Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фондунун (мындан ары - Илим фонду) ишинин тартибин, ошондой эле Илим фондунун финансылык каражаттарын түзүүнүн, пайдалануунун, эсепке алуунун жана башкаруунун тартибин аныктайт.
2. Илим фондунун иши илим, финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Илим фондунун каражаттары илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоонун негизги булактарынын бири болуп саналат.
4. Илим фонду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде юридикалык жактын статусу жок түзүлөт.
5. Илим фондунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казыналыктын системасында бюджеттик, атайын, депозиттик эсептер ачылат.
6. Илим фонду өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук ошондой эле илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
7. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик тапшырык боюнча гранттар - юридикалык жана жеке жактарга конкурстук негизде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди ишке ашырууга акчалай же натуралай түрдө акысыз субсидия;
илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илимий-техникалык кеңеши (мындан ары - ИТК) - мамлекеттик илимий-техникалык жана инновациялык саясатты жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө кабыл алынуучу чечимдерди координациялоо, ишке ашыруу жана объективдүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик тапшырык боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу жана финансылык каражаттарды бөлүштүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу маселелери боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү эксперттик, коллегиалдуу, кеңеш берүүчү орган.
2-глава. Илим фондунун максаты жана милдети
8. Илим фондунун ишинин максаты илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү болуп саналат.
9. Илим фондунун милдети республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу максатында финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо болуп саналат.
3-глава. Илим фондунун каражаттарын түзүү булактары, пайдалануу жана эсепке алуу формалары
10. Илим фондунун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттин;
2) бюджеттен тышкаркы фонддордун;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттарынын;
4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялардын;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөрдүн.
11. Республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) базалык;
2) программалык-максаттуу;
3) гранттык каржылоо.
12. Илим фондунун финансылык каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
1) илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, максаттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоого;
2) конкурстук негизде илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө мамлекеттик тапшырык боюнча гранттарды каржылоого;
3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого;
4) илимдин жана илимий-техникалык иштин келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо, анын ичинде кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоо программаларын ишке ашырууга;
5) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды (журналдарды, электрондук материалдарды жана башкаларды) жарыялоого, сатып алууга жана камсыз кылууга;
6) илимий форумдарды (конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды жана башкаларды) өткөрүүгө жана аларга катышууга;
7) илимий инфраструктураны түзүүгө.
13. Чыгымдардын сметасын каржылоо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.
14. Илим фондунун каражаттарын пайдаланууга аудит аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
15. Илим фондунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Илим фондунун каражаттарын ушул Жободо каралбаган максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
16. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин түрүнө карабастан жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына Илим фондунун каражаттарынын эсебинен грант алуу үчүн конкурска катышууга бирдей жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.
4-глава. Илим фондунун каражаттарынан каржылоо тартиби
17. Илим фондунун каражаттарынан каржылоо боюнча чечимдер ИТКнын сунуштамаларына ылайык илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
18. Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын:
1) программалык-максаттуу жана гранттык каржылоо үчүн финансылык каражаттардын көлөмүн көрсөтүү менен мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун тизмегин аныктайт;
2) базалык каржыланууга тийиш болгон илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмелерин аныктайт;
3) ИТКнын сунуштамаларынын негизинде Илим фондунун каражатынан төмөнкүлөргө бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алат:
- докторантура, PhD докторантура жана аспирантура программалары боюнча илимий мекемелердин илимий, илимий-педагогикалык жана инженердик-техникалык кадрларын даярдоого (анын ичинде кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоо) жана квалификациясын жогорулатууга;
- айрым окумуштууларга жана илимий жамааттарга, илимий-изилдөө жана жогорку окуу мекемелерине алардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана принциптүү жаңы технологияларды жана жабдууларды иштеп чыгуу максатында бир жолку жардам көрсөтүүгө;
- илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды (журналдар, электрондук материалдар жана башкалар) жарыялоого, сатып алууга жана камсыз кылууга;
- илимий форумдарды (конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды жана башкаларды) өткөрүүгө жана аларга катышууга;
- илимий инфраструктураны түзүүгө.
19. Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн каржылоонун жалпы көлөмүн жана иштин ар бир багыты боюнча өзүнчө көлөмдөрдү көрсөтүү менен илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарга жыйынды өтүнмөнү даярдайт жана аны ушул жылдын 1-августуна чейин кезектеги жылга республикалык бюджеттин долбоорун жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун түзүү үчүн финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
20. Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнмөсүнө ылайык ай сайын кассалык планды бекитет.
Илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кассалык планды ачат жана каржылоону жүзөгө ашырат.
21. Донорлордон эл аралык кредиттерди жана эл аралык гранттык жана техникалык жардамды тартууда жана пайдаланууда Илим фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө, 2019-жылдын 28-майындагы № 232 Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдорду жетекчиликке алат.