Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 8-апрели № 66
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июну № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Тиркелген “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июну № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө:
- бул буйруктун 1-пунктунда каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алышсын жана сакташсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык такталарга жайгаштырышсын.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июну № 304 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ведомстволук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жоопкерчилиги жүктөлөгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.
4. Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгы ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. Регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту министрликтин мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Юстиция министринин орун басарлары А.Зарылбек уулуна жана О.К. Сыдыковго жүктөлсүн.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| А.Б. Баетов |