Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 24-октябры № 563

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Саламаттык сактоону башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 142 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставында:

- 2-пункттун экинчи абзацында, 4, 8-пункттарда, 40-пункттун экинчи абзацында түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. УХБнын директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.";

- 24-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставында:

- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.

Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын аны кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен эмгек келишимин түзөт. Эмгек келишимин түзүүдөн Борбордун директорунун баш тартуусу кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.

Борбордун директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.";

- 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставында:

- 3, 7-пункттарда, 35-пункттун экинчи абзацында түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.";

- 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун уставында:

- 3, 8-пункттарда, 36-пункттун экинчи абзацында түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.";

- 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун уставында:

- 3, 10, 33-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20. Институттун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.";

- 21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

10. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 140 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров