Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с распоряжением Кабинета Министров КР от 28 июня 2024 года № 383-р
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-февралы № 32-б
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2016-жылдын январь-декабрь айларына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- экономикалык өсүштүн оң динамикасынын сакталгандыгы жана негизги макроэкономикалык параметрлер боюнча натыйжаларга жетишилгендиги:
ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү - 103,8%;
экономиканын бардык негизги секторлорундагы экономикалык өсүш (айыл чарба - 3%, өнөр жай - 5,2%, кызмат көрсөтүү чөйрөсү - 3%, курулуш - 7,4%);
инфляциянын жылдык орточо мааниси - 2015-жылга карата 100,4%;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын төмөнкүдөй багыттар боюнча натыйжалуу иши:
тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн жана пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн көбөйүшү;
БЭК тармактарында жоготуулардын азайышы жана Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын жетиштүү деңгээлинин топтолушу;
негизги капиталга инвестициялардын жана акча каражаттарынын көлөмүнүн көбөйүшү;
ишкердик субъекттеринин санынын өсүшү;
баалуу кагаздар рыногунда тооруктардын көлөмүнүн 36%га көбөйүшү;
катталган жумушсуздуктун жана өлүмгө учуроонун деңгээлинин азайышы;
мектепке чейинки жаңы мекемелердин ачылышы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-августундагы № 465 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга иш-аракеттер планын (25 пункт аткарылган эмес, 47 пункт кийинкиге жылдырылган) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 383 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планын (4 пункт аткарылган эмес, 7 пункт кийинкиге жылдырылган) аткаруу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын отчеттук мезгилдеги төмөнкүдөй багыттардагы иштери жетишсиз экени моюнга алынсын:
мамлекеттик мүлктү башкаруудан жана менчиктештирүүдөн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө каражаттардын пландалган көлөмүнүн түшүүсүн камсыздоо (пландын 78,3%);
Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) Бирдиктүү бажылык тарифинен Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу секторлор боюнча алып коюулардын тизмегин кеңейтүү;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында долбоорлорду даярдоо фондун түзүү;
"Ысык-Көл транспорттук алкагын" реабилитациялоо боюнча иштерди улантуу;
отун-энергетика компанияларынын дебитордук карыздарын 5%га азайтуу;
ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу;
Кара-Кече жылуулук электр станциясын курууга конкурс өткөрүү;
ата мекендик айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн тышкы рынокторго талдоо жүргүзүү;
Кыргыз Республикасын индустриялаштыруу программасын иштеп чыгуу жана бекитүү;
текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн "Технополис" долбоорун ишке киргизүү;
"Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри" маалыматтык системасынын иштешин камсыздоо;
"Түштүк" жана "Түндүк" 2 логистикалык борборун түзүү;
малды уюшкандыкта союу жана этти алгачкы иштетүү боюнча 10 заманбап ишкана куруу;
кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча жол картасын бекитүү;
"Электрондук КУП" долбоорун ишке ашыруу;
республиканын ЮНИДОго өнөктөш өлкө статусун алуусу;
чек аранын кыргыз-казак участогунда ветеринардык контролду жоюу;
ветеринардык диагностикалык лабораторияларды аккредитациялоо зонасын кеңейтүү;
- Ош шаарынын ЖЭБинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- Таш-Көмүр шаарында кремний өндүрүү боюнча заводду ишке киргизүү;
Кара-Балта мунай иштетүү заводун өнөр жайлык эксплуатациялоо.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча социалдык-экономикалык кырдаалды баалоонун маалыматтарынын, өндүрүштүк жана социалдык процесстерге тышкы жана ички факторлордун тийгизген таасиринин учурдагы шарттарын талдоонун жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасынын иштешинин негизинде 2017-жылга карата максаттуу көрсөткүчтөрдү камсыз кылууга жана мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин толук жана өз учурунда каржылоого багытталган толук чараларды көрүшсүн;
- 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ишинин тейлеген багыттары боюнча экономиканын тармактарын өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун тизмесин аныктап, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жөнөтүшсүн;
- 2017-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңештин 2016-жылдын 13-декабрындагы жыйынында бекитилген Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңештин сунуштамаларын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин;
- 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ишинин багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигине инвентаризация жүргүзүшсүн жана ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарышсын;
- 2017-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине глобалдык атаандашууга жөндөмдүүлүк рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча сунуштарын киргизишсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында белгиленген иш-чараларды жүзөгө ашырууну аяктоо жагында ыкчам тартипте чараларды көрүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- 2017-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына экономиканын артыкчылыктуу секторлору боюнча экспорттолуучу продукцияларды лабораториялык изилдөөлөр менен коштоону жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- 2017-жылдын 31-июлуна чейинки мөөнөттө каттоодон өткөн потенциалдуу жана иштеп жаткан ата мекендик экспорттоочулар, чет өлкөлүк рыноктор, консалтинг кызматын көрсөтүүлөр, экспорттоочулар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бизнес провайдерлери жөнүндө маалыматтарды камтыган соода порталын ишке киргизсин;
- 2017-жылдын 12-августуна чейинки мөөнөттө тамак-аш продукцияларын чыгаруу боюнча ишканаларга ХАССП системасын киргизүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө окутуу семинарларын өткөрсүн;
- 2017-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө экономиканын көмүскө секторлорун изилдөө үчүн техникалык жана финансылык жардамдарды тартуу боюнча донордук уюмдар менен маселени иштеп чыксын;
- 2017-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ВСП+ алынган статусунун алкагында Европа союзунун рыногуна ата мекендик товарларды чыгаруу боюнча Жол картасынын долбоорун киргизсин;
- 2017-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Стабилдештирүү режимин берүүнүн шарттарын жана тартибин бекитүү жөнүндө токтомунун долбоорун киргизсин;
- 2017-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүүчү системасы жөнүндө", "Мамлекеттик алым жөнүндө", "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө", "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында шаар куруу мыйзамынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин;
- 2017-жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасынын өкүлдөрүнүн ортосунда Европа союзунун рыногуна чыгуу жолу боюнча тажрыйба алмашууну уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте 2017-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө 2017-жылы импорттук режимди даярдоодо Кыргызстандан чыгарылган товарларды Түркияга импорттоодо "ВСП+" статусун карап чыгуу маселесин туркиялык тарап менен иштеп чыксын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Долбоорлорду даярдоо фондун капиталдаштыруу үчүн 70 млн. сом өлчөмүндө каражат тапсын;
- 2017-жылдын 1-мартына чейин "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1" долбооруна 350 (үч жүз элүү) млн. сом суммасындагы каражат тапсын.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- 2017-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- 2017-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2018-2021-жылдарга Кыргыз Республикасындагы айыл чарба кооперативдик кыймылын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун киргизсин;
- 2017-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн тышкы рынокторго изилдөө жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына аналитикалык материалдарды киргизсин;
- 2017-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу аркылуу сугат жерлерин көбөйтүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- 2017-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен зыян тарткан дыйкан чарбаларынын чыгымдарын субсидиялоо жана камсыздандыруу механизмин иштеп чыксын;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрү боюнча функцияларын аныктоо бөлүгүндө мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу маселесин даярдасын жана Комиссиянын кароосуна киргизсин;
- 2017-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына инвентаризация жүргүзсүн жана электрондук маалымат базасын түзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө инвесторлорду тартуу максатында бизнеске конкурстук негизде сунуштоо үчүн учуулардын кошумча багыттарын ачуу жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Мамлекеттер аралык авиациялык комитетке мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча карыздарын жабуу маселесин ыкчам тартипте чечсин.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- 2017-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелеринде компьютердик томографтарды орнотуу" МЖӨ долбоорунун ТЭН иштеп чыксын жана "Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу" МЖӨ долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо тендерин өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен (макулдашуу боюнча) бирдикте "Врачтын депозити" программасынын алкагында жаш адистерди тартуу жана жер-жерлерде кармап калуу маселеси боюнча сунушту даярдасын.
10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- мектептерди окуу китептери менен камсыздоо системасын жакшыртуу максатында жана окуу китептеринин ижарасынын иштелип чыккан механизмине ылайык жаңы окуу китептерин өз убагында басып чыгаруу үчүн окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрү) арасында башталгыч класстарда окуу китептеринин ижара механизминин маселелери боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзсүн жана мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу чараларын көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 572 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө" токтомунун ишке ашырылышын контролдоону камсыз кылсын;
- мугалимдердин жайкы эс алуусун камсыз кылуу боюнча ишти жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте мектеп курагындагы балдар арасында суициддин жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган Иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана бекитсин, маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына квартал сайын берип турсун.
11. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музейдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2017-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө Үй-бүлө институтун бекемдөө, эне жана балага кам көрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте сунуштасын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2017-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен бирдикте 2017-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексин өнүктүрүү концепциясынын толукталып иштелип чыккан долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- 2017-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын энергиялык кубаттуулуктарынын интерактивдүү картасын иштеп чыксын;
- электр тармактарын долбоорлоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акттын долбоорун иштеп чыксын;
- 2017-жылга карата техникалык жоготуулардын ченемдерин иштеп чыксын жана бекитсин;
- текстиль тигүү өндүрүшүнүн өнөр жай зонасын түзүү боюнча ишти тездетсин;
- пайдалуу казындылардын ири кендерин (Жерүй, Куру-Терек, Бозумчак, Кара-Кече, Тереккан, Перевальное, Терек жана башкалар) пайдаланууга берүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү жана "Z-EXPLORER" ЖАК компаниясынын өкүлү менен бирдикте бир айлык мөөнөттө жерине барып жергиликтүү калк менен төмөнкүлөр боюнча дыкат түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн:
кен казуучу компаниянын жергиликтүү коомчулукка социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы боюнча;
жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө бул компаниянын инвестицияларды салуусу боюнча;
калк үчүн жумуш орундарын уюштуруу боюнча;
өзүнүн иш процессинде "Z-EXPLORER" ЖАК пландаган жаратылышты коргоо иш-чараларын презентациялоо боюнча;
- энергетикалык жоготуулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрсүн.
15. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети төмөнкү чараларды көрсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен 20 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук түргө которуу боюнча;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөттү") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун иш-чаралар планында белгиленген иш-чараларды жүзөгө ашырууну аяктоо боюнча;
күбөлөндүрүүчү борборлорду жана электрондук санариптик кол тамганын маселелерин жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 436-б буйругу менен бекитилген "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук аракеттенүү системасын" пилоттоонун жыйынтыктары жөнүндө Системаны толук функционалдуу ишке киргизүү процессине таасир тийгизүү мүмкүндүгүн аныкталган потенциалдуу проблемаларды жана маанилүү факторлорду көрсөтүү менен маалымдасын.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ЕАЭБге кошулуу процессинде Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында каралган Россия Федерациясынын гранттарынын эсебинен каралуучу сыноо лабораторияларын модернизациялоо үчүн жабдууларды жеткирүү боюнча Россиянын Федерациясынын Федералдык бажы кызматы менен ишти жана кыргыз-тажик, кыргыз өзбек мамлекеттик чек араларында контролдук өткөрүү пункттарын келишимде белгиленген мөөнөттө жайлаштыруу ишин активдештирсин.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2017-жылга мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү боюнча пландын аткарылышын камсыздашсын.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- 2017-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө ветеринардык контролдоо системасын ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүү жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участокторунда ветеринардык-санитардык контролду алып салуу үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн;
- 2017-жылдын 25-мартына чейинки мөөнөттө ЕАЭБ ишканаларынын реестрине мал чарба тармагындагы 15 ишкананы кошумчалап киргизүүнү камсыз кылсын;
- 2017-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө пилоттук райондордо малды идентификациялоодон өткөрсүн жана ЕАЭБге катышуунун алкагында ишти толук кандуу жүргүзүү жана тармактын экспорттук потенциалын көбөйтүү үчүн 2017-жылдын 30-ноябрына карата малдын идентификациялоосун бүт республика боюнча өткөрсүн.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- 2017-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө менчиктештирүүдөн кошумча каражаттардын түшүшүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- 2017-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик менчик объекттерине инвентаризация жүргүзүү жана "Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасынын иштеши боюнча методикалык документтерди бекитсин;
- эки айлык мөөнөттө мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимдерин түзүү, аларды эсепке алуу жана каттоо укугуна тооруктарды өткөрүү боюнча электрондук порталды иштеп чыксын.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:
- социалдык маанилүү товарлардын бааларынын негизсиз жогорулашына жол берилбестиги камсыз кылынсын;
- 2017-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө республикалык мамлекеттик үрөн фондуна топтоо иретинде үрөн чарбалары тарабынан сатылуучу супер-элита, элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы жазгы буудайдын, жазгы арпанын, пахтанын, беденин, эспарцеттин, картөшкөнүн үрөнүн, ошондой эле жүгөрүнүн биринчи муундагы гибриддеринин үрөнүн сатып алуу бааларын белгилөөнү камсыздасын.
21. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын негизги фонддорунун мамлекеттик статистикалык классификаторун белгиленген тартипте бекитсин;
- жеңил өнөр жайынын статистикасын жүргүзүүнү эсепке алуу методологиясын өркүндөтсүн.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен бирдикте энергетика компанияларынын жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын финансылык туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн 2017-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө орто мөөнөттүү мезгилге тарифтик саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизсин.
23. Ушул протоколдук чечимдердин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын төмөнкү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн:
- 3 жана 4-пункттар - тийиштүү бөлүмдөргө;
- 5, 19, 20 жана 21-пункттары - экономика жана инвестициялар бөлүмүнө;
- 6, 16 жана 17-пункттары - финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө;
- 7 жана 18-пункттары - агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө;
- 8 жана 15-пункттары - курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө;
- 9, 12 жана 13-пункттары - социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө;
- 10 жана 11-пункттары - билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө;
- 14 жана 22-пункттар - өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |