Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-декабры № 785
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө,
башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен
аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында
жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча
аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартибин, аскер кызматчыларын кызмат орундарга дайындоо, ошондой эле жоокерлерди жана сержанттарды которуу талаптарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдары өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган акча каражаттарынын жана бекитилген штаттык бирдиктердин чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 186 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 22-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 "Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө маселелерине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын аскердик кызматты өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 "Аскер кызматын өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |