Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 токтому менен бекитилген |
2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча ПРОГРАММАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарыялангандай, үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык - бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.
Баланын укуктары жөнүндө БУУ конвенциясы жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 16-беренесинде аныкталгандай, үй-бүлө коомдун негизги уячасы, балдардын өсүшү жана байгерчилиги үчүн үй-бүлөгө коомдун алкагында табигый чөйрөсү катары мамлекет жана коом тарабынан көмөк көрсөтүлүп жана жардам берилүүсү керек, ал эми бала толук жана шайкеш өнүгүүсү үчүн үй-бүлөлүк чөйрөдө өсүшү зарыл. Баланын байгерчилиги анын үй-бүлөсүнүн укуктук корголуусуна жана тарбиясы, билими боюнча ата-энесинин укуктарын камсыздоого, анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого үзгүлтүксүз байланыштуу.
2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча ушул программасы (мындан ары - Программа) үй-бүлөнүн коомдук институтун бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, коомдун жашоосунда үй-бүлөнүн социалдык ролун жогорулатууга, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоого багытталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кырдаалдын жалпы талдоосу
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 6 млн. 200 миң адамды түздү, анын ичинде 0-18 жаштагы балдар - 2 млн. 336 адам, же калктын жалпы санынан 37 пайызы, үй-бүлөнүн саны 1 млн. 300 миңди түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп үй-бүлө институтун бекемдөө, өнүктүрүү, балдардын абалын жакшыртуу боюнча маселелер болуп эсептелет.
Ушул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү токтомдорду кабыл алган:
- 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 "2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө";
- 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 "2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө";
- 2012-жылдын 1-октябрындагы № 666 "Үй-бүлөнү жана энени колдоо жөнүндө";
- 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 "2013-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө";
- 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен төмөнкүлөр бекитилген:
- 2015-2017-жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар планы (2015-жылдын 25-мартындагы № 125-б);
- 2016-2018-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планы (2016-жылдын 22-мартындагы № 120-б).
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-октябрындагы № 4390-V токтому менен 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа бекитилген.
Жогоруда аталган программалар жана пландар турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык коштоо бөлүгүндөгү үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, 2012-жылы жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси кабыл алынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө бир катар ченемдик укуктук актыларды бекиткен.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо, ошондой эле балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо чараларын иштеп чыгуу боюнча ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Калкты социалдык жактан коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жана Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш түзүлгөн.
Жергиликтүү деңгээлде балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо маселесин карап чыгуу жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана шаарлардын мэрияларына караштуу балдар иштери боюнча комиссиясы (мындан ары - БИК) жүзөгө ашырат. БИКтин милдеттеринин бири болуп, үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын (мындан ары - БКЖП) долбоорлорун карап чыгуу жана жактыруу, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга жол берген адамдарга карата административдик материалдарды карап чыгуу болуп эсептелет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында балдары бар үй-бүлөлөргө кошумча социалдык колдоону көрсөтүү максатында социалдык маселелер боюнча комиссиялар иштейт.
Балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү максатында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку жөлөкпул (мындан ары - АКҮБЖЖ) түрүндө социалдык жардам көрсөтүлөт. Алсак, 2017-жылдын 1-январына карата АКҮБЖЖ алган үй-бүлөлөрдүн саны 88605 түздү, алардагы балдардын саны 275907 адамды түздү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга (мындан ары - ДМЧ балдар) ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул (АСЖ) түрүндө колдоо көрсөтүлөт. 2017-жылдын 1-январына карата АСЖ алуучулар 29317 адамды түздү.
Балдарды коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрү, ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды эрте табуу боюнча чараларды көрүүдө.
2014-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде турмуштук оор кырдаалда турган 20850 бала жана 14368 үй-бүлө табылган. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын чечимдери менен төмөнкүлөр бекитилген:
- 15199 баланы коргоонун жеке пландары;
- 7727 үй-бүлө менен жеке иштөө пландары.
Чет мамлекеттин аймагында ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча чаралар көрүлгөн. 2011-жылдан тартып 2016-жылга чейинки мезгилде 63 бала кайтарылган жана аларды үй-бүлөгө жайгаштыруу боюнча чаралар көрүлгөн.
Балдардын интернат тибиндеги мекемесине балдардын келип түшүүсүн болтурбоо максатында аларды алмаштыруучу үй-бүлөгө жайгаштыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. 2013-жылдан 2016-жылга чейин асыроого 3072 бала, камкордукка (көзөмөлдүккө) 3110 бала, ал эми багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө 58 бала берилген.
Жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды эсепке алуу үчүн ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тууралуу мамлекеттик маалымат банкы (ММБ) жүргүзүлөт. 2017-жылдын 1-январына карата ата-энесинин камкордугусуз калган 187 бала катталган.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга психологиялык жардамды көрсөтүү максатында 2015-жылы "Балдар үчүн ишеним телефону-111" борбору" мамлекеттик мекеме (мындан ары - Борбор) түзүлгөн. 2016-жылы Борборго 711 жолу телефон чалынды, анын ичинен 575 кайрылуу чоңдордон жана 136 кайрылуу балдардан болгон.
Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү максатында 2014-жылдан 2016-жылга чейин 21 Борбор каржыланган.
Менчигинин түрүнө карабай, интернат тибиндеги балдар мекемелеринде балдарды багуу боюнча социалдык жана альтернативдүү кызматтарды өнүктүрүүгө карабастан 2017-жылдын 1-январына карата 8888 бала: андан 1080 - жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мекемелерде, 2001 бала - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген мектеп интернаттарында, 3474 ашуун бала - мектеп-интернаттарында, 988 бала - жеке менчик балдар мекемелеринде, 917 бала - диний мекемелерде жана 428 ДМЧ бала - социалдык стационардык мекемелерде тарбияланууда.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минимумдук стандартты аткаруу максатында интернат тибиндеги 13 балдар мекемеси аккредитацияланган.
3. Үй-бүлөлөрдүн жана балдардын негизги көйгөйлөрү
Балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо, баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо боюнча өткөрүлгөн мамлекеттик саясатка карабай, төмөнкүдөй көйгөйлөр бар:
- балдардын жана ата-энелердин мамилелеринде кризис байкалууда, өз ара түшүнүшүү жана ата-эне менен балдардын ортосунда руханий байланыштын жоктугу;
- көп учурда жумушта болгондуктан, ошондой эле ата-энелер жаш курактык жана баланын психологиясын билбегендигине байланыштуу балдарга жетишсиз көңүл бурушкандыгы;
- Интернет чөйрөнүн жана ЖМКнын терс таасири, бул балдардын суициддик жүрүм-турумунун өсүшүнө, руханий-адептик кризистин өрчүшүнө алып келиши;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги жана балдардын эс алуусун уюштуруудагы кемчиликтердин болушу;
- инклюзивдик окутуунун жоктугу;
- ДМЧ балдарды акысыз дарылоо жана реабилитациялоочу кызматтар менен жетишсиз камсыздалып, тиешелүү инфраструктура өнүккөн эмес, өз үйү же адистештирилген мекеме коомдон обочолонуп четтетилген, ДМЧ балдар үчүн коомдук адистештирилген борборлордун жетишсиздиги;
- жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын турак-жай алууда, ишке орношууда, социалдык адаптацияда кыйынчылыктарга дуушар болушу;
- эмгек мигранттарынын балдарына тиешелүү көңүл бурулбашы;
- балдардын ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) кабылышы.
Негизги көйгөйлөрдүн бири болуп, үй-бүлө жана балдар менен түздөн-түз иштеген социалдык кызматкерлердин жетишсиздиги, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга сапаттуу социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн кесиптик даярдыктын натыйжалуу системасынын жоктугу болуп эсептелет.
Балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн төмөн деңгээли байкалууда.
4. Программанын максаты жана милдети
Программанын негизги максаты болуп, үй-бүлө институтун бекемдөө жана өнүктүрүү, үй-бүлөнүн байгерчилик деңгээлин жогорулатуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо эсептелет.
Негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- үй-бүлө маселелерин жана балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону жөнгө салган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- үй-бүлө институтун бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, үй-бүлө мамилелеринде руханий-адептик салттарды сактоо, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо;
- үй-бүлө институтун бекемдөө жана өнүктүрүү, ошондой эле баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо боюнча мамлекеттик, коомдук институттардын, баардык жарандардын өнөктөштүгүн өнүктүрүү;
- балдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөө, ошондой эле аларды басмырлоодон коргоо;
- ден соолугуна, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтан коргогон балдардын маалыматтык коопсуздук системасын калыптандыруу;
- үй-бүлө өзүнүн экономикалык, репродуктивдүү, тарбиялык, психологиялык негизги функцияларын аткаруу үчүн шарттарды түзүү;
- үй-бүлөлөр жана балдар үчүн социалдык кызматтарды өнүктүрүү;
- интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо;
- баланын үй-бүлөдө жашоо жана тарбиялануу укугун камсыздоо;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн багып алуучу үй-бүлө кызматтарын өнүктүрүү;
- ДМЧ балдар үчүн кызматтарды көрсөтүү боюнча эрте кийлигишүү программаларын киргизүү;
- жалпы билим берүү уюмдарында инклюзивдик билим берүү системасын киргизүү;
- ДМЧ балдарды багуу, ошондой эле зомбулуксуз ыкма менен балдарды тарбиялоо боюнча ата-энелик тажрыйбага үйрөтүү системасын киргизүү;
- үй-бүлө жана балдар менен иштөө, алардын статусун жогорулатуу боюнча социалдык кызматкерлердин кесиптик кызматын түзүү;
- үй-бүлө жана балдар менен иштөө боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын түзүү.
Программаны ишке ашыруу үй-бүлө институтун бекемдөөгө, үй-бүлөлүк мамилелерде руханий-адептик салтты сактоого, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоого мүмкүндүк түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Программаны ишке ашыруунун этаптары
(Глава КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык))
Программа үч этапта ишке ашырылат.
Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо маселелери Программаны ишке ашыруунун ар бир этабына карата чаралардын пландарын кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат:
- биринчи этап - 2018-2020-жылдар;
- экинчи этап - 2021-2024-жылдар;
- үчүнчү этап - 2025-2028-жылдар.
Биринчи этап төмөнкү биринчи кезектеги чараларды карайт:
- үй-бүлөнү жана балдарды социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- үй-бүлөнү жана балдарды мамлекеттик колдоо жана коргоо;
- үй-бүлө институтун чыңдоо жана өнүктүрүү, үй-бүлө мамилелеринде рухий-адеп-ахлактык салттарды сактоо, балдарды коргоо максатында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү.
Программанын алкагында интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо маселелери Программаны ишке ашыруунун ар бир этабына карата иш-аракеттер пландарын кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат:
- биринчи этап - 2019-2021-жылдар;
- экинчи этап - 2022-2024-жылдар;
- үчүнчү этап - 2025-2028-жылдар.
Программанын биринчи этабын ишке ашыруу аяктагандан кийин жогоруда аталган маселелер боюнча Программанын экинчи жана үчүнчү этаптарын ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-чаралардын пландары жетишилген натыйжаларды эске алуу менен иштелип чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Программанын чараларын каржылоо
Программаны ишке ашыруу, тиешелүү жылга министрликтерге жана административдик ведомстволорго каралган каражаттардын алкагында, ошондой эле каржылоонун кошумча булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин;
- эл аралык донорлордун жана эл аралык уюмдардын каражаттарынан.
7. Программаны аткаруунун мониторинги жана баалоосу
Мониторинг жана баалоо ушул Программаны ишке ашыруу процессинде жетишкен жылыштардын динамикасын аныктоого жана байкоого мүмкүндүк берген индикаторлорду топтоого жана талдоого негизделет.
Программанын алкагында иш-чараларды аткаруу министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн отчеттору, эл аралык өнөктөштөрдүн жана кызыкдар тараптардын маалыматы аркылуу байкоого алынат.
Программанын негизги аткаруучулары Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетторду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине берет жана талдайт, ал анын аткарылышын координациялайт, контролдойт жана белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу жалпыланган отчетту берет.
Негизги көрсөткүчтөр:
- үй-бүлөнү жана балдарды коргоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартибин жөнгө салуучу боюнча кабыл алынган документтердин саны;
- муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана балдарга көрсөтүлгөн социалдык кызматтардын үлүшү;
- үй-бүлө институтун бекемдөө жана балдарды коргоо боюнча маалыматтык системанын иштеши.
8. Программаны ишке ашыруудагы тобокелдиктер
Программаны ишке ашырууга тоскоолдук кылуучу тобокелдиктер:
- Программанын негизги аткаруучуларынын жана катышуучуларынын иш-аракеттеринин макулдашылбагандыгы;
- пландалган иш-чаралардын жетиштүү каржыланбагандыгы.
Аталган тобокелдиктерди азайтуу максатында Программаны ишке ашыруу процессинде төмөнкүлөр каралат: Биринчи кезектеги чаралардын планын аткаруунун жүрүшүн контролдоону күчөтүү жана аны ишке ашыруунун учурдагы башкаруусун жакшыртуу; Программаны аткаруунун мониторинги, туруктуу талдоо жана зарылчылыкка жараша Программанын иш-чараларын түзөтүү; бюджеттештирүү жана каржылоо ыкмаларын оптималдаштыруу, ошондой эле социалдык кызматтар рыногунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү натыйжалуу өнүктүрүү жолу менен донордук жардамды тартуу жана колдонуу.
9. Күтүлүүчү жыйынтыктар
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2028-жылы төмөнкүлөр күтүлөт:
- үй-бүлөнү жана балдарды коргоо маселеси боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- үй-бүлөлүк мамилелерде руханий-адептик салтты сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө;
- ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын санын азайтуу;
- интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо жолу менен интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги балдардын санын азайтуу;
- ырайымсыз мамилеге (зомбулукка) дуушар болгон балдардын санын азайтуу;
- ДМЧ балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо механизмин киргизүү;
- жалпы билим берүү уюмдарында инклюзивдик билим берүү системасын киргизүү;
- үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык коштоонун натыйжалуу системасын киргизүү;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды коомго социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү;
- үй-бүлөнү жана балдарды коргоо маселеси боюнча калктын маалымдоо системасын жакшыртуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)