Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-майы № 2079-VII
"2023-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 130-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык "2023-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Дж.А.Джаманбаеванын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "2023-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Дж.А.Джаманбаеванын баяндамасы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасынын жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органдардын кароосуна төмөнкүдөй сунуштамалар жөнөтүлсүн жана аларды аткаруу тапшырсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
а) эгерде энеси кааласа, баланы ага белгилүү мөөнөттүн ичинде кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү менен төрөт үйлөрүндө жаңы төрөлгөн баласынан жашыруун жана каттоосуз баш тартууга кепилдик берүүчү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө маселени карасын;
б) жашоо минимумунун өлчөмүн эске алуу менен 1000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
в) муктаж болгон жарандар (үй-бүлөлөр) "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулунун жеткиликтүүлүгүн жана даректүүлүгүн камсыз кылуу механизмдерин оптималдаштыруу жөнүндө маселени карап чыксын;
г) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтсүн;
д) колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды эл аралык ченемдерге, атап айтканда, Жек көрүүчүлүккө, басмырлоого жана зомбулукка шыкактоого каршы күрөшүү жана касташуу тилине жана аялдарга/кыздарга карата онлайн-зомбулукка натыйжалуу чара көрүү/алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Рабат планына ылайык келтирүү жөнүндө маселени карап чыксын;
е) 2023-жылдын 14-сентябрынан тартып кирүү тартибин бузуу менен Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарга карата миграциялык мунапыс берүү, белгиленген мөөнөттө бул тууралуу тиешелүү органдарга билдиришкен шартта аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
ж) "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 291 Жарлыгы менен бекитилген Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө күчүн жоготкон убактылуу жобонун ченемдерин киргизсин;
з) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесине миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин эркиндигинен ажыратылган жайлардан качкын статусун алуу үчүн кайрылган адамдарга жеткиликтүүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени карасын;
и) Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдарга иштөө укугун камсыз кылуу максатында, "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин аларга "жалдоо боюнча иштөөгө же жеке ишкердик менен алектенүүгө" укук берүү жөнүндө абзац менен толуктоо сунушталат;
к) "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аскер кызматчыларын медициналык тейлөөгө жана дары-дармек каражаттарын сатып алууга чыгымдардын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө токтомунун долбоорун иштеп чыксын;
л) психиатриялык дарылоо мекемелерин (мындан ары - ПДМ) жана психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемелерди (мындан ары - ПССМ) капиталдык оңдоо үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө маселени карасын;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик:
а) айыл өкмөттөрүнүн имараттарында ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин арасында этникалык кыргыздарды каттоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтсүн;
б) айыл өкмөттөрүнүн имараттарына болгон менчик укугунун документтерине инвентаризация жүргүзсүн;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгы чакырылуучу курактагы жарандыкка кабыл алынган этностук кыргыздардын аскер комиссариаттарында убактылуу аскердик каттоого туруу практикасын киргизүү жөнүндө маселени карасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна аскердик каттоого тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени киргизсин;
4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлиги менен биргеликте жаш энелерге юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүү, аларга убактылуу башпаанек берүү, билим алуусуна жана ишке орношуусуна көмөктөшүү боюнча атайын социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмин иштеп чыксын;
5) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлиги:
а) мамлекеттик кризистик борборлордун санын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
б) мигранттардын балдары бар же балдар коркунуч туудурган адамдар менен жашаган (аракечтер, кылмышка шектүүлөр, баңгилер, мурда соттолгондор ж.б.) үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзсүн;
в) министрликтердин региондук органдарында этникалык кыргыздар менен иштөө боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыз кылсын;
г) кайрылмандар арасында иш менен камсыз кылуунун активдүү жана пассивдүү саясатынын чаралары, ошондой эле ишке орноштуруу боюнча мүмкүнчүлүктөр жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу программалары жөнүндө натыйжалуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
6) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
а) абитуриенттерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ЖОЖдорго, алардын менчигинин түрүнө карабастан, квотанын/билим берүү грантынын бар экендиги жөнүндө маалыматтары бар стенддерди жайгаштыруу, ошондой эле маалыматтарды аудиоформатта берүү милдеттендирилисин;
б) майыптыгы бар адамдардын жогорку билим алууга жеңилдетилген грант алуу тартиби жөнүндө кеңири маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин расмий сайтына жайгаштырсын;
в) жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгына карабастан, гранттык орундарга өтпөгөн I жана II топтордогу майыптыгы бар абитуриенттердин контракттык окууга өтүүсү жөнүндө ченемдерди "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинин 72-пунктуна киргизүү жөнүндө маселени карасын;
г) майыптыгы бар адамдарды окутууга сурдокотормону киргизүү жөнүндө маселени карасын;
д) майыптыгы бар адамдарга окутуунун бардык формалары үчүн (күндүзгү, сырттан, (дистанттык) билим берүүгө квота берүү жөнүндө маселени карасын;
е) жалпы республикалык тесттен өтүүдө анкетаны өз алдынча толтуруу үчүн көзү азиз жана начар көргөн адамдарга үн коштоону киргизүү жөнүндө маселени карасын;
ж) майыптыгы бар адамдар жана башка өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдар үчүн билим берүү гранттарын түзүүнүн, эсептөөнүн жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү тутумун иштеп чыгуу жөнүндө маселени карасын;
з) балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында билим берүү мекемелеринин кызматкерлери тарабынан балдарга ырайымсыз мамиле жасоонун жол берилбестиги жөнүндө маалыматтын бардык мектептерде тутумдуу түрдө таратылышына, зомбулук фактылары жөнүндө, ошондой эле мектепке барбаган балдар жөнүндө маалыматтын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга токтоосуз берилишине контролду күчөтсүн;
и) Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте республика боюнча бардык мектеп-интернаттардын жалпы билим берүү уюмдарында окутуунун шарттарына жана уюштурулушуна коюлган талаптарга шайкештигине текшерүү жүргүзүү жөнүндө маселени карасын;
к) интернет колдонуучулардын касташуу тилинин жана зомбулуктун зыяндуулугу жөнүндө билимин жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган атайын окуу-маалыматтык программасын иштеп чыгуу жана агартуучу кампанияларды өткөрүү жөнүндө, ошондой эле мектептен тышкаркы окутуу программасына интернет-коопсуздугу маселелерин жана онлайн-мейкиндиктеги этикет эрежелерин киргизүү жөнүндө маселени карасын, өзгөчө көңүл буллинг, онлайн-зомбулук жана касташуу тилинин көйгөйлөрүнө бурулсун;
7) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте:
а) эл аралык жана улуттук сунуштамалардын, клиникалык жетекчиликтердин жана протоколдордун негизинде гемодиализдеги бейтаптарга маалымдоо үчүн типтүү жекече билим берүү маршрутун түзүү жөнүндө маселени карап чыгып, аларды түшүнүү үчүн жөнөкөй, жеткиликтүү мамлекеттик жана расмий тилдерде баяндасын;
б) УЗИ навигациясы алдында же ангиографтын жардамы менен фистуланы түзүүнүн стандарттуу операциялык жол-жобосун иштеп чыгуу жөнүндө, гемодиализ жүргүзүү үчүн фистуланы коюу жол-жобосуна жетиштүү сандагы хирургдарды жана кардиохирургдарды окутуу жөнүндө, Хирургия/Кардиохирургия жана башка адистиктер боюнча милдеттүү көндүм катары фистуланы түзүүгө окутууну билим берүү программаларына киргизүү жөнүндө маселени карасын;
в) жүрөк-өпкө реанимациясынын негиздерин жана көндүмдөрүн гемодиализ боюнча окутуу программаларына киргизүү жөнүндө маселени карасын;
г) Клиникалык жетекчиликти/Клиникалык протоколдорду иштеп чыгуучулар (КК/КП) гемодиализ бейтаптарынын ар түрдүү абалдарында дары-дармек каражаттарын колдонуу жөнүндө пайдалануучулар үчүн кошумча түшүндүрмө маалыматты кошуу жөнүндө маселени карасын;
д) үй-бүлөнү пландаштыруу, контрацепцияны колдонуу жана репродуктивдик ден соолукту колдоо маселелери боюнча мектеп окуучулары жана студенттер үчүн окутуу курстарын өткөрүү жөнүндө, ошондой эле мектепти психологдордун штаттык бирдиктери менен камсыз кылуу жөнүндө маселени карасын;
8) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
а) Ч. Базарбаев атындагы БХОЖ жана М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын эскирген орун жайларын жана имараттарын оңдоо маселесин карасын;
б) аялдарга/кыздарга карата стереотиптерге, касташуу мүнөзүндөгү сөздөргө жана онлайн-зомбулукка каршы күрөшүүгө багытталган ар түрдүү мультимедиялык форматтарды пайдаланып, билим берүү/агартуу мүнөзүндөгү маалымат кампанияларын кызыкдар тараптардын/уюмдардын бардыгын тартуу менен күчөтүү жана онлайн зомбулукту контролдоо жана анын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды жана иш-аракеттерди иштеп чыгуу үчүн социалдык өнөктөштүк форматында социалдык платформалар, интернет-провайдерлер менен кызматташуу жөнүндө маселени карасын;
в) буллингдин жана башка кибер кылмыштардын алдын алууну кошуп, онлайн-мейкиндиктеги коопсуз коммуникациялар боюнча балдар, өспүрүмдөр жана жаштар үчүн агартуучу программаларды жүргүзүү жөнүндө маселени карасын;
9) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
а) карыялар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемелерде (мындан ары - ССМ), ДПМде жана ПССМде жашап турган, инсандыгын ырастоочу документтери жок адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорту менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзсүн;
б) этникалык кыргыздарды жарандыкка кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу жана аларды Кыргыз Республикасынын паспорттору менен документтештирүү боюнча иштерди күчөтсүн;
в) этникалык кыргыздар жыш жашаган жерлерде Калкты каттоо департаментинин (ККД) кошумча пункттарын ачуу жөнүндө маселени карасын;
г) этникалык кыргыздардын арасында жарандык, жарандык абалдын актылары, документтештирүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин ырааттуу жүргүзсүн;
10) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
а) улгайган адамдар үчүн жалпы типтеги ССМ кызматтарын алуучулардын медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан (мындан ары - МСЭК) өтүүсүн уюштурсун;
б) өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча укуктук базаны жана мектеп окуучуларын жыныстык жактан тарбиялоо маселелери боюнча окуу программасын иштеп чыгуу жөнүндө маселени карасын;
в) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгына (ССМ МЖ жана ДСБ) төмөнкүлөр тапшырылсын:
- фистуланы орнотууга ырааттуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын;
- гемодиализ жүргүзүүдө жана бейтаптарды кароодо Клиникалык жетекчиликтин/Клиникалык протоколдордун (КЖ/КП) сунуштамаларын колдонууну бекем сактасын;
- гемодиализ бейтаптарын стационарларга жаткыруудан баш тартуу маселелерин жөнгө салсын;
г) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) төмөнкүлөр тапшырылсын:
- гемодиализ жүргүзүүдө жана бейтаптарды кароодо Клиникалык жетекчилик/Клиникалык протоколдор (КЖ/КП) тарабынан бекитилген сунуштамалардын негизинде гемодиализ кызматтарынын сапатына баа берсин;
- эл аралык стандарттарга ылайык жол-жоболордун сапатын контролдоо тутумун жаңылоо жана гемодиализ менен дарылоонун натыйжалуулугу жөнүндө маселени карасын;
д) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментине (ДК жана МБД) төмөнкүлөр тапшырылсын:
- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сактоо эрежелерине шайкештиги жагында гемодиализ борборлорун текшерүү жөнүндө маселени карасын;
- медициналык персоналды гемодиализ жол-жобосунда мүмкүн болуучу кыйыр таасирлер жана "сары карталарды" толтуруу тартиби боюнча окутуу маселесин карасын;
е) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине (ОАМСЭКД) төмөнкүлөр тапшырылсын:
- сууну даярдоо процесстеринин сапатын жана гемодиализ кызматтарынын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун контролдоо тутумун түзүү жөнүндө маселени карасын, гемодиализ үчүн суу тазалоо комплексин мамлекеттик деңгээлде ISO 25000-25005, 45001ге ылайык жүзөгө ашырылуучу техникалык тейлөөгө контролду күчөтсүн;
- педикулез боюнча топтомду тармактык стандарттан чыгаруу жөнүндө маселени карасын;
ж) Медициналык аккредитациялоо комиссиясы (МАК) стандарттарын ISO 9001, 25000-25005 жана башка гемодиализ боюнча кызмат көрсөтүүлөргө колдонулуучу аккредитациялоо стандарттарына ылайык ыңгайлаштыруу МАКка тапшырылсын; аккредитациянын стандарттарына шайкештикти баалоодо Клиникалык жетекчилик/Клиникалык протокол менен бекитилген сунуштамаларды колдонууну талап кылсын (Блок 2, 3);
11) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
а) "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун категориялары боюнча жарандар жөнүндө статистикалык маалыматтарды жүргүзүү жөнүндө маселени карасын;
б) берилген коргоо ордерлеринин аткарылышына контролду күчөтсүн;
в) жабыр тарткан аялдар менен тергөөчү аялдардын иш алып баруусу жөнүндө маселени карасын;
г) коомдук транспортто аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун таралышын азайтууга багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
12) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти пробациядагы адамдарга көзөмөлдү күчөтсүн;
13) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аскер комиссариаттарынын эскилиги жеткен имараттарын жаңылоо, аларда тиешелүү шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө маселени карасын;
14) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
а) бөгөт коюу чараларынын материалдарын карап чыгууда сотторго "Кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү жана бөгөт коюу чаралары жөнүндө соттор тарабынан жазык-процесстик мыйзамдарды колдонуу тажрыйбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 16 токтомун бекем сактасын;
б) камакка алуу менен байланышпаган чараларды пайдалануу боюнча сот адилеттигин жүргүзүүгө тиешелүү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин сактоо зарылдыгын эске алуу менен (БУУнун минималдуу стандарттык эрежелери) соттор тарабынан жүзөгө ашырылуучу камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуунун негиздүүлүгүн жана зарылдыгын текшерүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүүгө багытталган тиешелүү мыйзамдык жана уюштуруучулук чараларды көрсүн;
в) коюлган айыптоонун негиздүүлүгүн (Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 107-беренесинин 1-бөлүгү), кылмыш-жаза мыйзамында 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыпталган адамдарга карата объективдүү мүмкүнчүлүктүн бардыгы же башка, кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын тандоо мүмкүн эместигин (Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 114-беренесинин 1-бөлүгү) текшерүүгө айыптаган тарап берген далилдерди иликтөө жолу менен соттордун милдеттерин караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана/же Жогорку Соттун Пленумунун токтомуна киргизүү жөнүндө маселени карасын;
г) соттук териштирүүнү аудио-видео белгилөө (АВБ) каражаттары менен милдеттүү түрдө белгилөө ченемдерин 2331-берене менен толуктоо аркылуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине жана 2001-берене менен толуктоо аркылуу Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине киргизүү жөнүндө маселени карасын;
д) "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карасын, ага ылайык судья кайрылуу катталган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен, бирок тартиптик жосун жасалган күндөн тартып эки жылдан кечиктирбестен тартип жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн, мында соттук тергөө жүргүзүлгөн, Судьялар кеңеши тарабынан кайрылууну караган убакыт же судья жүйөлүү себептерден улам жумуш ордунда жок болгон убакыт алып салынат;
е) "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө төмөнкүдөй мазмундагы өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карасын: "Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы он эки мүчөдөн турат жана ал комиссиянын курамынын кеминде төрттөн бир бөлүгү судьялардын ичинен, кеминде төрттөн бир бөлүгү Президенттин, кеминде төрттөн бир бөлүгү Жогорку Кеңештин жана кеминде төрттөн бир бөлүгү юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт";
15) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти АВБ тутумундагы көйгөйлөрдү өз убагында техникалык тейлөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн жана сот жыйындарынын залдарын АВБ тутуму менен жабдууну аяктоо процессин тездетүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
16) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
а) "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана тиешелүү чараларды көрүү, ошондой эле аялдарга жана балдарга карата зомбулук менен байланышкан кылмыштарды тергөөгө жеке көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө маселени карасын;
б) прокуратура органдары тарабынан тергөө органдарына алардын мыйзамдарды сактоосу жана адам укуктарынын бузулушуна жол бербөөсү боюнча көзөмөлдөө функцияларынын аткарылышына контролдукту күчөтүү жөнүндө маселени карасын;
в) Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына тергөө органдарына суроо-талап боюнча сотко чейинки өндүрүштүн процессуалдык документтерин берүү милдети каралган, ал эми Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштары процесстик күчкө ээ болгон тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карасын;
17) Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад шаарларынын мэриялары квартал сайын ШИИБ менен биргеликте коомдук транспортто жашы жете электерге, өзгөчө кыздарга карата зомбулукка жол бербөө жана бөгөт коюу максатындагы окутуу-алдын алуу иш-чараларын жүргүзсүн.
3. Тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ушул токтомдун 2-пунктунда аталган башка субъекттер ар жылдык баяндаманын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштарын ишке ашыруу жөнүндө маалыматты ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн башка субъекттер тарабынан сунуштардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кезектеги ар жылдык баяндаманы киргизүү учурунда маалымат берсин.
Төрагасынын орун басары |
| Н.Азыгалиев |