Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 токтомуна |
Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 , 2025-жылдын 12-августундагы № 485 , 2025-жылдын 1-декабрындагы № 764 , 2025-жылдын 30-декабрындагы № 851, 2026-жылдын 25-майындагы № 368 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарды (мындан ары – атайын эсептин каражаттары) түзүү, пайдалануу, контролдоо тартибин жана белгиленген ченемдерди бузгандык үчүн жоопкерчиликти аныктайт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы турган атайын эсептин каражаттарын түзүү, пайдалануу жана чыгымдалышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жөнгө салынат.
2. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине киргизилет жана өзүнчө тиркеме менен бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө бөлүнөт.
3. Атайын эсептин каражаттары булактарына карабастан максаттуу багытка ээ болууга жана так багыты боюнча пайдаланылууга тийиш.
4. Атайын эсептин каражаттарын бөлүштүрүүчүлөр болуп бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү укугу берилген бюджеттик мекеменин жетекчиси саналат.
2-глава. Атайын эсептин каражаттарын бекитүү жана оңдоо
5. Атайын эсептин каражаттары атайын эсептин каражаттарынын бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларына (мындан ары – сметалар) ылайык пайдаланылат.
Сметалар республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга же жергиликтүү кеңештердин учурдагы жылга жергиликтүү бюджет жөнүндө чечимине ылайык бекитилет жана пайдаланылат.
Атайын эсептин каражаттарынын кирешелер жана чыгашалар сметалары бюджеттик жол-жоболорго ылайык бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бюджеттик мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
6. Сметаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга же жергиликтүү кеңештердин учурдагы жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимине ылайык ишке ашырылат.
Тийиштүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагына бюджеттик мыйзамдардын маселелери кирген профилдик комитети менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн. Жергиликтүү бюджеттер үчүн жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими кабыл алынат.
7. Сметаны жана кабарлоолордун маалымкаттарын бекитүү “IS казна” программасы аркылуу таризделет жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
8. Атайын эсептеги каражаттардын бюджеттик мекемелер тарабынан учурдагы финансылык жылда пайдаланылбаган калдыктары кезектеги бюджеттик жылдын башына калдык катары кезектеги бюджеттик жылга которулат.
Жылдын башына карата каражаттардын калдыктары республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга же жергиликтүү кеңештин тиешелүү жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимине ылайык бекитилет.
Учурдагы жылдын башына карата атайын эсептердеги каражаттардын калдыктары учурдагы жылдын түшүүлөрүнө киргизилбейт.
3-глава. Киреше бөлүгү
9. Атайын эсептин киреше бөлүгү кирешелердин бюджеттик классификациясына ылайык булактар боюнча бекитилет.
Атайын эсепке бюджеттик мыйзамдарда каралбаган булактар боюнча каражаттарды киргизүүгө жол берилбейт.
10. Атайын эсептерде төмөнкүлөр түрүндөгү түшүүлөр эсепке алынат:
1) акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
2) демөөрчүлүк жардамдан жана ыктыярдуу төгүмдөрдөн түшкөн каражаттар;
3) камкорчулук төгүмдөр;
4) кайрымдуулуктан жана гранттык жардамдан түшкөн каражаттар;
5) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардын чегерүүлөрүнөн суммалар;
6) өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттар;
7) бюджеттик кредиттерди төлөөнүн эсебине республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардан чегерүүлөр;
8) билим берүү, илимий жана окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелер;
9) аскердик милдетке байланышкан жыйымдар;
10) тиркелген Тизмекке ылайык башка каражаттар.
11. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык түзүлөт.
12. Демөөрчүлүк жардам, ыктыярдуу жана камкорчулук төгүмдөр, кайрымдуулук жана гранттык жардам түзүлгөн келишимге/макулдашууга ылайык акысыз жана кайтарымсыз негизде берилет.
13. Өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттар болуп бюджеттик мекеме тарабынан ишкердик ишке кирбеген, мекеменин тиричилик аракетин колдоого багытталган иштен алынган каражаттар саналат.
14. Ведомстволук мекемелерден борбордук аппаратка чегерүүлөр бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча келишимдик негизде жүргүзүлөт. Мында ведомстволук мекемелерден борбордук аппаратка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдөн чегерүүлөр акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына таасирин тийгизбөөгө тийиш.
15. Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат.
Мамлекеттик мекемелер тарабынан Тизмекке башка каражаттарды киргизүү боюнча сунуштар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга негиздөө жана ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 368 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Чыгаша бөлүгү
16. Атайын эсептердин каражаттарынын чыгымдары бюджеттик классификациянын беренелери боюнча жүзөгө ашырылат жана бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүчүлөр тарабынан бөлүштүрүлөт. Атайын эсептин каражаттары учурдагы чыгымдарды жабууга, анын ичинде ишти камсыздоого жана жакшыртууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, кызматкерлердин социалдык-эмгектик мамилелерин жөнгө салууга, өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу эмгек келишиминин негизинде тартылган кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө, социалдык тиричиликтик маселелерди чечүүгө, кызматкерлердин ишине дем берүүгө жана сыйлоого жана мыйзамдарга, ошондой эле ведомстволук актыларга жана жамааттык келишимге ылайык башка иш-чараларга багытталат.
17. Максаттуу пайдалануу мыйзамдарда каралган, милдеттүү төлөмдөрдүн эсебинен топтолгон атайын эсептердин каражаттары тиешелүү мыйзамдарда каралган максаттуу багыты боюнча чыгымдалат.
18. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, штаттык санды күтүү боюнча чыгымдык милдеттенмелерге жумшалбайт.
19. Атайын эсептердин каражаттары бекитилген сметалардын чегинде чыгымдалат. Атайын эсептин сметалары бекитилгенге чейин каражаттарды чыгымдоого тыюу салынат.
5-глава. Контролдоо жана жоопкерчилик
20. Атайын эсептин каражаттарынын түшүү булактарынын мыйзамдуулугун, алардын максаттуу жана үнөмдүү чыгымдалышын, ошондой эле бул эсептер боюнча эсепке алууну жүргүзүүнүн жана отчет түзүүнүн тууралыгын текшерүү мекемелердин ишине ревизия жана текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
21. Атайын эсептин каражаттарын түзүүдө жана пайдаланууда бузуулар аныкталган учурда, бюджеттик мекеменин жетекчиси жана финансылык иш үчүн жоопкерчиликтүү кызматкер жеке жоопкерчилик тартат.
|
| Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобого тиркеме |
Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде эсепке алынуучу башка каражаттардын
тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 , 2025-жылдын 12-августундагы № 485 , 2025-жылдын 1-декабрындагы № 764 , 2025-жылдын 30-декабрындагы № 851, 2026-жылдын 25-майындагы № 368 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Булактын аталышы | Ведомствонун аталышы | Эскертүү |
1-глава. Чегерүүлөр | |||
1 | ИЖБИМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ИЖБИМ | ИЖБИМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
2 | Агартуу министрлигинин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | Агартуу министрлиги | Агартуу министрлигинин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
3 | ӨКМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ӨКМ | ӨКМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
4 | ФМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ФМ | ФМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
5 | КРПИБдин ведомстволук мекемелеринин чегерүүлөрү | КРПИБ | КРПИБдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
6 | Маданияттын ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ММЖСМ | Маданияттын ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
7 | ЭМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ЭМ | ЭМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
8 | ССМдин ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ССМ | ССМдин ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
9 | Курулуш министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн борбордук аппаратка чегерүүлөрү (ведомстволук аймактык бөлүмдөрдүн иши бирдиктүү казыналык эсеп системасына которулгандан кийин) | Курулуш министрлиги | Курулуш министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кирешелери |
9-1 | САЧКӨМдүн ведомстволук мекемелеринин борбордук аппаратка чегерүүлөрү | САЧКӨМ | САЧКӨМдүн ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
10 | СМБнын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чегерүүлөрү (ведомстволук аймактык бөлүмдөрдүн иши бирдиктүү казыналык эсеп системасына которулгандан кийин) | СМБ | СМБнын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кирешелери |
11 | ТКнын ведомстволук мекемелеринин чегерүүлөрү | ТК | ТКнын ведомстволук мекемелеринин кирешелери |
12 | Соода (конкурс, аукцион) жүргүзүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттардан чегерүүлөр | БТЖСКК |
|
13 | Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын камсыздандыруу сыйлыктарынан чегерүүлөрү | Финкөзөмөл |
|
13-1 | Жарандык авиация тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр | ЖАМА |
|
2-глава. Жыйымдар жана милдеттүү төлөмдөр | |||
14 | Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн ТК, БӨКД жыйымдарынан түшүүлөр | ЖРЭТКМ, ТК |
|
15 | Апостиль коюу үчүн жыйымдан түшүүлөр | ЮМ, ИИМ |
|
16 | Жөнгө салынуучу субъекттердин жылдык төлөмүнөн түшүүлөр | ОЭКЖД |
|
17 | Аткаруу жыйымынан түшүүлөр | Сот актыларын аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
|
18 | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын пробалоодон жана эн тамгасын басуудан түшүүлөр | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка тиричилик буюмдарын сыноо жана эн салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | 2025-жылдын 29-сентябрынан тартып колдонууга киргизилди |
19 | Жер бетиндеги суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдар | САЧКӨМ, ЖСКК, СРК |
|
20 | Айлана-чөйрөнү булгоо үчүн жыйым | ЖРЭТКМ |
|
20-1 | Утилдештирүү жыйымы | ЖРЭТКМ |
|
20-2 | Токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар | Мамлекеттик мекемелер |
|
3-глава. Алымдар | |||
21 | Евразия патенттик конвенциясына ылайык евразия патентин күчүндө кармап туруу үчүн түшүүлөр жана Евразия патенттик конвенциясына карата Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколго ылайык өнөр жай үлгүсүнө евразия патентин каттоодон, жарыялоодон, берүүдөн жана колдонуу мөөнөтүн узартуудан түшүүлөр | ИМИМА |
|
4-глава. Жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү | |||
22 | Илимий-изилдөө мекемелеринин келишимдик иштеринен түшүүлөр | Илимий мекемелер |
|
23 | Окуу жайларына тапшыруудагы төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
24 | Жатаканаларда, офицердик курамдын үйлөрүндө жашоо жана коммуналдык тейлөө чыгымдарын жабуу үчүн төлөм | Билим берүү мекемелери, ИЖБИМ, КМ, ССМ, УКМК, ММЖСМ, "Кабар" КУМА |
|
25 | Окуу жайларында которулуудагы жана калыбына келтирүүдөгү төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
26 | Билим берүү мекемелеринде тамактануу үчүн төлөм | Билим берүү мекемелери |
|
27 | Сабактарды жана өндүрүштүк практиканы себепсиз калтыруу үчүн иштеп берүүдөн түшүүлөр | Билим берүү мекемелери |
|
28 | Мамлекеттик ЖМКлардын ишинен түшүүлөр | ММЖСМ, УТРК, ЭлТР, "Кабар" КУМА |
|
29 | Пансионаттардын, санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн ишинен түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
30 | Басма сөз-конференцияларын өткөрүүдөн түшүүлөр | ММЖСМ, "Кабар" КУМА |
|
31 | Театрдык оюн-зоок жана музей иш-чараларынан түшүүлөр | ММЖСМ |
|
32 | Фильмдерди көрсөтүүдөн түшүүлөр | ММЖСМ |
|
33 | Мейманканалык тейлөөдөн түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
34 | Башка түзүмдөрдүн аскер кызматчыларына медициналык жардам көрсөтүүдөн түшүүлөр | КМ |
|
35 | Бош бюджеттик каражаттарды жайгаштыруудан пайыздар | ФМ |
|
36 | Мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан түшүүлөр | ММРФ |
|
37 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
38 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
39 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
40 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүүнүн негизинде мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
41 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө жана тартипте соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулардан түшүүлөр | ЖАМК, Пробация департаменти |
|
42 | Кылмыш-жаза аткаруу системасынын мекемелеринин өндүрүштүк-чарбалык ишинен түшүүлөр | ЖАМК |
|
43 | КРПИБ системасындагы тейлөө чөйрөсүндөгү иштен түшүүлөр | КРПИБ |
|
44 | Фельдъегердик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр | ИИМФК |
|
45 | Медициналык калдыктарды ташуу, утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | ССМ |
|
46 | Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча кепилдик камсыздоо каражаттарын жайгаштыруудан пайыздар | ФМ |
|
47 | Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына, анын ичинде электрондук каталогго мезгилдүү жазылуудан каражаттардын түшүүсү | ФМ |
|
48 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган түшүүлөр | БМД |
|
49 | Атайын эсептердин каражаттарынан мурда берилген ссудалар боюнча кайтарылуучу каражаттардан түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
50 | Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча чыгымдарды каржылоого үлүштүк катышуудан түшүүлөр | СРК |
|
51 | Жаныбарларды идентификациялоодон түшүүлөр (кулак биркаларын сатуу) | ВК |
|
52 | Евразия экономикалык бирлигинин алкагында которуу кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр | КБ |
|
53 | Негизги капиталга инвестициялардын жана капиталдык салымдарга чыгымдардын, анын ичинде мамлекеттик казыналык милдеттенмелер тарабынан төлөнгөн чыгымдардын көлөмүнөн 2,9 пайызга чейинки өлчөмдөгү түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
54 | Иттерди багуудан, үйрөтүүдөн жана кармоодон түшүүлөр | МБК |
|
55 | Автотранспорт каражаттарына цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номердик белгилерин ченемдик укуктук актыларда белгиленген өлчөмдө жана тартипте сатуудан түшкөн чегерүүлөр | ТКАККМА |
|
56 | Улуттук коопсуздук органынын жана анын ведомстволук мекемелеринин келишимдик иштеринен жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр | УКМК |
|
57 | Балык чарба көлмөлөрүнүн акваториясын пайдалануудан түшүүлөр | БӨЖКД |
|
58 | Балыктын урук материалдарын, энелик балыктарды жана суу биологиялык ресурстарды сатуудан түшүүлөр | БӨЖКД |
|
59 | Жарандык-укуктук келишимдердин негизинде аналитикалык, илимий-изилдөө жана башка адистештирилген жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр | Ченем жаратуу жана укуктун үстөмдүгү институту |
|
60 | Камсыздандыруу ордун толтуруулардан түшүүлөр | Мамлекеттик мекемелер |
|
61 | Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо жана автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) күтүү үчүн төлөм | Мамлекеттик мекемелер |
|
62 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу иш-чараларына түшүүчү каражаттар | ӨКМ |
|
63 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 731 "Архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрине ылайык түшүүчү каражаттар | Курулуш министрлиги | 2025-жылдын 1-декабрынан тартып колдонууга киргизилди |
64 | Айыл чарбасында сууну эсепке алуу системаларын автоматташтырууну жана санариптештирүүнү киргизүү, тейлөө жана техникалык колдоо | КИИИИ |
|
65 | Кыргыз Республикасында сугат жерлери шарттарында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун сугат ченемдерин эсептөө | КИИИИ |
|
66 | Түзүлгөн келишимдерге (контракттарга) ылайык продукцияны кабыл алуу боюнча аткарылган иштер үчүн алынуучу каражаттар | КМ |
|
67 | Автотранспорт каражаттары үчүн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттар | ТКАККМБ | Колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин |
68 | Автотранспорт каражаттары үчүн энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттар | ТКАККМБ | Колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин |
69 | Автотранспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаттарды берүүдөн алынган каражаттар | ТКАККМБ | Колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин |
70 | Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттар | ТКАККМБ | Колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин |
71 | Мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган кызматчыларга (аскер кызматчыларына), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | УКМК | |
72 | Мамлекеттик органдар жана мекемелер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик тилди окутуудан жана котормо ишинен түшүүлөр | ОМКБ | |
73 | Мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү | КРПИБ "Кызмат" ММ | |
74 | Кыргыз Республикасынын аймагында ишти жүзөгө ашырган авиакомпаниялардын экипаждарынын мүчөлөрү үчүн күбөлүктөрдү даярдоо | КРПИБ "Кызмат" ММ | |
Кыскартуулардын тизмеси
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
Агартуу министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
Курулуш министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ТКАККМБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ИИМФК | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы |
ТК | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы |
БТЖКК | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
СРК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы |
ЖСКК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат |
ВК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат |
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
БМД | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти |
БӨЖКД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти |
ОЭКД | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент |
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 485 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |
КБ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору |
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 485 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы |
"Кабар" КУМА | - | "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги |
ЖАМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги |
КИИИИ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту |
ОМКБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору |
КРПИБ "Кызмат" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси |