Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль
жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын
жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген
ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн
жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана
өлчөөдө жыйымдарды алуу
ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707, 2013-жылдын 5-августундагы № 448, 2014-жылдын 5-августундагы № 449, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Терминдер жана аныктамалар:
транспорттук каражат - жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү же аларга орнотулган жабдууларды автомобиль жолдору менен ташуу үчүн арналган түзүлүш;
транспорт каражаттарын салмак-габариттик контролдоо - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорт каражатын өткөрүү жана жүрүүсү үчүн анын максималдуу салмак-габариттик параметрлерин аныктоо үчүн транспорт каражатын таразалоо жана өлчөө аркылуу жүргүзүлүүчү транспорттук контролдоонун стационардык пункттарында же транспорттук контролдоонун мобилдик топтору тарабынан жүзөгө ашырылуучу транспорттук контролдун бир түрү;
тартуучу ок - айлануу учурун өткөрүп берүүчү жана дөңгөлөктөр менен илмектин ортосундагы аракеттенүүчү күчтөрдүн бардык түрлөрүн кабыл алуучу ок;
жылма ок (лентяйка) - транспорт каражатын эксплуатациялоонун кадимки шарттары убагында окту түшүрүүчү түзүлүштүн жардамы менен таяныч бетинен өйдө көтөрүлө турган ок;
транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу жалпы массасы - жабдуулары, жүргүнчүлөрү жана жүгү бар же жүгү жок транспорт каражатынын автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген массасы;
окко (октордун тобуна) туура келүүчү уруксат берилген максималдуу масса - ок (октордун тобу) аркылуу автомобиль жолунун кыртышына өткөрүп берилүүчү, автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн белгиленген масса;
ок - айлануу учурун өткөрүп бербөөчү, дөңгөлөктүү машинанын айлануучу тетиктер кармалып туруучу агрегаты;
бир курамдуу ок - эки тарабында бирден болгон эки дөңгөлөктүү агрегат;
эки курамдуу ок - эки тарабында экиден болгон төрт дөңгөлөктүү агрегат;
айкалышкан транспорт каражаты - прицепке же жарым прицепке туташтырылган автомобилден турган транспорт каражаттарынын айкалышы;
жапыс платформалуу жарым прицеп (трал) - габариттүү эмес жүктөрдү (атайын курулуш техникасын, курулмалардын бөлүктөрүн, металл конструкцияларды жана стандарттуу эмес жана оор салмактагы жүктөрдүн айрым түрлөрүн) ташууга арналган транспорт каражаты;
жарым прицеп-цистерна - ар кандай суюктуктарды ташуу үчүн таяныч-чынжырлуу түзүлүшкө ээ жүк ташуучу автомобилдин жардамы менен сүйрөтүлүүчү, өзү жүрбөгөн адистештирилген транспорт каражаты;
ири көлөмдүү транспорттук каражат - жүгү менен же жүксүз турганда бийиктиги, туурасы жана узундугу боюнча жол берилген ченемдерден ашык болгон транспорттук каражат;
оор салмактагы транспорттук каражат - толук массасы же жүк менен же жүксүз турганда огунун салмак басымы жол берилген ченемдерден ашык болгон транспорттук каражат;
жүк автомобили - автомобиль жолдору боюнча жүк ташуу үчүн арналган механикалык иштеткичи менен транспорттук каражат;
прицеп - сүйрөткүч же жүк автомобили менен буксирдөө жолу менен жүктөрдү ташуу үчүн арналган транспорттук каражат;
жарым прицеп - транспорттук каражаттын бир бөлүгү түздөн-түз сүйрөткүчтө жайгашып, ага өзүнүн салмаганын көбүн берип тургайдай түрдө, сүйрөткүч менен кошу үчүн арналган жүк ташуучу атайын жабдылган транспорттук каражат;
автопоезд - жүк автомобиль жана прицептен, сүйрөткүч жана жарым прицептен турган транспорттук каражат;
автобус - айдоочунун ордун эсепке албаганда отуруу үчүн 8ден ашык орундугу бар, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташууга арналган транспорттук каражат;
ширелишкен автобус - бири-бирине шарнир менен туташкан эки же андан ашык катуу секциядан турган жана жүргүнчүлөрдүн бир секциядан экинчи секцияга эркин өтүүсүнө мүмкүндүк берген жүргүнчү салону бар автобус;
аба илмеги - 75%дан кем эмес аммортизациялоо таасирин камсыздаган, аммортизациялоо элементи катары аба эсептелген илмек системасы.
салмак габариттик контролдоо пункту - атайын кызматтык турак жай, керектүү техникалык каражаттар жана курулмалар менен жабдылган, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча салмак габариттик параметрлеринин жүк ташуучулар тарабынан сакталышын автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчылары контролдой турган орун, ошондой эле ага бекитилген жоопкерчилик зонасы;
транспорттук контролдоонун мобилдик тобу - автотранспорт каражаттарынын салмак параметрлерин өлчөө үчүн керектүү жабдуулар (портативдүү автомобилдик таразалар) менен жабдылган жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу транспорттук каражаттар менен оор салмактагы жүктөрдү ташуу жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин талаптарынын жүк ташуучулар тарабынан сакталышын контролдоо үчүн арналган атайын транспорт каражаты;
салмак габариттик контролдоо пунктунун жоопкерчилик зонасы - жолго (жерге) жанаша жайгашкан участок менен салмак габариттик контролдоонун стационардык пунктунун аймагы, анын чегинде жол уюмдарынын кызматкерлери жүк ташууну ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын жүрүүсүн контролдошот;
- транспорт каражаттарынын максималдуу салмак габариттик параметрлери - автотранспорт каражаттарынын максималдуу салмагын, октук салмак басымын, өлчөмүн жана башка линиялык параметрлерин камтыган параметрлер;
- транспорт каражаттарынын линиялык параметрлери - автотранспорт каражаттарынын максималдуу узундугу, максималдуу туурасы, максималдуу бийиктиги жана огунун же окторунун ортосундагы максималдуу аралыгы.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 449, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, текстке дал келбейт
2. Ушул Тартип автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын бардык пайдалануучуларына колдонулат, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдарды алууну карайт, каражаттардын багытын жана пайдалануу тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жол кыймылынын коопсуздугун, жолдор жана жол курулмаларынын сакталышын камсыз кылуу, алардын кийинки бузулууларын алдын адуу максатында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор салмактуу жана ири көлөмдүү транспорттук каражаттардын жүрүшүнө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк ташуучу транспорттук каражаттарды өткөрүүнүн тартиби төмөндөгүлөрдү карайт:
- транспорттук каражаттардын салмагын, огунун салмак басымын текшерүү жана ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин өлчөө (салмак габарит контролдоо);
- салмак-габариттик параметрлери белгиленген жол берилген маанилерден ашып кеткен учурда транспорт каражатынын андан аркы кыймылы жөнүндө зарыл болгон чечимди кабыл алуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жалпы салмагы, октук салмак басымы, өлчөмдөрү жана башка линиялык параметрлери жол берилген маанилерден ашып кеткен, жүктүү же жүксүз транспорт каражаттарынын өтүүсүнө жол берилбейт. Мындай транспорт каражаттары жүгүн түшүрүүгө тийиш, муну менен катар жүктөөгө, түшүрүүгө кеткен чыгымдарды жана транспорттук чыгымдарды жүк ташуучу же жүктүн ээси көтөрөт. Транспорт каражатынын жалпы массасы же октук салмак басымы боюнча салмак-габариттик параметрлери жол берилген ченемдерден 2 тоннага чейин ашып кеткен жана ашык жүктү түшүрүүгө мүмкүн болбогон учурда (түшүрүүчү жер жок болгондо ж.б.), жүктү түшүрбөстөн келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн белгиленген жыйымды эки эсе өлчөмдө төлөө менен өтүүгө жол берилет.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо, ошондой эле аларды эксплуатациялоо мөөнөтүн жогорулатуу максатында жайкы мезгилде күндүз анын иштөө мөөнөтүн көрсөтүү менен кыймылды убактылуу чектөөнү же токтотууну киргизет. Мындай ташууну жүк ээси же автоташуучу милдеттүү түрдө белги берүүчү жарык маяктар менен жабдылган коргоочу автомобилдин коштоосун камсыздоо менен аткарууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору боюнча жүрүү үчүн ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйым алынат.
Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана өткөн жыл үчүн иш жүзүндө инфляциянын деңгээлинде жыл сайын транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен түзөтүлүүгө тийиш.
Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн алынган жыйымдардан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке жиберилет.
Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө пайдаланылуучу өлчөө каражаттары "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык текшерилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук
каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык
параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдарды алууну
контролдоо
(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын уруксатсыз өтүүсүн аныктоо жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору боюнча жүрүү үчүн ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана ченөө үчүн жыйымдарды алуу максатында транспорт каражаттарынын салмагын жана габаритин контролдоо пункттарында өткөрүү контролу жүргүзүлөт.
Транспорттук контролдоо пункттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн окчун жайгаштырылат.
Транспорт каражатын өткөрүү контролу, туруктуу же көчмө посттордо транспорт каражаттардын салмак жана габарит аныктоочу жабдууну (салмак габарит контролдоо) колдонуу режиминде гана уюштурулат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
71. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баштапкы документтик контролдоо, жүк ташуучу транспорттук каражаттардын эсебин алуу Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттер менен Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын өткөрүү пункттарында салмак-габариттик контролдоо жүргүзүлөт.
Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы өткөрүү пункттарында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн транспорт каражатын салмак-габариттик контролдоонун натыйжалары транспорттук (автомобилдик) контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына түздөн-түз же маалымат системасы аркылуу берилүүгө тийиш. Ири көлөмдүү жана/же оор салмактагы бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын андан ары жүрүүсүнө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ташуучунун бөлүнбөс жүктү ташыган транспорт каражатынын өтүүсүнө атайын уруксаты болгон учурда уруксат берилет.
Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы өткөрүү пункттарында алгачкы салмак-габариттик контролдон өткөн жана бажы органын идентификациялоо каражаттары, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген салмак-габариттик контролдоо актысы бар эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарында кайрадан салмак-габариттик контролдоодон өтпөйт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 448, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Салмак-габариттик контролдоо жабдуусу аны эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык транспорттук контролдоо пункттарында белгиленет.
Транспорттук контролдоо пункттарында транспорт каражаттарын өткөрүүнү контролдоонун негизги технологиялык бүтүмдөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- транспорт каражатын токтотуу, транспорт каражатынын жүрүү документтерин текшерүү жана изилдөө;
- ушул Тартиптин 71-пунктунун үчүнчү абзацында каралган учурларды кошпогондо, транспорт каражатынын жалпы массасын таразалоого жана октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөөгө жиберүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- транспорт каражатынын жалпы массасын жана октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө. Ушул Тартиптин 71-пунктунун үчүнчү абзацында каралган учурларды кошпогондо, салмак-габариттик параметрлери жол берилген көрсөткүчтөргө дал келбеген, ошондой эле жүктү коштоочу документтери жок болгон учурда транспорт каражаты убактылуу токтотуу жайына жиберилет;
- айдоочуга транспорт каражатын таразалоонун жана өлчөөнүн натыйжалары жөнүндө анык маалыматты берүү (таразалоо жана өлчөө актысы);
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору менен жүрүү үчүн жол берилген ченемдерден ашкан учурда транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө протокол түзүү, транспорт каражатынын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жыйымдын суммасын эсептөө жана жыйымдарды төлөө жөнүндө квитанция берүү;
- эсепке алуу жана контролдоо журналында тиешелүү маалыматтарды каттоо, салмак-габариттик контролдоонун натыйжаларын маалыматтык системага киргизүү;
- белгиленген жол-жобого ылайык транспорттук контролдоо пункттарында транспорт каражаттарынын өз убагында кирүүсүн жана чыгуусун камсыз кылуу;
- транспорт каражаттарынын салмагын аныктоо боюнча жабдууларды колдонуу менен транспорт каражаттарын таразалоодо өндүргөн заводдун өлчөөчү жабдуусунун техникалык документтеринин чегинде жана ага ылайык автотаразалардын катачылыктарына жол берилет. Өлчөөчү жабдуунун катачылыгы ташуучунун пайдасына чечилет;
- ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган учурларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салмак-габариттик параметрлерден ашкан транспорт каражатынын андан ары кыймылына жол бербөө боюнча чараларды көрүү.
Автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдеринен ашкан фото- жана видеожаздыруу функциялары бар атайын техникалык каражаттар менен жазып алууда автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн жыйымдын суммасын кошуп эсептөө маалымат тутумунда жүргүзүлөт.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен калыбына келтирүү жана оңдоо иштери жүрүп жаткан автомобиль жолдорунун участокторунда транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген уруксат берилген өлчөмдөрүн колдонуунун өзгөчө тартиби белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Транспорттук контролдоо пункттарында Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору боюнча жүрүү үчүн ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдар жүктүн ээлеринен же жүк ташуучулардан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен алынат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Акча каражаттарын сактоону, ташууну жана сакталышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Салмак габарит көзөмөл пункттарында транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
Транспорт каражатынын айдоочусу транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талапка баш ийбеген жана транспорт каражатынын кыймылын андан ары уланткан учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан транспорт каражатын мажбурлап токтотуу боюнча жана айдоочуну мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу боюнча башка чаралар көрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, текстке дал келбейт
12. Фискалдык эс тутуму бар контролдук-кассалык машиналар болбогондо же техникалык себептер менен иштен чыгап калганда же алардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн шарттар жок болсо жыйымдарды алуу, киреше касса ордерин колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
Киреше касса ордерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу эсепке алынууга тийиш.
13. Жыйымдардын түшүшүн камсыз кылуу автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Транспорт каражаттарынын ээлери жана ташуучулар ушул Тартиптин талаптарын аткарбагандыгы жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген уруксат берилген салмак-габариттик параметрлерин сактабагандыгы (ашыргандыгы) үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)