кызматкер ооруп калды жана апрель айында эмгекке жарамсыздык баракчасын тапшырды. Бул учурда кызматкер иш берүүчү менен эмгек мамиледе тургандыгына байланыштуу, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эки иш күнү үчүн, б.а. 30 жана 31-март үчүн дайындалат жана төлөнөт. Кызматкердин калган ооруган күндөрү үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул дайындалбайт, себеби 1-апрелден тартып кызматкердин иш берүүчү менен эмгек мамилелери бузулган.
11. Өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн ишкерлер, дыйкан (фермер) чарбалардын мүчөлөрү (мындан ары – ДФЧ) убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга укугу жок.
12. Расмий жумушсуздар убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга укугу жок.
§ 3.2. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү документтер
13. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн негизги документ болуп эмгекке жарамсыздык баракчасы саналат. Бирок, кээ бир учурларда кызматкерден кошумча документтерди талап кылынышы мүмкүн. Бул документтер эгерде кызматкер аныкталган бир категорияга кирсе (өзгөчө сиңирген эмгектери бар – мисалы жоокер интернационалист болсо, Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюучу болсо, мамлекеттик сыйлыктары бар болсо, ошондой эле кызматкердин коркунучтуу оорулары болсо, нурлануу дартына чалдыккан болсо ж.б.). Кызматкерлердин категорияларынын жана кошумча документтердин тизмеси Жобонун 23-пунктунда каралган. Кошумча документтер убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн эсептөө үчүн керек, себеби айрым кызматкерлердин жөлөкпулунун өлчөмү жогору болот.
7-мисал, кызматкердин жалпы стажы жети жылды түзөт (ал аскердик кызматын Афганистанда өтөп келген же башка мамлекеттерде согуш аракеттерине катышкан, б.а. Афган согушунун катышуучусу, 2-топтогу майыптыгы бар), эгер ал согуштун майыбы кубөлүгүнүн көчүрмөсүн же белгиленген үлгүдөгү жеңилдиктерге укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берсе, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү бардык иш күндөрү үчүн орточо эмгек акынын 100% эсебинен эсептелет.
§ 3.3. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби
14. Иш берүүчү дайындалган убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду эсепке алуу үчүн өз алдынча каттоо журналын ачат. Каттоо журналы тигилип, ал эми анын барактары номерлениши керек.
15. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул кызматкерге иш берүүчү менен эмгектик келишим түзүлгөн (эмгек китепчеси турган) негизги иштеген жери боюнча дайындалат (Жобонун 27-пункту).
8-мисал, кызматкер Илимдер Академиясында эмгектик мамиледе турат, ошол эле жерде анын эмгек китепчеси турат. Бир жумада бир нече жолу кызматкер ЖОЖдын биринде лекция окуйт. Кызматкер ооруп калган учурда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул Илимдер Академиясында дайындалышы керек, б.а. негизги иштеген жери боюнча, кызматкердин эмгек китепчеси турган жерде.
16. Эгерде кызматкер эки эмгекке жарамсыздык баракчасын берсе (эмгекке жарамсыздыктын алгачкы баракчасы жана эмгекке жарамсыздыктын баракчасынын уландысы), анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул уландысы катары бир негизде дайындалат (Жобонун 31-пункту).
9-мисал, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 токтому менен бекитилген Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча Нускаманын 25-пунктуна ылайык, эгерде кызматкер узакка созулган оору менен ооруса жана кезектеги эмгек акыны төлөө убактысына карата эмгекке жарамсыздыгы сакталып турган болсо, дарыгер “узартуу” эмгекке жарамсыздык баракчасын берет, ал эми биринчи баракчанын “жумушка чыгуу” графасында "узартылышы" белгиси көрсөтүлөт.
Мындай учурда жөлөкпул эмгекке жарамсыздыктын биринчи баракчасын көрсөтүү менен дайындалышы мүмкүн, бирок мында кызматкер тарабынан эмгекке жарамсыздык баракчасынын узартуусун бергенде жөлөкпул ага мурда эле дайындалган жөлөкпулдун уландысы катары дайындала турганын эске алуу керек.
10-мисал, ооруп жаткан кызматкер кайрадан кезектеги эмгек акыны берүү мезгилине карата оорунун узактыгын (убактылуу эмгекке жарамсыздык) көрсөтүү менен 2018-жылдын 16-апрелинен 30-апрелине чейин биринчи эмгекке жарамсыздык баракчасын берди.
Кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы – 400 сом;
Эмгек тажрыйбасы – 9 жыл.
Биринчи он иш күнү үчүн жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 16-апрелден 27-апрелге чейин (21, 22, 28, 29 апрель күндөрү дем алыш күндөрүнө туш келгендигин эске алуу менен): 400 сом * 10 иш күнү = 4000 сомду түзөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып жөлөкпулунун өлчөмү, б.а. 30 апрель үчүн айына 50 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө эсептелет, б.а. 5000 сом жана:
5000 сом : 20 иш күнүнө (7 апрель майрам күнү) = 250,0 сомду түзөт.
Ооруган 11 иш күнү үчүн жөлөкпулдун жалпы өлчөмү:
4000 сом + 250,0 сом = 4250,0 сом.
Май айында кызматкер 1-майдан 10-майга чейин эмгекке жарамсыздык баракчасынын, 11 майдан тартып жумушка чыгууну көрсөтүү менен уландысын берди.
Калган күндөрү үчүн эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул айына 50 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө дайындалат, б.а. уландысы катары: 250,0 сом * 6 иш күнүнө =1500,0 сом.
17. Эгерде кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан кийин ишке чыгып, кийинки күнү кайра ооруп калса жана ага жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасы ачылса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жаңы ачылган жагдайлар катары дайындалат. Ошондой эле, эгерде кызматкер адегенде өзү убактылуу эмгекке жарамсыз болсо, ал эми дарылануусу аяктагандан кийин (эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан кийин) ишке чыгууга үлгүрбөстөн, ооруп калган үй-бүлө мүчөсүн кароо боюнча жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасын ачса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жаңыдан ооруган жагдай катары дайындалат (Жобонун 30-пункту).
11-мисал, кызматкер 2018-жылдын 2-апрелинен 13-апрелине чейин созулган оорудан кийин ишке 2018-жылдын 16-апрелинде жумушка чыкты, ал эми 17-апрелден 27-апрелге чейин кайра ооруп калып жана жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасын ачты. Бул учурда, Жобонун 16-пунктунан айырмасы, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул кызматкерге уландысы катары эмес, эки жолу төлөнүп берилет:
Кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы – 400 сом;
Эмгек тажрыйбасы – 9 жыл.
Биринчи эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жөлөкпулдун өлчөмү:
Биринчи он иш күнү үчүн, б.а. 2нен 13 апрелге чейин (7, 8, 14, 15 апрель күндөрү майрам жана дем алыш күндөрүнө туш келегенин эске алуу менен):
400 сом * 10 иш күн = 4000 сомду түзөт.
Экинчи эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жөлөкпулдун өлчөмү:
Биринчи тогуз иш күнү үчүн, б.а. 17-апрелден 27-апрелге чейин (21, 22, 28, 29- апрель күндөрү дем алыш күндөрүнө туш келегенин эске алуу менен):
400 сом х 9 иш күн = 3600 сомду түзөт.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун жалпы өлчөмү:
4000 сом + 3600 сом = 7600 сомду түзөт.
18. Эгерде кызматкер иштен бошотулган же камакка алынган болсо, бирок Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин алкагында өткөрүлгөн тергөө учурунда кызматкер мыйзамсыз иштен бошотулганы же камакка алынганы аныкталып жана кызматкердин укугу калыбына келтирилген болсо, анда бул учурда, кызматкер иштен мыйзамсыз бошотулган же камакка алынган мезгилинде берилген эмгекке жарамсыздык баракчасын берсе убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул ага жалпы негизде дайындалышы керек (Жобонун 34-пункту).
12-мисал, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген кызматкер 2018-жылдын 10-мартынан тартып жумуш ордунда узак мөөнөткө жоктугунан улам иш берүүчү тарабынан жумуштан бошотулган. Кийин кызматкер тиешелүү документтер менен ырасталган медициналык реабилитациядан өткөндүгү аныкталды.
Иш жүзүндө калыбына келтирилген күн 2018 жылдын 3-майы.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы 2018-жылдын 1-мартынан тартып 20-апрелине чейинки мезгилге берилген.
Бул учурда, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул 1-марттан 20- апрелге чейин кызматкерге жалпы негизде дайындалат.
19. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул кызматкерге негизги иштеген жери боюнча бардык иш күндөрү үчүн иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт (Жобонун 4-§).
20. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон, иштеп жаткан, ошондой эле түзөтүү иштерине соттолгон, иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган адамдарга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жалпы негизде берилет (Жобонун 5-пункту).
Эгерде алар иш берүүчү менен эмгек мамилелерде турбаган болсо, анда аталган жөлөкпулдар аларга дайындалбайт.
21. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен аларды дайындоо жөнүндө кайрылуу берилген учурда дайындалат жана төлөнөт (Жобонун 4-пункту).
13-мисал, кызматкерге 2018-жылдын 7-февралынан 9-февралына чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасында 2018-жылдын 10-февралында ишке чыгуу көрсөтүлгөн, бирок белгисиз себептер менен кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын иш берүүчүгө 2018-жылдын 9-августунда берди. Бул учурда, кызматкер аталган иш күндөрү үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.
Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы алты ай өткөндөн кийин, б.а. 2018-жылдын 9-августунан кийин берилсе, анда кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
22. Иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча өз убагында дайындалбаган жана/же төлөнбөгөн убактылуу эмгекке жарамсыздык жөлөкпул өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөт менен чектелбестен толук көлөмдө иш берүүчүнүн каражатынын эсебинен төлөнөт (Жобонун 93-пункту).
4-бөлүм. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду укугун аныктоо тартиби жана дайындоо үчүн керектүү документтер
§ 4.1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укук
23. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укук Жобонун 50-52-пункттарына ылайык аныкталат.
24. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого:
- кызматкер негизги иштеген жери боюнча;
- жеке ишкер, анын ичинде патент боюнча иштегендер, катталган жериндеги/иш жүзүндө жашаган жериндеги/экономикалык ишти жүргүзгөн жериндеги ЭСӨБна;
- ДЧнын мүчөсү катталган/убактылуу катталган жериндеги/жер үлүшүн катталган жериндеги ЭСӨБна;
- расмий жумушсуз туруктуу жашаган жери боюнча ЭСӨБна (аймактык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрү ортосунда ички ведомстволук электрондук маалымат алмашуу жана Эмгек рыногунун маалымат тутуму толук күчүнө киргенден кийин иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат) кайрылат.
14-мисал, жеке ишкер Сокулук районунда катталган, иш жүзүндө Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашайт, ал эми экономикалык ишмердигин Бишкек шаарынын Ленин районунда жүргүзөт. Кош бойлуу учурунда ал Ленин райондук/Октябрь райондук же Сокулук райондук ЭСӨБна кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз менен кайрылса болот.
15-мисал, аялдын Нарын областынын Ак-Талаа районунда жер үлүшү бар, ал эми өзү Бишкек шаарынын Ленин районунда жашайт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн ал жашаган жери боюнча Ленин районунун ЭСӨБна же жер үлүшү катталган жери боюнча Ак-Талаа ЭСӨБна кайрылса болот.
Мында, эгерде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Ленин райондук ЭСӨБгы тарабынан дайындалса, анда жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициенти жок аныкталат, ал эми эгерде жер үлүшү катталган жери боюнча Ак-Талаа ЭСӨБна кайрылса, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул райондук коэффициентти эсепке алуу менен дайындалат.
16-мисал, Жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу бар расмий жумушсуз туруктуу жашаган жери боюнча Ат-Башы районунда катталган, иш жүзүндө Тоң районунда жашайт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн арыз ээси иш жүзүндө жашаган жери боюнча, б.а. Ат-Башы райондук ЭСӨБна кайрылат.
СЖКМТ жана Эмгек рыногунун маалымат тутуму ортосундагы ички ведомстволук электрондук маалымат алмашуу күчүнө киргенден кийин арыз ээси туруктуу жашаган жери боюнча, ошондой эле иш жүзүндө жашаган жери боюнча кайрылса болот, б.а. ушул мисалдагы Тоң ЭСӨБна. Мында жумушсуздук статусун ырастоо жөнүндө маалымкаттын жана анын жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугун Тоң ЭСӨБ СЖКМТ маалымат базасы аркылуу Ат-Башы ЭСӨБ алат.
Арыз ээсин жумушсуз катары эсепке алууда, арыз ээсинин өздүк маалыматтары Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизилип автоматтык режимде СЖКМТ транспорттоштурулат.
Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык “Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар кош бойлуулук мезгилинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте жөлөкпул алууга укуктуу”.
Ушуга байланыштуу, расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укук жумушсуздук боюнча жөлөкпул укугу белгиленгенден кийин аныкталат жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөдөн көз каранды эмес.
Эгерде расмий жумушсуздун жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу жок болсо, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалбайт.
25. Кыргыз Республикасынын “Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө” Мыйзамдын 2-беренесине ылайык дыйкан чарбасы юридикалык жак катары тиешелүү каттоо органында, болбосо, эгерде дыйкан чарбасы өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырса, жеке ишкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелер боюнча мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын негизинде пайдалануу укугу/жер үлүшүн/участогун ижарага алуу укугуна күбөлүгү бар, бирок жеке ишкердин мамлекеттик каттосу жөнүндө күбөлүгү жок жарандар кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
Саламаттык сактоо органдары тарабынан берилген убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилгенден кийин салык органдарынан каттоодон өткөн ДФЧнын мүчөлөрү кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
17-мисал, жер үлүшү бар, бирок ДФЧнын мүчөсү болбогон, б.а. жеке ишкердин мамлекеттик каттосу жөнүндө күбөлүгү жок кош бойлуу аялга 2018-жылдын 9-ноябрында убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, ал эми 2018-жылдын 12-ноябрында ДФЧ салык органында каттоодон өтүп жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгүн алат.
Бул учурда, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алгандан кийин ДФЧ салык органдарынан каттоодон өткөндүгүнө байланыштуу аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
“Кайрылман” статусун далилдеген күбөлүгү бар кош бойлуу этностук кыргыздар кайрылган учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жалпы негизде дайындалат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн СЖКМТ маалымат базасына арыз ээсинин идентификациялык жеке номерин киргизүү талап кылынат.
Эгерде ЕАЭС Келишимдин катышуучу мамлекеттердин жараны Кыргыз Республикасында иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турса, анда идентификациялык жеке номерди ыйгарууга кызматкер идентификациялык жеке номерди ыйгаруучу жана өзгөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу керек.
§ 4.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү документтер
26. Кызматкерлерге, жеке ишкерлерге, ДФЧнын мүчөлөрүнө жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоо үчүн негиз болуп Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун 53-56-пункттарында көрсөтүлгөн аныктоочу документтер саналат.
2016-жылдын 1-январына чейин аймактык мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр, салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтар (FORM STI-024) бар болсо ал жарактуу болуп саналат.
5-бөлүм. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо жана дайындоо тартиби
§ 5.1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо тартиби
27. Кызматкер кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн иш берүүчүгө убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын берет.
Иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн бардык иш күндөрү үчүн өздүк каражатынын эсебинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындайт жана төлөйт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып төлөнгөн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орду ЭСӨБна Жобонун 81-83-пункттарына ылайык өтүнмө берилгенден кийин иш берүүчүнүн алыш-бериш эсебине республикалык бюджеттин каражатынан толтурулат.
Иш берүүчү республикалык бюджеттин каражатынын ордун толтуруу үчүн аймактык бөлүмгө арыз бербестен эле кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду толук өлчөмүндө өз каражатынын эсебинен төлөп берүүгө укуктуу.
28. Дайындалган жана төлөнгөн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды эсепке алуу үчүн иш берүүчү өз алдынча каттоо журналын ачат. Каттоо журналы тигилип, ал эми анын барактары номерлениши керек.
29. Жеке ишкерлер, ДФЧнын мүчөлөрү, расмий жумушсуздар кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн ЭСӨБ бул Методикалык көрсөтмөлөр менен белгиленген үлгүдөгү арыз менен кайрылат (2-тиркеме).
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого арыз (электрондук) Жобонун 53-56-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин толук пакети бар болгондо гана толтурулат.
Арызды (электрондук) толтургандан кийин, арыз ээси кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү шарттары менен таанышат жана арызга кол коет. Арыз ээсине каттоо номерин, датасын көрсөтүү менен арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат-кабарландыруу берилет.
ЭСӨБ адиси арыз ээсинин маалыматтарын СЖКМТ маалымат базасына киргизет. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга юридикалык жактын Өтүнмөсүн каттоо журналын (электрондук) (4-тиркеме) жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө боюнча жеке жактардын Арыздарын каттоо журналын (электрондук) (5-тиркеме) СЖКМТ аркылуу толтурат. Журналдарда катталган Өтүнмөлөр жана Арыздар айдын аягында ай сайын басып чыгарылыт жана тиешелүү папкаларга тиркелет.
30. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкер жалданган кызматкерге төлөнгөн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун ордун толтурууга ЭСӨБна кайрылган учурда жеке ишкер Өтүнмөгө жалданган кызматкердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо алдындагы үч айлык эмгек акысын, жалданган кызматкер менен эмгек келишимин, жалданган кызматкерге эмгек акыны эсептелген жана төлөнгөндүгүн далилдеген документ, ошондой эле салыктык жана/же эсептик каттоо жери боюнча салык органдарына берилген киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттордун көчүрмөлөрүн тиркеши керек.
Жогорудагы документтер жок болгон учурда, ЭСӨБ тарабынан жеке ишкерге 11-жумуш күндөн тартып кызматкерге төлөнгөн сумманын ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.
31. Жеке ишкерлердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укугу жеке ишкер мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндөн кийинки күндөн тартып башталып ишкердик жүргүзүүсү токтотулган күндө бүтөт (Жобонун 50-пункту).
Патент боюнча иштеген жеке ишкерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү патентти колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен аныкталат, б.а. убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу астында мурдагы үч ай үчүн жеке ишкердин колдонуудагы патенти болуш керек.
18-мисал, жеке ишкерге кош бойлуулукка байланыштуу 2018-жылдын 12-июнунан 2018-жылдын 15-октябрына чейин, б.а. 126 календарлык күнгө убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди. Патенттин мөөнөтү 2018-жылдын 16-мартынан 2019-жылдын 16-апрелине чейин.
Бул учурда жеке ишкер кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алууга укугу бар.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Июнь | 19 | 0 | 0 | 4 |
Июль | 31 | 9 | 0 | 21 |
Август | 31 | 8 | 1 | 22 |
Сентябрь | 30 | 10 | 0 | 20 |
Октябрь | 15 | 4 | 0 | 11 |
Бардыгы: | 126 | 31 | 1 | 78 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн иш күндөрү, б.а. 2018-жылдын 26-июнунан тартып 78 күндү түздү.
Жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкү тартипте аныкталат:
- июнда – 19 иш күнү = 1000/19 = 52,63 сом бир күндө*4 иш күнү= 210,52 сом;
- июлда – 21 иш күнү = 1000 сом айына;
- августта – 22 иш күнү =1000 сом айына;
- сентябрда – 20 иш күнү = 1000 сом айына;
- октябрда –15 иш күнү = 1000/15 иш күнү = 66,66 сом бир күндө*11 иш күнү = 733,26 сом айына.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 2018-жылдын 26-июлунан 2018-жылдын 15-октябрына чейин (210,52+1000+1000+1000+733,26) = 3943,78 сомду түзөт.
§ 5.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо тартиби
32. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн бардык иш күндөрү үчүн дайындалат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мөөнөтү Жобонун 61-пунктунда аныкталган.
33. Иш берүүчү убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мезгили үчүн иш күндөрүнүн санын жана бардык иш күндөрү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктайт:
- алгачкы он иш күн үчүн – кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдындагы үч айдагы бир күндүк орточо эмгек акыны он иш күнгө көбөйтүү жолу менен иш берүүчүнүн өз каражатынан;
- он биринчи иш күнүнөн тартып ай сайын 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражатынан.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөдө кызматкердин эмгек акысынын факт жүзүндөгү суммасына эмгек акыга кирүүчү кошумча акылардын Тизмесине кирген төлөмдөр эсепке алынат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн орточо бир күндүк эмгек акыны эсептөө Жобонун 2-бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт.
19-мисал, беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерге 126 календарлык күнгө – 2019-жылдын 1-февралынан 2019-жылдын 6-июнуна чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун алгачкы он иш күнү үчүн, б.а. 2019-жылдын 1-февралынан 14-февралына чейин иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөгө иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат.
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Февраль | 14 | 4 | 1 | 9 |
Март | 31 | 10 | 2 | 19 |
Апрель | 30 | 8 | 1 | 21 |
Май | 31 | 8 | 3 | 20 |
Июнь | 6 | 2 | 0 | 4 |
Бардыгы: | 112 | 32 | 7 | 73 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү б.а. 2019-жылдын 15-февралынан 6-июнуна чейин ай сайын 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (1000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
февралда – 1000/19 иш күнү = 52,63* 9 иш күнү = 473,67 сом бир айда;
мартта –19 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
апрелде – 21 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
майда – 20 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
июнда – 1000/20 иш күнү үчүн = 50 сом бир күндө* 4 иш күнүнө = 200 сом бир айда.
Республикалык бюджеттин каражатынан ордун толтура турган кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (473,67+1000+1000+1000+200) = 3673,67 сомду түздү.
20-мисал, беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерге 126 календарлык күнгө, 2018-жылдын 17-сентябрынан 2019-жылдын 20-январына чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди. Бирок 2018-жылдын июль айында ал иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилген эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн.
Бул учурда Жобонун 70-пунктуна ылайык, кызматкер иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилген эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн кездеги иш күндөрү алынбайт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
Тизмеде көрсөтүлгөн бардык кошумча акыларды эске алуу менен кызматкердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнү тариздөө алдындагы үч айлык эмгек акысы июнда 21 иш күнү үчүн – 6500 сом, июлда 22 иш күнү үчүн – 0 сом, августта 22 иш күнү үчүн – 6500 сом:
- эмгек акы (6500+0+6500) = 13 000 сом;
- иш күнүнүн саны (21+22+22) = 65 күн.
Кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы (13 000/65) = 200 сомду түздү.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулиш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөгө иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат.
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Сентябрь | 14 | 4 | 0 | 10 |
Октябрь | 31 | 8 | 0 | 23 |
Ноябрь | 30 | 8 | 2 | 20 |
Декабрь | 31 | 10 | 0 | 21 |
Январь | 20 | 6 | 2 | 9 |
Бардыгы: | 126 | 36 | 4 | 83 |
Биринчи он иш күнү үчүн, б.а. 2018-жылдын 17-сентябрынан 28-сентябрына чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү: 200,00 сом * 10 иш күнү = 2000 сом.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2018-жылдын 29-сентябрынан 2019-жылдын 20-январына чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ай сайын 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (1000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
октябрда – 23 иш күнү үчүн = 1000 сом айына;
ноябрда – 20 иш күнү үчүн = 1000 сом айына;
декабрда – 21 иш күнү үчүн = 1000 сом айына;
январда – 9 иш күнү үчүн = 1000/18 иш күнүнө = 55,55 сом бир күндө* 9 иш күнүнө = 499,95 сом айына.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (1000+1000+1000+499,95) = 3499,95 сомду түзөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун жалпы өлчөмү (2000+3499,95 сом) = 5499,95 сом.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү 70-пункта көрсөтүлгөн башка учурларда дагы ушундай эле тартипте аныкталат.
21-мисал, беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерге 126 календарлык күнгө 2018-жылдын 17-сентябрынан 2019-жыдын 20-январынан чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
2018-жылдын 12-июнунан 23-июнуна чейин ал кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн.
Бул учурда Жобонун 71-пунктуна ылайык кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн иш күндөрү эсепке алынбайт.
Ошентип бардык кошумча акыларды кошкондо мурунку үч ай үчүн эмгек акы июнда – 12 иш күнү үчүн 3545 сом, июлда – 21 иш күнү үчүн 6500 сом, августта – 22 иш күнү үчүн 6500 сом эсептелди.
эмгек акы (3545+6500+6500) = 16 545 сом;
иш күндөрүнүн саны (12+22+22) = 56 иш күн.
Кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы (16545/56) = 295,44 сомду түздү.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөгө иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат.
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Сентябрь | 14 | 4 | 0 | 10 |
Октябрь | 31 | 8 | 0 | 23 |
Ноябрь | 30 | 8 | 2 | 20 |
Декабрь | 31 | 10 | 0 | 21 |
Январь | 20 | 6 | 2 | 9 |
Бардыгы: | 126 | 36 | 4 | 83 |
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 2018-жылдын 17 - сентябрынан 28-сентябрына чейин: 295,44 сом * 10 иш күнү = 2954,40 сом.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2018-жылдын 29-сентябрынан 2019-жылдын 20-январына чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ай сайын 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (1000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
октябрда – 23 иш күнү үчүн = 1000 сом айына;
ноябрда – 20 иш күнү үчүн = 1000 сом айына;
декабрда – 21 иш күнү үчүн = 1000 сом айына;
январда – 9 иш күнү үчүн = 1000/18 иш күнүнө = 55,55 сом бир күндө* 9 иш күнүнө = 499,95 сом айына.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (1000+1000+1000+499,95) = 3499,95 сомду түзөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун жалпы өлчөмү (2954,40+3499,95 сом) = 6454,35 сомду түзөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү 71-пункта көрсөтүлгөн башка учурларда дагы ушундай эле тартипте аныкталат.
22-мисал, беш күндүк иш жумасында бийик тоолу шарттарда жашаган жана иштеген, райондук коэффициенти = 1,15, кызматкерге, 140 календарлык күнгө, б.а. 2018-жылдын 5-ноябрынан 2019-жылдын 24-мартына чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө тариздөөнүн алдында мурунку үч айлык эмгек акы райондук коэффициентти эсепке албаганда июлда 22 иш күнү үчүн 6000 сом, сентябрда 20 иш күнү үчүн – 6000 сом, октябрда 23 иш күнү үчүн – 6000 сомду түздү.
2018-жылдын август айында кызматкер кезектеги эмгек өргүүсүндө болду.
Жобонун 10-пунктуна ылайык эгерде кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында акы төлөнүүчү ар жылдагы негизги же кошумча өргүүдө жүргөн болсо, анда ушул өргүүлөргө чейинки үч айлык эмгек акысы эсепке алынат.
Үч ай үчүн орточо бир күндүк эмгек акы (18000/65) * 1,15 = 318,46 сомду түздү.
Ошентип, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун биринчи он күнү үчүн, б.а. 2018-жылдын 5-ноябрынан 20 - ноябрына чейин 318,46 * 10 иш күнү = 3184,60 сомду түздү, иш берүүчүнүн өздүк каражатынан төлөнөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2018-жылдын 21 ноябрынан 2019-жылдын 24-мартына чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү орточо бир күндүк эмгек акынын өлчөмүндө (318,46 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
ноябрда – 8 иш күнү үчүн = 318,46 * 8 = 2547,68 сом бир айга;
декабрда – 21 иш күнү үчүн = 6687,66 сом бир айга;
январда – 21 иш күнү үчүн = 6687,66 сом бир айга;
февралда – 19 иш күнү үчүн = 6050,74 сом бир айга;
мартта – 14 иш күнү үчүн = 4458,44 сом бир айга.
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Ноябрь | 10 | 2 | 0 | 8 |
Декабрь | 31 | 10 | 0 | 21 |
Январь | 31 | 8 | 2 | 21 |
Февраль | 28 | 8 | 1 | 19 |
Март | 24 | 8 | 2 | 14 |
Бардыгы: | 124 | 36 | 5 | 83 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (2547,68+6687,66+6687,66+6050,74+4458,44) = 26432,18 сомду түзүп иш берүүчүгө республикалык бюджеттин каражатынан орду толтурулат.
23-мисал, беш күндүк иш жумасында бийик тоолу шарттарда жашаган жана иштеген кызматкерге 140 календарлык күнгө, б.а. 2018-жылдын 5-ноябрынан 2019-жылдын 24-мартына чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, райондук коэффициент = 1,20.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө тариздөөнүн алдында мурунку үч айлык эмгек акы райондук коэффициентти жана Тизмеде көрсөтүлгөн бардык кошумча акыларды эсепке алуу менен сентябрда 20 иш күнү үчүн 28 278,35 сом, октябрда 23 иш күнү үчүн 27 042,83 сом, ноябрда 20 иш күнү үчүн – 27 267,47 сомду түздү.
Үч ай үчүн орточо бир күндүк эмгек акы 82588,65/63 = 1310,93 сомду түздү.
Ошентип, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун биринчи он күнү үчүн, б.а. 2018-жылдын 1-декабрынан 14-декабрына чейин 1310,93*10 иш күнү = 13109,93 сомду түзүп иш берүүчүнүн өздүк каражатынан төлөнөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Декабрь | 15 | 4 | 0 | 11 |
Январь | 31 | 8 | 2 | 21 |
Февраль | 28 | 8 | 1 | 19 |
Март | 31 | 10 | 2 | 19 |
Апрель | 19 | 4 | 1 | 14 |
Бардыгы: | 124 | 34 | 6 | 84 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2018-жылдын 17-декабрынан 2019-жылдын 19-апрелине чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү орточо бир күндүк эмгек акынын (1310,93 сом) өлчөмүндө төмөнкү тартипте аныкталат:
- декабрда – 11 иш күнү үчүн = 1310,93*11 иш күнү = 14 420,23 сом бир айда;
- январда – 21 иш күнү үчүн = 27 529,53 сом бир айда;
- февралда – 19 иш күнү үчүн = 24 907,67 сом бир айда;
- мартта – 19 иш күнү үчүн = 24 907,67 сом бир айда;
- апрелде – 14 иш күнү үчүн = 18 353,02 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (14420,23+27529,53+24907,67+24907,67+18353,02) = 110 118,12 сомду түзүп иш берүүчүгө республикалык бюджеттин каражатынан орду толтурулат.
24-мисал, беш күндүк иш жумасында бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген кызматкерге 140 календарлык күнгө, б.а. 2018-жылдын 17-сентябрынан 2019-жылдын 3-февралына чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, райондук коэффициент = 1,50.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилген учурда кызматкер 3 жашка чейин баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Сентябрь | 14 | 4 | 0 | 10 |
Октябрь | 31 | 8 | 0 | 23 |
Ноябрь | 30 | 8 | 2 | 20 |
Декабрь | 31 | 10 | 0 | 21 |
Январь | 31 | 8 | 2 | 18 |
Февраль | 3 | 2 | 0 | 1 |
Бардыгы: | 140 | 40 | 4 | 93 |
Бул учурда кызматкер кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кайрадан кетип жатат, ошого байланыштуу кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү 65-пункта ылайык аныкталат, б.а. бала багуу боюнча өргүүгө чыккан учурга карата штаттык санда же эмгектик келишимде белгиленген кызматтык маяна (чен) алынат.
Бала багуу боюнча өргүүгө чыккан учурга карата райондук коэффициентти жана кошумча акыларды эсепке албаганда кызматкердин кызматтык маянасы бир айда 7500 сомду түзөт.
Иш күндөрү:
- июнда – 21 иш күн;
- июлда – 22 иш күн;
- августта – 22 иш күн.
Мурунку үч ай үчүн кызматтык маяна (7500 * 3 ай) = 22500 сом. Иш күндөрүнүн саны (21+22+22)= 65 иш күнү.
Орточо бир күндүн эмгек акыны аныктайбыз – 22500/65 = 346,15 сом бир күндө.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 2018-жылдын 17-сентябрынан 27-сентябрына чейин (346,15 сом * 10 иш күнү) = 3461,50 сом иш берүүчүнүн каражатынан төлөнөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 2018-жылдын 28-сентябрынан 2019-жылдын 3-февралына чейин, 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (айына 1000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
сентябрда – 10 иш күнү үчүн = 1000/20 иш күнүнө = 50,00 сом бир күндө * 10 иш күнүнө = 500,00 сом бир айда;
октябрда – 23 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
ноябрда – 20 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
декабрда– 18 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
январда – 21 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
февралда – 1 иш күнү үчүн = 1000/20 иш күнүнө = 50,00 * 1 иш күнүнө = 50,00 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (500,00+1000+1000+1000+1000+50,00) = 4550,00 сом, республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
Аял ишке эрте чыккан учурда, б.а. бала 3 жашка чыга электе жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү кайрадан таризделсе, жөлөкпулдун өлчөмү Жобонун 65-пунктуна ылайык, б.а. 24-мисалга ылайык эсептелет.
25-мисал, бала 2018-жылдын 25-апрелинде төрөлгөн, беш күндүк иш күнү боюнча иштеген кызматкер аны 2018-жылдын 25-июнунда эки ай курагында асырап алган. Эмгекке жармасыздык баракчасынын негизинде кызматкер баланы асырап алган күндөн тартып, б.а. 2018-жылдын 25-июнунан 2018-жылдын 4-июлуна чейин бала төрөлгөн күндөн баштап 70 календардык күн өткөнгө чейин 7 иш күнүнө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу бар.
Кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө тариздөөнүн алдында мурунку үч айлык эмгек акы Тизмеде көрсөтүлгөн бардык кошумча акыларды эсепке алуу менен:
- мартта – 21 иш күнү үчүн – 8600 сом;
- апрелде – 20 иш күнү үчүн – 8600 сом;
- майда - 20 иш күнү үчүн – 8600 сомду түздү.
Кызматкердин 61 иш күнү үчүн орточо бир күндүк эмгек акысын аныктайбыз: (8600*3) = 25 800 сом/61 иш күнүнө = 423 сом бир күндө.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Апрель | 6 | 0 | 0 | 0 |
Май | 31 | 0 | 0 | 0 |
Июнь | 30 | 0 | 0 | 5 |
Июль | 3 | 2 | 0 | 3 |
Бардыгы: | 70 | 2 | 0 | 8 |
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү: 423,00 сом*8 иш күнү = 3384,00 сом иш берүүчүнүн каражатынан төлөнөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү – 0 сом, себеби кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн жалпы саны 6 күндү түзөт.
Бул учурда, иш берүүчү төлөнгөн сумманын ордун толтуруу үчүн өтүнмө менен аймактык бөлүмгө кайрылбайт, себеби кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул республикалык бюджеттин каражатынан төлөнгөн эмес.
Эки жана андан ашык баланы чогуу асырап алган учурда, балдардын төрөлгөн күнүнөн тартып 110 календарлык күнгө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо ушул эле тартипте аныкталат.
34. ЭСӨБ эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мезгили үчүн иш күндөрүнүн санын жана он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктайт.
26-мисал, Башка региондо жер үлүшү бар, Бишкек шаарында жашаган ДФЧ мүчөсүнө 126 календарлык күнгө – 2019-жылдын 18-февралынан 23-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Март | 27 | 8 | 2 | 17 |
Апрель | 30 | 8 | 1 | 21 |
Май | 31 | 8 | 3 | 20 |
Июнь | 23 | 8 | 0 | 15 |
Бардыгы: | 111 | 32 | 6 | 73 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып б.а. 2019-жылдын 5-мартынан 23-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкү тартипте аныкталат:
мартта 17 иш күнү үчүн – 1000/19 иш күнү = 52,63 сом*17 иш күнүнө = 894,73 сом;
апрелде 21 иш күнү үчүн – 1000 сом;
майда 20 иш күнү үчүн – 1000 сом;
июнда 1000/20 иш күнү үчүн = 50 сом *15 иш күнү = 750 сом.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (894,73+1000+1000+750) = 3644,73 сом, республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
ДФЧ мүчөсү бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда жашаган жана иштеген учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициентти эсепке алуу менен эсептелет.
Мисалы: жөлөкпулдун өлчөмү 3644,73 сом*1,20 (райондук коэффициент – 1,20) = 4373,68 сом.
Жеке ишкерлерге жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ушул эле тартипте аныкталат.
35. Вахталык ыкма менен иштеген кызматкерлерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн иш күндөрү кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү кезмет ирээти графиктерине ылайык аныкталат.
27-мисал, Вахталык ыкма менен иштеген кызматкерге 126 календарлык күнгө 2019-жылдын 28-февралынан 2019-жылдын 3-июлуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Кезметтүүлүктүн графиги Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 94-беренесине ылайык иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча бекитилет.
Иш берүүчү тарабынан бекитилген кезметтүүлүктүн графигине ылайык кызматкер:
- мартта – 8 күн;
- апрелде – 15 күн;
- майда – 16 күн;
- июнда – 14 күн;
- июлда – 2 күн иштеди.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, б.а. 2019-жылдын 28-февралынан 14-мартына чейин иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш жана майрам күндөрү | Иш күндөрү |
Март | 16 | 8 | 8 |
Апрель | 30 | 15 | 15 |
Май | 31 | 16 | 15 |
Июнь | 30 | 14 | 16 |
Июль | 3 | 2 | 1 |
Бардыгы: | 110 | 55 | 55 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2019-жылдын 15-мартынан 3-июлуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (1000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
мартта – 1000/16 иш күнүнө = 62,50 сом * 8 иш күнүнө = 500 сом бир айда;
апрелде – 15 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
майда – 15 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
июнда – 16 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
июлда 1000/15 иш күнүнө = 66,66 сом бир күндө*1 иш күнүнө = 66,66 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (500+1000+1000+1000+66,66) = 3566,66 сом, республикалык бюджеттин каражатынан иш берүүчүгө орду толтурулат.
Кызматкер бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда жашаган жана иштеген учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициентти эсепке алуу менен эсептелет.
Мисалы: жөлөкпулдун өлчөмү 3566,66 сом*1,50 (райондук коэффициент – 1,50) = 5350 сом.
28-мисал, Вахталык ыкма менен иштеген кызматкерлерге 126 календарлык күнгө 2019-жылдын 4-мартынан 2019-жылдын 7-июлуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Кезметтүүлүктүн графиги Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 94-беренесине ылайык иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча бекитилет.
Иш берүүчү тарабынан бекитилген кезметтүүлүктүн графигине ылайык кызматкер:
- мартта – 3 күн;
- апрелде – 15 күн;
- майда – 15 күн;
- июнда – 15 күн;
- июлда – 4 күн иштеди.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, 2019-жылдын 4-мартынан 25-мартына чейин иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш жана майрам күндөрү
| Иш күндөрү |
Март | 6 | 3 | 3 |
Апрель | 30 | 15 | 15 |
Май | 31 | 16 | 15 |
Июнь | 30 | 15 | 15 |
Июль | 7 | 3 | 4 |
Бардыгы: | 104 | 52 | 52 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2019-жылдын 26-мартынан 7-июлуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (1000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
мартта – 1000/16 иш күнүнө = 62,50 сом * 3 иш күнүнө = 187,50 сом бир айда;
апрелде – 15 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
майда – за 14 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
июне – за 14 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
июле 1000/16 иш күнүнө = 62,50 сом бир күндө*4 иш күнүнө = 250 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (187,50+1000+1000+1000+250) = 3437,50 сом, республикалык бюджеттин каражатынан иш берүүчүгө орду толтурулат.
Кызматкер бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда жашаган жана иштеген учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициентти эсепке алуу менен эсептелет.
Мисалы: жөлөкпулдун өлчөмү 3437,50*1,20 (райондук коэффициент – 1,20) = 4125 сом.
36. Кезметтик жумушта иштеген кызматкерлерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн эсептөө үчүн иш күндөрү иш берүүчү тарабынан бекитилген кезметтүүлүктүн графиги кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча аныкталат (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 94-б.).
29-мисал, кезметтик жумушта иштеген кызматкерге, иш берүүчү тарабынан бекитилген кезметтүүлүктүн графигине ылайык, 126 календарлык күнгө, б.а. 2019-жылдын 18-февралынан 23-июнуна чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, б.а. 2019-жылдын 18-февралынан 1-мартына чейин иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү КР Эмгек кодексинин 94-беренесине ылайык төмөнкү тартипте аныкталат:
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2019-жылдын 2-мартынан 23-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (1000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
мартта – 1000/24 иш күнүнө = 41,66 сом *23 иш күнүнө = 958,33 сом бир айда;
апрелде – 25 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
майда – 24 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
июнда – 1000/24 иш күнүнө = 41,66 сом бир күндө*19 иш күнүнө = 791,66 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (958,33+1000+1000+791,66) = 3749,99 сом, республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
30-мисал, Иш берүүчү тарабынан бекилген графикке ылайык алты күндүк кезметтик жумушта иштеген кызматкерге 126 календарлык күнгө, б.а. 2019-жылдын 7-февралынан 12-июнуна чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, 2019-жылдын 7-февралынан 18-февралына чейин иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү КР Эмгек кодексинин 94-беренесине ылайык төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Март | 30 | 5 | 2 | 23 |
Апрель | 30 | 4 | 1 | 25 |
Май | 31 | 4 | 3 | 24 |
Июнь | 23 | 4 | 0 | 19 |
Бардыгы: | 114 | 17 | 6 | 91 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2019-жылдын 19-февралынан 12-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (1000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
февралда – 1000/23 иш күнүнө = 43,48 сом*8 иш күнүнө = 347,82 сом бир айда;
мартта - 24 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
апрелде – 25 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
майда – 24 иш күнү үчүн = 1000 сом бир айда;
июнда – 1000/25 иш күнүнө = 40 сом бир күндө*10 иш күнүнө = 400 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (347,82+1000+1000+1000+400) = 3747,82 сом, республикалык бюджеттин каражатынан иш берүүчүгө орду толтурулат.
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Февраль | 10 | 1 | 1 | 8 |
Март | 31 | 5 | 2 | 24 |
Апрель | 30 | 4 | 1 | 25 |
Май | 31 | 4 | 3 | 24 |
Июнь | 12 | 2 | 0 | 10 |
Бардыгы: | 114 | 16 | 7 | 91 |