Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын “27” _06_ № 356 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз
Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)
өзгөртүүлөрдү киргизүу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А. Маматалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Супушталган мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 44-главасына, 10, 122, 123 жана 124-беренелерине өзгөртүү киргизүү супушталат.
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизуү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси колдонууга киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси күчүн жоготту деп таанылды.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жеке же юридикалык жак тарабынан жасалган укукка каршы, күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик) укук бузуу деп таанылат, ал үчүн ушул Кодексте жоопкерчилик каралган.
Эгерде бул жосундар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келбесе, ушул Кодексте каралган укук бузуулар үчүн жоопкерчилик келип чыгат.
Укук бузуулардын субъекттери жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле кызмат адамдары болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, сунушталган мыйзамдын долбоорунда Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси шайкеш келтирилүүдө, атап айтканда "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөзгө алмаштырылууда.
Ошондой эле сунушталган мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 14, 16, 22, 26, 29 жана 39-беренелерине өзгөртүүлөрду киргизүү сунушталат, анда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды (мындан ары - жыйым) өндүрүү жана жыйым боюнча бюджеттин ресурстарын башкаруу боюнча функцияларды салык кызматынын органдарына өткөрүп берүү каралган, ага ылайык салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары салык төлөөчүлөргө жыйым боюнча милдеттенмелерди аткарууда көмөк көрсөтүүгө, жыйым боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча төлөөчүлөрдү контролдоого, төлөөчүлөрдүн, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдардын эсептелген жана төлөнгөн суммаларынын эсебин жүргүзүүгө, жыйым боюнча отчеттуулуктун формаларын толтуруу тартибин түшүндүрүүгө милдеттүү.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбооорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлору боюнча бюджетке түшүү булактарынын реестрине (тизмесине) ылайык жыйымдын администратору болуп Кыргыз Реепубликасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эсептелет.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 18-беренесинин 1 -бөлүгүндө администраторлор жана алардын кызмат адамдары салыктык эмес кирешелерди төлөөнү эсепке алууну, жыйноону жана контролдоону жүзөгө ашырууга, жогоруда аталган Кодексте каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүү жөнүндө сотторго доо коюуга укуктуу деп аныкталган.
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги) жыйым боюнча милдеттенмелерди аткаруу, төлөөчүлөрдү эсепке алууну киргизүү, жогоруда көрсөтүлгөн жыйымдар боюнча чегерилген жана төлөнгөн суммаларды контролдоо боюнча төлөөчүлөрдү контролдоочу ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жоктугу, ошондой эле жыйым боюнча келип түшкөн Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарын администрациялоо үчүн кызматкерлеринин жетишсиз санын эске алсак, бул жыйым боюнча карыздарды өндүрүү процессине кошумча татаалдыктарды киргизет.
Мындан тышкары, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык салыктык эмес кирешелердин администратору - салыктык эмес кирешелерди чегерүү, жыйноо, эсепке алуу, эсептөөнүн тууралыгын, алардын толук жана өз убагында төлөнүүсүн контролдоо боюнча бир же бир канча функцияларды жүзөгө ашыруучу, ошондой эле ашыкча төлөнгөн (өндүрүп алынган) салыктык эмес кирешелерди, алар боюнча туумдарды жана айыптарды кайтаруу (эсепке киргизүү) жөнүндө чечимдерди кабыл алуучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмү эсептелет.
Жыйым боюнча кирешелер жергиликтүү бюджеттерге түшүп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык салык органдары бул каражаттарды натыйжалуу жыйноого көбүрөөк кызыкдар болушат, ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда жыйым түрүндө келип түшкөн Kыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарын башкаруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүл берүү сунушталууда.
2 Сунушталган мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 308-беренесинин 1-бөлүгүнө толуктоо киргизүү сунушталат, анда бухгалтердик эсептин жоктугу же бурмалагандыгы же белгиленген мөөнөттө бухгалтердик жана салыктык отчетторду, баланстарды, эсептөөлөрдү жана салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди эсептөө, төлөө менен байланышкан башка документтерди бербегендиги үчүн айып салуу каралган,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 497 "Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо жана кароонун жыйынтыктары боюнча чечим чыгаруу тартибин жана чечимдин формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык салык кызматынын органдары салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароонун жана анын натыйжалары боюнча чечим чыгаруунун тартибин белгилейт.
Ошондой эле Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 32-беренесине ылайык салыктык эмес кирешелер боюнча администратордун жетекчиси жана/же башкы администратор жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон табылган бузуулар боюнча ушул администратор жана/же башкы администратор катталган салык кызматы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бузуулар жөнүндө протокол түзөт жана администратордун жетекчисин жана/же башкы администраторду бузуу жөнүндө иш боюнча токтом түрүндө жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине бухгалтердик эсептин жоктугу же салыктык отчетторду жана салыктык эмес кирешелерди эсептөө жана төлөө менен байланышкан башка документтерди белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүп айып салууну караган толуктоо киргизүү зарылдыгы жөнүндө белгиленет.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде бул Кодекс расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү белгилөө сунушталат.
Ушуга байланыштуу, бул мыйзамдын долбоорун кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбооорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 449 "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Негиздеме-маалымкатта бул мыйзамдын долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылгандыгы белгиленет.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылган датаны жана ал аяктагандан кийин коомдук талкуулоонун жыйынтыктарын көрсөтүү зарылдыгын маалымат катары билдиребиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.