Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) жалпы принциптери
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүүнүн жол-жобосун, бирдиктүү принциптерин, уюштурууну жана методикасын аныктайт.
2. Санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунучтуу продукцияны (товарларды) ташып келүүнү, алып келүүнү, жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) келип чыгышын жана жайылышын алдын алуу максатында өткөрмө пункттарында, жүктөрдү бажылык тариздөө жерлеринде адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу продукцияларга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү.
3. Санитардык-карантиндик пункт (мындан ары - СКП) - мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жерлеринде адамдарды, транспорт каражаттарын жана контролго алынуучу товарларды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай контролду жүргүзүүчү кызмат адамдарын жайгаштыруу үчүн багытталган, ушул Тартиптин 1, 5-тиркемелерине ылайык Санитардык-карантиндик контролду уюштуруу үчүн имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жабдууга карата типтүү талаптарга ылайык келген атайын жабдылган кызматтык жайлар, аймак.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында, жүктөрдү бажылык тариздөө жерлеринде (мындан ары - БТЖ) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-карантиндик пункттарды уюштурат.
Коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдар (эпидемиялар, пандемиялар, массалык уулануу учурлары ж.б.) келип чыккан учурда анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын чечими боюнча СКП (темир жол, автомобиль бекеттеринде, станцияларда, аэропорттордо, республикалар аралык, эл аралык авто жолдордо) уюштурулат.
5. Өткөрмө пункттарында аймакты санитардык коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чаралар Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерде, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) Аймакты санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жугуштуу (мите курт) оорулардын тизмегинде, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибинде каралган ооруларга карата, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жүргүзүлөт.
Санитардык-карантиндик контролдоого тийиш болгон карантиндик жана башка жугуштуу (мите курт) оорулардын тизмеги ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык аныкталган.
6. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жарандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагына келип жаткан (кетип жаткан) жеке жактарга, мамлекетке таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан транспорт каражаттарына (аба кемелерине, темир жол жана автожол транспортуна), ошондой эле ЕАЭБ укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон контролго алынуучу товарларга жайылтылат.
7. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында карап текшерүүнүн башка түрлөрүнөн мурда жүргүзүлөт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүүчү адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарына кире бериште транспорт каражаттарына, ошондой эле экипаж (бригада) мүчөлөрү, жүргүнчүлөр, ташылуучу жүктөр, мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү контролго алынган товарлар турган бардык жайларга эркин кире алат.
8. Мамлекеттик органдар (бажы, чек ара кызматтары), юридикалык жактар, өткөрмө пункттарынын инфраструктурасынын жана жүктөрдү бажылык тариздөө жерлеринин менчик ээси болуп саналган уюмдар СКПны, жугуштуу оорулар менен ооруган адамды убактылуу обочолонтуу үчүн изоляторду жайгаштыруу үчүн зарыл болгон жайларды акысыз негизде берет, авто, авто токтотуучу жай, темир жол туюгу үчүн санитардык аянтчаны аныктайт жана уюштурууну камсыздайт.
9. Бекитилген Тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы ЕАЭБдин мамлекеттик/бажы чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл (контроль) жүргүзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин профилдик мекемелери санитардык коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга консультациялык-методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт, атап айтканда:
1) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон контролго алынуучу товарларга мамлекеттик каттоо жана экспертизалоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин техникалык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери;
2) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө (контролдоо);
3) транспорт ишканасынын, аба кемесинин аймагын зоологиялык-паразитологиялык изилдөө (кемирүүчүлөрдүн, курт-кумурскалардын болушуна) I жана II патогендик топтогу микроорганизмдерди жуктурууга шектелген материалды лабораториялык диагностикалоо;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу оорулардын клиникасы жана эпидемиологиясы, жугуштуу ооруларды козгогучтарды алып жүрүүчүлөрдү жана таратуучуларды аныктоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында транспорт каражаттарына жана объекттерге алгачкы эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча СКП медицина кызматкерлерин даярдоо.
2-глава. Республиканын аймагына келген жеке жактарга, транспорт каражаттарына карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү
11. Санитардык-карантиндик контроль жүргүзүүчү кызмат адамдары коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиги болгондо транспорт каражаттарын, ошондой эле адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан; келгенде (кеткенде) санитардык-карантиндик контролго алат.
Коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) оору жуккан райондору бар өлкөлөрдөн (өлкөлөргө) жана химиялык жана радиациялык авариялар болгон райондору бар өлкөлөрдөн (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча өлкөлөрдүн тизмегине ылайык) транспорт каражатынын келиши (кетүүсү);
2) аймакты санитардык коргоо боюнча иш-чараларды талап кылган ооруга шектелген адамдардын аба кемесинин, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин, автобустун бортунда жок экендиги жөнүндө алдын ала маалыматтар белгиленген тартипте берилбегени;
3) транспорт каражатында оору жуккан райондору бар өлкөлөрдөн эл аралык каттам менен келген же мындай өлкөлөрдөн инкубациялык мезгил ичинде келген адамдардын болушу;
4) мурда жүргүзүлгөн санитардык-карантиндик контролдун жүрүшүндө эл аралык ташууларды жүзөгө ашыруучу транспорт каражатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдардын бузуулардын аныкталышы;
5) ич-кийим, кийим-кече, шейшептерди же мурда колдонулган башка тиричилик буюмдарын, идиш-аяктарды, оюнчуктарды камтыган жана оору жуккан райондору бар өлкөлөрдөн же эпидемия зоналарынан келген бүтүндүгү бузулган эл аралык почта жөнөтмөлөрү;
6) транспорт каражатында ооруга шектелген адамдар бар экендиги жөнүндө маалыматтардын болуусу;
7) транспорт каражатында кемирүүчүлөрдүн болуусу же алардын издеринин болуусу;
8) оору жуккан райондору бар өлкөлөрдөн же эпидемия зоналарынан келген транспорт каражатында курт-кумурскалардын болуусу;
9) радиациялык фону жогору болгон контролго алынуучу товарлардын, транспорт каражатынын кыймылынын фактысын аныктоо.
12. Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү транспорт каражаттарына санитардык-карантиндик контроль төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) аба транспорту, поезд, автобус келгенге чейин алардын экипажынан (командиринен же экипаждын жооптуу мүчөсүнөн, коштоочулар, автотранспорт менен келген топтордун жетекчилеринен) алынган маалыматтарды самолеттун, темир жол транспортунун жалпы декларациясынын санитардык бөлүгүнө ылайык баалоо.
2) аба кемесинин жалпы декларациясынын санитардык бөлүгүн, медициналык-санитардык декларацияны, темир жол транспортунун журналдарын, зарыл учурда эмдөө жөнүндө эл аралык күбөлүктөрүн текшерүү;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн транспорт каражаттарын визуалдык кароодон өткөрүү, экипаждын мүчөлөрүн, поезддердин бригадаларын, автотранспорттун айдоочуларын, жүргүнчүлөрдү сурамжылоо.
13. Транспорт каражаттары, контейнерлер, жүргүнчүлөрдүн жүктөрү, контролго алынуучу товарлар эпидемиологиялык көрсөткүчтөр бар болгондо (курт-кумурскалардын, кемирүүчүлөрдүн белгилери же алардын келген издери болгондо), ошондой эле профилактикалык максатта дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана дератизациялоо жүргүзүлөт.
14. Санитардык-карантиндик контроль жүргүзүүчү кызмат адамдары аба кемесинин экипажынын командиринин же жооптуу мүчөсүнүн, поезддин башчысынын, автотранспорт каражатынын айдоочусунун суроо-талабы боюнча транспорт жана жол документтерине транспорт каражатына карата санитардык чаралар колдонулгандыгы жөнүндө белги коёт.
15. Кыргыз Республикасынын аймагына жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) алып келинишин алдын алуу максатында санитардык-карантиндик контроль жүргүзүүчү кызмат адамдары өз компетенциясына ылайык төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
1) өткөрмө пункттарына келген экипаждын мүчөлөрүн, поезд жана локомотивдик бригадалардын жумушчуларын, автотранспорт айдоочуларын жана жүргүнчүлөрдү алардын ден соолугунун абалы жөнүндө сурамжылоону (анкеталоону);
2) экипаждын мүчөлөрүнүн, локомотивдик бригадалардын жумушчуларынын, автотранспорт айдоочуларынын жана жүргүнчүлөрдүн дене табын даттануулар болгондо эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча текшерүүнү;
3) транспорт каражатын (тамак-аш бөлүгүн, суу менен жабдуу системаларын, калдыктардын бардык түрлөрүн чогултуу жана жок кылуу системаларын) жугуштуу ооруларды алып жүрүүчүлөрдүн жана таратуучулардын (курт-кумурскалар, кемирүүчүлөр же алардын келген издеринин белгилери) болушуна санитардык карап текшерүүнү;
4) профилактикалык дезинфекция, дезинсекция, дератизация жүргүзүүнү.
16. Транспорт каражатында оорулуу (оорулуулар) же жугуштуу ооруга шектүү адамдар болгон учурда санитардык-эпидемияга каршы иш чараларды өткөрүү үчүн СКПнын кызмат адамдарынын жазма буйруктарынын негизинде аба кемелери санитардык токтоочу жайга, поезддер - темир жолдун санитардык туюгуна (жолго), автотранспорт - санитардык аянтчага жиберилет.
Жугуштуу ооруларды таратуучулар, тирүү же өлгөн кемирүүчүлөр аныкталган учурда кызмат адамдары тарабынан жапырт, толук дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дератизациялоо боюнча иш-чаралар уюштурулат жана өткөрүлөт.
17. Оорулуулар жана ооруга шектүүлөр аныкталган учурда аймакты санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү талап кылынган санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин талаптарынан ашпаган көлөмдө токтоосуз башталат жана кечиктирилбестен, басмырлоосуз жүзөгө ашырылат жана аяктайт.
3-глава. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон контролго алынуучу товарларга мамлекеттик чек арада жана БТЖда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү (контролдоону) жүзөгө ашыруу
18. Контролго алынуучу товарларды Кыргыз Республикасынын чек арасында жана БТЖда, ЕАЭБдин укугун түзүүчү белгиленген актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине санитардык-карантиндик контролдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон контролго алынуучу товарлардын мамлекеттик каттоосунун бар экендигин жана алардын транспорттук же коммерциялык документтерге ылайык келишин текшерүү;
2) транспорттук же коммерциялык документтерди текшерүүгө катышуу (көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын аткарган органдардын кайрылуусу боюнча), кароо, контролго алынуучу товарларды баалоо үчүн сынамдарды тандап алууну (тандоону) уюштуруу;
3) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон жана чектөөлөргө жана тыюу салууларга туура келген, Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык шайкештикти баалоо жөнүндө документтер (шайкештик сертификаты, шайкештик декларациясы, мамлекеттик каттоо күбөлүктөрү) талап кылынган, ТБЖга келген товарларды жана жүктөрдү текшерип кароо;
4) баалоо жүргүзүү үчүн милдеттүү кароо, контролго алынуучу товарларды баалоо үчүн сынамдарды тандап алууну (тандоону) уюштуруу, төмөнкү учурларда:
- ташуу шарттарынын сакталбагандыгы, контейнерлердин бүтүндүгүнүн жана таңгактын бузулушу;
- радиоактивдүү, химиялык жана биологиялык авариялардын натыйжасында булганган райондордон, ошондой эле кемирүүчүлөрдүн жана курт-кумурскалардын бар экендиги аныкталган товарлардын эпидемиологиялык жактан начар өлкөлөрдөн келиши;
- контролго алынуучу товарлардын санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык эместиги, транспорттук же коммерциялык документтерде билдирилген талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө маалыматтын түшүүсү;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бири тарабынан белгилүү бир продукцияга карата убактылуу санитардык чараларды киргизүү.
Контролго алынуучу товарларды баалоо мезгилинде аларды жайгаштыруу жөнүндө чечим бажы органдары менен бирдикте кабыл алынат.
19. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү жана жүгүртүүгө чыгарылуучу контролго алынуучу товарлар ЕАЭБдин укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
20. Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон контролго алынуучу товарларды Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБдин аймагына ташып кирүү мамлекеттик каттоо формасындагы продукциянын шайкештигин баалоо болгон учурда жүзөгө ашырылат. Контролго алынуучу товарлардын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктоо катары төмөнкү документтердин (маалыматтардын) бири колдонулат:
1) контролго алынуучу товарларды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк же анын Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) актысы менен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) контролго алынуучу товарларды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн реквизиттерин, ал товарлардын аталышын, даярдоочуну (өндүрүүчүнү), алуучуну жана контролго алынуучу товарларды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берген органды көрсөтүү менен ЕЭК продукциясын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестринен көчүрмөсү;
3) электрондук документ түрүндөгү контролго алынуучу товарларды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана анын ЕЭК комиссиясынын маалымат порталында жарыяланган Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестринде болушу.
21. Контролго алынуучу товарларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүчү товарлардын бирдиктүү тизмегинин II жана III бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн товарларга же ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде Бирликтин бажы аймагына ташып келүүдө жана мындай аймакта жүгүртүүдө мамлекеттик каттоо формасындагы шайкештигин баалоо каралган товарларга киргизүү же алардын чыгаруу үчүн негиз болуп, транспорттук (ташуучу) жана (же) коммерциялык документтерде же даярдоочунун (өндүрүүчүнүн) маалымат катында камтылган маалыматтар эсептелет.
22. "Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү тариздөө максатында санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүүгө арналган продукциялардын үлгүлөрү" деген белги менен товардык-коштоочу документтер боюнча алынып келинген контролго алынуучу товарлар, менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон юридикалык жак же жеке жак бул контролго алынуучу товарларды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк таризделгенге чейин, аталган контролго алынуучу товарлардын Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБдин бажы аймагында жүгүртүлүшүнө жол бербөөнү камсыз кылууга милдеттүү.
23. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүчү жана чектөөлөргө жана тыюу салууларга туура келген контролго алынуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгаруу, ал товарлардын техникалык регламенттерге шайкештиги жөнүндө документтер бар экендигин тастыктоо катары берилгенде жүргүзүлөт, ал учурда төмөнкү документтердин (маалыматтардын) бири пайдаланылат:
1) контролго алынуучу товарлардын Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги жөнүндө шайкештик сертификаты/декларациясы же анын ЕЭК актысында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) шайкештигин баалоо жөнүндө документтердин реквизиттерин, бул товарлардын аталыштарын, даярдоочуну (өндүрүүчүнү), алуучуну жана шайкештик жөнүндө документти берген органды көрсөтүү менен Берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган шайкештиги жөнүндө декларациярдын бирдиктүү реестринен көчүрмө;
3) ЕЭК маалымат порталында жарыяланган Берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган шайкештиги жөнүндө декларациярдын бирдиктүү реестринен электрондук документ түрүндөгү шайкештик сертификаттары жана шайкештиги жөнүндө декларациялар.
24. Өткөрмө пункттарында, БТЖ санитардык-карантиндик контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары контролго алынуучу продукция ЕАЭБдин укугун түзүүчү актыларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келген учурда транспорттук (ташуучу) жана (же) коммерциялык документтердин бирине ыйгарым укуктуу органдын аталышын, датасын жана колтамгасын көрсөтүү менен "Ташып келүүгө уруксат берилди" деген штамп, ошондой эле жеке номердик мөөр менен белги коюшат.
Санитардык-карантиндик контролду жүзөгө ашырган жана контролго алынуучу товарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташыл келүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алган кызмат адамы транспорттук же коммерциялык документтердин бирине СКПнын аталышын, датасын жана колтамгасын көрсөтүү менен "Ташып келүүгө тыюу салынат" деген штамп, ошондой эле жеке номердик мөөр менен белги коёт.
25. Контролго алынуучу товарлардын мамлекеттик каттоосунун болушу жана алардын транспорттук (ташуу) жана (же) коммерциялык документтерге шайкештигине контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын интеграцияланган маалыматтык системасы ишке киргизилгенден кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 "Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасынын автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашыруу тартибине ылайык "Ташып келүүгө уруксат берилди" деген штамп коюу талап кылынбайт.
26. Контролго алынуучу товарлар Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык талаптарына жана ЕЭК актыларына, ылайык келбегендиги аныкталганда, санитардык-карантиндик контроль жүргүзүүчү кызмат адамдары тарабынан мындай контролго алынуучу товарларды ташып келүүгө жол берилбейт, ташуучуга (жүк жөнөтүүчүгө) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибине ылайык келбегендиги тууралуу ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык формада жазуу жүзүндө билдирилет.
27. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган контролго алынуучу товарлар Кыргыз Республикасынын аймагынан токтоосуз ташылып кетүүгө тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, аталган товарларды ташып чыгуу боюнча чараларды көрүү ташуучуга же болбосо алардын менчик ээсине жүктөлөт.
28. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келбеген контролго алынуучу товарларды ташып кетүү мүмкүн болбогон же алар дароо ташып чыгарылбаган учурда, бул товарлар жок кылуу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка нерсеге пайдалануу максатында кармалууга тийиш.
29. Автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик контроль жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 "Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасынын автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашыруу тартибине ылайык электрондук түрдө да жүргүзүлөт".
30. Бул Тартип ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана адамдардын, транспорт каражаттарынын, товарлардын (продукциялардын) жана жаныбарлардын орун которуу (өтүү) процессине катышкан тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ортосунда "бирдиктүү терезе" принциби боюнча өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырууда ишти, электрондук өз ара аракеттенүүнү координациялоонун укуктук негизи болуп саналат.
31. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик контролдоочу органдар менен электрондук өз ара аракеттенүүсү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик контролдоочу органдардын маалыматтык системаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
32. Маалыматтык системалар мамлекеттик контролдоочу органдардын электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн бизнес-процесстеринин алгоритмине ылайык аткарылышы мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын катышуусун талап кылбаган тобокелдиктерди башкаруу жана алдын ала чечимдерди кабыл алуу системаларынын маалыматтарын автоматтык түрдө талдоо, каттоо жана иштеп чыгуунун компоненттерин жана процесстерин камтышы мүмкүн.
33. Санитардык-карантиндик контролдоону жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 56-т тескемеси менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартибин колдонуу менен жүргүзүлөт.
34. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен санитардык-карантиндик контролдоонун ортосунда ЕАЭБтин бажы чек арасына келген товарларга жана транспорт каражаттарына жүргүзүлгөн санитардык-карантиндик контролдоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алмашуу, ошондой эле товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алуу электрондук документтерди, маалыматтарды, маалымдама маалыматты алмашуу тартиби жөнүндө өзүнчө макулдашуулардын негизинде, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик контролдоочу органдын ведомстволор аралык жана ведомстволук ички регламенттери менен аныкталган маалыматтарды иштеп чыгуунун жана берүүнүн программалык каражаттарын колдонуу аркылуу электрондук өз ара аракеттенүү жолу менен жүргүзүлөт.
35. Алдын ала маалымат-маалыматтык системаларды пайдалануу менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу жиберилүүчү, анын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик контролдоочу органдардын тобокелдиктерди башкаруу системаларын пайдалануу менен иштелип чыгуучу маалымат.
36. Алдын ала маалымат катталгандан кийин бажы органы маалыматтарды электрондук түрдө маалыматтык карточкага киргизет, алар автоматтык режимде маалыматтык системанын атайын бөлүгүнө СКПнын кызмат адамынын жеке кабинетине келип түшөт.
37. Ташып келүү болжолдонуп жаткан, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилүүчү товарлар жөнүндө алдын ала маалыматтын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 "Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасынын автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашыруу тартибине ылайык төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) товар жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтар;
2) транспорт (ташуу) документинин номери жана түзүлгөн датасы;
3) ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык биринчи 6 белгиден кем эмес деңгээлдеги товарлардын коддору;
4) товарлардын аталышы;
5) продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери, берилген датасы жана бланкынын типографиялык номери (мамлекеттик каттоого тийиш болгон продукцияга карата);
6) ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде каралган, ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына ылайык бирдиктүү форма боюнча таризделген шайкештикти баалоо жөнүндө документтин (шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация, химиялык заттын коопсуздук паспорту) номери, берилген датасы жана типографиялык номери;
7) товарлардын дайындалышы жана колдонуу тармагы жөнүндө маалыматтар;
8) товарларды даярдоочунун аталышы жана дареги;
9) товар чыгарылган өлкө, товар жөнөтүлгөн өлкө жана товар дайындалган өлкө.
38. Санитардык-карантиндик пункттун кызмат адамы маалыматтарды алган учурдан тартып 15 мүнөттүн ичинде бажы органынын маалыматтык системасына алдын ала маалыматтын маалыматтарын кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматты төмөнкү чечимдердин бирин көрсөтүү менен берет:
- медициналык-санитардык мүнөздөгү себептер боюнча эл аралык жүк ташуу транспорт каражатынын кирүүсүнө тыюу салынат;
- Кыргыз Республикасына ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна товарлардын келүүсүнө уруксат берилди, товарларга баалоо (кароо, карап текшерүү) жүргүзүү талап кылынат;
- Кыргыз Республикасына ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна товарлардын келүүсүнө уруксат берилди, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатында көзөмөлдү (контролду) жүзөгө ашыруу үчүн документтерди берүү талап кылынат;
- ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды ташып келүүгө тыюу салынат.
39. Алдын ала маалыматтын маалыматтарын кароонун натыйжалары боюнча электрондук түрдөгү маалыматтык карточкада көрсөтүлгөн СКПнын кызмат адамынын чечимдери өткөрүү пункттарында контролдонуучу товарларды (продукцияны) жана транспорт каражаттарын чыгаруу (чыгаруудан баш тартуу) менен байланышкан иш-аракеттер үчүн юридикалык негиз болуп саналат.
|
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибине 1-тиркеме |
Санитардык-карантиндик контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жабдууга ТИПТҮҮ ТАЛАПТАР
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Санитардык-карантиндик контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жабдууга типтүү талаптар (мындан ары - Типтүү талаптар) адамдарга, транспорт каражаттарына жана контролдонуучу товарларга санитардык-карантиндик контроль жүргүзүү үчүн зарыл болгон автомобиль (автожол), аба (аэропорттордо), темир жол өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жабдууга талаптарды аныктайт.
2. Өткөрмө пунктунда төмөнкүлөр каралат:
- санитардык-карантиндик пункттун (мындан ары - СКП) жайларынын комплекси;
- убактылуу обочолонтуу үчүн бөлмө;
- санитардык токтотуучу жай (санитардык аянтча, санитардык темир жол туюгу (жол).
3. Ушул Типтүү талаптардын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жайлардын аянты, саны, жабдуулары жана жабдылышы, ошондой эле аларды айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү өткөрмө пунктундагы жүктөрдүн агымын жана жүргүнчүлөрдүн агымын, өткөрмө пунктунун иштөө режимин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталат.
2-глава. Санитардык-карантиндик пункттун жайларынын комплекси
4. СКПнын жайлары суу менен камсыздоо, канализация, желдетүү, абаны кондиционерлөө системасы, өрткө каршы сигнал берүү системасы жана өрт өчүрүү каражаттары, өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда кабарлоо системасы менен жабдылууга тийиш.
5. СКП комплексинде нөөмөттөгү адистер үчүн бөлмөлөр, тиричилик жайлары, санитардык-эпидемияга каршы мүлктү сактоо үчүн жайлар, кампа үчүн жайлар, ушул Типтүү талаптардын 5-главасына ылайык бир адиске эсептелген аянтты эске алуу менен жабдылган санитардык блок үчүн жайлар каралат.
6. СКП контролдонуучу товарлардын сынамдарын лабораторияга жеткирүү учурунда ыкчамдуулукту камсыз кылуу үчүн автотранспорт менен жабдылат.
7. СКП төмөнкүдөй санитардык-эпидемияга каршы мүлк жана контролдоо каражаттары менен жабдылат:
- лабораториялык изилденүүгө тийиш болгон сынамдардын үлгүлөрү үчүн муздаткыч;
- муздаткыч баштык же хладагенти бар термос;
- дене табын аралыктан өлчөө үчүн жабдуу;
- медициналык термометрлер (10 даана);
- радиометр-дозиметрлер (2 даана);
- автономдуу кубаттандыруу жана кубаттуулуктагы көчмө электр чырактары (2 даанадан кем эмес);
- 1-типтеги чумага каршы (коргоочу) бир жолу колдонулуучу жеке костюмдар (нөөмөттөгү СКПнын бир адисине 2ден костюм);
- көп жолу колдонулуучу коргоочу костюмдар (бир адиске 1ден костюм);
- медициналык халаттар (нөөмөттөгү ар бир адиске 2ден халат);
- кол каптар: медициналык (100 жуп); чарбалык резина кол каптар (калың) (10 жуп);
- коргоочу (бир жолу колдонулуучу) медициналык маскалар жана респираторлор (100 даанадан);
- ар бир адиске терини жана дем алуу органдарын жеке коргоо каражаттары (противогаз);
- резина же полиэтилен фартук; эки учуна резина тагылган же полиэтилен жеңчелер (2 жуп);
- СКП кызматкерлеринин жеке профилактикасы үчүн бир жолу колдонулуучу дезинфекциялоочу майлыктар (50 даана);
- аэрозоль репелленттер (5 даана);
- аэрозоль инсектициддер (5 даана);
- дезинфекциялоочу каражаттар;
- идиштер: дезинфекциялоочу каражаттардын эритмелерин даярдоо үчүн бир градуирленген, колду тазалоо үчүн бир, коргоочу кийимди дезинфекциялоо үчүн эки, коргоочу көз айнекти дезинфекциялоо үчүн бир, оорулуудан бөлүнүп чыккан заттарды чогултуу жана дезинфекциялоо үчүн үч;
- салгычтар: холера оорусун аныктоого оорулуудан (шектүүдөн) материал алуу үчүн; айлана-чөйрө объекттеринен сынамдарды алуу үчүн; кемирүүчүлөрдүн, кан соргуч курт-кумурскалардын өлүгүн лабораторияга жеткирүү үчүн; шашылыш жеке профилактика жүргүзүү үчүн.
Салгычтарды толуктоо жана СКПнын санитардык-эпидемияга каршы мүлкүн алмаштыруу препараттардын жана медициналык инвентардын жарактуулук мөөнөтү аяктаган сайын үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш.
3-глава. Убактылуу обочолонтуу үчүн жайлар
8. Өткөрмө пункттарында ооруга шектелген адамдарды убактылуу обочолонтуу үчүн жайларды (мындан ары - изолятор) бөлүү жана жабдуу камсыз кылынат.
9. Изолятор:
- өзүнчө турган имаратка жайгаштырылат же өткөрмө пунктундагы башка жайлардан обочолонуп турушу мүмкүн (кирүү эшиги өзүнчө болууга тийиш);
- механикалык иштеген өзүнчө үзгүлтүксүз аба алмаштыруучу желдеткич менен жабдылат;
- дубалдар жана полдор нымдуу жууп-тазалоого жана дезинфекциялоого мүмкүндүк берген материалдардан жасалат.
10. Өткөрмө пунктунун убактылуу обочолонтуу үчүн жайларынын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ооруга шектүү оорулууларды убактылуу обочолонтуу үчүн бөлмө;
- ушул Типтүү талаптардын 6-главасына ылайык медициналык кызматкер үчүн бөлмө, тамбур, даараткана, душ.
11. Өткөрмө пунктунда медициналык пункт болгон учурда убактылуу обочолонтуу үчүн бөлмө анын курамында болушу мүмкүн.
4-глава. Жугуштуу оору менен ооруган оорулуу (ооруга шектүү) табылган транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн санитардык токтотуучу жай
12. Автомобилдик (автожол) өткөрмө пунктундагы санитардык аянтча өткөрмө пунктуна кире бериште жайгаштырылат, медициналык тез жардам автомобилдеринин жана эвакуациялык транспорттун тоскоолдуксуз кирүүсү үчүн дайыма бош болот. Аянтча тосулуп турат, эскертүүчү жазуулар менен белгиленет, асфальт (катуу) төшөлөт жана кийин дезактивациялоо же дезинфекциялоо үчүн транспортту тазалоо учурунда колдонулуучу атайын эритмелердин үстүнкү агындыларын чогултуу үчүн дренаждык система менен жабдылат.
Автомобиль (автожол) өткөрмө пунктундагы санитардык аянтчада төмөнкүлөрдүн болушу каралат:
- ичүүчү суу менен камсыздоочу борборлоштурулган система;
- калдыктарды чогултуу жана утилизациялоо системасы (капкагы бар таштанды чогултуучу контейнерлер);
- жасалма тышкы жарыктандыруу;
- саркынды сууларды чогултуучу жана аны өткөрмө пунктунун жалпы канализациялык тармактарына төгүүдөн мурун дезинфекциялоочу түзүлүш менен жабдылган эки орундуу даараткана же биодаараткана (алардын туруктуу жайгаштырылган ордун аныктоо менен) жана кол жууш үчүн раковиналар.
13. Эл аралык авиарейстерди кабыл алуучу аэропорттордун өткөрмө пункттарындагы (аба өткөрмө пункттарындагы) санитардык токтоочу жайда төмөнкүлөрдүн болушу каралат:
- аба кемесин орнотуу мүмкүнчүлүгү менен асфальт төшөлгөн аянтча;
- эскертүү жазуулары бар тосмолор;
- ичүүчү суу менен камсыздоочу борборлоштурулган система;
- калдыктарды чогултуу жана утилизациялоо системасы (капкагы бар таштанды чогултуучу контейнерлер);
- жасалма тышкы жарыктандыруу;
- биодаараткана (калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу болбогон учурда биодааратканаларды туруктуу сактоонун ордун аныктоо менен).
14. Санитардык темир жол туюк (жолдун) аянтчасында эскертүүчү жазуулары бар асфальт төшөлмө жана тосмо каралат. Туюк жолдун жайгашкан жери поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана медициналык тез жардам автомобилдеринин жана эвакуациялык транспорттун тоскоолдуксуз кирүүсү үчүн дайыма бош болууга тийиш.
Санитардык темир жол туюк (жолдун) аянтчасы төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
- вагондорду электр энергиясына, муздак суу менен жабдууга, телефон байланышына, вагондордун фандык түтүктөрүн борбордук канализацияга, казылган кудукка же идишке (200 литрден жогору көлөмдөгү коррозияга туруктуу) туташтыруу үчүн жабдыктар;
- аймакты, тышкы тиричилик жана көмөкчү жайларды жасалма жарыктандыруу;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жок болгон учурда автономдуу көчмө дааратканалар (биодааратканалар) туруктуу сактоонун ордун аныктоо менен;
- үч тарабынан тосулган, асфальт төшөлгөн аянтча, экиден кем эмес капкактары бекем жабыла турган металл же желим таштанды чогултуучу контейнерлерди орнотуу менен;
- топтому жана аянты жекече жана санитардык темир жол туюк (жолдун) аянтын техникалык жарыктандыруудан көз каранды болгон көмөкчү жана кампа (стационардык же убактылуу) жайлар.
5-глава. СКП комплексинин жайларынын аянттары жана жабдуулары
№ | Жайлардын аталышы | Аянты | Эмерек | Жабдуу | Байланыш |
1 | Адистердин бөлмөлөрү (1 жумуш ордуна эсептегенде) | 12 м2 | Стол, отургучтар, документтер үчүн шкаф, сейф, кондиционер, эфирдик радио кабылдагыч, кийимдер үчүн шкаф | ПЭЭМ, принтер, телефон, калькулятор, уюлдук телефон - ар бир жумуш ордуна, сканер, ксерокс, факс, УКТ диапазонунда радиостанция (2-5 вт.): СКПга 1 комплект | Шаар аралык байланышка чыгуучу жалпы шаардык телефондук байланыш, ички (өткөрмө пунктунда), уюлдук, интернет желесине чыгуучу модемдик байланыш, радио байланыш |
2 | Чарбалык жайлар | 12 м2 | Сырткы жана жумуш кийимдери үчүн шкаф, диван, стол, отургучтар, телевизор, эфирдик радио кабылдагыч | Микротолкундуу меш, муздаткыч, электрдик чайнек | Ички телефон байланышы |
3 | Санитардык-эпидемияга каршы мүлктөр сакталуучу бөлмө | 10 м2 | Шкаф-купелер (стеллаждар) |
|
|
4 | Кампа | 6 м2 | Дезинфекциялоочу каражаттар жана күнүмдүк колдонулуучу эмеректер сакталуучу стеллаждар | Абаны соруп чыгаруучу шкаф |
|
5 | Санитардык блок | 6 м2 |
| Душ кабинасы, кол жуугуч, унитаз |
|
6-глава. Өткөрмө пунктунда оорулууну убактылуу изоляциялоочу жайдын аянты жана жабдыктары
№ | Жайлардын аталышы | Аянты | Эмерек, оорулууга кам көрүүгө керектүү буюмдар | Жабдуу | Байланыш |
1 | Убактылуу изоляциялоочу бөлмө | 12 м2 | Холера менен ооругандар үчүн 1 керебет, медициналык кушетка, керебеттин жанына коюлуучу 1 үкөк, холера менен ооругандардын өздүк буюмдары үчүн 1 шкаф, медициналык шкаф, манипуляция үчүн 1 стол, 2 отургуч, 2 астыга коюлуучу идиш, клеенка, 2 шейшеп комплекти, 2 матрац, 4 жаздык, 2 жүн жууркан, бөтөлкөдө суу, 2 ичүүчү идиш, бир жолу колдонулуучу стакандар | Телефон, жабык түрдөгү бактерициддик абаны нурдап тазалагыч, кол жуугуч, унитаз, душ | Телефондук, уюлдук радио байланыш |
2 | Тамбур | 6 м2 | Дезинфекциялоочу каражаттарды жана чарбалык буюмдарды сактоо үчүн стеллаждар, медициналык замбил, буюмдар |
|
|
3 | Медицина кызматкери үчүн жай | 10 м2 | Жумуш столу, документтер үчүн шкаф, отургуч, сырткы жана жумуш кийими үчүн шкаф | Телефон | Телефондук уюлдук, факсимилдик радио байланыш |
4 | Даараткана, душ | 6 м2 |
| Душ кабинасы, кол жуугуч, унитаз |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибине 2-тиркеме |
Санитардык-карантиндик контролдонууга тийиш болгон карантиндик жана башка инфекциялык (мите) ооруларынын ТИЗМЕГИ
№ п/п | Нозологиялык формасы | МКБ-10 боюнча коду |
1 | Чечек | В 03 |
2 | Полиомиелит, жапайы полиовирус пайда кылган | A 80.1, A 80.2 |
3 | Адам тумоосу, жаңы вирустун түрү пайда кылган | J 10, J 11 |
4 | Оор курч респиратордук синдром (ОКРС) |
|
5 | Холера | A.00: A.00.0, A 00.1, A 00.9 |
6 | Чума | A 20: A 20.0, A 20.1, A 20.2, A 20.3, A 20.7, A 20.8, A 20.9 |
7 | Сары калтыратмасы | A 95: A 95.0, A 95.1, A 95.9 |
8 | Лacca калтыратмасы | A 96.2 |
9 | Марбург вирусу пайда кылган оору | A 98.3 |
10 | Эбола вирусу пайда кылган оору | A 98.4 |
11 | Безгек | B 50, B 51, B 52, B 53.0 |
12 | Батыш Нил калтыратмасы | A 92.3 |
13 | Крым геморрагиялык калтыратмасы | A 98.0 |
14 | Денге калтыратмасы | A 90, A 91 |
15 | Рифт-Валли калтыратмасы (Рифт талаасы) | A 92.4 |
16 | Менингококк оорусу | A 39.0, A 39.1, A 39.2 |
17 | Сибирь жарасы | A 22.0, A 22.1, A 22.2, A 22.7, A 22.8, A 22.9 |
18 | Бруцеллез | A 23.0, A 23.1, A 23.2, A 23.8, A 23.9 |
19 | Кургак учук | A 16.0, A 16.1, A 16.2, A 16.3, A 16.4, A 16.5 |
20 | Сап | A 24.0, A 24.1, A 24.2, A 24.3, A 24.4 |
21 | Мелиоидоз | A 24.0, A 24.1, A 24.2, A 24.3, A 24.4 |
22 | Эпидемиялык темгил келте | A 75.0, A 75.1, A 75.2, A 75.3, A 75.9 |
23 | Хунин, Мачупо калтыратмалары | A 96.0, A 96.1 |
24 | Коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдагы эл аралык мааниге ээ болгон Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин (2005-ж.) № 2 тиркемесине ылайык пайда болгон башка инфекциялык ооорулар |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибине 3-тиркеме |
Оорулуу же ооруга шектүү аныкталганда санитардык коргоо аймагы боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган санитардык-эпидемияга каршы ИШ-ЧАРАЛАР
1. Санитардык-эпидемияга каршы чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өткөрүү пунктунун администрациясына, чек ара жана бажы наряддарынын улук нөөмөтчүлөрүнө Кыргыз Республикасына келген адамдардын ооруга шектүүлүгү жөнүндө токтоосуз маалымдоо (бар болгон байланыш каражаттарын колдонуу менен);
- аймакты санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган оорулардын учурлары жөнүндө кабарлоо схемасына ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарын маалымдоо;
- өткөрүү пунктунун администрациясынын чечими боюнча санитардык унаа токтотуучу жайга, санитардык аянтчага, санитардык темир жол туюгуна (жолуна) транспорт каражатын жайгаштырууну уюштуруу;
- транспорт каражаты менен жүрүүнү жана экипаж мүчөлөрүнүн, жүргүнчүлөрдүн чыгышын, багажды, жүктөрдү түшүрүүнү токтотуп туруу;
- чек ара, бажы жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрүн токтотуп туруу;
- эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү аяктаганга чейин транспорт каражатынын жана андагы адамдарды коргоону камсыз кылууну уюштуруу;
- оорулууну (ооруга шектүүнү) аныкталган жеринде же убактылуу обочолонтуучу жайда кийин дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүүчү мекемеге (уюмга) оорулуунун диагнозун жок кылуу үчүн зарыл болгон мөөнөткө, ал ырасталган учурда оорулуу толук айыкканга чейин жаткырууну уюштуруу менен токтоосуз убактылуу обочолонтуу;
- эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча санитардык-карантиндик контролду жүргүзүүчү кызмат адамдарына жеке шашылыш профилактиканы жүргүзүү;
- оорунун эпидемиялык очогунун пайда болушунун себебин жана шарттарын белгилөө, ошондой эле оорулуу жана (же) ооруга шектүү (жугуу) менен байланышта болгон адамдарды аныктоо максатында эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүнү уюштуруу;
- жүргүнчүлөрдү, транспорт каражатынын экипаж (бригада) мүчөлөрүн, өткөрүү пунктунун мамлекеттик контролдоо органдарынын кызмат адамдарын кошуп алганда, оорулуу менен мурда байланышта болгон адамдарды келген же обочолонгон учурдан тартып оорунун инкубациялык мезгилинин ичинде аныктоо, обочолонтуу жана (же) медициналык байкоону уюштуруу. Диагноз алынып салынса, обочолонтууну жана көзөмөлдү жокко чыгарылышы мүмкүн;
- кийин транспорт каражатынан убактылуу обочолонтууга эвакуациялоо менен оорулуу менен байланышта болгон адамдарды сурамжылоо;
- лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн оорулуулардан (ооруга шектүүлөрдөн) жана оорулуу менен байланышта болгон адамдардан (көрсөтмөлөр боюнча) биологиялык материалдарды алууну уюштуруу;
- дезинфекциялоону уюштуруу, ал эми кемирүүчүлөр менен курт-кумурскалар табылган учурда - транспорт каражаттарын, жүктөрдү, багажды дератизациялоо, дезинсекциялоо;
- кемирүүчүлөрдүн тарптары табылган учурда лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн үлгү алуу жана лабораторияга жеткирүү.
2. Чет өлкөлүк жарандар жаткыруудан баш тарткан учурда андан аркы чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин негизинде (2005-жыл) колдонулат.
3. Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан транспорт каражатындагы апамдын оорусу аныкталган же оорунун козгогучтары тарабынан контаминацияга шектүү жүк табылган учурда Кыргыз Республикасы башка өлкөнүн жарандарынын (оорулуулардын жана алар менен байланышта болгондордун) өз аймагына кирүүсүнө, транзиттик өтүүсүнө тыюу салуу укугун сактап калат.
4. Санитардык-карантиндик контроль аяктагандан, ошондой эле зарыл болгон учурда санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин транспорт каражатына жана жеке адамдарга башка мамлекеттик контролдоо органдарынын кызмат адамдарына өз функцияларын жүзөгө ашырууга уруксат берилет.
5. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу жаатында мамлекеттин мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда, ошондой эле инфекциялык оорулардын жана массалык инфекциялык эмес оорулардын (уулануулардын) пайда болуу жана жайылуу коркунучу пайда болгон учурда текшерүү актысынын негизинде кыска мөөнөттө, бирок 24 сааттан кечиктирбестен, санитардык-карантиндик контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамы жооптуу адамдарга алар тарабынан белгиленген мөөнөттө аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды берет:
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу жаатында аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө;
- инфекциялык оорулар менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү жана мындай адамдарга медициналык байкоо жүргүзүү жөнүндө;
- массалык инфекциялык эмес ооруларга (ууланууга) алып келиши мүмкүн болгон контролдонуучу товарларга баалоо жүргүзүү жөнүндө;
- кошумча санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө;
- транспорт каражатында, өткөрүү пунктунда дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана дератизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө.
6. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында өткөрүү пунктуна санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган оорудан каза болгон менен транспорт каражаты келген учурда санитардык-карантиндик контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары:
- аймакты санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган оорулардын учурлары жөнүндө кабарлоо схемасын жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралардын ыкчам планын ишке киргизет;
- ташуунун өзгөчө шарттарын сактоо менен өлүктү өлүкканага алууну жана ташууну уюштуруу үчүн тиешелүү кызматтарга кабарлайт;
- транспортто оорулуу болгон учурдагыдай эле иш-чараларды өткөрөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибине 4-тиркеме |
№ ________________________ КАБАРЛОО 20___-ж. "____" __________________________
_______________________________________________________________________________
(жүк ташуучуга же жүккө карата ыйгарым укуктуу башка адамга)
Санитардык-карантиндик контроль жүргүзүүдө Евразия экономикалык бирлигинин
бажы аймагына ташып келинген контролдонуучу товардын _____________________________
________________________________________________________________________________
(товардын аталышы, транспорттук (ташуучу) документтин номери)
төмөнкү бөлүктөрүндө Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүргүзүү тартибинин (мындан ары - Тартип) талаптарына шайкешсиздиги аныкталган:
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн жоктугу (Тартиптин 17-пункту);
- берилген транспорттук (ташуучу) жана (же) коммерциялык документтерде товар Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 "Евразия экономикалык бирлигинде санитардык чараларды колдонуу жөнүндө" чечими менен бекитилген Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөгө (контролдоого) тийиш болгон продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмегинин III бөлүмүнө ылайык мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүнү талап кылбаган товарларга кире тургандыгы жөнүндө маалыматтын жоктугу (Тартиптин 19-пункту);
- продукцияны (товарларды) үлгү катары ташып келүүдө даярдоочунун (өндүрүүчүнүн) үлгүлөр алар тарабынан даярдалгандыгы (өндүрүлгөндүгү) жөнүндө коштомо каттын жоктугу (Тартиптин 19-пункту);
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагына ташып келинүүчү товарларга тыюу салуу түрүндө убактылуу санитардык чараларды белгилөө (Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу жөнүндө протоколдун 6-пункту (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 12 тиркеме).
Жогоруда баяндалгандын негизинде ташып келүүгө тыюу салынат ______________________
_______________________________________________________________________________
(товардын аталышы)
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________,
ылайык келип түшкөн
_______________________________________________________________________________
(транспорттук (ташуучу) документтин аталышы жана номери)
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
санитардык-карантиндик пункт (чечим кабыл алган адистин кызмат орду)
_______________________________________________________________________________
(өткөрүү пунктунун аталышы)
М.О. (жеке номердик мөөр)
_______________________________________________________________________________
(адистин колу, аты-жөнү)
Кабарлоону алдым
_______________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, колу)
Кабарлоо 2 нускада түзүлдү ______________________________________________________
|
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибине 5-тиркеме |
Чума оорусуна шектелген оорулуулардан материал алуу үчүн топтомдун ТҮЗҮМҮ
1. Пинцет анатомиялык - 1 д.
2. Кайчы - 1 д.
3. Шприцтер 5,0 мл (бир жолу колдонулуучу) - 2 д.
4. Шприц 10,0 мл - 1 д.
5. Шприцтин ийнелери - 10 д.
6. Бактериологиялык пробиркалар - 5 д.
7. Тамак көңдөйүнөн чыккан бөлүндүнү алуу үчүн пахта тампону бар пробирка - 2 д.
8. Резина пробиркалар № 12, 14 (пробирканын астына койгуч, флакондор) - 5 д.
9. Предметтик айнек - 10 д.
10. Оозу кенен, буралуучу капкагы же сүрүп чыгарылуучу тыгыны бар стерилдүү банкалар, 200 мл кем эмес - 4 д.
11. Резина боолук - 1 д.
12. Жыгач (металл) шпателдер - 2 д.
13. Бүктөлүүчү штатив, 6 көздүү - 1 д.
14. Пахта - 50 гр.
15. Йод 10,0 мл - 1 фл.
16. Спирт - 250,0 мл.
17. Спиртовка - 1 д.
18. Стерилдөөчү кутуча (орто көлөмдүү) - 1 д.
19. Медициналык клеенка - 1 м.
20. Резина груша шлангасы менен - 1 д.
21. Фиксатор үчүн идиш - 1 д.
22. Лейкопластырь - 1 таңг.
23. Блокнот, калем - 1 даанадан.
24. Полиэтилен пакети - 2 д.
25. Эт-пептондук бульон (pH - 7,2) пробиркаларда 10,0 мл дан (*) - 3 д.
26. Эт-пептондук бульон (pH 7,2) флакондордо (**) - 50,0 мл.
27. Ширеңке - 1 куту.
28. Сынамды лабораторияга жеткирүү үчүн бикс же металл ящик - 1 д.
29. Хлорамин 10,0 литр 3% эритме алууга эсептелген 300 г баштыкта же кургак хлор 1 кг бөлүндүгө 200 г эсептелген баштыкта - 1 таңгактан.
30. Анализге жиберүү барагы (бланкалар) - 5 д.
31. Скальпель -1 д.
Эскертүү:
(*) эт-пептондук бульон чума оорусуна шектүү аныкталганда лабораторияда алынат;
(**) жугушсуздандырылууга тийиш буюмдарды 3 айда 1 жолу стерилизациялоо керек.
Холера оорусуна шектелген оорулуулардан материал алуу үчүн топтомдун түзүмү
1. Оозу кенен, буралуучу капкагы же сүрүп чыгарылуучу тыгыны бар банкалар 100 мл кем эмес - 2 д.
2. Стерилдүү түтүкчөлөр 20 см - 5 д.
3. Кичине көлөмдөгү резина груша шлангасы менен - 1 д.
4. Алюминий илмек 20-28 см - 2 д.
5. Пептондук суу 1% 50,0 мл дан - 2 фл.
6. Кайчы - 1 д.
7. Хирургиялык кол кап - 2 жуп.
8. Астына салынуучу клеенка 0,5 м - 1 д.
9. Марля сүлгү 10x15 - 3 д.
10. Полиэтилен баштык - 3 д.
11. Петри чашкасы же момдолгон кагаз барагы - 3 д.
12. Анализге жиберүү барагы (бланкалар) - 3 д.
13. Лейкопластырь - 1 таңг.
14. Калем - 1 д.
15. Бикс (металл контейнер) - 1 д.
16. Материал алуу боюнча нускама - 1 д.
17. Хлорамин 300 г чейинки баштыкта: 10,0 литр 5% эритме алууга эсептелген жана кургак хлор баштыкта 1 кг бөлүндүгө 200 г эсептелген.
18. Пахта - 50 г.
19. Спирт 70% - 100,0 мл.
Эскертүү: 1, 2, 4 жана 11-пункттар - 3 айда 1 жолу автоклавда стерилизацияланат, стерилизацияланган күн жана жооптуу кызматкер белгиленет.
Кемирүүчүлөрдүн өлүктөрүн лабораторияга жеткирүү үчүн топтомдун түзүмү
1. Бөз мүшөктөр 10х20 см боосу менен - 10 д.
2. Корнцанг - 1 д.
3. Чоң бикс - 1 д.
4. Клеенка мүшөк 30х40 см - 1 д.
5. Изилдөөлөрдү жиберүү бланкалары - 10 д.
6. Калем - 1 д.
7. Резина кол кап - 2 жуп.