КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 166 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 3-июну ПЖ № 78
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 2-августундагы № 162 Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |
|
| Тиркеме |
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Боронов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
Азыранкулов А.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары; |
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Г.С. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Маматканов У.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Шадыханов К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Солтонбекова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Амандыков М.Л. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору; |
Абдылдаева Г.О. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сырдыбаева А.А. | - | "Эр Теги" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов М.К. | - | "Апрель Баатырлары" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жоробекова Г.Б. | - | "Баатырларга Таазим" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Джузупов Э.К. | - | "Жаркын Элес" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исаков Ж.Б. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сатылганов Э.К. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Очокеев Т.К. | - | "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Алымкулов А.Т. | - | "Айкөл Таза Коом" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Алиев З.Т. | - | "Апрель Баатырлар Биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |