Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 2-апрели № 72
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 2, 4-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган тескеменин 5-тиркемесинде:
- 15-пункттун 2-пунктчасында:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин (тарыхый-маданий мурас бөлүгүндө);";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (Манас таануу жана тарых илими бөлүгүндө);";
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин;";
3) жогоруда аталган тескеменин 10-тиркемесинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Атайын өкүл жана башкы эксперт бир убакта жок болгон мезгилде атайын өкүлчүлүктүн эксперти атайын өкүлдүн же башкы эксперттин тапшырмасы боюнча атайын өкүлчүлүктүн учурдагы ишинин маселелери боюнча кызматтык документтерге кол коюуга укуктуу.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жогоруда аталган тескеменин 3, 5, 7-тиркемелери ушул тескеменин 2, 4, 5-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;";
- жогоруда аталган тескеменин 1, 3-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 12-майындагы № 94 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2, 4-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык (мындан ары - башкармалык) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерин, Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) тармактык саясат бөлүмү, анын түзүмүнө: финансы-экономикалык сектор, реалдуу сектор жана социалдык сектор кирет;
2) уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, анын түзүмүнө аймактарды өнүктүрүү сектору кирет;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү, анын түзүмүнө кадрдык иштер сектору кирет;
4) сыйлыктар боюнча сектор.
Жогоруда аталган бөлүмдөр (секторлор) башкармалыктын (башкармалыктын бөлүмдөрүнүн) курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары) жетектейт, бир эле учурда башкармалыктын начальниги кызмат ордун ээлеген, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөргө жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө, анын ичинде ушул башкармалыктын курамына кирбеген бөлүмдөргө аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө укуктуу.
Тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы жана уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы бир эле учурда башкармалыктын начальнигинин орун басарларынын кызмат орундарын ээлешет.
Башкармалыктын начальниги жок мезгилде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен башкармалыктын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы анын милдетин аткарат.
Тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок мезгилде анын милдетин аткарат.
Тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары бир эле учурда финансы-экономикалык сектордун башчысынын кызмат ордун ээлейт.
Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок мезгилде анын милдетин аткарат.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы бир эле учурда башкармалыктын начальниги жана башкармалыктын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы жок мезгилде, ошондой эле башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен башкармалыктын начальнигинин милдетин аткарат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы жок мезгилде кадрдык иштер секторунун башчысы же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн башчысы тарабынан аныкталуучу бөлүмдүн эксперттеринин бири анын милдетин аткарат.
Сектордун башчысы жок мезгилде бөлүмдүн башчысы жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашуу боюнча сектордун башчысы тарабынан аныкталуучу сектордун эксперттеринин бири анын милдетин аткарат.
Сыйлыктар боюнча сектордун башчысы Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп саналат.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык белгиленген компетенциянын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторлорго жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Тармактык саясат бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Тармактык саясат бөлүмүнүн негизги милдеттери анын курамына кирген секторлорго жүктөлгөн негизги милдеттерди камтыйт.
9. Финансы-экономикалык сектордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу:
- экономика (жашыл жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо маселелеринен, Евразия экономикалык бирлигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелеринен тышкары), тышкы жана ички соода, инвестициялар, туризм, экспорттук контролдоо, тарифтик эмес жөнгө салуу, расмий статистика;
- өнөр жай, анын ичинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы;
- ишкердикти өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, адал-индустрия, эркин экономикалык зоналар, лицензиялык-уруксат берүү системасынын иштеши;
- монополияга каршы жана техникалык жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, метрология, стандартташтыруу, аккредитациялоонун улуттук системасы;
- салык салуу, салыктык эмес кирешелер, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, бажы саясаты;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу, банкроттук жана анын алдын алуу;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, камсыздандыруу рыногу, финансылык отчеттуулук жана аудит системасы, банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук;
- мамлекеттик финансыларды башкаруу, мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин болжолдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу, бюджеттик кредиттөө;
- мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик аудит, ички аудит, бухгалтердик эсеп жана мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык отчеттуулугу;
- тышкы жана ички мамлекеттик карызды башкаруу;
- финансы жана акча-кредиттик саясатты, баалуу кагаздар рыногун, финансы-кредиттик уюмдарды, төлөм жана банк системасын, ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү;
- этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдерин, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону камсыз кылуу (жалпы мамлекеттик стратегиядан жана өнүктүрүү программасынан, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча комплекстүү пландардан, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын координациялоо маселелери боюнча актылардан тышкары);
3) мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин, Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү башка актылардын долбоорлорунун Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
10. Реалдуу сектордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу:
- автомобиль, темир жол, электр, суу транспорту, жарандык авиация, жол-транспорт комплексин жана коммуникацияларды өнүктүрүү, бул чөйрөдөгү техникалык регламенттерди сактоо;
- айыл чарба, агроөнөр жай комплекси, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик материалдык резерв жана токой чарбасы;
- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук;
- суу жана жер ресурстары, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура (суу ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун эл аралык аспектилерине байланышкан маселелерден тышкары);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштеши, кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоо, Кыргыз Республикасындагы топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштер;
- айлана-чөйрөнү коргоо, биотүрдүүлүктү сактоо, мамлекеттин экологиялык коопсуздугу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо (суу ресурстарынын жана ага байланышкан жаратылыш объекттеринин маселелери боюнча эл аралык милдеттенмелер жана өз ара аракеттенүү маселелеринен тышкары);
- геология, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу, анын ичинде бул чөйрөлөрдө контролдоо жана көзөмөлдөө;
- отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык көзөмөл (эл аралык кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон гидроэнергетика объекттеринин иштешинин жана суу ресурстарын пайдалануу режимдеринин эл аралык аспектилерине байланышкан маселелерден тышкары);
- архитектура жана шаар куруу, курулуш комплекси, анын ичинде турак жай курулушу жана калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасы, архитектура жана курулуш чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө);
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдерин, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону камсыз кылуу (жалпы мамлекеттик стратегиядан жана өнүктүрүү программасынан, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча комплекстүү пландардан, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын координациялоо маселелери боюнча актылардан тышкары);
3) мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин, Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү башка актылардын долбоорлорунун Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
11. Социалдык сектордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу:
- саламаттык сактоо, жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу;
- эмгек, иш менен камсыз кылуу, миграция, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары;
- социалдык коргоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, гендердик саясат;
- билим берүү, анын ичинде баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү маселелери, илим, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштеши, интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүү;
- маданият, жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдерин, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону камсыз кылуу (жалпы мамлекеттик стратегиядан жана өнүктүрүү программасынан, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча комплекстүү пландардан, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын координациялоо маселелери боюнча актылардан тышкары);
3) мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин, Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү башка актылардын долбоорлорунун Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
2.2. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн негизги милдеттери
12. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республиканын аймактарындагы иштердин жалпы абалына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, болгон көйгөйлөрдү аныктоо жана Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына тиешелүү сунуштарды даярдоо;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында) ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген уюштуруу маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын республиканын аймактарына жумушчу сапарларын, башка иш-чараларды бөлүмдүн компетенциясынын чегинде уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу;
6) белгиленген компетенциясынын чегинде аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарында кадр саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу;
7) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу.
13. Аймактарды өнүктүрүү секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат;
1) аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасынын ишке ашырылышын жалпы координациялоону камсыз кылуу.
2.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн негизги милдеттери
14. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) төмөнкү маселелер боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу:
- мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өркүндөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү (мыйзамдарды өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун өнүктүрүү боюнча стратегияларды жана концепцияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин координациялоо);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо;
- мамлекеттик органдарды башкаруунун оптималдуу түзүмүн калыптандыруу, мамлекеттик органдардын ортосунда функцияларды сарамжалдуу бөлүштүрүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасында штаттык сандын чегин комплекстүү түзүү;
- жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү;
2) мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин, Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү башка актылардын долбоорлорунун жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
15. Кадрдык иштер секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кадр маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) белгиленген квалификациялык талаптарга жана кесиптик компетенцияларга ылайык Президенттин Администрациясынын кадрдык курамын түзүү, Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
3) белгиленген компетенциянын алкагында Президенттин Администрациясында кадрдык процесстерди документтик жактан камсыз кылуу.
2.4. Сыйлыктар боюнча сектордун негизги милдеттери
16. Сыйлыктар боюнча сектордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары чөйрөсүндө Президенттин мамлекеттик саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары, ошондой эле Президенттин атынан башка сыйлыктар маселелери боюнча Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, башка сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
4) Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
5) мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар, мамлекеттик сый акылар жана башка сыйлыктар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары жана башка сыйлыктар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынан жана мыйзамдарынан, Президенттин актыларынан келип чыгуучу башка милдеттерди ишке ашыруу.
3. Башкармалыктын функциялары
17. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө (секторлорго) жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Тармактык саясат бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
18. Тармактык саясат бөлүмү (анын курамына кирген секторлор) жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн (сектордун) компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин долбоорлорунун Президент тарабынан аныкталган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
2) бөлүмдүн (сектордун) компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат;
3) бөлүмдүн (сектордун) компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
4) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы менен милдеттүү түрдө макулдашып, бөлүм (сектор) тарабынан чыгарууга даярдалган Президенттин Администрациясынын укуктук актыларынын мазмунуна чечмелөөнү (түшүндүрмөнү) белгиленген тартипте даярдайт;
5) бөлүмдүн (сектордун) компетенциясына кирген чөйрөлөрдү жана багыттарды өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат.
3.2. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
19. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт, алардын ишин өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына - башкармалыктын начальнигине киргизет;
2) тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен аймактар боюнча республикадагы коомдук-саясий кырдаалды баалоо, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн динамикасы боюнча аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды туруктуу негизде даярдайт;
3) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана алардын орун басарларын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жана алардын орун басарларын, шаарлардын мэрлерин жана алардын орун басарларын тийиштүү кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу менен байланышкан маселелерди координациялайт;
4) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу жана аларды таратуу, ошондой эле башка шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү менен байланышкан башка маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
5) Президенттин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын аймактарга жумушчу сапарлары менен байланышкан иш-чараларды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;
6) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын аймактарга болгон сапарларына тиешелүү аймактар жана баруу объекттери боюнча аналитикалык материалдарды, ал жерлерде болуу программаларын даярдайт;
7) зарыл болгон учурда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын аймактарына иш сапарларынын жыйынтыктары боюнча иш-чаралардын планын түзөт;
8) жыйынды отчетторду жана аналитикалык материалдарды даярдоо менен аймактардагы иш сапарлардын, кеңешмелердин жана иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча берилген Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларынын аткарылышын координациялайт жана мониторинг жүргүзөт;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жумалык иш пландарынын долбоорлорун түзөт жана бекитүүгө киргизет;
10) Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жылдык жана келечектеги пландарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана координациялайт;
11) жер-жерлерде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын, зарыл болгон учурда бул максаттар үчүн Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, мамлекеттик жана башка органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактарды, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен карайт;
12) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда келип чыккан талаштуу кырдаалдарды чечүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте карайт жана киргизет;
13) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында зарыл болгон иш-чараларды даярдоону уюштурат;
14) жер-жерлерде кадр саясатынын абалына, аймактардын жетекчилеринин ишинин жана функциялык даярдыгынын деңгээлине талдоо жүргүзөт;
15) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
16) зарыл болгон учурда Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин инспекциялоону жүзөгө ашырат.
20. Аймактарды өнүктүрүү сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат:
- аймактарды, анын ичинде чек ара аймактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- аймактарды өнүктүрүү фонддорун уюштуруу жана иштетүү;
2) тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн динамикасын баалоо боюнча жыйынды аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды туруктуу негизде даярдайт;
3) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасы боюнча иш-чараларды, анын ичинде ушул чөйрөдө пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну жалпы координациялайт;
4) аймактарды өнүктүрүү, административдик-аймактык реформа маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
5) өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын, ошондой эле Президенттин Администрациясынын компетенциясынын чегинде башка булактардын эсебинен ишке ашырылуучу аймактык инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду түзүүгө жана коштоого катышат;
6) өсүү чекиттерин, өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана аларды колдоо боюнча сунуштарды даярдоо максатында аймактардын социалдык-экономикалык потенциалына талдоо жүргүзөт;
7) аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аймактар аралык жана муниципалитеттер аралык өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоону камсыз кылат;
8) аймактарды өнүктүрүүнүн комплекстүү программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгууга жана коштоого катышат.
3.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
21. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкү өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, мамлекеттик кадр саясаты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
- айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштетүү;
- мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү;
- мамлекеттик органдардын системасында түзүмдүк өзгөртүп түзүүлөрдү жүргүзүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө белгиленген тартипте Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин долбоорлоруна Президент тарабынан аныкталган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат, анын ичинде төмөнкүлөрдүн долбоорлорун даярдайт:
- Министрлер Кабинетинин түзүмүн, Президенттин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүү маселелери боюнча Президенттин актыларынын;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдеринин;
4) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин координациялайт;
5) тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказды бекитүү маселелерин координациялайт, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
22. Кадрдык иштер сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына кадрларды тандоого көмөк көрсөтөт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген кызмат орундарына тиешелүү болгон кадрдык маселелер (кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу, тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу, өргүү жөнүндө, иш сапарлар тууралуу, кадрдык башка маселелер), сектордун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча (Кыргыз Республикасынын судьяларын, прокуратура органдарынын жана дипломатиялык кызмат органдарынын кызмат адамдарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу маселелерин кошпогондо) чечимдерин даярдайт жана жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
3) Президенттин Администрациясында, анын ичинде "е-Кызмат" автоматташтырылган системасы аркылуу кадрларды эсепке алат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт, анын ичинде:
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине иш сапардык күбөлүктөрдү тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын тариздейт жана эсебин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин Т-2 формасы боюнча карточкаларын тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин эмгек китепчелерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдарга маалымкат-объективкаларды тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин чет өлкөгө иш сапарлары жөнүндө маалыматты (тизмелерди) туруктуу негизде даярдайт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин сапаттык курамы, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдар жөнүндө маалыматты туруктуу негизде даярдайт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдардын (Кыргыз Республикасынын судьяларын, прокуратура органдарынын жана дипломатиялык кызмат органдарынын кызмат адамдарын кошпогондо) өздүк иштерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин дипломатиялык жана кызматтык паспортторун эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине маалымкат берет;
4) сектордун компетенциясынын алкагында Президенттин Администрациясынын кызматкерлери тарабынан Президенттин Администрациясында кызмат өтөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышына мониторинг жүргүзөт;
5) Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
6) Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясында эмгек тартибин, дресс-кодду сактоону контролдойт;
7) Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жеке (өздүк) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияларды берүүгө көмөктөшөт;
8) Президенттин Администрациясынын кадр маселелери боюнча комиссиясынын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарынын эсебин жүргүзөт, мамлекеттик органдардагы бош кызмат орундары жөнүндө маалыматтарды туруктуу негизде даярдайт;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна класстык чендерди ыйгарууга талапкер мамлекеттик кызматчылар боюнча материалдарды даярдоону жана киргизүүнү жүзөгө ашырат;
11) мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын телефондук маалымдамасын даярдоону жүзөгө ашырат;
12) зарыл болгон учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөнү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында жер-жерлерде кадрдык кызматтар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
3.4. Сыйлыктар боюнча сектордун өзгөчө функциялары
23. Сыйлыктар боюнча сектор төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктары жана баалуу белектери менен байланышкан комплекстүү маселелерди координациялайт;
2) Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйналышын уюштурат жана анын толук жана натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
3) Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
4) Президенттин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу, ардак наамдарды ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, башка сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшыруу салтанаттуу аземи менен мамлекеттик иш-чараларды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;
5) сыйлоо үчүн берилген материалдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкештигин карайт жана экспертиза жүргүзөт, сыйлоо материалдарын тиешелүү комиссиянын кароосуна киргизет же аларды кайтарып берүүнү жүзөгө ашырат;
6) бекитилген үлгүлөр жана сыпаттамалар, алардын күбөлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарынын белгилерин жана мамлекеттик сый акыларын белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылат;
7) мамлекеттик сыйлыктар фондун жүргүзүүнү уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга консультациялык жардам көрсөтөт;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча каттарды, кайрылууларды, арыздарды карайт, кызматтык кат алышууну жана почталык кат-кабарларды жөнөтүүнү жүзөгө ашырат;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча чечимдерин белгиленген тартипте даярдайт, жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин өз убагында аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
12) төмөнкүлөрдү өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары, ошондой эле башка сыйлыктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, анын ичинде элдин тарыхый-маданий руханиятынын негиздерине таянуу менен жана/же Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесине арналган укук колдонуу боюнча калыптанган практиканы эске алуу менен мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын жаңы түрлөрүн киргизүүнү жана колдонуудагы түрлөрүн жоюуну;
- мамлекеттик сыйлыктарды, мамлекеттик сый акыларды, башка сыйлыктарды тапшыруу жана ардак наамдарды ыйгаруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү аземдерин, атрибутикаларын жана практикасын;
13) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу, ардак наамдарды ыйгаруу, мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшыруу, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча аналитикалык жана статистикалык иштерди жүргүзөт;
14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сыйлыктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ченемдеринен жана талаптарынан келип чыккан башка функцияларды аткарат.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
24. Башкармалык жана анын курамына кирген бөлүмдөр (секторлор), башкармалыктын жана анын курамына кирген бөлүмдөрдүн (секторлордун) жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайтарып берүүгө укуктуу;
3) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
25. Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - башкармалыктын начальниги жалпы ыйгарым укуктар менен бирге:
1) Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо, Президенттин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин башка чечимдеринде каралган Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын функцияларын аткарат;
2) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине тиешелүү тапшырмаларды аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу фактылары боюнча тартиптик чараларды, анын ичинде башкармалыктын курамына кирбеген Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
26. Тармактык саясат бөлүмү жалпы ыйгарым укуктары менен катар тиешелүү маселелерди кароодо Министрлер Кабинетинин жыйналышына чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат.
27. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жалпы ыйгарым укуктары менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
- бөлүмдүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймактарында өзгөчө жана кризистик кырдаалдар пайда болгондо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоого катышууга;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
- Кыргыз Республикасынын аймактарынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо чөйрөсүндө эл аралык (мамлекеттик жана жеке) уюмдар, инвесторлор, финансылык жана донордук институттар менен өз ара аракеттенүүгө;
- аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу максатында эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын акысыз негизде тартуу боюнча финансылык жана техникалык кызматташуу маселелерин иштеп чыгууга;
- Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларынын колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу же токтото туруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
28. Сыйлыктар боюнча сектор жалпы ыйгарым укуктары менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар, мамлекеттик сый акылар жана башка сыйлыктар чөйрөсүндө белгиленген эрежелерди жана талаптарды бузуу менен таризделген материалдарды жана документтерди толуктап иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарына, мекемелерине, чыгармачыл бирликтерине кайтарып берүүгө;
2) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тизмеге киргизилбеген адамдардан Президенттин атына, Президенттин Администрациясына жана/же сыйлыктар боюнча секторго келип түшкөн сунуштарды жана кайрылууларды кароосуз жана/же жоопсуз калтырууга.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
29. Башкармалык (анын курамына кирген бөлүмдөр, секторлор) ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акционердик корпорациялар жана коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара тыгыз аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
30. Тармактык саясат бөлүмү (анын курамына кирген секторлор) өз компетенциясынын чегинде тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин тескейт, анын ичинде:
1) финансы-экономикалык сектор төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (стратегиялык пландоо, аймактарды өнүктүрүү, административдик-аймактык түзүлүш жана административдик-аймактык реформа, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү маселелеринен, Евразия экономикалык бирлигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелеринен, жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын маселелерин координациялоо, саясатты иштеп чыгуу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү, мамлекеттик инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин;
- сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
Финансы-экономикалык сектор Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, эки тараптуу өнүктүрүү фонддору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
2) реалдуу сектор төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин (эл аралык кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон гидроэнергетика объекттеринин иштешинин эл аралык аспектилери жана суу ресурстарын пайдалануу режимдери менен байланышкан маселелерден тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо менен байланышкан эл аралык өз ара аракеттенүү маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (суу ресурстары жана байланышкан жаратылыш объекттери маселелери боюнча эл аралык милдеттенмелерден жана өз ара аракеттенүүдөн тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мамлекеттик материалдык резерв жана токой чарбасы маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун жана башка акционердик коомдордун (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалардын жана сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин;
- сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын;
3) социалдык сектор төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин (маалымат маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын;
- сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
Социалдык сектор Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
31. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (аймактык өнүктүрүү жана административдик-аймактык реформа маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (аймактык өнүктүрүү маселелери бөлүгүндө);
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө);
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
Бөлүм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
32. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (аймактык өнүгүү маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы (мындан ары - башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерин, Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) контролдоо бөлүмү;
2) коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмү;
3) курамында санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм, мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү, суу саясаты боюнча бөлүм иштеген кырдаалдык борбор;
4) жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектор.
Жогоруда аталган бөлүмдөр, борбор жана сектор башкармалыктын (башкармалыктын борборунун) курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген бөлүмдөргө жалпы жетекчиликти жүргүзөт.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары болот, ал контролдоо бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун айкалыштырат.
Контролдоо бөлүмүнүн башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башкармалыктын начальниги жокто кызматтык документтерге кол коюу укугу менен анын милдетин аткарат.
Контролдоо бөлүмүнүн башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басарынын орун басары болот, ал контролдоо бөлүмүнүн башчысы жок мезгилде анын милдетин аткарат.
Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүн бөлүмдүн башчысы башкарат.
Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок мезгилде кызматтык документтерге кол коюу укугу менен анын милдетин аткарат.
Кырдаалдык борборду директор башкарат.
Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кырдаалдык борбордун директорунун орун басары кызмат ордун айкалыштырат.
Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы - кырдаалдык борбордун директорунун орун басары кырдаалдык борбордун директору жокто кызматтык документтерге кол коюу укугу менен анын милдетин аткарат.
Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы -кырдаалдык борбордун директорунун орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок мезгилде анын милдетин аткарат.
Мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүн бөлүмдүн башчысы башкарат.
Мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок мезгилде анын милдетин аткарат.
Суу саясаты боюнча бөлүмдү бөлүмдүн башчысы башкарат. Суу саясаты боюнча бөлүмдүн башчысы жок мезгилде анын милдетин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн башчысы тарабынан аныкталуучу бөлүмдүн эксперттеринин бири аткарат.
Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторду сектордун башчысы башкарат. Сектордун башчысы жок мезгилде анын милдетин башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча сектордун башчысы тарабынан аныкталуучу сектордун инспекторлорунун бири аткарат.
7. Башкармалыктын актыларды, тапшырмаларды, каттарды жана жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын контролго коюу жана контролдон алуу үчүн пайдаланылуучу штамптары бар.
2. Башкармалыктын милдеттери
8. Башкармалык белгиленген компетенциянын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө, борборго жана секторго жүктөлгөн негизги милдеттерден түзүлгөн өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Контролдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
9. Контролдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аткаруу тартибин сактоо деңгээлин контролдоо жана баалоо маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин камсыз кылуу;
2) мыйзамдарды, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдерин жана тапшырмаларын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларын өз убагында жана толук аткарууну, ошондой эле башка контролдук документтерди талаптагыдай кароону камсыз кылуу.
2.2. Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн негизги милдеттери
10. Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн негизги милдети Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн, укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча ишин камсыз кылуу болуп саналат.
2.3. Кырдаалдык борбордун негизги милдеттери
11. Мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн негизги милдети - иштин ар кандай чөйрөлөрүндөгү учурдагы кырдаалды терең талдоонун негизинде башкаруу боюнча стратегиялык чечимдерди кабыл алуу процессинде Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
12. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн негизги милдети болуп төмөнкү маселелер боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну маалыматтык-аналитикалык, эксперттик жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу саналат:
1) мамлекеттик башкарууну, электрондук колтамганы, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү, электрондук башкарууну, жеке маалыматтарды коргоону, электр жана почта байланышын, санариптик көндүмдөрдү, Интернетти жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын башка түрлөрүн санариптик өнүктүрүү, ошондой эле санариптик мамлекетти куруу чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашыруу;
2) калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу мүлккө укуктарды, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо инфраструктурасын, архив ишин өнүктүрүү.
13. Суу саясаты боюнча бөлүмдүн негизги милдети тышкы суу саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну, суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кызматташууну, ошондой эле суу маселелери боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда мамлекеттин улуттук кеңештерин коргоону камсыз кылууну маалыматтык-талдоо, эксперттик жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу болуп саналат.
2.4. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун негизги милдеттери
14. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарларынын атына, Президенттин Администрациясына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын талаптагыдай кароону камсыз кылуу;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жарандарды жеке кабыл алуусун уюштуруу;
3) Президенттин коомдук кабылдамасында (мындан ары - Коомдук кабылдама) зарылдыгына жараша Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен жарандарды кабыл алууну уюштуруу.
3. Башкаруу функциялары
15. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө, борборго жана секторго жүктөлгөн функциялардан түзүлгөн өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Контролдоо бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
16. Контролдоо бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен төмөнкүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмаларынын өз убагында жана толук аткарылышын, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын, фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттык топторунун каттарын жана кайрылууларын, башка контролдук документтерди кароону;
- жалпы улуттук долбоорлорду ишке ашырууну;
- Президенттин Кыргызстандын элине жыл сайын кайрылууларынан келип чыгуучу тапшырмаларды ишке ашырууну;
2) текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына маалымдайт жана алардын негизинде аткаруу тартибин бузууларды алдын алуу жана аныкталгандарын жоюу боюнча сунуштарды даярдайт;
3) актыларды жана тапшырмаларды аткарууда мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата, анын ичинде Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө тыянактары жана сунуштары менен мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аткаруу тартибинин жалпы абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдайт жана Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына киргизет;
4) мыйзамдарды, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмаларын, актыларын жана чечимдерин, Жогорку Кеңештин токтомдорун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттык топторунун каттарын жана кайрылууларын кароодо аныкталган бузууларды, башка контролдук документтерди талаптагыдай эмес аткаруу фактыларын жоюу боюнча чараларды көрөт;
5) мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана башка чечимдерин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдерин жана тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин токтомдорун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын, башка контролдук документтерди талаптагыдай эмес аткарууга жол берген кызмат адамдарына карата тиешелүү органдардын жетекчилери тарабынан тартиптик жоопкерчилик чараларынын колдонулушун белгиленген тартипте контролдоону камсыз кылат;
6) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен контролдук документтерди салыштырып текшерет, актылардын, тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт;
7) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин (Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө түздөн-түз берилген тапшырмалар бөлүгүндө) контролдойт жана тапшырмаларды аткарууну контролдон алуу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуштарды даярдайт;
8) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча актыларды жана тапшырмаларды аткарууну контролдоо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт;
9) контролдо турган актылардын электрондук маалыматтар базасын жүргүзөт;
10) башкармалыктын карамагында болгон тиешелүү документтерди түзөт жана архивге берет.
3.2. Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
17. Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтардын, ошондой эле ар кандай булактардан алынган башка маалыматтардын негизинде төмөнкү маселелерге тиешелүү маалыматтарга мониторинг, жалпылоо жана талдоо жүргүзөт:
- мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоо, коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана мамлекеттик чек араны кайтаруу;
- улуттук коопсуздукту, укуктук тартипти жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу;
- жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу (мобилизациялык резерв бөлүгүндө);
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
- жаза аткаруу системасынын жана пробациянын иши, соттук-эксперттик иш;
- иштин башка чөйрөлөрү;
2) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун алкагында тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен контролдук иш-чараларды жүзөгө ашырат;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын ишин координациялайт:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн коргоону жана коргонууну камсыз кылуу;
- коомдук коопсуздукту, укуктук тартипти жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо;
- жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу (мобилизациялык резерв бөлүгүндө);
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
- бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо иши;
- жаза аткаруу системасынын жана пробациянын иши;
- соттук-эксперттик иш;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына, Президенттин Администрациясына даректелген каттардын жана кайрылуулардын өз убагында жана толук аткарылышын контролдойт;
5) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
3.3. Кырдаалдык борбордун өзгөчө функциялары
18. Мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) башкаруу милдеттерин аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын маалыматтык жана башка маалыматтар базасына кошулуу аркылуу маалыматтык-аналитикалык системаларды, программалык жана техникалык каражаттарды пайдалануу менен маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
2) улуттук коопсуздук кызыкчылыгында менчигинин түрүнө карабастан стратегиялык багыттагы объекттерди башкаруучу уюмдар менен алардын карамагында болгон маалыматтардын маалымат базасына кошулуу жана Президенттин Администрациясынын маалыматтар базасын түзүүгө маалымат алуу үчүн белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;
3) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланылуучу маалыматтык системаларды, маалыматтар базаларын жана башка техникалык каражаттарды түзүүгө жана өркүндөтүүгө карата сунуштарды жана талаптарды түзөт;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына, Президенттин Администрациясына даректелген каттардын жана кайрылуулардын өз убагында жана толук аткарылышын контролдойт;
5) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
19. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) санариптик өнүктүрүү, электрондук колтамга, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электрондук башкаруу, жеке маалыматтарды коргоо, электр жана почта байланышы, ошондой эле калкты, жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу мүлккө укуктарды, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо инфраструктурасын, архив ишин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин, башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген ченемдик укуктук актылардын, башка документтердин долбоорлорун Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
20. Суу саясаты бөлүмү төмөнкүдөй конкреттүү функцияларды аткарат:
1) суу ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун эл аралык аспекттерине байланыштуу маселелер боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
2) суу маселелери боюнча мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде мамлекеттин эл аралык келишимдерин жана милдеттенмелерин аткарууга мониторинг жүргүзөт;
3) суу саясаты чөйрөсүндөгү эл аралык практикага, келишимдик механизмдерге жана демилгелерге талдоо жүргүзөт, ошондой эле алардын мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына тийгизген таасирине баа берет;
4) суу ресурстары чөйрөсүндө эл аралык кесепеттерге алып келишине түрткү болгон мамлекеттик органдардын чечимдерин макулдашуунун белгиленген тартибин сактоону контролдойт;
5) суу маселелери боюнча чет мамлекеттер менен сүйлөшүү процессин даярдоону жана коштоону уюштурат;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин, башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө Президент тарабынан аныкталган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин долбоорлоруна ылайык келишине экспертиза жүргүзөт;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген ченемдик укуктук актылардын, башка документтердин долбоорлорун Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
3.4. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун өзгөчө функциялары
21. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектор төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына жана Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын кайрылууларын кароону жана эсепке алууну уюштурат;
2) чечүү алардын компетенциясына кирген жарандардын кайрылууларын тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка мамлекеттик мекемелерге кароого жиберет, алардын талаптагыдай каралышын контролдойт, зарыл болгон учурда жарандардын кайрылууларын кароонун жакындап калган мөөнөттөрү жөнүндө эскертүүлөрдү жиберет;
3) Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууну уюштурат, ошондой эле алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берет;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын атына, Президенттин Администрациясына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалаштырат, талдайт;
5) жарандардын кайрылууларын кароодо мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата, анын ичинде Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тыянактары жана сунуштары менен мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аткаруу тартибинин жалпы абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдайт жана Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына киргизет;
6) аныкталган бузууларды, жарандардын кайрылуулары талаптагыдай каралбаган фактыларды жоюу боюнча чараларды көрөт;
7) секторго жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун алкагында тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү менен контролдук иш-чараларды жүзөгө ашырат;
8) жарандардын кайрылууларын Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен салыштырып текшерет, жарандардын кайрылууларын кароонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзөт;
9) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча жарандардын кайрылууларын кароо бөлүгүндө документтердин жүгүртүлүшүнө талдоо жүргүзөт;
10) сектордун карамагында турган тиешелүү документтерди түзөт жана архивге өткөрүп берет.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
22. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, борбор жана сектор, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон, башкармалыктын өзгөчөлүгүнө жараша башка ыйгарым укуктарга ээ.
23. Башкармалык жалпы ыйгарым укуктары менен катар эле төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында текшерүүлөрдү, ошондой эле мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоо боюнча башка иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүлөрдү жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоо максатында Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жооптуу кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик (жарандык) коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен атайын комиссияларды, жумушчу топторду түзүүнү демилгелөөгө;
4) зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызмат адамдарынын түшүндүрмөлөрүн оозеки угууга жана жазуу жүзүндө талап кылууга;
5) суралган маалыматты өз учурунда бербегендиги, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерин жана башка чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, жарандардын кайрылууларын жана башка контролдук документтердин талаптагыдай каралбагандыгы үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизүүгө;
6) мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерин жана башка чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле кызматтык жорук жасоого жол бергендиги үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү, бошотуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизүүгө;
7) текшерүүлөрдүн натыйжасында аныкталган бузуулар жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберүүгө, ошондой эле алар боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды талап кылууга;
8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
9) мамлекеттик органдардын мамлекеттик, ошондой эле атайын байланыш жана коммуникация системаларын, маалыматтык маалымат базаларын белгиленген тартипте пайдаланууга;
10) белгиленген тартипте жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашуу боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө;
- аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызматкерлерине жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө;
11) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга, башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоого;
12) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча аңгемелешүү жүргүзүүгө жана тескеген мамлекеттик органдардагы Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген жетектөөчү кызмат орундарына талапкерлерди киргизүүгө;
13) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмаларын ишке ашыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана кабыл алуу, башка контролдук документтерди кароо боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;
14) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары боюнча колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен аткарылган жоопторду жеткире иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте кайтарууга;
15) кайрылууларда коюлган маселелерди контролдоо, чечүү максатында жерине баруу менен айрым арыздарга текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
16) жарандардан келип түшкөн кайрылууларды Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине, прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга, ишканаларга жана мекемелерге кароого жиберүүгө, аларды кароонун жүрүшүн жана аларга жооптордун жиберилишин көзөмөлдөөгө;
17) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрүүгө.
24. Башкармалыктын начальниги башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) мыйзамдардын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин актыларынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, жарандардын кайрылууларынын жана башка контролдук документтердин аткарылышын контролдоону уюштурат;
2) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарында болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;
3) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, ошондой эле мамлекеттик органдардын башка жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине сунуштарды киргизет;
4) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелейт;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу;
6) зарылдыгына жараша башкармалык тескеген мамлекеттик органдардагы жетекчи кызмат орундарына талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт.
25. Бөлүмдүн башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) башкармалыктын начальниги менен биргеликте кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди башкармалыктын кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт, алардын ишин талаптагыдай уюштурууну жана алардын кызматтык тартипти сакташын камсыз кылат;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин актыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну контролдоону уюштурат;
3) башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарында болгон оперативдүү кеңешмелерде каралган маселелер жөнүндө башкармалыктын кызматкерлерине маалымдайт;
4) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, ошондой эле мамлекеттик органдардын башка жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине сунуштарды киргизет;
5) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелөөгө укуктуу;
6) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын курамына мүчө болууга укуктуу.
26. Бөлүм башчысынын орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) бөлүм башчысы менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну контролдоону уюштурат;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка контролдук документтердин Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында аткарылышын контролдойт;
4) жума сайын жана квартал сайын контролдук документтерди аткаруунун абалы жөнүндө отчетторду белгиленген форма боюнча түзүүнү уюштурат, түзүмдүк бөлүмдөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча сандык жана сапаттык талдоо жүргүзөт;
5) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоону уюштурат;
6) бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
7) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
8) бөлүм башчысы тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
27. Кырдаалдык борбордун директору башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) башкармалыктын начальниги менен биргеликте кырдаалдык борбордун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишин талаптагыдай уюштурууну жана алардын кызматтык тартипти сактоосун камсыз кылат;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
3) жашыруундуулук режимин сактоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылууга тийиш эмес маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
4) зарыл учурда белгиленген тартипте борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча ишке катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартат;
5) башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
6) борбордун компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
28. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы - кырдаалдык борбордун директорунун орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) борбордун директору менен биргеликте борбордун кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) борбордо иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) борбордун иш пландарынын долбоорлорун түзүүнү, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) башкармалыктын начальнигинин жана борбордун директорунун тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
5) башкармалыктын начальниги жана борбордун директору тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
29. Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) бөлүм башчысы менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) бөлүмдүн иш пландарынын долбоорлорун түзөт, алардын аткарылышын контролдойт;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
5) бөлүм башчысы тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
30. Мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) борбордун директору менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) бөлүмдүн иш пландарынын долбоорлорун түзөт, алардын аткарылышын контролдойт;
4) башкармалыктын начальнигинин жана борбордун директорунун тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
5) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
6) борбордун директору тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
31. Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) бөлүм башчысы менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) бөлүмдүн иш пландарынын долбоорлорун түзөт, алардын аткарылышын контролдойт;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
5) бөлүм башчысы тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Суу саясаты боюнча бөлүмдүн башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) борбордун директору менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) бөлүмдүн иш пландарынын долбоорлорун түзөт, алардын аткарылышын контролдойт;
4) башкармалыктын начальнигинин жана борбордун директорунун тапшырмасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат жана аналитикалык маалымкаттарды түзөт;
5) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
6) борбордун директору тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
33. Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы:
1) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) бөлүмдүн иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) бөлүмдүн иш пландарынын долбоорлорун түзөт, алардын аткарылышын контролдойт;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
5) жашырындуулук режимин сактоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарууга жатпаган маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
6) бөлүм тескеген мамлекеттик органдардагы жетекчилик кызмат орундарына талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт;
7) тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана кызмат адамдарына карата Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине төмөнкү сунуштарды киргизет:
- жогорку аскердик жана атайын наамдарды, ошондой эле класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө;
- сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө (мамлекеттик органдардын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, ошондой эле Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу мамлекеттик органдардын башка жетекчилерине карата);
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүнү демилгелөөгө укуктуу;
9) башкармалыктын начальниги тарабынан жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
34. Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) бөлүм башчысы менен биргеликте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт;
2) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) бөлүмдүн иш пландарынын долбоорлорун түзөт, алардын аткарылышын контролдойт;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
5) бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча бөлүм тескеген мамлекеттик органдарда жетекчи кызмат орундарына талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрөт;
6) бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
7) бөлүм башчы, башкармалыктын начальниги тарабынан жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
35. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча сектордун башчысы башка ыйгарым укуктары менен катар тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине, прокуратура органдарына жана компетенциясына жарандардын кайрылууларында коюлган маселелерди чечүү кирген башка мамлекеттик органдарга, ишканаларга жана мекемелерге жиберилүүчү коштомо каттарга кол коёт.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
36. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, борбор жана сектор ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Жогорку Кеңештин Аппараты, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара тыгыз аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
37. Контролдоо бөлүмүнүн кызматкерлери аткаруучулук тартипти контролдоо маселелери боюнча белгиленген компетенциянын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кураторлукту жүзөгө ашырат.
38. Коргоо, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмү белгиленген компетенциянын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мамлекеттик резерв бөлүгүндө Мамлекеттик материалдык резерв фондунан жана токой кызматынан тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (соттук-эксперттик иш жана пробация бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын.
39. Кырдаалдык борбордун санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмү белгиленген компетенциянын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүү маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, акционердик коомдордун жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
40. Мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү белгиленген компетенциянын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, акционердик коомдордун жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
41. Суу саясаты боюнча бөлүм белгиленген компетенциянын чегинде суу ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун эл аралык аспектилери менен байланышкан маселелер бөлүгүндө мамлекеттик органдардын ишин тескейт, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин (гидроэнергетика объекттеринин иштешинин эл аралык аспектилерине жана эл аралык кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон суу ресурстарын пайдалануу режимдерине байланыштуу маселелер бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча эл аралык өз ара аракеттенүү бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (суу ресурстары жана байланышкан жаратылыш объекттери маселелери боюнча эл аралык милдеттенмелер жана өз ара аракеттенүү бөлүгүндө);
- башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, ошондой эле чарбакер субъекттердин - бөлүмдүн компетенциясына кирген жана суу саясатынын эл аралык аспектилерине тиешелүү маселелер боюнча.".