Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫ
БУЙРУК
2025-жылдын 11-январы № 8-п
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун
жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аудит иши
чөйрөсүндөгү буйруктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө” Жобонун 6-пунктуна ылайык буйрук кыламын:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– “Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 17декабрындагы №323-п буйругу;
– “Квалификациялык сертификатты алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 17-декабрындагы № 323-п буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2019-жылдын 6-сентябры № 207-п буйругу;
– “Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесипкөй аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү жөнүндө” Жобону жана “Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши жөнүндө” отчетту берүүнүн Тартибин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2017-жылдын 1-августундагы №94-п буйругу.
2. Бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүү бөлүмү жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринен чыгарып салуу үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Уюштуруу жана кадр иштери бөлүмү ушул буйрукту Финкөзөмөлдүн баардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө жеткирсин.
4. Стратегиялык пландаштыруу жана тышкы иштерди координациялоо бөлүмү ушул буйрукту Финкөзөмөлдүн расмий сайтына жайгаштырсын.
2025-жылдын 21-январында https://fsa.gov.kg/ расмий сайтында жарыяланды
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Финкөзөмөлдүн Төрагасынын орунбасары А.Дж. Мурзатаевага жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Пирназаров |