Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЭТИЛ СПИРТИН, АЛКОГОЛДУК ПРОДУКЦИЯНЫ ӨНДҮРҮҮНҮ ЖАНА ЖҮГҮРТҮҮНҮ КОНТРОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2024-жылдын 8-майы № 2
Мунайзаттар менен биоэтанолду аралаштыруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
«Биоэтанол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана 2023 – жылдын 3-мартындагы № 115 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 30-пунктуна ылайык, 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосунун 16-пунктун жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
- Мунайзаттар менен биоэтанолду аралаштыруунун тартиби жөнүндө Жобосу, тиркемеге ылайык;
2. Уюштуруу жана укуктук иштери боюнча бөлүмүнө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдеринде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актынын көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары А.К. Аманбаевге жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2024-жылдын 16-майында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
Директор | А.А. Токтогулов |